ПОВЕСТЬ

<<<<<<<<<<<<<<<Башы

Абдыбеги ордунан шып туруп кетип, бир заматта чылапчындын кап ортосунан ылдый жылуу суу куюп кирип келди.

– Апа, байпагыңызды чечсеңиз, – Закендин жанына сыңар тизелей отура калды.

– Не кылат элең? – бутун тарта калып чочуган Закен күтүүсүздөн таңгалды уулуна.

– Сиздин алдыңыздагы айыптарымды, күүнөөлөрүмдү жуушум керек экен?

– Ким айтат антип?

– Устазыбыз, – Абдыбек апасы өзү эңкейгиче болбоду, Закендин байпагын чечип, буттарын жууй баштады, – эгер билип, билбеген күнөөлөрүм болсо кечириңиз, апа. Бейиш ушул таманыңыздын алдында экен…

– Эмнени айтып атасың, каралдым? Менин алдымда эч кандай күнөң жок… – уулунун жароокерлигине эненин эбедейи эзилди. Кудай акыдыр деген эне кургур дин жолунда жүргөн уулуна каршылык кылууга ылаажы таппады.

Шагын сындырбайын деди да, жылуу сууга бутун салып отуруп берди.

Ангыча эле апасынын буту жуулган сууну шалпылдаткан Абдыбек эки кочушуна толтура сууга өз бетин чайкап, ошол эле сууну кайра шорулдатып ууртап берсе болобу.

– Ийе, кокуй, балам, бул эмне кылганың?! – энеси безге сайгандай ордунан секирди. – Кантип ичип атасың ушул суудан?!

Уулу өзүнө өзү маашыр немедей, деле эч нерсе болбогондой арсалаңдап күлдү кайра:

– Алланын ыраазычылыгы үчүн… Менин күнөөлөрүм жуулду бүгүн.

– Обу менен болсоңчу, балам… Ушу кантип… – Закендин бет териси тырышып, уулуна жийиркеничтүү карады.

Мындайды кайдан күтүптүр ал. Бутту жуудурганына пейили макул эле, а бут чайкаган сууну жутканы кандай болуп калганы – эненин акылына да, мээримине да сыйбады. Күдүк ойлор биринин артынан бири куушуп, эненин эси жетпеген иш эле бул. Дин жолуна түшкөн түркөйлүгүнөнбү бу же шарият парзын жеткиликтүү түшүнбөс бирөөлөрдүн жетегине түшүп алдыбы уулу? Агер чын эле шарият талабы болсо «түфү-түфү» деди ичинен. Жийиркенди. Уулуна жийиркендиби, динге жийиркендиби – түшүнбөдү. Диндин таасири апийим экенин эшиткен жаны жай албай туйлады заматта. «Же апийим чегип алганбы?!» – чок баскандай чочуду бул оюнан. Уулунун көздөрүнө кадалды.

– Балам, мени тиктесең? – апийим чегип алган адам көзү кандай болору Закендин түшүнүгүндө да жок эле, жок үчүн сураганы: – Чегип алган жок белең деги?

– Эмнени айтып атасыз апа, чеккен да, ичкен да күнөө… – Абдыбегинин камаарай турган түрү жок.

Уулунун бу түрүн көрүп: «Эпаада дин – апийим эмей не» – Закендин көңүлү зилдеди.

♦ ♦ ♦

Аптанын жумасы эле. Абдыбектин Бангладештен аман-эсен келгенине шүгүрчүлүк дешип, Турсун менен Закен мал базардан түлөөгө арнап баглан козу апкелишти. Соёр маалдале Абдыбек жума намазга барат элем деп шашылыш жылт койгон бойдон жоголду. Турсун бычагын кайрап-бүлөп кечке күттү. Улам кирип-чыгат. А короодо байланган козу жаагы басылбай мааранганын койбоду. Уулу телефонун да үйгө калтырып кеткен экен, ошону менен түлөөгө союлчу козу короодо байланып турду. Эртеси да Абдыбектин дайны чыкпады. Күрсүнүп ачуусу келген Турсундун чыдамы кетти акыры.

– Бу кейпи менен адам болор түрү жок уулуңдун, – жалаңдаган бычагын алып короого чыкты, – кел, малга бата кылалы, ырыс кыйдыны карап отурмак белек! – деген күйөөсүнүн ачуусу келип турганын сезген Закендин айласы канча, үйдөгүлөрдү шаштырды.

– Э Барчын, балдарды чакырып, өзүң да кел, бата кылабыз.

Баглан козуну ары-бери союп бүтүп, эти бышып калган кезде Абдыбек босогону аттады.

Уулунун кечээтен берки жоругуна ичим тап болгонсуган Турсундан үн-сөз чыккан жок. Чебелектеген Закен гана уулуна күңк-мыңк этип сүйлөгөнсүдү, бирок катуу сөз чыгарууга оозу барбады.

Үйдөгүлөрдүн баары колдорун чайкап, дасторконго отурар кезде Абдыбекти кайрадан кудай урду:

– Алла ыраазы болсун, өзүңүздөр жей бериңиздер, – деди да, сыртка жөнөй турган болуп калды.

– Ой эми сага деп атайы түлөө кылып сойгон малды… – ачуусу кокосуна такалып калгансыган Турсун сөзүн улай алган жок. Ызырынып тим болду.

– Бышкан тамакты таштап дагы кайда? – Закен уулунун артынан ээрчий чыкчудай обдулду, – мусулман болгон киши өз үйүнөн тамак жебейт бекен ботом? – уулун тилдей турган болуп барып, Закендин үнү кайра жумшарды. – Келегой, сени жакшы көрчү эле деп, атайы өз колум менен быжы жасадым. Олобосу да бышып калат артынан.

– Апа, Алла ыраазы болсун аракетиңиздерге, бирок мага… – дасторкон үстүндөгү бычакка көзү кадалды. – Мынабу бычак менен союлган этти жегенге болбойт.

– Айланайын, бычакта эмне кеп?! А бизди эмне… бата кылбай сойду дейсиңби малды? Базардан сатып келген да эт эмес бул, өз колубуз менен сойгон адал малдын тамагы, – Закендин күйбөгөнү күл болду.

Абдыбеги болбой эле кете турганын көргөн Турсун ичтеги бөгүп жаткан ачуусун карманы албай кыйкырык салды:

– Сенин адам болгон түрүңбү ушу?! Алланы коюп, ушул апаңды ыраазы кылбаган сенден эмнени күтсө болот?! Алла ыраазыбы шунуңа?! Ок, жолбун итке окшогон… Деле Алла ыраазы болсун дегенин! – атасы ызырынып кала берди.

♦ ♦ ♦

Жубайынын өмүрүн узартууну Кудайдан тиленген Турсун тааныштан таанышты ортого салып жүрүп, акыры онкология бөлүмүнүн жетекчилигине көздөшүп, Закенди эң күчтүү деген дарыгерлердин колуна тапшырды. Чейрек кылымдан ашуун бирге өмүр сүргөн жубайынан ажырап калуу коркунучу Турсунга оор болду. Жаздыкка баш коюп жатканы менен уйку бетин көрбөй заарканткан түндөрүн Закенге билдирбеди. Закенден жашырган сыры жанына жай бербей туйлайт. Теңшеригин онкология борборуна жаткырган күндөн бери ичкени ирим, жегени желим…

Адегенде рак деген диагнозго Закен экөө ишенишпеди. Кантип ишенгилери келмек. Онкология борборунун улагасын аттоодон заарканса да, врачтар койгон диагнозго тумсак ишенбей, экөө тең өздөрүнчө «оозуңарга таш!» деди коридордон көздөрү жашылданып.

Акыры диагноз так аныкталган күнү үйгө кайтып келишип, экөө бирдей эриндерин кырча тиштенип отурушту. Закени эртесинде онкологияга жаткырылмак болду. Үй жымжырт. Жатаар маал. Турсун жаздыкка башын коюп, көзү илинсечи. Бир убакта ортоңку бөлмөдөн колуктусунун үнү угулду. «Кызым, мынабул алтын сөйкөмдү жоготпой тагынып жүр. Балам, а бул сөйкөмдү кийин сенин колуктуңа деп арнагам. Бул сандыктын түбүндө болот», – дегенин эшитип, заманы куурулду! Чыканактай уул-кызы бул сөздүн артында эмне кылтыйып жатканын кайдан туйсун, «ырахмат, апа» дешип сүйүнүп алышкан…

Ошол түнү Турсун түнү бою көз жашын сыгып, үн чыгарбай ичинен сызды. А Закендин башын ал түнү кандай гана ойлор чулгады экен…

Жубайлар турмуштун таттысын да, ачуусун да тең бөлүшүп чейрек кылымдан ашуун бирге жашады. Отуз жылдай экөөнүн тарткан жүгү бир болуп, турмуштун канчалаган оор кыйынчылыгына майышкан жок эле. Бирок тагдырдын бул сыноосу экөөнү катуу майыштырчудай болуп турду.

Убакыт сыза берди. Турсун башкаларга сыртынан сыр билгизбегени менен ичине чок түшүп кеткенсип өрттөнөт. Ыйын жан кишиге көрсөтпөйт. Көргөн түштөрү да бузулду. Түшүнө дайыма ый кирет. Өңүндөгүдөй эле түшүндө да врачтар баштарын чайкап, алардын оозунан рак деген диагнозду угуп, төбөгө союл менен жегендей ордунан тегеренип, ойгонуп кетет.

Врачтарга эмне болсо да колуктумдун өмүрүн узартып бергиле деп күнүгө жалдырайт.

– Эгер ашказан менен боорунун ортосунда өсүп кеткен шишигин кесип салалы десек, колуктуңуз операция үстөлүнөн турбай калышы мүмкүн, – дешти врачтардын да айласы куруп.

Алар бир гана химиялык дарылоо жолунан башка арга жоктугун айтканынан, ага да көндү. Өзү сүйүп эркелеткен колуктусунун саамай чачтары химиялык дарылоодон кийин түшүп баштады. Эң оор күндөр ушу болду. Ыркыйып күндөн күнгө арыктаганычы. Бир курдай Закени: «башымды тасырайтып кырып берчи, лысый башка, дай пражка» болоюн деп күлдүргөнүнөн чачын кырып берүүгө аргасыз эле. Шаймандардын баары камдалгыча экөө бирдей кайраттуу көрүндү, экөөнүн тең маанайлары ачык болгонсун, күлүп-жайнап отурушкан. Бирок күлүп-жайнагандары жасалма эле. Экөө бири-бирин жооткотуш үчүн гана күлүп-жайнагандан башка не арга кылышсын.

Устаранын мизи Закендин чачына тийгенде эле, бечаранын эки ийни бүлкүлдөп баштады. Үн чыгарбады. Анын ыйлап отурганын күйөөсү сезди. Устаранын мизи Турсундун жүрөгүн тилип өткөндөй диртилдеди. Зекендин өмүрүн тилеп, ичинен кудайга миң мертебе жалынды. Кудайга жалынып, «так ушул мүнөттөрдө бир да тамчы көз жашымды агыза көрбө!» деди. Өмүрүндө буга чейин бир да мындай оор мүнөттөрдү башынан өткөргөн эмес… Оорулуу адамдын жанында өзүн темирдей кармагандан башка аргасы жок эле ал күндөрү.

Колуктусунун чачын кырып болуп, заманы куурулду. Каргылданган үнү менен «жаным, дартыңдын баары ушул чачың менен бирге кетсин, ыйлаба», – деп сооротумуш болду да, өзү сыртка атып чыкты. Чыгып эле сарайга бекинди. Өпкөсү өпкөсүнө тийбей колуктусунун алдында араң карманган көз жашын төгүп алды…

Басса-турса кудайдан тилегени – «кармашкан колубуз ажыраганын башыма салбасын» дейт. Закени ыргалган бир назик аялзаты болгону менен таянган тоосу болсо кантсин.

Турсундун Закенден жашырган сыры – теңшеригинин дартты 3б стадияна жеткен коркунуч.

(Уландысы жакында)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.