Эң кедей адам – жеткен сараң келет

Сиддхартха Гаутама (Будда)

Жүрөгүңдү ачуу заардан тазала, жек көрүү менен жек көрүүнү жок кыла албайсың, бир гана  жек көрүүнүн жоктугу, жек көрүүнү өлтүрө алат

♦ ♦ ♦

Ачууңду тыя албай жинденгениң — бирөөнү ысык чок менен ургандай кеп, эң ириде өз колуң күйөт.

♦ ♦ ♦

Жаштыгына манчырканып мас болуп, карылыкка көзү жетпеген чабалдар, шордуу адамдар!

♦ ♦ ♦

Бүкүрдүн белин түзөгөнчө, андан дагы оор нерсени жасап, өз далыңды түздөп басканды үйрөн.

♦ ♦ ♦

Башыңа түшкөн кыйынчылык, өзүңдүн бир нерсеге көрсөткөн каршылыгыңдын жыйынтыгы.

♦ ♦ ♦

Бакыт — бул айрым сырткы шарттардын ийгиликтүү дал келиши эмес. Бул жөн гана  сенин акыл-эсиңиздин абалы.

♦ ♦ ♦

Бейпилдик өз ичиңде. Аны сырттан издебе.

♦ ♦ ♦

Бөтөн бирөөнүн мыкты сапаттарына ич күйдү болбой, ага суктанып, ал сапаттарды өзүңө алганга аракет кыл.

♦ ♦ ♦

Мыкты ден-соолугуңа кубанып, үй-бүлөңдү бактылуу кылып, башкаларга бейпилчилик тартуулайм десең, адегенде өз акылыңды башкарып көзөмөлдөөнү үйрөн. Эгер адам аң-сезимин башкара алса, ал Агаруу жолуна түшөт жана алибетте, акылмандуулук, кең пейилдүүлүк ага өзүнөн өзү келет.

Сократ

Жакшы кеңешчи бардык байлыктардан жогору турат.

♦ ♦ ♦

Ар бир адам  достору аны кандай баалашарын аныктап,  ал бааны жогорулатканга аракет кылганы оң болмок.

♦ ♦ ♦

Адамдар өзүлөрүндө жок ой эркиндигин, сөз эркиндигине алмашууну талап кылышат.

♦ ♦ ♦

Чыныгы акылмандык — бул өзүбүздүн эч нерсе билбестигибизди түшүнгөндө.

♦ ♦ ♦

Акылман адамдын пейили кенен болот.

♦ ♦ ♦

Сүйлөчү, ким экениңди көрөйүн.

♦ ♦ ♦

Жаратылыштагы көп кубулуштарга адам акылы жетпейт же алардын адам жашоосуна тиешеси жок.

Платон

Турмуштун трагедиясы менен комедиясында кыйынчылык менен жыргалчылык аралаш.

♦ ♦ ♦

Келесоону эки белгисинен тааныса болот: ал өзүнө керексиз сөздөрдү көп сүйлөйт,  сурабасаң да өз оюн  билдирет.

♦ ♦ ♦

Эң ынак мамиле, жан дүйнөлөрү окшош адамдардын ортосунда болот.

♦ ♦ ♦

Сүйүү — бул олуттуу психологиялык оору.

♦ ♦ ♦

Уят — бул шылдың болуудан коркуу.

Аристотель

Бакыт — топук кылган тарапта.

♦ ♦ ♦

Муштум менен коргоно албаганың уят, сөз менен коргоно албаганың андан ашкан шермендечилик.

♦ ♦ ♦

Эгерде себеби болбосо бир нерсе кайдан болмок?

♦ ♦ ♦

Кең пейилдүүлүк жөнүндө жакшы кептерди атаганың кең пейилдүү болуп калды дегендик эмес, адилет ойлорду ойлонуп койсо эле иш жүзүндө адилеттүү адам деп айтууга болбойт.

♦ ♦ ♦

Мас болуу- өз эрки менен жинди болуу.

Луций Анней Сенека

Сен көп сызыктын ичинен кайсы сызык түз экенин билесиң дейли; жашооңдогу түз жолуңду билбеген соң, анын кажети кайсы.

♦ ♦ ♦

Жарадар болгондон да корккон учурларыбыз арбын; чындыкка караганда ишке ашпаган кыялдарыбыздан көбүрөк жабыр тартабыз.

♦ ♦ ♦

Эгер, сага ишенимдүү адам болсун десең, аны дал ошондой адам катары көрөрүңдү билдирүү өтө маанилүү; ишенбөөчүлүк көрсөтүү чындыгында мага кандайдыр бир деңгээлде аны алдоого укук берет.

♦ ♦ ♦

Эң кедей адам – жеткен сараң келет.

♦ ♦ ♦

Өзүңдү кармай билүү – бийликтин чокусу.

♦ ♦ ♦

Кылым жашасаң, кылым бою окуп үйрөн.

Марк Аврелий

Бактылуу жашоо үчүн аз эле нерсе керек. Бардыгы өз көз карашыңа байланыштуу.

♦ ♦ ♦

Туура эмес нерсени жасаба. Жалган нерсени айтпа.

♦ ♦ ♦

Дүйнө — бул өзгөрүү, жашоо — аны кабыл алуу.

♦ ♦ ♦

Күч менен ала албаганыңды, акылың менен жең.

♦ ♦ ♦

Адам учур чакта гана  жашайт. А калганы, өткөн чак өттү, келечектин келер келбеси белгисиз.

Гераклит

Эгерде, бардык жашоо түтүнгө айланса, аны таанып билүүнүн мүчөсү таноолор болмок.

♦ ♦ ♦

Жашоого туулуп, өлгөндөрү аз келгенсип, алар кайра дагы өлүм жаратыш үчүн аркаларына балдарын калтырышат.

♦ ♦ ♦

Ар түрдүүлүктөн гармония пайда болот.

Диоген 

Бир кездерде мен силердей болгом, бирок силер эч качан азыркы мендей боло албайсыңар.

♦ ♦ ♦

Эстеликке келип кайыр сураган Диогенден, бул эмне кылганың деп сурашса: “Сураганымды ала албай калганда капаланбоого үйрөнүп атам”, — деген экен.

♦ ♦ ♦

Заар тилдүү адам – жеткен азуусу уу айбан. Арийне ал колго үйрөтүлгөн кошоматчы айбанаттын эң кокунучтуусу.

♦ ♦ ♦

Мал кармагандар бир нерсени моюнга алуусу керек, мал ээсине эмес, ээси малына көбүрөк кызмат кылат.

♦ ♦ ♦

Философия тагдырдын бардык соккуларына туруштук берүүгө даярдайт.

♦ ♦ ♦

Александр Македонский: “Сен менден эмнени каалайсың?”- десе күн чубактап отурган Диоген: “Күндүн бетин тоспой, ары тур!”- деген экен.

♦ ♦ ♦

Бул жашоодо тойдон кайткандай: суусунуңду кандырып, ошол эле убакта ашыкча ичпей кеткен жакшы.

♦ ♦ ♦

Сүйүү уктабаган, коркпогон жана адамдарды жылаңачтап чечиндирген үч касиетке ээлик кылган ууру деп тартынбай айта алабыз.

Интернет булактарынан алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.