Эфиоп эл жомогу: Аңкоо аял жөнүндө

Уурулук жана алдамчылык менен жан баккан киши болуптур. Бир жолу ал көпкө чейин көчө кыдырып жүрүп, уурдаганга ыңгайлуу эч нерсе таппайт. Ушинтип жолу болбогон ал акыры базарга барып эки жактагы соода кылган элди карап көпкө турат. Бир убакта колдоруна толтура баштык көтөргөн аял энтеңдеген бойдон жанына келип калат. – Ак көңүл адам, менин баштыктарыма көз сала турасызбы? Колдорум тимеле түшүп калды. Бирок алчуларымдын теңин араң алып бүттүм. Келесоо жаным мынча оор оокаттарды өзүм жалгыз көтөрө албасымды ойлонбоптурмун,- деп сүйлөнгөн ал […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (2-макала)

Адабият коммунисттик идеологиянын ажырагыс тутуму катары каралып, ага И.Сталин өзү түздөн түз көзөмөл жасалып жатса, СССРдеги ар улуттар өз Сулейман Стальскийлерин издеп жатса, Кыргыз ССРи бул өнөктүктөн сырткары калмак беле. “Кыргыз ССРинин БАКтын Президиуму «Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 70 жылдыгын белгилөө тууралуу» токтомун чыгарат жана Кыргызстан Жазуучулар союзуна, Кыргыз мамлекеттик басмасына акындын чыгармаларын жыйноону жана жарыялоону тапшырат  (Постановление Президиума ЦИК Кирг.ССР «Об ознаменовании 70-летия со дня рождения народного певца Киргизии Сатылганова Токтогула // Советская Киргизия, 1937. – 12-июль.). Ал […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Алмакан

АҢГЕМЕ Кеч кирди. Алмакан эрте жатып эс алууну ойлоду, бирок уктай албасын сезди да, төшөнчүсүн салып болгондон кийин сыртка чыкты. Мемиреген коңур жаздын түнкү сүйкүм илеби жортту. Кер өзөндүн оң танабына жайгашкан бул чакан айылдын көчөлөрү зым карагайларга орнотулган Ильич шамынан улам жарык болуп турду. Алмакан короосунан чыгып, үйүнө эч ким келбесин жакшы билсе деле айылды как жарып өткөн чоң көчөнү акмалай берди. Тамдын түбүнө орнотулган узун орундуктун четине көчүк басып, ак балтырларын учкаштыра сунуп койду. Үй түбүндөгү канжыга арыкта […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Демилге көп, демөөрчү жок cаргайдык

Салижан Жигитов адабияттын кайсы салаасына кайрылбасын, андан өрнөктүү дегидей иштерди жасап, сөз менен ойду туюнтуунун үлгү болорлук мисалдарын артына калтырып кетти. Анын поэзиядагы, прозадагы, котормодогу, адабият таануу теориясы, сын жаатындагы эмгектери ушул азыр да кызыгуу менен окулат. Убада берилгенди узак күтөбү? Өкүндүргөнү, улуу ойчулдун көзү өткөндөн кийин чыгарылчу эмгектери кендирди кескен каражат жогунан чыкпай турат. Кылымда бир жаралчу улуу таланттын жазгандарынын жаңы муунга жетиши кыйын ишке айланууда. 2006-жылдын 11-февралы ушул азыр да көз алдымда. Салижан акенин үйүнүн жанында тигилген боз […]

Калык ИБРАИМОВ: Айтматовдун «маңкурту» кулбу же курмандыкпы?

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Чыңгыз Айтматовдун айтылуу “Кылым карытаар бир күн” романы жөнүндө сөз болгондо адатта ар дайым алгач эле маңкурт аңызы дароо эске келет. Эне-Бейит аңыз-мифинен агып чыккан бул уламыш чындыгында да чыгармада уңгу дегидей урунттуу орунду ээлейт. Ал — романдын концепциялык чордону. Андан көп маанилүү символдор менен метафоралардын бүтүндөй бир түрмөгү чубалып, алар өз кезегинде романды полифониялуу симфониядай жаңырган жаңыча голографиялык түр-сыпатка ээ кылып, мазмун-маңызын чексиз тереңдетип турат. Алсак, Эне-Бейит – бул, чыгарманын философиялык концепциясы боюнча, тоталитардык-технократиялык […]