“Коомдогу сөз эркиндиги – өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы. Бийлик менен сөздүн күчү бир максатты көздөсө, бул мамлекетте сөзсүз өнүгүү жолу ачылат”.

“Бизде сөз эркиндиги болушу керек. Бул эгемендиктеги акыркы жылдарыбызда Кыргызстандын эң башкы жетишкендиги”.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жалган куран (март) айынын башында маалымат каражаттарынын кызматкерлерин чакырып өткөргөн жыйында айткан сөздөрү. Акыйкат сөздөр экени калетсиз. Ии, деңиз… бул эле эмес, мындан да терең маанилүү сөздөрдү айткандай болду эле:

“Мен бир нерсеге ынандым. Ушуну түшүнүү мага эрте келгенине Кудайга шүгүр. Бул дүйнөдө Кудайдан башка түбөлүктүү эч нерсе жок, калганынын бардыгы убактылуу, баарыбыз убагында кетебиз. Бийлик менен байлыкты эч кимибиз көтөрүп кетпейбиз. Кийин Кудайдын алдына барганда бир гана Кудайым жараткан пендеге жасаган ишиң менен жооп бересиң. Муну мен эрте түшүнгөнүмө Кудайыма ыраазычылык билдирем”.

Ушундай деген эле. Бул аныгында эбегейсиз зор чындык. Арийне, адам баласы бул өмүрүндө таанышы керек болгон чындыктын эң улуусудур. Бирок ажобуздун мына ушуну тааныгандыгы менен айрым сөздөрү жалгашпай бушайман кылды. Же бул тааныгандык адамдардын кайсы бир бөлүгүнө гана тийиштүүбү? Кайсы бир адамдарга карата чындыктын көрүнөө одоно тебеленишине жол берилсе, кайсы бир адамдардын тагдырына карата чындыкты коргоонун кандай кажети бар? Жарым чындык – бул жалгандык. Жалгандык менен ажобуз айткан Кудайды таануунун кандай жалпылыгы бар?

Сөздүн жайын түшүнгөн чыгарсыз. Ажобуз өткөн жолку Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө күч түзүмдөрүн, анын ичинде сот адилетсиздигин катуу сынга алганынан чечекейибиз чеч болуп сүйүндүк эле. Себеби коомдо ачык жүрүп жаткан сот иштериндеги эби-сыны жок адилетсиздиктер, чектен ашкан башаламандыктар коомчулуктун нааразылыгын козгоп, бийликке болгон ишенимди дээрлик жок кылып таштады эле да. Бул жолу болсо ошол сөздөрүнө оңдоо киргизип: “Ар ким өз жагына кабыл алды. Мунун баарын эмне себептен айттым: түрмөдө соту болбой, айлап-жылдап жаткан кишилер бар. Акчасы жок адвокат жалдай албай же маалымат каражаттарына барып өз оюн айта албай, колдой турган тууганы жок карапайым эл жөнүндө айттым мен. Берки саясат жөнүндө айтканда, алардын соттору ачык болуп атат, адвокаттары бар, бардыгы бар, бүт катышып атат, телевидение көрсөтүп атат, алар жөнүндө айткан жокмун. Аларды сот чечет”, – деди. Муну кандай түшүнүүгө болот? Текебаев, Чотонов, Салянова, Шыкмаматов, Асанов ж. б. саясий туткундарга сот чечиминин адилет же адилетсиз болушу Жээнбековду кызыктырбайбы? Сөз башында белгиленгендей, ажонун маалымат жыйынында айтылган мурунку сөзү менен кийинки сөзү кайсы жерден жалганарын таппай баш катты.

Төмөндөгү билдирүүсү да өтө күчтүү билдирүү, ыраспы:

…Кудай кечирбейт мени, ошолорду карап туруп кантип чыдап отурам?

Бирок суроо туулат, Кудай кээ бир адамдарга карата адилетсиз мамилени кечирбей, кээ бир адамдарга карата адилетсиз мамиле кылса кечире береби? Табышмактын жандырмагы бул сөздөрдө жаткансыйт: “Көп нерсени башыман өткөрдүм, мына Кудайым колдоп, Алмаз Шаршенович колдоп, эл колдоп президент болуп калдым”.

Атамбаев колдогону ырас. Аны эстеп, тиешелүү урматын көрсөтүп турганы да жакшыдыр. Кудайдын колдогону үчүн да тиешелүү урмат көрсөтүш керек эмеспи. Мындай жагдайда досуна жагуу менен Кудайга жагууну салыштырып болбос. Кандай гана достук болбосун, чындыктан артык болбошу керек эле. Кудай алдында жооп берүүнү тааныган адамга бул айтпаса да түшүнүктүү маселе. “Платон мага дос, бирок чындык андан кымбат” деген дүйнөгө белгилүү аңыз кеп муну таамай белгилеген эмеспи. Ишке ашпаса, аруу ниеттин болгону да бекер.

Арийне, көз жаздымда кала турган сот адилетсиздиги тууралуу сөз болгон жок. Бүтүндөй мамлекеттин парламентинде Жолдубаева менен Сегизбаевдин Текебаевдин кармалашында өлкөнүн коопсуздугу үчүн ак эткенден так этип берилгендигибизден башка эч бир кызыкчылык жок деген “образды” беттери кыбыр этип койбой, жалтырата жаратып жаткан учуру эси-көөндөн кеткис болгон.

Кинодо же театрда роль жаратып жатышкан болсо, Нобель сыйлыгын алган дүйнө жылдыздары аң-таң болуп, четтен карап калышмактыр. Бир эле иш-аракет үчүн бир адам (жөн адам эле болсочу) кылмышка шектүү болуп кармалса, экинчи адамдын кылмышка шектүү экендиги али иликтениши керек дешкен кенебей туруп. Бул тыянакты бир нече депутат логикага сыйдыра албай, улам-улам суроо узатып, эч жооп ала албай айраң калышпады беле. Сегизбаев айтарга оозунда белен сөзү жок калганда айласы кетип, тергөөнүн сыры дегенге кептеп кутулган.

Кутулган дейм да, алардын жоопторунан артыбызда акебиз турганда тутулбайбыз деген гана кенебестикти көрүүгө болот эле. Текебаев айыпталган 1 млн доллар ТЭЦтин модернизациясына кеткен 386 млндун жанында түккө да турбайт. Табият көмөкчү болуп, укмуштай коррупциянын бети келесоого да анык болгудай ачылып калды. Төбө чачты тик тургузуп, аттиш 20 000ден ашык сомго, камера дээрлик 1 млн сомго алынганы, 200 миң сомго ТЭЦтин эски тетиктеринин ордуна жаңы тетиктер алынбай эле, эмерек алынганы айкын болсо деле комиссия түзүп, иликтеп эле убара болуу мамлекет өтө кооптуу абалда экенин айгинелеп турат.

Баягы тикесинен тик туруп кылмышкерлерди кармай калчу Сегизбаев менен Жолдубаеванын дымы чыкпайт. Кырсыктын чыныгы себебин айткан ТЭЦ жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу жумуштан алынат да, кырсыкка түздөн-түз жооптууларды жоопко тартууну маалкатып турушат. Колуна документтерин кармап, таза эмес иштерге катыштыгым жок деген Нурландын сөздөрү кыйла ынанымдуу. Чындыкка айрыкча чаңкап турганда, тайманбай ачык айткан киши корголсо экен ылайым.

Мунун баары көз көрүнөө болуп жаткан иштер, дегеним ажобуздан жашыруун эмес. Ушундай кылдын учунда кылтылдап турган кырдаалда эл үчүн, мамлекет үчүн ак эмгек өтөйм деген аруу ниетин билдирип турган Сооронбай Жээнбековдон чечкиндүү кадамдарды үмүт үзбөй күтүп турган чагыбыз. Иш оңунан чыккай эле…

Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *