Буудан жетпей арыган,
Куш канаты талыган,
Кырк күнчүлүк жолу бар,
Кайнатылуу шору бар,
Анаркай деген жер ошол…
(Элден)

ПОВЕСТЬ

Кайнар булактан чаканын кап ортосунан суу суза бергенче ээн талааны жаңырткан ач айкырык чыкты:

– Э-эй! Академик, тумшугуңду канжалатам!

Селее каттым. Кулак төшөдүм. Чынында менин атым Кемел, бирок тиги кыйкырган неме «академик» деген атка кондуруп ийди. Тыңшасам, наркы беттеги трактордун үнү өчүптүр. Менин тумшугумду канжалатчу ошол трактордун ээси Абакир. Ал мага дагы өкүрүп-бакырып берет, кала берсе муштум кезеп тап берип калат. Трактор экөө, мен жалгыз. Ошол эки тракторго мен бу жалгыз аттуу араба менен суу да, май да, майлаар май да, дагы бар балакеттин баарын жеткирип туруш милдетим. Тракторлор болсо, бу аймактагы жалгыз ушу булактан күн сайын алыстап баратат. Учу-кыйырына көз жетпеген жер үстүндөгү жалгыз коштон да, коштогу жанар май куйган цистернадан да акырындап алыстап барат. Цистернаны сүйрөтүп, тракторлорго жакындатып коймок элек, кайдан, ал да жалгыз башатка байлануу. Тиги Абакир деген неме аны түшүнгүсү жок. Качан болсо: «Трактор туруп калса, тумшугуңду канжалатам! Кайдагы бир бокмурун студент сөрөйдүн айынан убактымы бошко коротоюн деп жүргөн мен жок!» – деп бакырганы бакырган.

Мен студент да эмесмин. Институтка өтүү капарыма да кирген эмес. Мектепти бүтөрүм менен ушу Анархайга келдим. Бизди быякка жөнөтөр алдындагы жыйналышта (ичинде мен бармын) бизди «дың буза турган эр-азаматтар, жаңырган чөлкөмдүн тайманбас баштоочулары» деп атаган. Эмичи? «Академик» атка кондум. Уят! Аны чыгарган Абакир. Өзүмдө да бар. Аңкоо башым, бала кыялданып, оюма келгенди абайлабай айта салам. Анан уккан журтка күлкү болом. Бирок бу кыялкечтигиме жалаң өзүм эмес, тарых мугалимибиз Алдыяров да күнөөлүү экенин буердегилер кайдан билсин. Өлкө тааныткыч Алдыяров? Анын айтканын оозуму ачып уга берип, мына эми азабын тартып жүрөм…

Ошону менен бочкемди толтурбастан арабамды жылгадан айдап чыгып, жолго түштүм. Мында жол дегендей жол деле жок. Ушу арабамдан эле калган из.

Трактор береги карарган кең айдоо жердин этегинде турат. Кабинасынын үстүнө чыгып алып, Абакир дале муштумун абага жаңсап, мени ашата сөгүп кыйкырып турат.

Атка камчы салдым. Бочкедеги суу чайпалып, далыма чачырап келатат. Ага карабай атты кубалап барам.

Быякка да суранып келген өзүм. Кыйнаган эч ким жок эле. Башка балдар Казакстандын гезиттерде даңазаланып жаткан кадимки дыңына кетишти. Анархайга мен жалгыз жөнөдүм. Буердеги иштер быйыл жазда гана башталды. Ошол үчүн эки эле трактор иштейт. Башчыбыз агроном Сорокин былтыр ушерге уй тилиндей тилкеге кайракы арпа айдап, тажрыйба кылып өстүрүптүр. Түшүмү дурус болгон дешет. Айлана талаага да ошондой болуп өсүп берсе, Анархайда кыштаган малдын тоют маселеси оңой чечилер эле дешет.

Анткен менен бу келгендер деле кылчактап иштеп жатат. Анархайдын жайы кургак, күнү ысык. Башка чөп эмес, темир тикен көк кезинде куурап калат. Буерге мал кыштатчу колхоздор да азырынча башкалардын эккени эмне болор экен, байкайлы деп тарткынчыктап турат. Ошол үчүн ээн талаада иштеген бизди салаага салып эсептеп чыкса араң жеткидей. Эки тракторчу, эки чиркөөчү, ашпоз катын, суу ташыган мен, анан агроном Сорокин – болгону ушуларбыз. Бу жерде биз бар экенибизди дүйнөдө жан адам билбес чыгар, дүйнөдө эмне болуп жатканын биз да билбейбиз. Тек Сорокин гана окто-текте бир жаңылык айтып келет. Ал атчан жакын журттагы чабандарга барып, рация аркылуу чоңдор менен жаакташат, иштин жүрүшүн кабарлайт.

Э-э-э, дың дегениң, дың коңторот дегениң казганактаган калың эл жабыла иштеген улуу жүрүш деп жүрбөдүм беле! Ушунун баарын кылган тарых мугалимибиз Алдыяров. Оозун ачкан окуучуларга: «Анархай деген Кордойдун бөксө тоолорунан Балхаштын калың камыштуу жээгине чейин жайылып жаткан, нечен кылымдар бою буурусун чийбеген, кетмен тийбеген, толукшуган шыбактуу айдың талаа! Эски кишилердин айтуусуна караганда илгери адырларына жылкы үйүр-үйүрү менен сиңип жоголуп кетчү экен да, көптөн кийин көзгө чалдыкса, баары жапайы болуп калчу экен. Анархай деген өткөн замандардын тилсиз күбөсү, жер майышкан согуш майданы болгон, көчкөн элдердин термелген бешиги болгон. Биздин күндөрдө Анархай күтүрөгөн колхоз малына кышта жылуу кыштоосу, жайда салкын жайытына айланмак…» Айтор, ушинтип жомоктоп айта берсе, көзү ачыла элек балдар оозун ачпаганда кантмек.

Ал кезде жакшы экен, Анархайды картадан карасак алакандай жер. Эмичи? Таң аткандан мобу оңбогон арабаны кубалап жүргөнүм жүргөн. Каш карайганда тырп этер алым калбай атты араң чыгарам да, машинеге жүктөп келген таңгак чөптөн салам. Анан Алдей апа берген тамагын эптеп ичип, боз үйгө сүйрөлүп кирем да, тарс катып уктайм.

Анархай шыбактуу жайкын талаа экени ырас. Кыдырып жүрө берсем, көз кайкыган көркүн көрө берсем деп суктанасың, бирок убакыт жок. Башкасы эчтеме эмес эле, Абакирге каеримен жакпай калдым, ал эмне үчүн мени жек көрөт, ушуга түшүнө албайм. Көрөр күнүм мындай болорун мурда билсемчи… Мен, маселен, табияттын ар кандай капилет кыйынчылыктарын көтөрүүгө макул элем. Буерге мейманга келген жерим жок да. Бирок бирге иштеп, бирге жүрө турган кишилер тууралуу такыр ойлобопмун. Адам баардык жерде бирдей эле эмеспи десем керек…

Ушерге машине менен эки түнөп жеттик. Мени менен машиненин кузовунда мобу төрт дөңгөлөк араба да келген. Ошондо ушу арабанын айынан ушунча кордук көрөрүмдү билсемчи.

Мен чиркөөчүлүккө келбедим беле. Жазды жаздай тракторду жандай жүрүп үйрөнүп алармын, анан өзүм трактор айдаармын деп ойлоп келбедим беле. Райондо да мага ушинтип айтышкан. Ушул кыял менен Анархайга жөнөп бердим да. Келсем, чиркөөчүлөр толук экен, минтип суу ташыгыч кылып коюшту. Ошондо эле кайра тартып кете берсем болмок экен. Анын үстүнө, өмүрүмдө моюнчак менен жан жыгач кармап көргөн эмесмин. Ишембиликте гана кант заводуна барып, апама жардамдашпасам, өмүрүмдө кара жумуш иштеп көрүпмүнбү. Атам согушта өлгөн. Атамы билбей калдым. Мына эми өз бет алдымча турмуш аралап көргөндөгү көйүм… Аттиң, келер замат кайра тартканда болмок! Уялдым да. Жыйналышта канча чуру-чуу болду эле? Апам коё бербей тырышты, ал мени врач болсо деп жүргөн. Мен өзүм көгөрүп болбой койбодумбу, жардам берип турам деп араң ынандырбадымбы. Тезирээк жөнөсөк деп, чыдамым кетпедиби. Ошентип келген мен кайра барсам элдин бетин кантип карамакмын. Айлам кеткенде суу ташыгыч болуп кала бердим. Ырас, азап-тозогум арабадан башталган жок.

Жолдо кузовдо туруп келатканда айлана-теребелден көз айрый албадым: мына эл оозуна жомок болгон байыркы Анархай! Жашыл ыраң жамынган талаада жүлгөсү араң билинген кара жол менен машине зымырап келет. Көз учунда көгүлтүр закым ойнойт. Жер жаңы көөп, эриген кардын заги урат. Ага аралаш буулуу абадан былтыркы куураган шыбактын түбүнөн кылтыйып чыгып келаткан жаш шыбактын кермек жыты каңылжаарды кытыгылайт. Каршы соккон желден жазгы айдыңдын коңгуроодой шыңгыры менен тумсак тазалыгы кулак учунда зыңылдайт. Биз көз учундагы көк жээкти кубалап келебиз, ал ансайын көк жээк жаңы адырларын ачып, алыстагандан алыстап жеткизбей кетип барат.

Ошондо мен илгерки өткөн замандын доошун уккандай болом. Жер майышкан калың кол. Найзалары кылкылдап, асаба-туулары желбиреп, көчмөн элдин миң-сан аскери ач айкырык-куу сүрөөн менен жер дүңгүрөп ат коюп келет. Көз алдыман кара чаңга көк менен жер бириккен кандуу согуш жүрүп жатты. Кылычтар жаркылдап, жоокерлер ураан таштап кыйкырып, буудандар жер тепкилеп азынайт. Ошол кызыл кыргын, кара сүргүндүн ичинде мен да жүрөм… Анан согуш басылып, Анархайдын көк жайыгында жумурткадай боз үйлөр тигилди. Бейкутчулук орноп, боз үйлөрдүн түндүгүнөн тезектин көк түтүнү асманга созолонду. Тегеректе короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы. Тиги четте коңгуроолору шыңгырап, каркырадай желе тартып кербен төөлөр кетип барат. Кайдан келатканын, кайда баратканын билип болбойт…

Паровоздун созулуңку жаңырыктуу доошу мени кыялымдан ойготуп жиберди. Жал-куйругу желге сапырылган тулпардай түтүнү вагондордун үстүнөн толкуй учуп, паровоз аркырап баратыптыр. Алыстан мага ошондой көрүндү. Анан поезд акырындап кичирее берди, карайган сызыкка айланып, акырында көрүнбөй кетти.

Айталаада адашып калган разъезддин тушунан темир жолду кесип өтүп, биз нары жөнөдүк…

I

Мен бар сырымды кошко келген күнү эле билдирип алдым. Жолду катар көргөн кыял-элестеримен али бошоно элек болсом керек, коштон тигиндейрээк бир дөбөдө байыркы Таш-Баба туруптур. Кароолго койгонсуп, белчесинен жерге батып, жансыз сокур көздөрүн айталаага кадап, боз таштан сомдогон моло кылымдар кыймылсыз ушул ордунда тургандыр. Жаан менен жел жеген оң көзү агып калгандай, кыйгач кабагы жабылуу олураят. Таш-Бабаны көпкө айландыра карап чыктым да, үйгө келип, Сорокинден сурадым:

– Сиз кандай ойлойсуз, жолдош агроном, мобу Таш-Бабаны ким койду экен?

Сорокин бир жакка аттанып жатыптыр.

– Калмактар койгон чыгар, – деп коюп жөнөп кетти.

Ошону менен тынып калсамчы. Жо-ок! Бирөө оозуму тырмагансып, трактористтер менен чиркегичтерге кайрылдым:

– Жок, калмактар дегени анча так эмес. Калмактар буерде он жетинчи кылымда болгон. Тиги болсо он экинчи кылымда көр башына койгон эстелик. Кыязы, Таш-Бабаны батышка жортуулдап бараткан моңголдор койсо керек. Алар менен Енисейдин башынан Тянь-Шанга кыргыздар биз да келгенбиз. Биз келгенче бу жерди кыпчактар жердеп турган. Алардан мурун куйкул чач, көк көз адамдар жердеген.

Тарыхка андан ары сүңгүп кире берет белем, бирок трактордун жанында турган комбинезончон киши сөзүмдү бөлүп жиберди:

– Эй, бала! – деп мага кыжырлуу карады. – Билдик сенин окумуштуу экениңди. Үйдөн барып тавот салган шприц апкел! Мен жүгүрүп барып апкелгеним солидол салган шприц экен.

– Эй, сен академик болбой куруп кал! – деди алиги киши канталаган көздөрүн мага тикенектей кадап. – Чала-моңол бизге лекция окуйсуң да, өзүң оозуң кайсы десе мурдуңу көрсөтөсүң.

Ошондон баштап «академик» аталдым да калдым.

Мына, азыр да арабаны кубалап келем, ага болбой Абакирдин жаагы басылар эмес. Айдоо жерди малтап, сөгүнүп каршы келатат.

– Сен, бала, сыккан биттен бетер илбийсиң да! Сени күтүп акыйып отура беребизби? Муунтуп салайынбы, иттин баласы! Азар болсо бир бокмурун академик кем болор!

Унчукпастан трактордун түбүнө айдап келдим. Унчукканда эмне демекмин. Трактор менин айыман туруп калганы ырас. Кайра чиркегич Калийпанын ортого түшө калганы абийир болду:

– Сабыр эт, Абакир! Кыйкыргандан пайда жок. Карачы, ансыз да өң-далеттен жок, байкуш бала. – Менин калтыраган колуман чаканы алып, Калийпа радиаторго суу куюп жатты. – Алынча тырбалаңдап жүрөт го. Карачы, үстү-башы сыгып алма тер…

– Тер болсо кантейин! – деп Абакир ого бетер заарланды. – Үйүндө китебин окуп отура бербейби!

– Койчу эми, – деп Калийпа аны жоошутуу менен алек. – Ачууң аябай чукул да. Анткениң болбойт, Абакир.

– Мындайлардын кылыгы менен боло берсең арам өлөсүң. Пландын аткарылганын сенден эмес, менден сурайт. Менин түбүмө жеткен ушу макоо окумуштуу экени менен кимдин иши болот!

Менин окумуштуулугум өз башыма тийген балээ болду. Эмнеге окудум экен? Анан калса шорума Алдыяровдун туш болгонун карасаң.

Абакирдин жанынан тезирээк жоголгуча шашам. Загондун наркы башында Саадабек деген дагы бир тракторчу күтүп отурат. Жашап калган олуттуу киши, ачууланса да билгизбейт.

Артыман мотор татырады. Абакирдин трактору ордунан жылды. Мен жеңилдене дем алып, купайкенин ичиндеги терлүү денем бир чыйрыгып алды. Эмне үчүн Абакир мындай тескери, ачуулуу болуп калды экен? Карып калган жери жок, ашса отуздан ашкандыр. Буржук бет, шадылуу кол, кармаса капкан тиштегендей кармайт, антсе да сырт кебетеси көзгө түшүмдүү. Бирок көзү жаман, сүрдүү. Саал эле болсо канталап чыгат, анан Абакирден жакшылык күтпө.

Жакында бир окуя болду. Иңирде жааган жамгыр түнү менен себелеп, токтободу, жадатты, үзүк-туурдуктан сарыгып акты. Эртеси да басылбай биротоло ак жаан болуп алды. Үйгө амалсыз камалдык. Бекерчиликтен башыбыз ооруду. Агроном Сорокин гана аттанып кетти. Анын иши жаан-чачында да токтобойт. Мал чарбасына да жооп берет. Ошол үчүн тыным тынчы жок, качан көрсөң ат үстүндө.

Жаан кичине басаңдаганда Саадабектин чиркегич иниси Эсиркеп менин атымы токуп минип, чабандарга кеткен. Алдей менен Калийпа булакка сууга кеткен. Үйдө Абакир, Саадабек, мен үчөөбүз калганбыз. Ар ким өз эрмегибиз менен үңкүйүп отурабыз. Абакир сунала жамбаштап, чылым соруп жатат. Саадабек болсо очок башында тердик төшөнүп, сөгүлгөн өтүгүн көктөп отурат. Китебими окуп, мен бир бурчтамын.

Үй ичи ит байласа тургус. Суу болгон туурдуктан койдун терлүү жыты каңырсыйт. Түндүктөн анда-санда сары суу тамчылайт. Сыртта ак жаан баягы калыбынан жазбай себелеп, көлчүк беттери майда жыбыр. Абакир эрине эсинеп, муундарын кырсылдата керилип алды да, чылымынын калдыгын ыргытып жиберди эле, анысы кийиздин четине барып түштү. Бат эле курмушу жыттанып кетти. Саадабек чылымды ала салып, күлгө таштады.

— Абайласаң болбойбу, – деди ал түкүрүктөп суулаган көктү тартты. – Ордуңан козголо албай калгансыңбы?

– Анчалык эмне болуп кетти? – Абакир атырылчудан бетер башын жерден жулуп алды.

– Кийиз күйдү.

– Күйбөсө өрттөнүп кетсин. Сенин дүнүйөң өрттөнүп атабы? – Абакир кекете бырс этип койду. – Чокоюңду көктөгөндү билсеңчи, башканы эмне кыласың.

– Кеп дүнүйөдө эмес. Сен өз үйүңдө отурган жоксуң. Буерде сенден башка да киши бар.

– Ошо бөтөн үйдө отурганым болуп атпайбы. Өз үйүмдө болсом сендей неме менен сүйлөшүп койбос элем. Түшүндүңбү, жаргак шымдуу шордуум? Каргыш тийген бул Анархай сени менен аялың экөөңө окшогон акмактарды сүргүнгө айдай турган жер тура. Силерге кошуп мени да кудай айдап келип отурбайбы бу жерге.

Саадабек көктү жулка тартып алды. Колундагы шибегеси учуп кетти, артына барып түштү. Абакирди чаары көзүнөн чыга карап, бир колунда созо кармаган көк, бир колунда өтүкчөн айбаттуу умтулду.

– Мейли, мен акмак болоюн, мени ээрчип келип, баарыбызга тамак бышырып берип жүргөн катыным да акмак болсун! – деди таноолору кыпчылып. – Сениңче Анархайдагы башка журттун баары сүргүндө жүргөн немелер экен го, ыя? Аларды сүргүнгө сен айдап келдиң беле? Кана айт, эй ит! – деп Саадабек такасында наалы бар өтүктү кончунан кармап, атып турду.

Абакир жалт берип, тигинде жаткан токмоктой ачкычты ала койду да, урууга камданып, башын эки ийнине катты.

Менин эсим чыгып кетти. Чын эле коркунучтуу болду. Бирин бири өлтүрүүдөн таюу тарткыдай эмес.

– Коюңуз, Абакир байке, – деп мен арага түштүм. – Урба! Аба, Саадабек аба, буга теңелбеңизчи! Экөөнүн буттарынын арасында жүрдүм чырылдап.

Саадабек мени четке түртүп жиберди. Экөө атырылчу илбирстей бирин бири теше тиктеп, үйдүн ичин тегерене басты. Анан экөө тең секирди. Абакир ачкыч менен берип келип калды эле, Саадабек эңкейе калып, ачкычты кош колдоп туурасынан кармады. Деген менен Абакир күчтүү эле. Саадабекти бүктөп алды. Экөө күрөшүп, сөгүнүп, үй ичинде оонап баратышат. Мен ыргып жетип, ачкычка жабыштым. Араң жулуп алып, сыртка качып чыктым.

– Алдей апа-а! Калийпа! – деп бакырдым суудан келаткан эки катынга. – Болгула тез! Мушташып атат, өлтүрөт!..

Катындар чакаларын коё коюшуп, мага жүгүрдү. Үйгө чуркап кирсек Саадабек менен Абакир жерде ооналактап жатыптыр. Экөөн араң дегенде ажыраттык. Алдей эрин сыртка чыгарып кетмек болду эле, Абакир Калийпанын кучагынан жулкунуп чыгып:

– Шашпа, ийри такым ит! Сени жалынтпасам элеби, сен али Абакирдин ким экенин биле элек экенсиң! – деп жаалданды.

Бакене, катыңкы Алдей какчыңдап бет маңдайына келди да, тике карап тумшугуна айтты:

– Кана, тийип көрчү! Көзүңдү чукуп салам! Өзүңдү өзүң тааныгыс кылам!

Саадабек сабыр менен катынын колунан тартты:

– Койчу ушуну, Алдей! Ушу да адамбы…

Ал ортодо мен сыртка чыгып, азыркы тополоңдо өзүм ыргытып жиберген ачкычты издеп таптым да, четке чыгып, Таш-Бабанын түбүнө көөмп салдым. Анан отура калып, ыйлап жиберсем болобу. Кысып келген дүлөй ызадан тула боюм калчылдап ыйладым. Мени эч ким көргөн жок, эмне болуп кеткеними өзүм да билбедим. Тек Таш-Баба гана менин кайгыма аргасыз күбө болгондой сокур көзүн олурайта кадап турду. Теребел туманданып, жаанга эзилип, чарчагандай дымып жатат. Анын атам замандан берки козголбос тынчтыгын бузган дабыш жок, мен гана көзүмү укалап, солуктап отурдум. Ымырт киргенче отура берипмин…

Көркөмү көктү суктанткан шыбактуу талаада мен ушундайча күн көрүп жүрөм… Жан аябай аракеттенсем да ишим али оңуна түшө албады. Мына, азыр эле Абакирден дагы тил уктум. Мындан ары эмне кылам, акылым жетпейт. Бирок мүңкүрөп калайын деген ниетим жок. Жыгылып кеткиче турган ордуңда бекем турушуң керек.

– Чү, жаныбар! Экөөбүз муңайышка убакыт жок, жумуш көп…

II

Эртеси күндөгүдөн эрте турдум. Алтүндө башыма бир ой келди: эми мени бирөө урушмак тургай катуу сөз айтпагыдай кылып кантсем да башкача жүрүп, башкача иштебесем болбойт, дедим. Башкалардан менин эч жерим кем эмес экенин билишсин.
Эң оболу жанар май ташып, тракторлордун бактарын өзүм толтуруп койдум. Анан радиаторлоруна суу куюп коёюн деп, бочкени калдыратып, булакка жөнөдүм. Эми тамак ичип алсам, кайра тынбай суу ташыйм. Азырынча ишим ойдогудай жүрүп жатты.
Ал ортодо боз чалган көк жээктин нары жагынан күн да ойгонду. Анархайдын көз жеткис кең талаасына көрүнгүсү келбегендей көпкө чыкпай туруп алды. Анан акырын кылтыйып мурдун көрсөттү. Күн чыгардагы ажарланган кең талаадай ажайып көрүнүш дүйнөдө болбос! Тамылжыган чоң деңиз жайылып кетип, ошо көгүлтүр толкундары жалданган бойдон, кээ жери жашылданып, кээ жери кыярып катып калган өңдөнөт.
0, Анархай, кең талаа! Эмнеге үндөбөйсүң, эмнени ойлоп жатасың? Кылымдардан бери купуя каткан кандай сырың бар, эртеңки күнүң кандай?
Суу ташыгыч гана болуп калганыма өкүнбөйм. Мен али машинелерди жүгөндөп, бу кең талаанын көкүрөгүндө даң салып ойноормун. Тиги турган эки трактор менен биз иштеп жүргөн бу тирилигибиз орошон иштин башталышы гана эмеспи. Кен издөөчүлөр Анархайдын астынан агып жаткан өзөндөрдү тааптыр деп бир жерден окуганым бар. Мүмкүн али божомол чыгар? Канткен менен адамдар бу каткаксыган жердин суусунун кандырар, Анархайдын кең көкүрөгүн дүпүйгөн жашыл бак, ыңкыган эгин басар. Алтын дандуу ак буудай жалына жел эркелеп ойноор күн келерине ишенем. Арыктарынан шылдырап мөлтүр суу агар. Бул жерге али шаарлар орноп, айыл-кыштактар жайгашар. Келечек муундар бу жерди берекелүү Анархай деп даңазалашар. Ошондо бир күнү мага окшогон бир бала келер, бирок ал мага окшоп таңдын атышы менен күндүн батышы ортосунда тынымсыз суу ташып, кеңкелес бирөөнүн суук тилин угуп жүрбөс.
Антсе да мен аны бактысына кызыкпаймын, себеби Анархайга алгач келген өзүм!
Арабамды токтотуп, таңкы кеңирсиген талааны тегерете карап турдум. Ушул учурда мен өзүмө дүйнөдөгү эң бактылуу, эң күчтүү, кала берсе эң сулуу адам болуп көрүндүм. Башыңа бак байырлап, күн кетпесин, Анархай жергеси!..
Акыры көк жээктен көтөрүлүп, ааламды жаркыратып күн чыкты.
Бу күнүм жакшы башталды. Моторлордун үнү өчпөдү, сууну күттүрбөй ташып жеткирип жаттым. Бирок күн батканча дагы далай убакыт бар…
Башатка кайра айланып келгенимде анын башынан бир короо козулуу кой көрдүм. Бир кыз жайып келиптир.
Кой-козуну булактын көзүнө жолотпой агып чыккан жеринен сугарып турат. Бу кыз кайдан пайда болду? Кыязы тиги кош дөбөнүн нары жагындагы конуштан келген окшойт. Аерде чабандар көп. Кыздын жүзү мага негедир тааныш көрүндү. Бир журналдын бетинен дал ушундай көкүлү маңдайына түшкөн вьетнам кыздын сүрөтүн көргөм. Бу кыздын өңү тааныш сыяктанып турганы да ошондондур.
Унчугушпай телмирип, экөөбүз тиктешип калдык. Кайдан пайда болду деп мен таң калып турсам, бу арабакеч бала кайдан пайда болду деп кыз да таң калып тургандай. Бирок мен сыр бербей арабаман ыргып түшүп, көнүмүш кыймыл менен бочкеге суу куя баштадым. Сууга канган койду кыз нары түртүп чыга берди. Жаныман өтүп баратып:
– Бул башаттын аты эмне экен? – деп сурады.
Өзүм ылайлаган сууну тиктеп ойлонуп калдым. Ырас
да, жалгыз булактын бир аты болуш керек го. Антип турганымча суунун ылайы тунуп, бети мөлтүрөп, түбү булаңгырланды.
– Ботогөз! – дедим кызга бурулуп.
– Ботогөз булак дейби? – Кыз көкүлүн серпип таштап, жылмайып койду. – Сонун ат экен. Муңайым тартып, чын эле ботонун көзүндөй экен…
Экөөбүз сүйлөшүп кеттик. Кыз менин жердешим болуп чыкты. Атүгүл мугалимим Алдыяровду да билет экен. Мындай ээн талаада жүрүп, сүйүктүү мугалимиңдин ысмын эшитүү канчалык канимет. Кыздын өзү да ошо Алдыяровдун таасири менен келгенби деп ойлоп кеттим. Мектепти былтыр бүтүрүптүр, азыр буерде сакманчы болуп жүрүптүр.
– Биздин кашардагы кудуктун суусу туздуу, – деди кыз. – Ушуякта булак бар деп уктум эле. Өзүм да көргүм келди, ширин суудан козулар да ичсин деп издеп келгем. Козуларын өстүрүп, күзүндө оторго кошом да, өзүм университетке кирем…
– Кийинчерээк мен да окууга кирсем дейм. Механизация жагына. Мени буякка тракторчулукка жиберишкен, азыр анчейин убактылуу… – деп бочкени көрсөттүм. – Башка бир суу ташыгыч келмек…
Оозуман кандайча чыгып кеткенин билбей калдым, ушунум ыксыз болуп калды. Уялганыман бетим чымырап ысып чыкты да, бат эле кайра муздады.
– Э-эй, академик! Тумшугуңду канжалатам! – Абакирдин ырайымсыз үнү мени муздатты.
– Ой мен сүйлөшүп туруп калган турбаймбы.
– Ким ал? – деди кыз түшүнбөй.
– Жайынча эле, – дедим кайра кызарып. – Суу жеткириш керек. Кыз коюн жайып жөнөдү. Абакир болсо трактордун кабинасына чыгып алып, аба муштап айкырып турат.
– Ой, баратам, баратам! Жаагыңы басчы! Бөтөн бирөөнүн көзүнчө айкырбасаң кантет! – деп тиштене күбүрөп атты кубаладым.
Бочкедеги суу чайпалып, башыман аягыма чейин чачылып келет. Мейли төгүлсө! Бир тамчысы калбай төгүлсө да мейли! Мындай кордукка эми чыдай албаймын!
Абакир кабинасынан секирип түшүп, бая күнкүсүндөй опурулду. Мен аттын башын тарттым:
– Эгер сен минтип айкыра берсең, жумушту таштап кетип калам.
Абакир оболу абдаарый түштү да, анан ышкырып коюп, мени ашата сөгүп кирди.
– Энеңди… бокмурун академик, сенсиз да бу өрттөнүп кеткир Анархай өрттөнбөй тура берет, жер жутуп кетмек беле! Кет кетсең, тигине жолуң! Мунун каяшачылын, жыртык ыштан студент!
Мен арабадан ыргып түштүм, камчыны трактордон ашыра ыргытып ийип, баш оогон жакка басып кеттим.
– Токто, Кемел! Кетпе! Кайда барасың токто! – деп артыман Калийпа кыйкырды.
Токтомок белем, кайра ылдамдай бастым.
– Тим кой, карааны өчсүн! – деген Абакирдин үнү угулду. – Ансыз да өлбөйбүз.
– Адам эмей эле айбан экенсиң, бул эмне кылганың! – деп Калийпа жемелеп калды.
Экөө жаакташып жатканын көпкө угуп бардым.
Токтобостон кете бердим, кете бердим. Кайда барсам баары бир да. Айланада кыбыр эткен жан жок, дүйнөнүн төрт тарабына жол ачык. Булактын тушунан, коштун тушунан өттүм. Таш-Баба турган дөбөнүн түбүнөн өтүп кеттим. Таш-Баба табалай күлүп, агып калган көзү олурая карап узатып койду да, нечен кылымдар бою турган калыбынан жазбай белчесинен жерге батып, телмирип кала берди.
Эчтеме ойлонбостон жүрүп келатам. Ушу жерден тезирээк кетсем деген гана каалоо. Каргыш тийген Анархайды эми желкемдин чуңкуру көрсүн.
Кыйырсыз талаа томсоруп жатат. Ой-кыры, дөбө- жылгалары – баары бири-бирине окшош, ичиң бышып кеткидей. Бул кунарсыз, өлүү талааны ким жаратты экен? Кордук көрүп, жапа чеккен башым бу кермек жыты жүрөк айланткан шыбактуу сур талааны сенделе кезип эмне азап? Каягыңы караба, мелтиреген чөл. Тообо, бул аймактан адам эмне тапмак? Башка жер жетишпейби?..
Таңкы кыялдарым эми болбогон кеңкелестик болуп көрүндү. «Мына сага көркүнө куштар кылган шыбактуу кең талаа, мына сага Анархай жергеси!» – деп, алсыздыгымды, башбаанексиз бечаралыгымды, колуман эчтеме келбей басынганымды сезип, ошого өчөшүп, өзүмдү шылдыңдап келатам.
«Төбөмдө түпсүз терең асман, тегерегимде кыйырына көз жеткис чөл талаа, анда бараткан купайкечен, кирзи өтүкчөн, күнгө оңуп кубарган шапкечен мен кайдан адашып туш болгонум белгисиз, жападан жалгыз, нокоттой кичинекей бир жан баратам.
Ошентип кете бердим. Жол да жок, из да жок. Тим эле жүрүп баратам. «Бир жерден темир жолго чыгармын, – деп ойлойм, – анан шпал санап кете берсем, дагы бир разъездден поездге жармашармын. Ошентем, эл-журтка, элге кетем…»
Арт жагыман ат дүбүртү, бышкырганы угулганда да кылчайбадым. Сорокин го. Башка ким болмок эле. Азыр жемелеген болуп, анан суранат. Баары бир кайра кайтпаймын.
– Токто! – деди Сорокин жайынча.
Токтодум. Аты кара терге түшүптүр. Сорокин күнгө күйгөн кубакай кашынын астындагы туздай көк көздөрүн кадап карап турду да, жан сумкасынан кыпкызыл кылып менин путевкамды алып чыкты. Аны мен жаңы келген күнү зор сыймык менен өзүнө тапшыргам. Ме, муну таштап кетиш жарабайт, – деди мага сунуп.
Көз карашынан же жаман көргөнүн, же жемелеп турганын көрө албадым. Айыптап да, аяп да турган жок. Жумуш башы болуп, мойнунда милдети чоң күндө ар кандай күтүүсүз иштерге жолуккан, мындай шартка каныгып бүткөн адамдын сабырдуу көз карашы. Куйкул сакал баскан чарчаңкы бетин алаканы менен укалай сүрттү да:
– Эгер разъезд издесең, оңго тарта жүр, тетиги жылганы өрдө, – деп камчы суна көрсөтүп, атын буруп жөнөп кетти.
Аң-таң оозуму ачып, артынан карап калыпмын. Урушпаганы, кайра кайт деп суранбаганы эмнеси? Чаалыккан атын чарчаңкы минип жүргөнү кандай? Үй- жайы, катыны, бала-бакырасы алыста, өзү болсо үй бетин көрбөй кыштыр-жайдыр эл иши деп ээн талаада чапкылап жүрөт. Бул өзү кандай адам, аңгыраган Анархайда издегени эмне?
Артынан ээрчип, сенделе басканымы өзүм билбей калыпмын.
Кечкурун баарыбыз үйгө чогулдук. Баарыбыз унчугушпай үңкүйүп отурдук. Очоктогу терскен гана чарт-чурт күйөт, башка дабыш жок. Баарына күнөөлүү мен. Сөз баштала элек, бирок Сорокиндин түнөргөн түрүнө караганда бир нерсе айтчудай.
– Кана, эми эмне кылабыз? – деди Сорокин акырында, эч кимге карабастан.
– Эмне, Анархайды топон суу каптап келатыппы? –деп Абакир кекээрледи.
Муну уккан Саадабек унчукпастан туруп, үйдөн чыгып кетти. Бая күнкү мушташкандан бери ал Абакир менен сүйлөшпөйт, азыр да сөзгө аралашпайын деди окшойт. Анын иниси Эсиркеп да ордунан тура берип, кайра отурду.
Абакир аны менен да ырылдашып алган. Мен жалынып койбогон соң бир күнү Эсиркеп экөөбүз орун алмашып, мен Саадабекке тиркегич болуп, ал суу ташып калган. Белгилүү эмеспи, сууну кечиктирип жеткирсе керек, Абакир адатынча атырылып бир тийиптир. Эсиркеп жемин жедире койчудан эмес, менден үч жаш улуу, мушташ десе мушка кыйын.
Абакирге эч ким жооп берген жок.
– Ойлоно турган эмнеси бар, жумушту токтоткон адам жооп берсин, – деди ал дагы.
– Кеп ким күнөөкөр, ким бейкүнөө экенин териштирүүдө эмес, – деди Сорокин аны кылчайып карап койбостон. – Кеп бу жаш жигиттин тагдыры тууралуу. Эми эмне иштейт?
– Тагдыр имиш! – деп Абакир мылжыйып койду. – Мындай академиктердин тагдыры алдагачан чечилген, колунан бок келбей куурап өтчү немелер да! – Абакир кыжырлана кол силкип салды. – Өзүң ойлочу, Сорокин, ушулардын колунан эмне келет? Биз таманыбыз ташка тилинип нан таап жүргөндө булар окуу демиш болуп талтаңдап, он жыл убактысын бошко кетирди. Буларды асыраган да биз. Курсагы ток, кийими бүтүн болду. Андаң эмне чыкты, эмне үйрөндү? Же машине айдай албаса, же атка моюнчак ката албаса. Моюнчактын боосун кантип байлаганды билбейт… Мунун түйшүгүн мен тартып жинди болупмунбу? Окумуштуулугун урганым жок! Дагы Таш-Бабанын тарыхын билет имиш! Ишке келсе карайлап көзүн таппайт. Андай болсо башкаларга кесепетин тийгизбей жоголсун! Анан калса, Сорокин, сен да көп эле өмгөктөй бербегин! Өнөгүм жок жалгыз өзүм иштеп жүрөм, башканы да илээндилетпейм! Жок, ага көнбөйт экенсиңер, эртең эле менин карааныма зар болосуңар. А жанагы айтканым айткан, мындай академиктердин баарын битче сыгып таштаар элем…

– Жетишет! – деп Сорокин дагы бурулуп карабастан Абакирди кагып салды. – Аны биз сенсиз да билебиз. Кеп анда эмес. Кана, айтчы, Кемел, өзүңүн оюң кандай?
Тапатаңдан жооп бере албадым. Абакирдин айтка- нын угуп отуруп ушунун сандырагында да чындыктын үлүшү бар го деп ойлодум. Бирок кыжырланып, заарын сөзүнө чыгарып айтып жатпайбы. Кай жазыгыма? Мен бир колу-буту жок мунжу бекем, же Абакир билгенди кези келгенде ала албас макоо бекем? Же билимдин зыянын тартып жүрүпмүнбү? Түшүнсөм буюрбасын. Бирок Сорокинге токтоо жооп берүүгө тырыштым.
– Мен буерге тиркегич болуп иштегени келгем. Трактор айдаганды үйрөнөйүн дегем. Атка моюнчак катууну билип алдым го. Аны элдин баары билет. Ушу жумушту иштей берсе деле болот. Бирок мен эми суу ташыгыч болбойм. Айттым – болду.
– Бизде башка жумуш жок, – деди Сорокин.
– Анда менин кеткеним оң, – дедим.
Калийпа мени бир карап алды да, муңайым күрсүндү.
– Сууну өзүм эле ташып, ордумду сага берер элем, Кемел, бирок өзүң барбайсың да…
Мындайча жол чыгарын ойлогон эмесмин. Кайрымдуулугубу, же Абакирдин кылыгына кынжылдыбы? Качан болсо, Абакир оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып жатканда коомайланып, эптеп жумшартууга, аягын оңдоп кетүүгө тырышат, ошондойбу, эмнеси болсо да, Калийпа ушинтип айткан соң ыза болуп отурган мен токтолбостон:
– Барам! – дедим.
Үй ичи жымжырт боло түштү. Очоктогу терскен гана баягысындай тырсылдап жатты. Баары мени аңырая карашты. Мени жаңылыш айтып алды, азыр эле сөзүнөн кайтат деп отурушту окшойт. Мага жакшылык каалабаган, жек көргөн адамдын уучуна өзүм барып түшкөн болуп чыктым. Бирок мен үндөбөдүм. Айттым – болду. Сорокин мага күдүктөнө карады.
– Барасыңбы?
– Ооба.
– Мага баары бир, – деп Абакир очокко чыйт түкүрдү. – Бирок эскертип коёюн, саал эле бирдеме болсо, моюнуңду жулуп алам. – Ымырт маалда Абакирдин көздөрү шылдыңдап жаткандай, кекеткендей муздак жалтылдады.
– «Саал бирдеме болсо» эмне кыласың? Күн мурунтан коркок билиш кылып алайын дегениң го? – Баятан бери үндөбөй отурган Эсиркеп чыдай албай кетти. – Иштебегенде эмнеси бар экен! Кемел менин сокомдо деле иштеген.
– Сага эмне жок. Куюшканга кыпчылба. Өзүбүз билебиз. Тракторго да, жумушка да… мен жооп берем.
– Токтот! – деп Сорокин жактырбай Абакирди дагы какты, анан мага айтты:
– Таң эртеден баштап ишке кириш. – Ордунан туруп, эшикке жөнөдү. – Эмесе дем алгыла.
Бул түнү уйкум чала болду. Абакир менен кантип иштешер экем? Буга чейин анда-санда бир кагышып калганыбыз болбосо ортобуз окчун эле, эртеңден баштап күнү-түнү дебей анын кол алдына түшмөй болдум да. Чиркегич болушка чыдамкайлык, көктүк керек, мен андан коркпоймун. Арийне, талаанын ой-кырын билип, трактордун жүрүшүн басаңдатпай соконун тишин керек болсо көтөрүп, керек болсо түшүрүп туруу милдет. Андан башка да тракторду оңдоого, же трактористтин башка жумушуна, иши кылып… баарына жардам беришим керек. Абакирге жаза тайып сураган ачкычты эмес башкасын, же болтубу, гайкасыбы учурунда таап бере койбосоң балээ башталды дей бер…
Алдей апа да уктабай жатыптыр. Караңгыда жылып келип, жаныма отурду да, башыман сылады.
– Ойлонуп көрсөңчү, Кемел. Сенин теңиң эмес бул. Кой оозунан чөп албаган момун баласың. Жеп коёт бу сени… Түк да жакпайсың…
– Жагынайын деген мен жок. Жегич болсо жеп көрсүн, бүгүн көрүп жатыпмынбы…
– Өзүң билесиң го. .. деги байка, – деп Алдей акырын үшкүрүп алып, ордуна кетти.

III

Абакир экөөбүздүн чекишибиз алгачкы эле күнү башталды.

– Уктап калып, соконун астына түшүп кетсең мен жооп бербейм! – деп ишке чыгар алдында бир айтты.

Кайдагы уйку! Каталык кетирбейин деп, тиктегеним эле соконун тиштери. Соконун тишине түшүп өлөм деп корккончо, тиркегич болбой койгон жакшы.

Талтая отурган буттарымын астынан кронштейнге бекитилген тиштер жаркылдайт. Катарынан кыйгачтап тизилип, дыңдын бууланган чым кыртышын тилип, коңторуп таштап барат. Трактор ычкына күрүлдөп, кырдуу жалпак таманы шакылдап, шыбакты жапшыра тепсеп, токтоосуз жүрүп барат.

Абакир мени өлүү-тирүүбү деп бир кылчайып койбоду. Күржүйгөн быжыгыр желкеси гана көрүнөт. Ушул отурушу эле мени сынагандай, чыдап көтөрө алар бекен, же жарабайт экем деп кетип калар бекен дегендей. Ошол үчүн, мени аргасыз кетириш үчүн ушинтип тракторун токтотпостон жүрдү окшойт. Чаң менен ачуу түтүнгө тумчугуп, катуу темирде отуруу эмне экенин башкалар билбесе да, Абакир жакшы билет. Мейли, мен да кайтпаймын. Соконун рулун карыша уучтап, жан жагыма карабай, тырышкандан тырышып отурам. Канча убакыт өтсө да лам деп ооз ачпадым, кыңкыс үн чыгарбадым. Абакир да өчөшкөндөн өчөшүп, тракторду таштак жерге салды да, соко бороздон секирип чыгып, тиштери ташка шакылдап тийгенде жарк-журк этип от чагылат, селкилдеген ордуман мен учуп түшө жаздайм.

Ошондо да кың дебедим. Кеч кирип, Абакир тракторун токтоткондо гана мен өлөрчө чарчаганымды сездим. Оозу-мурдум, көз-кулагым чаң менен кумга толуптур. Жаным жер тартат, жамбашым тийсе эле уйкуга кеткидеймин. Бирок ордуман тап жылбастан Абакирдин буйругун күттүм.

– Тиштерин көтөр! – деп кабинадан башбага кылчайып кыйкырды Абакир. Тракторду айдоодон чыгарып, моторду өчүрдү да, сокого келди. Эңкейип, тиштерин сыйпап көрдү.

– Мокоп калыптыр, алмаштыруу керек. Эртеменен даяр болсун!

– Макул, – дедим мен. – Запас тиштерди таштап, тракторду сокодон бөлүп кет.

Ал унчукпастан айтканымды аткарды да, кошко кетти. Мен артынан карап туруп, ачуум да келди, бирок суктанып да турдум. Чарчаганы билинбей теңселе басып баратат. Менин тырп этер алымды калтырбады, бирок өзү да тыным алган жок. Өгүздөй иштейт экен, айбан!

Күрсүнүп алдым да, куурай чогулттум. Соконун жанына үйүп койдум. Түн ичинде оттун жарыгында тиштерди алмаштырбасам болбойт да. Отун жыйнап бүткөн соң, тамактанууга жөнөдүм.

Байкуш Алдей апа, боорукер жан! Алып койгон тамагын апыл-тапыл ашап жатканымы зээни кейий карап отурду. Жайбаракат эс алууга чолом жок эле. Алдейдин фонарын сурадым.

– Эмне кыласың? – деди фонарды берип жатып.

– Керек. Соконун тиштерин алмаштырам.

– Кудай ай, ушундай да болчу беле! – деп Алдей Абакирге атырылып коё берди. – Жибербеймин! Баланы кордогон да болобу!

– Менин эмнем кетти, жибербесең кой! – деп корс этти Абакир жатууга камданып атып.

– Киришпегин! – деп Саадабек аялын тыйды. – Кемелдин өз акылы бар!

– Эчтеме эмес, Кемел, биз жардамдашабыз. Жүр, Эсиркеп! – деп Калийпа ордунан турду.

– Кереги жок, – дедим мен. – Жөн калгыла. Өзүм эле бүтүрөм.

Фонарды жагып үйдөн чыктым.

Түн коюну көзгө сайса көрүнгүс. Суу ичип алышка булакка кайрылдым. Кайнар булактын чордону бүлкүлдөп, бетиме салкыны урду. Фонардын жарыгына түбү күңүрт шоолаланып, коймолжуп жатат. Чыны менен ботонун көзүндөй. Сакманчы кыз эсиме түштү. Баягы жолукканда жадегенде атын сурап калбапмын. Көкүл чачы желпилдеген ал сүйкүмдүү кыз кайда болду экен азыр?

Сокого жетип, буйдалбастан ишке кириштим. Соколорду көтөрүлгөнчө көтөрүп коюп, от жактым. Фонардын да жардамы жакшы тийди. Гайкаларды бурап чыгарып алып, кайра болтун бурап кийгизип, жоголуп калбасын деп шапкеме салып жатам. Ошентип түнү менен соконун астында сойлоп жүрдүм окшойт. Гайкаларды кайра бурап салыш баарынан кыйын болду, анын үстүнө эби келбейт. Бара-бара от да бастай берди. Соконун астынан сойлоп чыгам да, отко дагы куурай таштап, жата калып үйлөйм. Канча убакыт өткөнүн билбедим, айтор, баардык тиштерди алмаштырып чыкканча тыным албадым. Ошондон кийин темтеңдеп тракторго жеттим да, кабинанын ичине куладым. Канталаган колдорум биресе сыздап, биресе ысып, ачышып жатты.

Эртеменен Калийпа ойготту. Араба менен суу алып келиптир.

– Радиаторду толтуруп койдум. Кемел, жуунуп ал, суу куюп берейин, – деди.

Абалың кандай деп сураган жок, ошого ыраазы болдум. Бирөө эсиркегенсип боору ооруганы да кээде катуу тиет эмеспи. Калийпа арабадан бир түйүнчөк тамак, бир шише жарма берди. Жарманы кере жутканда чечекейим ачылды. Бу да болсо Алдейдин берип жибергени го.

Абакир келди. Лам дебеди, шылтоо издээр кынтык жок эле. Унчукпастан тракторду сокого айдап келди. Мен сокону чиркедим. Загон бойлоп жүрүп кеттик.

Кечээгидей эмес, бүгүн сокодо бекем отурдум. Колуман келет экен деп калдым. Алгачкы сыноодон абийирдүү өткөн соң аягына чейин чыдай аларыма көзүм жетип калды.

Алдыда кабинанын айнегинен кечээги эле быжыгыр желке көрүнөт. Трактор кечегисиндей эле тыным

албастан ычкына күрүлдөп, темирлери шакылдап келет. Штурвалды карыштыра кармап, ошол көйдө мен отурам.

Чак түштө Абакир капилеттен моторду өчүрдү.

– Түш! Дем алыш, – деди.

Трактордун көлөкөсүнө тунжурап отурдук. Абакир сиркеси суу көтөрбөй папиросун белчесинен чайнап, комбинезонун, анан көйнөгүн чечти да, баарын астына төшөп, күнгө далысын тосуп жата кетти. Кең далы, уй жондуу, эти майланышып күнгө жылтырайт. Мен да күнгө кичине тооруккум келди. Көйнөгүмдү чечип, астыма төшөп, жатайын деп жатканда Абакир уйкусурай мага башын бурду:

– Далымы кашы!

Буйругум эки болбойт деген кыязда зилдей башын эки колуна жаздап жатып калды. Мен козголбодум.

– Уктуңбу? – деп башын көтөрбөй каарлана ыйыгын булкуп алды.

– Кашыбаймын!

– Кашыйсың дедим кашыйсың! – деп мага атырылып, жер таянган калыбында туруп калды. – Кана? Канча күтөм?

Мен эрксизден кетенчиктей бердим. Ызама чыдабай кеттим:

– Сен эмне… мен жумушчумун! Элдин баарын баккан мен деп төшүңү муштагылай бересиң. Кылган ишиң эле жумушчулук болбосо, дилиңде жумушчулуктун кенедей ниети жок! Бай болсоң жарашмак!

– Болсо болмокмун! Менин ниетим менен ишиң болбосун! – деп байкоостон мурдума чертип калды. Мен ыргып туруп, муштагылап жибердим. Абакир ушунуму гана күтүп турган белем, көптөн бери ичине толгон кыжырын күчүнө чыгарып, мени коюп калганда калпактай учуп түштүм. Араң дегенде тизелей тура келип, ыза менен дагы умтулдум. Мен умтулган сайын ал бир коёт. Койгон сайын жалп этип учуп түшөм.

– Муштумдун жыты мурдунан кеткис кылбасамбы! Менин ниетим кандай экенин сага таанытайын! – деп күрсүгүй муштуму улам мага күрс-күрс тиет.

Бирок мен да тарамыштай тырыштым, улам жыга койгон сайын кайра ыргып туруп, жармаша бердим. Колум жетсе мен аны бетке-көзгө муштап калам, ал ич-бооруму эзип, кабыргаларымды кыйратып салгансыды.

Дагы бир жолу туруп, акырын жүткүнө бердим. Ал касапчы балта чапкандан бетер кериле калып, «Ух!» деп көк желкеме коюп калды. Мен этбетимен бүк түштүм, бирок кың деп үн чыгарбаска эрдимди кесе тиштеп, жатып калдым.

– И, жаттыңбы, академик! Ошентип жердин жытын бил! – деди энтиге дем алып, жарылган эрдинин канын түкүрүп. – Бу сага Таш-Баба тууралуу лекция окуу эмес! Мындайда тарыхтын жардамы тийбейт.

Ошону менен ал аяк астыбызда тепселген кийимин алып, кагып-силкип, бир бугун чыгарып ыраазы болгондой шашпай кийине баштады. Бирок бу салгылашта да мен жеңип чыкканым анын оюна келбеди. Ырас жер тиштеп жатсам да бу менин жеңилгеним эмес болчу. Акыйкат үчүн мушташса болорун мен эми түшүндүм. Өзүңдү бирөө уруп жатса тартынбай аны уруш керек экенин түшүндүм. Мен үчүн ушунун өзү жеңиш эле…

Абакир комбинезонун кийинип болгончо мен эс алып, тез кийиндим да, сокодогу ордума барып отуруп алдым.

Трактор татырап от алып, ордунан козголду. Кабинанын айнегинен мурдагыдай эле быжыгыр желке көрүнөт, штурвалды мурдагыча карыша кармап, мен барам.

IV
Турмушубузга анча-мынча өзгөрүш кирди. Үрөн ташууга кош ат чегилген араба келди. Аны менен бирге арабакеч келди. Эми суу ташуунун жумушу жеңилдеп калды. Үрөн себүүгө Саадабек менен Эсиркептин трактору бөлүндү. Абакир экөөбүз мурдагыдай эле жер айдоодобуз.
Дагы бир жаңылык бар.
Эки-үч күн мурун арабага түшүп түшкү тамактан кайтып келатып, булактын башынан баягы сакманчы кызды көрүп калдым. Арабакеч аттын башын тарта берди эле, Абакир жактырбай шаштырды:
– Айда, токтобо!
Мен кызды карай жүгүрдүм. Коюн таштап, ал да мага жүгүрдү. Бирок мен ага жетпей токтодум. Жумуштан кечикпес үчүн кайра тиги арабаны кууп жетишим керек. Токтой калып:
– Саламат! – дедим.
– Саламат! – деп кыз да токтоду. Аны көргөнүмө кубанып турам, бирок эмне деп сүйлөшөрүмү билбейм.
– Эмнеге суу ташыбай калдыңыз, азыр кайдасыз?
– Тракторго өткөмүн, – деп мактана кыйкырдым. – Тетиги загондобуз. Кечириңиз, мен шашып баратам.
– Барыңыз, барыңыз, – деп кыз мага кол булгады.
Арабаны кубалап чуркап баратам. Бир ирет артыма
жалт карадым. Кыз да менин соңуман карап, жанагы ордунда турган экен. Араба токтободу. Бирок ага капа болбодум. Жаныма канат бүткөндөй. Кыз мага кол булгаганына, жаздын даркан талаасында жүгүрүп келатканыма бактылуумун. Куштай учуп келатам. Мага канат бүткөндөй…
Эртеси сакманчы кыз коюн жайып, биздин загондун жанынан көрүндү. Жакыныраактагы бир дөбөгө чыгып алып, кой-козусуна көз салып турду. Бир мүнөткө болсо да жанына жакын баргым келди, бирок кайдан, Абакир андай жакшылыкка жаралыппы. Мен да суранбай койдум. Кызга кийинки жолукканда Абакир экөөбүз гүрүлдөгөн трактордун жанында турганбыз. Абакир мотордун бирдемесин карап жаткан.
– Бу кыз эмнеге айланчыктап калды? – деди Абакир.
– Билбейм.
– Аты ким экен?
– Билбедим.
– Эй, академик ай, – деп ал шылдыңдай тукурунуп, кызга көз ыргытты. – Бойго жетип калган кыз экен…
Мен аны акырая карадым.
– Бар ордуңа! – деп Абакир бурк этти.
Биз жүрүп кеттик.
Ал ортодо кыз коюн кырдан бери жайып түштү. Жанына жетип барып, жанаша отуруп сүйлөшсөм, жадегенде желпилдеген көкүл чачын эле карап келсем дегенде эки көзүм төрт…
Аңгыча трактор токтоп калды. Абакир кабинадан башын чыгарды.
– Рычагды бекитип, бери кел!
Мен таң калып сокодон түштүм да, Абакирге бардым. Иш учурунда ал мени кабинага киргизчү эмес.
– Отур! – деп ордун бошотту. – Айдап үйрөн!
Кандай кудай жалгады муну! Ушинтет деп ким ойлоптур. Абакирге эмне болду, чыны менен мага ниети оңолдубу? Бирок көп ойлонуп отурбай айтканын үйрөнүп жаттым.
– Педалды тарт. Илинчегин кош. Ии, ошондой. Эми педалды акырын коё бер. Фрикцион рычагдарын карма…
Трактор гүр-гүр этип алды да, загон бойлоп жүрүп берди. Сүйүнгөнүмөн жүрөгүм лакылдап чыкты. Башка эчтеме оюма келбей, дүйнөнү түгөл унуттум. Бар ойлогонум, трактордун механизмдерин билип, айдаганды үйрөнүп алсам дейм. Көптөн бери каалаганым ушул эмес беле! Мына эми күчтүү трактор менин кол кыймылыма баш ийип, каз таманы менен жерди жапшырта тепсеп жүрүп барат. Бүт көңүлүм алдымдагы тетиктерге байланып, өзүм да чырмалышкан ушул көп тетиктердин бири сыяктанып калдым.
Загондун аягынан аяптоор бурулдум. Ырас, тиркегичим жоктугунан бурула берген жерде ала калып калды. Ошо да сөз бекен, Анархайда жер жетпейби! Ушундан арттырганым, трактор айдаганды үйрөнүп алсам жакшы да!
Загонду эки-үч ирет айланып чыктык. Жүрөгүм ордуна келип, кыймылым ишенимдүү боло баштады.
– Шашпагын, академик! – деп Абакир кулагымын түбүнө кыйкырды. – Мен азыр келем. Эгер бирдеме болсо, моторду өчүр.
Ал жүрүп бараткан трактордон секирип түштү да, кагынып-силкинип, үстү-боюн түзөнүп, сакманчы кызга бет алды. Анын арам оюн мына ошондо түшүндүм. Кандай эле мени кабинага отургузуп калды десе!..
Кыздын кашында жайбаракат сүйлөшүп турду. Кайда шашмак. Иши болсо жүрүп атат, трактору жакын, бирдеме болсо жүгүрүп келет.
Бу жоругу мага жакпады. Бирок ошондо да трактор айдап жүргөнүмө корстонмун. Кабинадан баш чыгарып, кызга кол булгагым келет, бирдеме айтып үн салсам дейм. Каргашадай болуп Абакирдин туруп алганын карачы! Ал эмнелерди айтып жатты экен? Кыз эмне деп жооп берип жатты экен? Абайласа экен кыз, Абакир менен азыр сак болбосо болбойт…
Кыз коюн айдап кеткиче бир жарым сааттай трактор айдадым. Абакирдин кебетесинен корстончулук көрүнбөйт. Демейки түпөйүл топоз кебетеленип кекирейгенинен башка белги көрө албадым.
– Академик, айда өз ордуңа бар! – деп далыга какты да, мыйыгынан күлүмсүрөп койду.
Лам дебестен трактордон секирип түшүп кеттим.
Кечээги кыз бүгүн дагы келди. Абакир мени дагы кабинага отургузуп, өзү кызга кетти. Сакманчы кыз эмнеге келди дейм, келбей эле койбойбу? Тракторду токтотуп коё албайм, же өз бетим менен айдап кете берүүгө жаным тынчыбайт.
«Кантип бир белги берем кызга?» – деп кабинада алар жакты жалт-жалт карайм. – Абакирге кездеше бергени жакшы эмес. Бирок эки кишини сүйлөштүрбөй кантип тыйып коё аласың? Ким менен сүйлөшөрүн ар ким өзү билиш керек да…»
Бу жолу кыз тез эле кетип калды, ага мен катуу кубандым. Коюн кубалап, улам артына кылчактап коюп, жүгүрө басып баратат. «Кечир мени, жаркыным, – дедим мен ичимен. – Тез кетип калганың жакшы болду. Экөөбүз дагы кездешебиз. Эмки жолу тракторго отуруп албай алдыңан жүгүрүп чыгам. Азыр бара кой, беш көкүлүм… Али атыңды да билбеймин…»
Эртең кездешебиз дегеним бекер экен. Абакир экөөбүз бири-бирибизге билдирбей кызды үч күн катары менен күттүк. Абакир адаттагысынан ачуулуураак жүрдү. Мен ага кайрадан жексур көрүнүп жүрдүм. Аны жек көрөрүмдү мен да жашыра албадым. Бу оңбогур кызды жаман сөз менен кордогон окшойт деп, жаман көз, суук сөздөн жаркынымы коргоп кала албаганыма жаным кейиди. Колум бошой калса кызды издеп таап алып, тартынбастан эзилише сырдашууга сөз бердим өзүмө. Ошол күндөн баштап кызга жолугууну эңсеп, көксөп жүрдүм.
Ошол күндөрдүн биринде катуу жаанда калдык. Кайдан-жайдан чапкындап добул келди да, төгүп кирди. Кең талааны алай-дүлөй түшүргөн мөндүр аралаш жааган өткүн эле. Асман гүүлдөп, чаңдап жаткан жердин бетин заматта боржуктаган көлчүк басты да калды. Бирок Абакир тракторун токтотподу, күчөп айдап, артта мөндүргө кулагын сабатып, шөмтүрөп суу болуп бараткан мени бир кылчайып карап койбоду. Суу сиңген кыртыш мурдагыдай коңторулуп түшпөй, соконун тиштерине кептелип, какалтып жатты. Эгер трактордун каз таманына баткак чапташып, бир ордунда жылбыша бербегенде Абакирдин токтотор түрү жок болчу. Моторду өчүрдү да, чылымын кере соруп, кабинадагы орундугуна чалкалай отурду. Добулдан баш калкалап, кабинадан баанек сурап жүгүрүп келет деп ойлоду окшойт мени. Мага болсо эми баары бир болуп калган. Жамгыр өтмө катарыма өткөн. Коштон түшпөй өтүгүмдүн балчыгын тазалап отура бердим. Суу тийбесин деп корголоткон нерсем жалгыз блокнотум эле. Оюма түшкөн бирдемелерди жазып, окуган китептеримен көңүлгө жуккан үзүндүлөрүн көчүрүп алып жүрчүмүн. Блокнотту өтүгүмүн кончуна тыктым.
Капилет башталган өткүн капилеттен токтоду. Ошол замат түпсүз туңгуюк көк асман чайыттай ачылды. Жаздын жоомарт жамгыры жууп өткөн даркан талаа сулууланып, жаркын сала берди. Жердин бу көркүнөн асман да калышкысы келбегендей. Анархайдын кыйырсыз кеңдиги мурункусунан да кеңирсип, чалкый түштү. Асман менен Анархайды бириктирип күн желеси тартылды. Ааламдын тиги чети менен бу четине жете ийилип, дүйнөнүн дүйүм кооз түс-боёкторун боюна сиңирип, күн желеси кыймылсыз ийилип турду. Жүрөгүм өрөпкүп, айланта-тегерете карап турдум. Түпсүз туңгуюк, үлбүрөк тыноодон салмаксыз көк обо, канаты көзгө илешпей дирилдеген түркүм түс асем тотудан кооз күн желеси, андан бери чалкыган даркан талаа!
Жер жылуу бууланып, кургап баратты. Төбөдө көгүлтүр тунук абада канжардай канаттарын какпай каалгып бүркүт жүрдү. Аны ошончо бийикке көтөргөн өзү эмес, күчтүү канаттары эмес, мобу талаанын бойго кубат, көңүлгө жигер кошор деми сыяктанды.
Ошол жигер, ошол дем мага да кошулгансыды. Көңүлүм эргип, Анархай туурасындагы учкул кыялым канат кагып сабалап учту. Ырас ушул турмушумда жерден кубат алгандай бекем элем, жаркын кыялыма азыр эч ким көлөкө түшүрө алмак эмес, Анархайдын даркан талаасынын келечеги туурасындагы ишенимдүү элестеримди эч ким буза алмак эмес. Мектепте дубал гезитке кээде ырым чыга калып жүргөнүм болбосо менин акындыгым жок эле. Ага болбой кончуман блокнотумду сууруп чыгып, энтелеп келген алгачкы саптарды шашып-бушуп жазып кирдим.

Кордойдун нары жагында
Айдың талаа Анархай,
Адамдын буту баспаган,
Кеңирсиген кенен жай,
Кең Анархай өлкөсү.

Гүл жайнаган жер болор.
Эмгекке шай, ырга бай
Ырыска шерик эл конор!..

Ырымын эби-сыны анча келишпей калганына караган жокмун. Көкүрөгүмө батпай оргуштап жаткан ой-сезимдердин жүздөн бири кагазга түшпөй калганына өкүндүм. Келечекке учкан кыялымды жеткирер көркөм сөздү кантип тапсам деп мээ катырып, ойлонуп отуруп калдым эле. Аңгыча бирөө колуман блокнотуму жулуп кетти, карасам, Абакир.

– Күйдүм-сүйдүм деп жазып жатасыңбы? – деп нары басып окуп баратат. – Ыр менен кыздын башын айландырмаксың го?..

– Бергин! – деп жиндене атырылып жетип бардым. – Бирөөнүн жазганын окуган жакшы эмес!

– Жакшыбы, жакшы эмеспи, аны мага үйрөтпө! Эмне жакшы экенин мен өзүм билем! Бар ары!

– Сениби! – деп жүгүрүп барып, трактордон отвертканы алып чыктым.

– Кутурба! – деп Абакир айбаттанды. – Ме, мен дагы бирдеме экен десе, кайдагы былжыр. – Блокнотумду мага сунду да, аздан соң талаа жаңырта каткыра күлдү. – Айдың талаа Анархай! Кең Анархайдын өлкөсү дейт! Ха-ха-ха! Эй, акмак академик! Сага окшогон куру кыял, жел өпкөлөрдү айдап келе турган экен ушерге!.. Кең Анархай өлкөсү деп тапкан сөзүн! Ха-ха! Али дагы сага атаңы таанытар бу Анархай өлкөсү! Бир эле кыш кыштап көрчү, ошондо башкача ырдап жүрбөсөң мага кел…

– Кыштаймынбы, жокпу, аны сенден сурабайм! Мени коюп, өз камыңды ойло!

– Ойлой турган эмнеси бар экен? – Абакир түнөрө ызырынып мага сүзө келди. – Өз оюм өз башымда. Каерде болбоюн акымы бирөөгө жедирбейм. – Нары баса берди да, бирдеме эсине түшкөндөй кайра кайрылып келип, мени сүзө токтоду. – Айтып коёюн, академик, алиги кызды оюңан чыгар, түшүңө да кирбесин… Чалып салам!

– Аны көрө жатарбыз!

– Айтты-айтпады дебегин, эсиңде болсун.

Өзүнөн өзгөчө жашагандардын баарын жек көрүп,

ачууга муунуп, заары башына чыккан ушу немени карап туруп, биресе боорум ооруду. Шашпай туруп, мындай дедим:

– Өзүң чоң эле кишисиң. Кээде айтканың эстүү адамдын сөзү. Бирок ал байкоостон чыгып кетеби дейм. Адамга кыялданууга, ой ойлоого, тилек тилөөгө эч ким тыюу сала албайт, ушуну билип алсаң боло. Адамдын айбандан айырмачылыгы да ошентип ойлоно билгени эмеспи.

Бу сөзүм кулагына кирдиби, же агып калдыбы, ким билсин, айтор үнү өчтү. Түнөргөн бойдон тракторго барып, от алдыргычты жулка тартты. Мотор күр-күр-р этти. Ишибизди уланттык…

Ушу күндөн мен алиги кыялымдан ажырабадым. Кыялымды мен кармашта жеңип алдым, эми ал кыялдын ээси өзүммүн. Кыялым да менден адашкан жок, жатсам-турсам өзүм менен бирге.

Кечкисин эл уйкуга киргенде мен үйдөн чыгып, булакка жөнөдүм. Булак башына жалгыз барып, жалгыз отургум келди.

Асманга жылдыз батпай, кай бир даркан талаанын четине агылып түшүп жатты. Тегерек булактын көзү жылтыр тунук, түпсүз терең көрүнөт. Асмандагы жылдыздар, атүгүл бүтүндөй асман ушул кичинекей чөйчөккө батып тургансыйт. Жылдыздар булак түбүнөн көктөгүдөн бетер суктандырып жымыңдашат, сузуп алып, айланадагы караңгы түнгө алтын учкун ширенди чачкандай чачсаң болгудай. Булактын агып чыгып жаткан оозунда жылдыздар да кошо агып кетип жатат. Береги тунуп турган чордонунда болсо куду көктөгүдөй болуп жылтылдашат. Аны карап отуруп, ойго чөмүлдүм: талаанын кайнар булагы адамдын жан дүйнөсүнө окшош белем, кээде адамдын да дили тазаланып, көңүлү көтөрүлүп турган чакта, кыялың алып-учуп турган чакта, жан-дүйнөңө бүтүндөй аалам батып турабы дейм…

Булак башында отуруп, түн жамынган талаа сырына чөмүлдүм, кулак түрүп, дилимди ачып коюп, мемиреген түнкү талаанын табиятын жан-дүйнөмө сиңирип отурдум, кыялым кошулуп, көз алдыма не бир ажайып элестер тартылды. Кимге айтсам муну, ким менен сырдашсам? Эмнеликтен экенин баамдабадым, бирок сырдашсам сырыма, толкундансам кыялыма түшүнө турган жалгыз гана алиги атын өзүм биле элек беш көкүл кыз сыяктанды. Жалгыз ошо кыз гана дилиме дили жакын, кыялыма кыялы окшош сыяктанып туруп алды. Же бу сезим ал кыз экөөбүз алгач ушу булактын башынан кездешип, атын Ботогөз деп бирге койгонубуздан улам козголдубу?..

Ал кыз азыр кайда болду экен, аны ойлоп отурганымды туяр бекен? Жакында кошту бүтөбүз, ошондо ал кызды издеп таап, ушу булактын башына апкелип, Анархай өлкөсү туурасындагы кыялданганымы бүт айтып бербесем. Жазган ырымы окуп бергеним болбос, кыз күлсө шылдың болом го, Анархайдын келечегин кандайча элестеткеними кара сөз менен эле айтып бербесем…

Кетүүгө туруп атып, жылдыз жабалактап жайнаган асманды дагы бир жолу чалкалай карадым. Көзүм көргөнүнө көңүлүм сүйүнөт. Ал эми нараактагы дөбөдө карайып Таш-Баба турат. Сокур көздөрү алысты телмире тиктеп, баардыгына кайдыгер, дүнүйөкапар кебетесин жазбай турган элесин көз алдыма даана келтирдим.

Толукшуп ай чыкты. Ошондо мен айдоонун наркы жээгин жакалай жылжып келаткан үркүнчөк эки караанды көрдүм. Көрсө, жейрендер экен. Кайда баратышат? Сууга бараткан го. Эки жейрен айдоонун дал мизине келип, жер май менен темир жыттанган, баштагыдай болбой коңторулуп жаткан айдоону басуудан чочулап туруп калышты. Ай шооласына жондору күмүштөнүп, жейрендер кулак серейте элеңдеген калыбында көпкө турушту. Кураны бутактаган кичине мүйүзү бар телкиси жапысыраак экөөнүн тең алакандай көздөрү ай нуруна чагылышып, жалт-жулт этет. Телкиси куранга ыктап, кичинекей жеңил башын сак көтөрүп турат. Селейишип катып турган ушу калыбында ал экөө: «Бу талаага эмне болгон? Эски жолубуз кайда жоголгон? Бу жерди коңторуп таштаган кандай күч?» – деп жатышкансыйт.
Жейрендер айдоону кечип өтө албады, даабады. Кайра бурулушту да, соорулары ай шооласына күңүрт муңайым жылтылдап, шыбыртсыз басып кете беришти.
Алар чочубай жөн кетсин деп, мен дагы бир аз отурдум. Анан үйгө келип, караңгыда ордумду сыйпалап таап, көпкө уктай албай чакыйып жаттым.
Ошондо аргасыздан шыбыш сөз уктум. Абакир менен Калийпа бир төшөктө жатыптыр. Мурда деле ушинтип жатып жүрүшкөнбү, анысын билбейт экем. Калийпа бирдемелерди бышактай күңкүлдөп жатат, сөз ажы- рым угулбайт.
– Болду эми, жетишет, – деди Абакир уйкусурап. – Чыдай тур, жакында шаарга барабыз, ошондо алдырып салабыз. Көп болсо эки-үч күн жатып чыгасың да… Куру-бекер ыйлай бересиңби.
Калийпа капалана жооп катты:
– Мен ага ыйлап жаткан жокмун. Сендей адамды неге сүйүп калдым деп, ошого өзүмү өзүм жектеп жатам. Деги сенин эмнеңи жактырып калдым экен?.. Же бир адамга кылган жакшылыгың болсочу. Ошонуңа карабай иттен бетер ээрчип алганыма жаным кашаят.
– Кийин өкүнбөйсүң. Жумушту бүтөлү, анан өзүм алып кетем сени.
– Жок, өкүнөрүм бышык. Өмүр бою өкүнүп жүрүп өтөрүмү өзүм деле билип жүрөм. Ошондо деле болбой сени ээрчип кетем го. Кантип сенсиз жалгыз калам…
– Акырын сүйлөчү, эй! Берээк жат. Бая эле ушинтпейсиңби… Жаздыкты бүт суу кылып…
Мен чүмкөнүп алдым. Жаркын көңүлүмдү капаланткан бу сөздөрдү укпай эртерээк уктап кетсем экен деп, тумчулана жаттым.
V
Мезгил өткөн сайын күн катуулап ысыды. Сорокин да тез-тез келе турган болду. Айдоону шаштырбаса болор эмес, күн өткөн сайын жер кургап баратат. Дагы беш күн айдай турган жер калды, үрөн сепчүлөргө да ошончо убакыт керек.
Сорокиндин айтуусу боюнча күзүндө келип тоңдурма оодарат экенбиз. Эмки жаздан баштап көп трактор апкелип, РТС орното турган көрүнөт. Сорокиндин жумуштарынын баары эсептелүү. Талааны чарк айланып, жыбыт-жылгасынан бери кыдырып жүрө берет. Бул талаанын ою менен кырын ал тим эле карап жүргөн жери жок, алакандай жерине чейин эсептеп, баалап чыккан киши.
Кышы катуу жылдары Анархайдагы малга жем-чөптү машинелеп, самолёттоп ташып жатышпайбы. Аны тыя турган мезгил жетти дейт Сорокин. Кантип тыяр айласын өзү билет.
Абакир экөөбүз түн ортосуна чейин жер айдадык. Талаага түнөп, таң эрте кайрадан ишке кириштик. Жумуштун оорлугу ошончолук, Абакир мени мазактоого да шайманы келбей калды. Менин бар-жогумду мүлдө унутуп калгандай такыр назар салбайт. Ошондо да түнөргөн көзүнүн тереңинде мага деген өчөштүк жини жашырынып кайнап тургандай.
Сорокин эмгек акыбызды апкелди. Абакир акчасын кайта-кайта санап, күдүктөнө тунжурап, анан барып ведомостко кол койду.
– Ой, бу жердин чөлдүгүнө, алыстыгына – баарына төлөгөнү ушул элеби?
Биз үндөгөн жокпуз.
Мен өз милдетимди аткарып жүрө бердим. Өз кыялым өзүм менен: кош бүтүп, тиги кырдын нары жагындагы чабандардын кошуна барар күнүмдү, аерден беш көкүл кызды таап алар күндү кыялданам.
Ошол күндөрү биз жаңы загонго түштүк. Өзүңө жаккан иш болсо ар качан жаңысынан баштап турган ырахат. Мектепте окуп жүргөндө да ар качан жаңы дептердин жаңы жолунан баштап жазганды жакшы көрөр элем. Таң эрте тура калып, жаңы кардын из түшпөгөн жеринен жаңы жол салып басканды жакшы көрөр элем. Көктөмдө тоо боорун кыдырып, али эч кимдин көзү чалбаган жаңы кызгалдактарды тергенди жакшы көрөр элем. Ушунун баарында жаңыга умтулткан, азгырган күч бардай. Мына бу Анархайда да соконун тиши тилбеген дыңды бузуп, жаңы бороз салуу жаңы дептердин жаңы жолундай, жан баспаган жаңы кардагы жаңы издей, жан көрбөгөн жаңы кызгалдактай көңүл толкутту.
Коштун үстүндө соконун жылтылдаган тиштери дыңды кантип чытырата тилип баратканын карап бараткан элем. Кара күрөң дың каш кулак жондонуп каңтарылып калып жатты. Аңгыча четки тиштин астынан толкунда жылт көрүнүп, кайра жылт жоголгон балык сымал бирдеме күзгүдөй тишке оттой жарык чагылышып, кайра бороз астына жылт кирип кетти. Дароо коштон секирип түшүп, ошол жерге жеттим да, калың чымдын астынан сүмбөдөй сүйрү келген сары темир сууруп чыктым. Эмне болсо да кооз экен, кубанганыман Абакирге кыйкырдым:
– Алтын!
Абакир дабышымы угуп тракторду токтотту да, секирип түштү.
– Эмне таптым дейсиң?
– Алтын! Карачы, Абакир, алтын, алтын!
Абакир мени көздөй оболу шашпай басты да, анан аптыгып жетип келди. Колумдагы жаркылдаган нерсени суна бердим.
– Кана? – Ал табылганы алып, ишене бербей айланта карады да, жеңине сүрттү. – Ушерге, эмне алтынды бирөө таштап кетти дейсиңби, – деп кош-кайдыгер сүйлөп турду, бирок улам караган сайын кокустан баскан коркунучка апкаарып, үнү каргылдана берди. – Кайдан боло койсун. Табылганын жонундагы быдыр арасына турган топуракты тырмактап чукуп, күчүркөнө мыйыгынан күлүмсүрөгөн болду да, мени тике карабастан, нааразы болгондой кайрып берди.
– А эгер алтын болсочу! – деп мен табылгамы жактадым. – Карачы салмагын, сегиз жүз граммдай бар. Он экинчи кылымда бул жерлерде моңголдор турган. Буерге келер алдында алар Кытайды чаап, көп алтын олжолоп келишкен. Бу деле ошол кезден калып калышы ыктымал.
Табылган чын эле алтын болуп калса деп, негедир Абакирдин көзүнчө тапканым алтын болуп калышын каалап, тарыхты ошол үчүн айттым. Ушу каалоого азгырылып, кыялым алып учту, сөзүмүн актыгына өзүмү да, аң-таң калган Абакирди да ишендире бердим:
– Жер алдында мунун канча жатканын билесиңби? Башка металл болсо алдагачан чирип калмак, бу таза алтын болгондугунан ушу кезге чейин сакталып жатыптыр. Анархайдын бетинде бир кездерде нечендеген көчмөн калктар жоолашып, салгылашып өткөн. Ал кездеги хандардын кылычтарынын туткасы таза чулу алтындан жасалчу. Мына, карачы бу да туткага окшоп турат. Кармап көрчү, туткага ылайыктуусун!
Абакир кайра алып, кармалап көрдү, салмактап көрдү.
– Алтынбы-жокпу, аны билген кишилерге көрсөтүп анан айталы! – деп ал табылганы чөнтөгүнө салып алды. – Коштун үстүнөн түшүрүп аласың, менде болсун.
– Мейлиң, – дедим.
Салмактанган чөнтөгүн сылагылап, Абакир тракторуна жөнөдү.
Андан ары жүрдүк. Табылгамы Алдыяров агайга алпарып көрсөтсөм деп ойлоп келем. Агайдын түзгөн музейчесинде мындай тарыхый табылгалар көп. Муну көрүп, тарыхын узун сабак кызык кеп кылып айтып берет.
Анан чарчасам керек, табылгамы да унутуп коюпмун. Трактордун улкуп-жулкуп жүргөнү чарчатты баарынан. Бирде акырындап жылжып калат, бирде мотордун үнү кулакты тундуруп, тапатаңдан атырылып кетет. Абакирдин бу жоругу таң калтырды. Трактордон чыккан кара түтүн айдоону каптап, дем кысып, соконун астын жойлоп, коңторулган бороз менен кошо көмүлүп баратат.
Керээли кечке ушинтип иштедик. Күн батып кетти, бирок каш карая элек. Абакир бир нече жолу кабинадан мага кылчактады, караганы түшүнүксүз. Бир маалда тракторду токтотту.
– Бери кел! – деди кол булгап.
Мен барып кабинага түштүм. Абакир өң-далеттен кетип купкуу, тике карабай көздөрү жалтактайт. Маңдайында исиркектеген терин арчып, мотордун доошун баса кыйкырды:
– Кыйкыра берип чарчадым. Барып рычагыңды бекемде да, кайра келип сен айдачы. Негедир жаным кыйналып турат, кечки салкынга кичине басайынчы, жакшы болуп калар…
– Бар, бар, – дедим мен.
Мен кошко барып, кайра келгиче Абакир трактордон түшүп калган экен. Кебетеси кетип, шүмүрөйө түшүптүр. Үңкүйүп четке сүйрөлө басты.
«Чыны менен катуу ооруп калган го. Ичи ооруп атса керек, бүрүшө түшүптүр», – деп ойлодум да, тракторду ордунан козгодум.
Трактор чирене тартып, бир калыпта жүрүп келет. Аны жүргүзүп башкарып келаткан мен. Бу жолу да жакшылап айдоого тырышып адатымча толкундап алдым. Загондун этегине жетип, кайра кайрылдым. Иңир кирип, талаа салкын тартты. «Эми эки айлангандан кийин фарын күйгүзсөм болот», – дедим өзүмө ичимен. Бет алдымы түз карап барам. Ал жактагы апай бетти боорлоп бирөө шыпылдап кетип баратты. Кайкы белге чыкты да, токтоосуз нары түшүп, көрүнбөй кетти. Далысын гана көрүп калдым. Абакир экен. Ага эмне болгон? Кайда жүгүрүп баратат? Бирдеме көргөн го. Загондун орто ченине жетип, кабинадан суурулуп тура карадым. Абакир көрүнбөдү. Кайда житип кетти? Ооруп турбады беле? Кызык. Тракторду токтотуп, моторун жайлатып койдум.
– Абаки-р! Абаки-ир!
Ал үн катпады. Моторду биротоло өчүрдүм да, дагы кыйкырдым:
– Абаки-ир! Кайдасың, жооп бер!
Ала күүгүм басып турган чыбырдын үстү тунжурап селт этпеди.
Кыйналып жатпасын? Ичи ооруганга үч бүктөлүп, боордо ооналактап жер сүзүп жаткандай элестеди мага. Трактордон секирип түшүп, ошо тарапка чуркадым. Кырды ашып, нары карадым, бери карадым, жан көрүнбөйт. Дөбөчөгө жүгүрүп чыгып карасам, те төмөнкү түздө кетип бараткан Абакирдин карааны көрүндү. Алыс кетип калыптыр.
– Абакир! Кайда барасың? – деп ай талааны жаңырттым.
Абакир кылчайып койбоду, аздан соң жер соргонсуп таптакыр көрүнбөй кетти.
Дагы бир аз карап турдум да, түңүлүп кайра тарттым. Батып кеткен күндүн солгун нурлары акырындап өчүп баратты. Ой менен кырды бүркөө кабак ирешире басты.
Биресе таңыркап, биресе эчтемени түшүнө албай келе жаттым. Азыр мага мобу муңайым тунжураган тынчтык да жат көрүндү. Айлана талаа менин ар бир кадамымды аңдып, шыбыртыма кулак төшөп ойлогон ойлорумду билип жаткандай. Ойлогон ойлорум болсо, Абакир илгери замандарда бу жерлерде эмнелер болуп өткөнүн айтсам, мага күлдү эле. Анан алиги табылганы алтын деп, кылычтын алтын туткасы деп койсом акылынан адаштыбы?.. Бирок мындайлар акылынан адашпайт. Качууга алдагачан даярданып жүргөн неме көрүнөт. Кээде өзү да кетем деп Сорокинди, Калийпаны, кала берсе баарыбызды коркутчу эмес беле. Биз корктук беле, сурандык беле, аны менен иши жок болчу. Баарыбызды жек көрүп, атүгүл бир жолу мушташ чыгарганычы. Анын үстүнө боюна бүтүп калгаң Калийпадан кутулгусу келди да. Айлык акчасын аларын алды. Акыры житип жоголмок тура. Бүгүн гана бир күн бекер иштеп берди. Алиги табылга алтын болуп калгысы бардыр деп, бекер иштеген бир күндүк эмгегинен кечкени тура мунусу…
Менин ойлорумду Калийпанын үнү бузду:
– Абаки-ир! Кемел! Кайдасыңар?
Түнкү ишке деп суу апкелген экен.
– Кайда жоголуп кеткенсиңер? – деп элеңдей алдыман чыкты. – Эсим чыкканычы. Күтүп турам, турам, тракторуңар турат, өзүңөр жок.
Эмне демекмин ага? Чынын айттым:
– Абакир кетип калды. Жумушту таштап кетти.
– Эмне дейсиң… Абакир… эмне үчүн? – деп мукактанды.
– Билбейм.
– Биротоло кеттиби?
– Биротоло.
Алтын тууралуу унчукпадым. Абакир үчүн өзүм уялып турдум.
– Кетип калды дечи? – Калийпа нес боло бир аз турду да, арабадагы бидонду жулкуп алып, жерге күрс койду. – Эмнеме суу ташып жүрөм мен? – деп өз алдынча сүйлөндү.
Мен бидонду алып, радиаторго суу куя баштадым. Калийпа кабинага чекесин таяп алып, буркурап ыйлап жиберди.
Шаштым кетти, эмне деп жубатарымды билбедим.
– Кайра келип калар, балким, – деп ооз учуман булдурадым.
– Аны жоктоп жаткан мен жок! – деп кабинадан башын жулуп алып, жаш чайыган жүзүн мага бурду. – Ишенип жүрбөдүм беле, үмүттөнүп жүрбөдүм беле! Ишенген кишим ошо беле? Үмүтүм ошо беле? – деп жаны кашая чырылдаганда тынып жаткан талаа тынчтыгы камчы тийгендей силкинип жиберди.
– Иштерман жигит деп жүрбөйүмбү, кара мүртөз таш боорлугу калар деп жүрбөйүмбү. Муз жүрөгүн ак пейлим, ысык сүйүүм менен эритип алармын дебедим беле. Эми кылганы ушубу? Эмнесин айтайын… Адам турмак айбан ат да башкарганыңдай басып, иштеп жүрбөйбү. Айбандан адамдын айырмасы – жан-дили бар эмеспи… Жан-дили болсо башканын үмүт-тилегин сезбейби, аябайбы… Ошондо эмгегинин акыбети кайтып, үзүрү ырыс болбойбу… Абакирчи? Ушунун бирине да түшүнбөй кетпедиби. Келгенде кандай болсо, ошо бойдон кете берди. Күйгүзүп кетти го мени, күйгөнүмү ким түшүнөт!..
Мен унчуга албай өзүмчө капа болуп турдум. Калийпага жаным ачыды. Абакирдей немени кандайча сүйгөнүн гана түшүнбөйм… Аттиң, Калийпаны таштап кетип, кандай асыл казынадан, ырыс-таалайынан айрылганынан Абакир билсе, түшүнсө… о, анда ал кышкы бороондо ач калган ач бөрүдөй улубас беле!
Калийпа башка эчтеме дебестен арабасын айдап кетип калды.
Анархайдын айдың талаасы мемиреп уктап жатты. Алдагайдан зыңылдап шыбак башын үркүткөн паровоз үнү угулду. Балким ушу поездге жабышып Абакир кетип бараткандыр… Жоголсоң жогол, наалаты, жолуң ошол! Сенсиз Анархай куруп калбас, сенсиз көрөр күнүбүз башка, сен жок болсоң мөгдөп калар биз эмес!
Кайра аны эсиме алгым келбеди. Жумуштун камын көрүш керек. Көпкө убараланып жатып, тракторду араң от алдырдым. Татыраган ачуу доошко түн үркүп ойгонгондой болду. Кабинага түшүп, фараны жандырдым.
Эми бу жумушка жооп берчү мен. Түндү жиреп баратып, беш көкүл кыз эсиме түштү. Учкул кыялымдай аруу жаркыным, азыр жанымда болсо кана. Бу жапайы Анархайга эртең гүл жайнап, ырыска шерик эл конорун жомоктоп айтып берер элем. Жаркыным Анархай өлкөсүнүн келечегине, менин жомогума ишенмек.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.