Видео: Ооматың түйүлгөн муштумга карабайт

КСДПчы ректордун кысымы кызып турганын Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдында өткөн береги видеодон баамдоого болот. Аталган окуу жайдын ректорунун өз билемдик өктөмдүгүнө акыры окуу жайдын мугалимдеринин чыдамы кетип турган кезең. Аныгы – 26-март күнү калдайган университеттин алдында ректорго каршы мугалимдердин катуу нааразычылыгы чыкты. Митинг уюшулду. Ызы-чууну акылга салып, сөз менен жайгара албаган Канат Садыков митингде мугалимдерге ызырынып, окуу жайдын алдындагы окуяны чөнтөк телефонуна тартып алып жаткан мугалимге кантип жутунуп жеталбай, артынан түшкөнүн төмөндөгү видеодон көрөрсүздөр… Ал эми митингге чогулуунун башы […]

Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу (уландысы)

ПОВЕСТЬ <<<<<<<<<<<<<<<Башы Абдыбеги ордунан шып туруп кетип, бир заматта чылапчындын кап ортосунан ылдый жылуу суу куюп кирип келди. – Апа, байпагыңызды чечсеңиз, – Закендин жанына сыңар тизелей отура калды. – Не кылат элең? – бутун тарта калып чочуган Закен күтүүсүздөн таңгалды уулуна. – Сиздин алдыңыздагы айыптарымды, күүнөөлөрүмдү жуушум керек экен? – Ким айтат антип? – Устазыбыз, – Абдыбек апасы өзү эңкейгиче болбоду, Закендин байпагын чечип, буттарын жууй баштады, – эгер билип, билбеген күнөөлөрүм болсо кечириңиз, апа. Бейиш ушул таманыңыздын алдында […]

Эң кедей адам – жеткен сараң келет

Сиддхартха Гаутама (Будда) Жүрөгүңдү ачуу заардан тазала, жек көрүү менен жек көрүүнү жок кыла албайсың, бир гана  жек көрүүнүн жоктугу, жек көрүүнү өлтүрө алат ♦ ♦ ♦ Ачууңду тыя албай жинденгениң — бирөөнү ысык чок менен ургандай кеп, эң ириде өз колуң күйөт. ♦ ♦ ♦ Жаштыгына манчырканып мас болуп, карылыкка көзү жетпеген чабалдар, шордуу адамдар! ♦ ♦ ♦ Бүкүрдүн белин түзөгөнчө, андан дагы оор нерсени жасап, өз далыңды түздөп басканды үйрөн. ♦ ♦ ♦ Башыңа түшкөн кыйынчылык, өзүңдүн бир […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Рэкет

АҢГЕМЕ Айылга кайтып келдим. Менин дайынсыз кеткенимди, айтпай-дебей Кытайга кирип чыкканымды эч ким билбейт эле. Атам байкуш ооруп төшөктө жатыптыр. Доочулар атама чейин келиптир. Алып кетели десе жарагыдай малы жок же жүктөп кеткидей жарытылуу оокаты жок… Атам жаткан төшөгүнөн башын араң көтөрдү да: — Эч нерсе айта албайм. Мага көрсөткөнүңдү балаңан көрүп кал, — деп кайра жатып калды. “Эки оору бир келсе — ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе — амалыңдын кеткени” деген жашоо башталды. Үйүбүзгө эки күндүн биринде акча […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: Жалгыздыктын жүз жылы (уландысы)

РОМАН <<<<<<<<<<<<Башы XVI кылымда каракчы Фрэнсис Дрейк Риоача шаарын негиздегенде Урсула Игуарандын чоң энеси  коңгуроолордун башаламан ызы-чуусунан жана замбиректин чуусуна чыдабастан; күйүп турган очокко капысынан олтуруп калган эле. Ошондо анын дене мүчөлөрүнүн  белден ылдый жагы   күйүп, аялдыкка таптакыр жараксыз болуп калган. Күйгөн аял  араң бир капталы менен, анда да  жумшак жаздыктын үстүнө гана  олтура алчу, а басканда абдан азап чегип, башка адамдар бар жерде караанын да көрсөтпөөгө аракеттенчү. Негедир ал өзүнөн күйүк жыттанат деп ойлочу, ошол себептен адамдар менен маектешүүдөн […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (1-макала)

“Токтогул замандардан келаткан төкмөлүк өнөрдүн залкар өкүлү” (Р.З.Кыдырбаева. Токтогул Сатылганов (1864-1933). Кыргыз адабиятынын тарыхы. 5-том.). Бул эч ким талаша алгыс чындык. Тоо булбулу Токтогулдун төгөрөгү төп келген ырчылыгынан эч ким күмөн санабаса да “Токтогулдун совет доорундагы ырлары жөнүндө кийинки кездерде басма беттеринде, адабий, илимий чөйрөлөрдө талаш-тартыштуу пикирлер жаралып келатканы маалым” (КР УИАнын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Кыргыз адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек. 2004-ж.). Ошондон улам, акыркы жылдарда акындын: «Беш каман», “Арзымат менен айтышы”, «Кандай аял тууду экен, Лениндей […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Ботогөз булак

Буудан жетпей арыган, Куш канаты талыган, Кырк күнчүлүк жолу бар, Кайнатылуу шору бар, Анаркай деген жер ошол… (Элден) ПОВЕСТЬ Кайнар булактан чаканын кап ортосунан суу суза бергенче ээн талааны жаңырткан ач айкырык чыкты: – Э-эй! Академик, тумшугуңду канжалатам! Селее каттым. Кулак төшөдүм. Чынында менин атым Кемел, бирок тиги кыйкырган неме «академик» деген атка кондуруп ийди. Тыңшасам, наркы беттеги трактордун үнү өчүптүр. Менин тумшугумду канжалатчу ошол трактордун ээси Абакир. Ал мага дагы өкүрүп-бакырып берет, кала берсе муштум кезеп тап берип калат. […]