Алыскы тоодо эне менен бала жашаптыр. Аларга эч ким жакын барчу эмес, ал тургай мергенчилер да булардын үйүнөн оолактап өтүшчү экен. Аял адамды өзүнө тартып, аябай сулуу болгону аз келгенсип, ал жергиликтүү элдин жолбашчысынын кызы болучу. Кептин баары балада эле, атасы өлгөндөн кийин төрөлгөн ал кадимки жылан эле. Өз кызын жакшы көргөн Рева аралындагы уруулардын жолбашчысы небереси жылан болуп төрөлгөндөн кийин коркуп кетип, “бул жезкемпир болуп жүрбөсүн”,- деген ойго келип, кызын чакырып мындай деди:

– Мен сени дайыма жакшы көрчүмүн, азыр деле сүйөм. Кичинекей баладан сулуу кызга айланып өсүп жетилгениңче кубануу, сыймыктануу менен көз салып жүрүп, өзүңө татыктуу жигитке турмушка узатканымда өзүмдү өзгөчө бактылуу сезген элем. Бирок күйөөң сууга чөгүп кеткенде кайгыга батсам дагы, үйгө кайрылып келгениңде кубангам. Анан көп өтпөй сенин эне болоруңду укканымда өзүмдү бактылуу сезгем. Азыр эми жээн неберем жылан экенин укканымда жанымды койорго жай таппай калдым, жүрөгүм кайрадан муңга толду.

Кыз оор улутунганы менен эч нерсе деп айта алган жок.

– Бул сенин күнөөң эмес,- деп сөзүн улантты ата.- Бирок мен үйүмдө жыландын болушун каалабайм. Сени малайлар тоого жеткирип, жашооңо керектүү нерселер менен камсыздашат, үй салып, чарба түзүп беришет. Кантейин, убалың сени каргап же сыйкырлап ушул абалга жеткиргендерге тийсин,- деп жолбашчы ичинен ыйлап, сыртынан мисирейди.

Жаш эне атасынын алдына чөгөлөй калып жалооруду:

– Ата, антпечи, мен силерден кетким келбейт. Дайыма жаныңарда болсом дейм.

– Андай болсо калгын. Мен мергенчилерге бала-жыланды өлтүрүп, токойго алып барып көмүп салууга буйрук берем.

– Жок, жок!- деп кыйкырып жиберди муну укканда аял.- Ал чындап эле менин уулум. Жылан болсо да аны мен сүйөм. Жылан болуп төрөлүп калганына ал күнөөлүү эмес. Мен сиз айткандай кылам, малайларыңыз жеткирген тоого барып жашоого макулмун.

– Мен сенин ушинтериңди билгем. Балаңды алгының да кеткин! Көзүм сени экинчи көрбөгөндөй болсун!- деп жолбашчы кызын канчалык жакшы көрсө да көңүлү калсын деген ойдо катуу айтты.

Ошентип жолбашчынын кызы тоого жеткирилди. Күндөр өтүп жылан уулу чоңойгон сайын тили чыгып, кадимки балдарча сүйлөп, күлүп, ал тургай ыйлап, өзүн бул тоолордо абдан жалгыз сезген энесинин кыйынчылыктарын бөлүшө баштады. Жылдар өтүп жылан-бала чоңоюп, жашы он алтыга толгондо энесине мындай деди:

– Мен таятамды көргүм келет. Ал качан бизге келет?

– Ал бизге эч качан келбейт,- деп оор үшкүрүндү аял.

– Андай болсо ага өзүм барам. Жолду мага көрсөтүп кой.

– Мен бул айтканыңды да орундата албайм. Эмне үчүн аны мынчалык көргүң келип жатат?

– Мен таятам менен көп нерсени сүйлөшкүм келет. Сен мени аябай жакшы алпештеп өстүрүп чоңойттуң. Бирок мага эми эркектердин тарбиясы керек.

Ошондо гана эне жылан баласына болгон чындыкты айтып, өзүнүн эч кимге окшош эместигин, ушундан улам таятасы келе албасын түшүндүрөт.

– Андай болсо таятама кандайдыр кабар жиберип, өзү келе албаса дагы бирөөлөрдү жиберүүсүн өтүнөлү,- деди бала көпкө ойлонуп.

– Болуптур,- деп буга макул болду эне.- Таятаң эгер мага бирдеме абдан зарыл болсо дөбөгө чыгып, белги берип от жагуумду айткан.

Ошентип эне менен жылан-бала дөбөнүн үстүнө отундардан көп үйүп от жагышып, анын асман жердин ортосундагы түркүк сымал түтүнү алыстарга көрүндү. Ошол күнү кечинде алар токой аркылуу өздөрүнө жакындап келаткан бир караанды көрүштү. Көп өтпөй ал караан узун бойлуу, алибеттүү адамга айланып, алардын үйүнүн жанына келди.

– Бул сенин таятаңдын негизги кеңешчиси Вануа,- деп жылмайган аял эми ага кайрылды.- Саламатсызбы Вануа! Менин камым үчүн мында келгениңизге чоң рахмат.

– Сени көргөнүмө абдан кубанычтамын. Сага менин кандай кызматым керек?- деп сурады Вануа.

– Сени менен менин уулум сүйлөшкүсү келет.

– Сиз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы үйгө бара туруңуз,- деди жылан-бала энесине. Ал энеси кеткенден кийин мындай деди: — Мен эми эр жетип чоңойдум. Өз жолумду таап үйдөн кетсем, апам атасына кайтып барып, адамдардын арасында бактылуу өмүр сүрө баштайт эле.

– Сен өзүңдүн акылдуу бала экениңди көрсөттүң. Бирок энеңден бөлүнсөң эмне кыларыңды билбей каласың. Жалгыз жүргөнүңдө бирөөлөр өлтүрүп коюшу мүмкүн.

– Андай болсо мага жакшы аял таап бер. Ал мени менен жашап кам көрө баштаса, апам менден бошоп, адамдар арасына кайрылып барып, атасынын жанында бактылуу өмүр сүрөт.

Муну укканда Вануа ээгин муштуму менен сүргүлөп ойлоно түшүп үн катты:

– Бул оңой эмес. Кайсы аял жылан кишиге турмушка чыгууга макул болоруна акылым жетпейт.

– Суранам, аракет кылып көрчү!- жалооруган тейде суранды жылан.

– Болуптур, колумдан келишинче аракеттенейин.

Вануа кыштакка келип, жолбашчысына жылан-баланын өтүнүчүн айтты.

– Бау аралына жөнө! Качандыр бир мен бул аралдын жолбашчысына жакшы жардам бергем. Анын эки кызы бар. Менин өтүнүчүмдү орундатарына ишенем. Белек катары киттин жылмаланган алты тишин алып ал. Мындан улам ал менин бир кезде өзүнө кылган жакшылыктарымды эстесин.

Бир нече күндөн кийин Вануа Бау аралынын жолбашчысынын маңдайында отурду.

– Мен биздин өкүмдарыбыздын сизге берип жиберген белегин алып келдим,- деп колундагы кездеменин оромун жерге коюп жазып жиберди эле, андан киттин жылмаланган алты тиши жарк дей түштү.

– Белектер укмуш сонун экен!- жолбашчы суктанганын жашыра албай калды.- Сенин жолбашчыңдын менде кандай өтүнүчү бар?

– Ал сени менен кудалашкысы келет. Сенин эки кызың бар, ал эми анын небереси бар. Биздин өкүмдар бир кызыңа сөйкө салсам дейт.

Муну укканда жолбашчы ордунан ыргып туруп, азыр сууруп туруп чаап жиберчүдөй болуп кылычын сабынан кармап, жиндене кыйкырды:

– Мындай уятсыздыгың үчүн жазалана элегиңде бул жерден жогол! Сенин кожоюнуң мени шылдыңдап турабы? Мен анын небереси адам эмес жылан экенин билем! Же андай эмеспи?

– Ошондой,- деди элчи.- Бирок ал сени шылдыңдагысы келген жок. Мына бул кымбат баалуу киттин тиштерин сага тартуулоо менен мурдагы экөөңөрдүн ортоңордогу достукту эскертип жатат. Сенин эки кызыңдын бирөөсүн гана сурап жатат.

Муну укканда жолбашчы киттин тиштерин алып ыргытып, ого бетер ачууланды:

– Менде да киттин тиштери бар! Аларды алып келгилечи!- кыйкыра буйрук берди.

Кызматчылар шашылыш түрдө жылмаланган үч киттин тишин алып келишип, анын алдына коюшту. Жолбашчы алардын бирин тандап Вануага сунду.

– Муну тигил тиштериңе кошуп жолбашчыңа алып барып бер, белектеринен баш тартканымды, буларды менден ал жакшы белек алыш үчүн гана берип жатканын, ошондуктан бергендерин албасымды айтып кой.

Вануа жолбашчыга башын ийип мындай деди:

– Өзүңүз билиңиз, кандай кылышты. Бирок сизге жеке суранычым бар эле, билдирип коюуга уруксат бериңиз.

– Айт!

– Мен сенин азыркы айткандарыңды өз кызматкерлеримден жолбашчыма айттырып жиберип, тапшырмасын аткарбаганым үчүн анын мага болгон ачуусу тарагыча сиздин ажайып кооз аралыңызда кала турсам дедим эле.

– Болуптур,- макул болду жолбашчы.- Менин аралымда каалашыңча жүрө бер.

Вануанын минтип калып калган себеби; жолбашчынын кыздарын көрүп, алар менен сүйлөшүп көрүү болучу. Бирок бул иш абдан татаал эле, анткени кыздар бөтөн көздөн далдаа катылган болучу.

Бир жолу Вануа кыштактын этегиндеги эл суу алчу булактын жанынан өтүп баратып чөмүчү менен чоң чакага суу толтуруп жаткан кемпирди көрүп сурады:

– Чоң эне, сизге жардам керекпи?

– Жок, рахмат, мага небере кызым жардам берет.

Ошол учурда кыштактан бир жаш сулуу кыз чыгып келип, кемпирдин суусун көтөрүшүп кетти. Аны көргөндө Вануа дароо эле бул жолбашчынын кызы экенин билип, жалгыз калганда сүйлөшүп көрмөкчү болуп, күнүгө кыштак этегиндеги үйдү акмалай баштады. Бир күнү алиги кемпир коңшу айылга кеткенде Вануа алардын үйүнүн эшигин тыкылдатты.

– Мен сенин ким экениңди билем,- деди кыз учурашкан соң.- Сен менден Реву аралынын жолбашчысынын жылан небересине турмушка чыгуумду суранып келдиң.

– Оо! Сен менин максатымды билет турбайсыңбы,- таңгалды Вануа.

– Мен ал жыланды аябай аяйм. Байкушка аябай кыйын болсо керек. Анын эч кимге кереги жок болгондуктан жашоодо жалгыз чыгар.

– Сен ага турмушка чыгар белең?

– Ооба,- деп жиберди кыз.- Турмушка чыккым келет. Бирок атам буга эч качан макулдугун бербейт. Ошон үчүн анын батасын албай качып кетүүгө туура келет.

– Андай болсо мындай кылалы. Менин кишилерим жакында мени алып кеткени келишет. Биздин аралдын желеги тагылган кемени көргөнүңдө даярдана башта. Биз түнкүсүн сүзүп кетебиз. Кетерибизде аска кырына кичинекей от жагабыз. Сен ошону көздөй барсаң, мен тосуп алам. Анан сүзүп кетебиз.

Ошентип баары алар сүйлөшкөндөй болду.

Рева аралынын жолбашчысы кыздын жылан-небересине турмушка чыгууга макул болгонун укканда өз кулагына өзү ишенген жок.

Анткен менен тойго даярданууга буйрук берди. Антип-минткиче үйлөнүү үлпөт күнү да келип жетип, аралдын баардык аялдары жалбырактан кийим кийишип, түркүн гүлдөр менен жасанышып, эркектер жылаңачтанып, кара күрөң денелерине кокос майларын жалтырата шыбап, таң аткандан күн батканча бийлешти. Өмүрү курсагы кампыйбаган кедейлер тоюп, бекер берилген түркүн тамакка жарыла жаздашып, баары эстен кеткистей көңүл ачышты.

Көп өтпөй бул майрамга жылан-жигит келди. Анын денеси да бул аралдагы баардык эркектердикиндей эле кокос майы менен жалтырата шыбалып, көздөрү күйгөн чоктой жаркырап турду. Ал өзүнүн узун жана ийилчек денесин оролто чогултуп, башын колуктусунун алдына койгондо анын муздактыгынан кыз селт этип чочуду. Бирок анын көздөрүндө күйүп турган ысык сүйүүсүн байкап, коркпостон күйөсүн кармап жагымдуу жылмайды.

Ошентип эки жаш тоо арасындагы үйдө жашай баштады. Жыландын энеси бир топ убакыт алар менен чогуу жашады. Анан уулунун бактылуу жашап кетерине көзү жеткенде атасынын ак сарайына көчүп келди.

Жылан өзүнүн аялына абдан мээримдүү күйөө болду. Алар күндөн-күнгө ынагына тартышып, ынтымактары бекемделип, жашоо жыргалын сезип, тоо-токойдун эркелерине айланышып, эртеден кечке сейилдеп жүрө беришчү болду.

“Оо, эгер ал адам болгондо биз кандай гана бактылуу болор элек”,- деп ойлончу кыз, бирок бул тууралуу жыланга айтчу эмес, анткени аны аячу.

Бир жолу алар адаттарынча токойдо сейилдеп жүргөндө жылан күтүүсүздөн шарт бурулуп, көлмөнү карай жөнөп калды.

– Эмне болду?- деп сурады анын мунусуна түшүнө бербеген аялы артынан жете келип.

– Көлмөгө барып сууга түшөлүчү,- деди жылан.

Ошентип көлмөнүн жээгине келгенде аялына жээкте күтө туруусун буюруп, сууга секирип кирген бойдон жоголду.

Келин аны көпкө күткөн соң коркуп кетти, анан сууну карап кыйкырып, күйөсүн чакырды, мындан майнап чыкпаганда анын чөгүп кеткенине көзү жетип, бетин жашка жууп ыйлап, күйөөсүнө айтылбай калган сырын гүлдөр менен көпөлөктөргө айта баштады.

– Ал менин сүйүүмдү билбестен чөгүп кетти. Тирүүсүндө сүйүүмдү билдире албай калганыма эми өмүр бою өкүнөм. Мындан көрө аны менен бирге чөгүп кетпей…

Ушул маалда арт жагынан бирөөнүн басып келаткан дабышын угуп, бурулуп караса, маңдайында узун бойлуу, баатыр мүчө, келишимдүү жигит турат.

– Ой! Сиз ким элеңиз? Менин күйөмдү көргөн жоксузбу?- деп жиберди келин.

– Мен бул арадан бир дагы кишини көргөн жокмун,- деди жигит.

– Жок, ал киши эмес эле жылан болучу. Бирок ал менин күйөм эле. Мен аны жыландыгына карабай сүйчүмүн. Ал ушул көлмөгө түшкөн боюнча чыкпай калды. Байкушум чөгүп кетти окшойт. Эми эмне кылам?

– Сен чын эле аны жыландыгына карабай сүйчү белең?- такып сурады жигит.

– Ооба! Мен аны чын жүрөгүм менен сүйчүмүн!

– Андай болсо сенин сүйүүң карасанатай сыйкырчынын дубасын жандырды.

– Сен эмне деп жатасың?- түшүнө бербей сурады келин.

– Мен сенин күйөөңмүн. Мен төрөлөргө аз калганда апам ушул көлмөнүн сыйкырчы ээсин жаман сөздөрдү айтып таарынтып коюптур. Анткени атам ушул көлгө чөгүп өлгөн. Апама жинденген бул көлмөнүн ээси мени сыйкырлап жылан кылып төрөлүпмүн. Бирок мага болгон сүйүүң анын сыйкырлуу дубасын чечип, денемден айдап чыгып жок кылды. Мени адам түспөлүмө келтирди. Эми сенин сүйүүң турганда анын каргышы мага өтпөйт,- жигит келинге басып келип, колуна таптак көтөрүп алды.

Ошентип чексиз бактылуу болгон алар кыштакка кол кармаша кирип барышып, таятасын жана энесин да бактылуу кылып, кайрадан той өткөрүп, бүткүл аралдын эли таң аткыча шапар тээп, жакшы жашоону тосуп алышкан экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.