КСДПчы ректордун кысымы кызып турганын Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдында өткөн береги видеодон баамдоого болот. Аталган окуу жайдын ректорунун өз билемдик өктөмдүгүнө акыры окуу жайдын мугалимдеринин чыдамы кетип турган кезең.
Аныгы – 26-март күнү калдайган университеттин алдында ректорго каршы мугалимдердин катуу нааразычылыгы чыкты. Митинг уюшулду. Ызы-чууну акылга салып, сөз менен жайгара албаган Канат Садыков митингде мугалимдерге ызырынып, окуу жайдын алдындагы окуяны чөнтөк телефонуна тартып алып жаткан мугалимге кантип жутунуп жеталбай, артынан түшкөнүн төмөндөгү видеодон көрөрсүздөр…
Ал эми митингге чогулуунун башы себеби – университеттин бир бөлмөлүү жатаканасында жашаган мугалимдерди ал жерден чыгаруу аракети күчөгөн үчүн аталган окуу жайдын мугалимдери жамааттык нааразычылык менен ректордун бул аракетин коомчулук алдында түшүндүрүп берүүсүн талап кылышууда. Ректор болсо атайы буйрук менен мугалимдердин жатаканасынын да электр жарыгын күйгүздүрбөй, коркутуп-үркүтүү жолуна өткөн үчүн учурда Улуттук университетте Канат Садыковго болгон нааразычылыктар күч.
Мындай нааразычылыкка дагы бир себеп: мугалимдердин айлыктары аз экенине карабай, ректорат мугалимдерди үй менен камсыз кылуунун ордуна кайра аларды жатаканадан чыгарып салууга болгон аракети түшүнүксүз жагдайга кептелди…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *