Рева аралынын жомогу: Жыланды сүйгөн кыз

Алыскы тоодо эне менен бала жашаптыр. Аларга эч ким жакын барчу эмес, ал тургай мергенчилер да булардын үйүнөн оолактап өтүшчү экен. Аял адамды өзүнө тартып, аябай сулуу болгону аз келгенсип, ал жергиликтүү элдин жолбашчысынын кызы болучу. Кептин баары балада эле, атасы өлгөндөн кийин төрөлгөн ал кадимки жылан эле. Өз кызын жакшы көргөн Рева аралындагы уруулардын жолбашчысы небереси жылан болуп төрөлгөндөн кийин коркуп кетип, “бул жезкемпир болуп жүрбөсүн”,- деген ойго келип, кызын чакырып мындай деди: – Мен сени дайыма жакшы көрчүмүн, […]

Көсөмдүн көмүлгүс ойлору: Эркиндиктин баркы жана наркы

Президент кеңешчиси, филология илиминин доктору Салижан Жигитов менен үч күн БИРИНЧИ КҮН: Оомат кимдики эле? Орустардыкыбы? Биздикиби? — Салижан Жигитович, өзүңүз билесиз, кыргыз элинде СССР составынан чыгып, өзүнчө суверендүү мамлекет куруу идеясы анчалык күчтүү эмес эле. 1991-жылдын 17-мартындагы бүт союздук референдумда кыргызстандык калк ССР Союзунун сакталышын дээрлик бир ооздон колдобогон. Бирок «демократпыз» деп демиккен кыргыз интеллигенттери Кыргызстан өзүнчө мамлекет болсо мындан алда канча тың оокат кылмак, биздин тапкан-ташыганыбызды «борбор» (тергебей айтканда, Россия) соруп жатат деп келди. Айрым атуулдарыбыз Россия диктатынан кутулсак, […]

Акылмандан калган кеп: Калила жана Димна

<<<<<<<<<<<<<<«Калила жана Димнанын» дүйнөлүк адабияттагы орду Адам дүйнөнү өзгөртүүдөн мурда өзүн өзгөртүүгө тийиш. (Уиллиям Жеймс) Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктыруу кыйын. (Сократ) Чыгарманы түрк тилинен которгон Азат ЖАПАРБЕК БИРИНЧИ БӨЛҮМ Өкүмдар Дабшалим кечилдердин көсөмү, акылман Байдабага кайрылды: — Ынтымак менен достукта жашагандардын ортосуна жалганчы жана эки жүздүүлөрдүн аралашуусу менен бири-бирине жүз карашпай, душман болгон эки киши тууралуу баян айткын… Байдаба : — Эки жолдош, эки достун душманга айлануу баяны мына мындай: АРСТАН ЖАНА ӨГҮЗ Илгери өткөн заманда Даставан деген […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Сыркаар

АҢГЕМЕ Адыр бозоруп жатат. Алдыда бир тилим кайыштай чубалып, көз огунан улам тайып, учугу нары жактан кайра уланып, кош аяк жол агарат. Адырбек абышка бүгүн жылдызы түшүп, ойлуу. Кабагы салыңкы, маанайы өзү келаткан боз адырдай ырайсыз. Жол боюнан пырпырап уча качкан талаа чымчыктарына да, кез-кезде аңкилдек атып безип берген боз коёндорго да көңүл бурбайт. Торкашка текиреңдей баскан сайын сыдырым желге кулпура кеткен сыйда жалдан көз албагандай кейпи бар. Бирок ал ары-бери сеңселген ат жалына эмес, кыялында өзүнүн өткөндөгүсүнө кылчайып, артта […]

Эрмек КОШЧУ: Барак баатыр

АҢГЕМЕ Кыргыз-казак чеги бөлүнө элек улуу төңкөрүшкө чейинки доор. Атагы алыска кеткен Балпыш баатырдын чөбөрөлөрүнөн Барак көйкашка, көкжал чыгат. Жаш кезинен эле аттын кулагы менен тең ойноп, улак тартып, эр оодарыштан намыс алдырбай эл көзүнө көрүнө баштайт. Эр жетип, балтыр эти толгондо бул жагы Мерке, тигил жагы Кызылкумга чейин ат ойнотуп, жылкы тийип, эл ичиндеги жарды-жалчыларга жардам берип турган. Жоболоңдуу жортуулдарда жалгыз жорткон жолборс жүрөк Барактын жан жолдошу Куубакан күлүгү эле. Ошондой жортуулдарынын биринде Чимкент калаасынын ойдуңунда Алмалуу деген жерге […]