Абийрбек АБЫКАЕВ: Саалынын махабаты

Турмуштук окуянын негизинде жазылган аңгеме Дүйнөдө канча гана согуштар болбоду. Ата Мекендик  согуш,  жарандык согуш, Дүйнөлүк согуш,  бардык согуштар кыйын болсо 4-5, эң эле созулганы 10 жылга барганын тарыхты окугандар билет. Тарыхта айтылбаган, эч жерде жазылбаган, ал тургай башкалар  билбесин деп жашырылган эң узак,  мөөнөтсүз согуш — бул эл көзүнө ынтымактуу,  кадыр-барктуу бүлөдөгү эрди-катындын согушу окшобойбу. Мына,  Саалы менен Гүлбайрамдын баш кошкондоруна быйыл туура 54 жылдын жүзү болуптур. Алты кыз, бир уулдун ата-энеси болушту, кудайга шүгүр, небере эле эмес, чөбөрөлөрү […]

Президенттин мурунку сөзү менен кийинки сөзү кайсы жерден жалгашат?

“Коомдогу сөз эркиндиги – өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы. Бийлик менен сөздүн күчү бир максатты көздөсө, бул мамлекетте сөзсүз өнүгүү жолу ачылат”. “Бизде сөз эркиндиги болушу керек. Бул эгемендиктеги акыркы жылдарыбызда Кыргызстандын эң башкы жетишкендиги”. Президент Сооронбай Жээнбековдун жалган куран (март) айынын башында маалымат каражаттарынын кызматкерлерин чакырып өткөргөн жыйында айткан сөздөрү. Акыйкат сөздөр экени калетсиз. Ии, деңиз… бул эле эмес, мындан да терең маанилүү сөздөрдү айткандай болду эле: “Мен бир нерсеге ынандым. Ушуну түшүнүү мага эрте келгенине Кудайга шүгүр. Бул дүйнөдө Кудайдан […]

Азат ЖАПАРБЕК: «Калила жана Димнанын» дүйнөлүк адабияттагы орду

Дүйнөлүк адабиятта “Калила жана Димна” эбактан бери кызыгуу жаратып, тегерегинде далай ой калчаткан өзгөчө, уникалдуу чыгарма. “Калила жана Димна” – жалпыны жакшылыкка үндөгөн окуялардын жыйнагы катары таанылып, бийлик башында олтурган инсандарга кол китеп болуп берүүгө мүмкүнчүлүгү бар эмгек. Аталган чыгарма перс жазуучусу Ибн аль-Мукаффанын курч калеминен бүтүндөй Ыраакы Чыгыш адабиятына, ошондой эле Европага да тараган. Аталышы каармандары болгон эки чөөнүн атынан улам келип чыккан. Түп нускасы ушул күнгө келип жетпеген, убакыт өткөн сайын кээ бир өзгөртүүлөргө дуушар болгон Индия тамсил […]

Дилазык: Төөнүн териси

<<<<<<<<<<башы «Жүз уламыш жүрүмү» китебинен Көпөстөр соода кылганы жөнөп калышат. Жолдон бир төөсү өлүп калат. Төөгө баалуу буюмдар, баалуу килемдер артылган эле. Өлгөн төөнүн терисин сыйрышат. Көпөстөрдүн башчысы, эки жардамчысын калтырып, кетип баратып мындай дейт: “Төөнүн терисин жакшылап карагыла, суу болбосун, чирип кетпесин”.  Ал кеткенден соң бир нече күндөн кийин жамгыр жаайт. Эки жардамчы терини килемдер менен жаап коюшат. Натыйжада килемдер чирип кетет. Эми тери менен баалуу килемдерди салыштырып болобу? Адамдар да ушундай. Килемди – “өлтүрбө” деген насаат дейли, төө […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Көй турмуш айырмасыз көз таңмайдан

Чыгармачылыгымды карасөздөн баштасам да бир кезде жаштык деми менен ыр жазгам. Ал тургай 1996-жылы ыр жыйнак чыгарып, аз болсо да жакшы пикирлерди  укканым бар. Менин азыр ал ыр китеп  тууралуу сөз кылайын деген оюм жок. Андан кийин жазылып, китепке кирбей калып жетимсиреген, үй-жайы жок киши сымал ар кайсы саргайган барактарда жүргөн ырларым колума тийип боорум ооруду. Карап көрсөм алардын эң кийинки жазылганына 1999-жыл деген дата коюлуптур. Ошондо ыр жазбаганыма жыйырма жылга жакындап калыптыр. Жаштык деми азайдыбы, карасөзгө ооп, котормо менен […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Жаңылануу зарылдыгы

Англис адабиятынын кыскача тарыхынан Андай аракеттин айкын-ачык белгисин ойчул сүрөткер Т. Мордун чыгармачылыгынан байкай алабыз. XVI кылымдагы англис адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Томас Мордун (1478 – 1535) чыгармачылыгын көркөм сөз менен философиянын эриш-аркак байланыш-катышы катары сыпаттаса жарашат. Диний чөйрөдө тарбияланып, Оксфорд университетинен, ага улай укук мектептеринен билим алган Т. Мор азга каниет кылган, өзү үчүн артыкбаш эч нерсени талап кылбаган ынсаптуу адам болгон. Парламент депутатына шайлангандан кийин ал королдун үй-бүлөсүн багууга өзүнчө каражат бөлүүгө каршы чыгып, бийлик башындагылардын нааразылыгын жараткан. Парламенттен […]