Адабият коммунисттик идеологиянын ажырагыс тутуму катары каралып, ага И.Сталин өзү түздөн түз көзөмөл жасалып жатса, СССРдеги ар улуттар өз Сулейман Стальскийлерин издеп жатса, Кыргыз ССРи бул өнөктүктөн сырткары калмак беле. “Кыргыз ССРинин БАКтын Президиуму «Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 70 жылдыгын белгилөө тууралуу» токтомун чыгарат жана Кыргызстан Жазуучулар союзуна, Кыргыз мамлекеттик басмасына акындын чыгармаларын жыйноону жана жарыялоону тапшырат  (Постановление Президиума ЦИК Кирг.ССР «Об ознаменовании 70-летия со дня рождения народного певца Киргизии Сатылганова Токтогула // Советская Киргизия, 1937. – 12-июль.). Ал кезде Ж.Бөкөнбаев жыйнаган маалымат боюнча акындын туулган жылы 1860-жыл делип жүргөн. Дароо эле өкмөт жана Жазуучулар союзу Кетмен-Төбөгө жана Таласка А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев ж.б. акындарды жиберет, алар А.Үсөнбаев, К.Акиев, К.Досуев, А.Огонбаев ж.б. Токонун шакиртимин дегендерге жолугуп, акындын мурастарын жазып келишет” (А.Муратов Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө).

Аалы Токомбаев Токтогул тууралуу романын эмнеге аяктабай калган? Түгөлбай Сыдыкбеков эмнеден күдүктөнгөн?

Кыскасы, 1937-жылдан баштап, кедей-кембагалдын ырчысы жана жаңы замандын жарчысы катары даңазалоо максатында, тоо булбулу Токтогулдун чыгармаларын чогултуу, өмүр жолуна байланышкан маалыматтарды топтоо жана өмүрү-чыгармачылыгын изилдөө иши мамлекеттик деңгээлде колго алынат. Чоң саясый өнөктүк башталат жана ал өнөктүккө В.И.Ленин аныктап кеткен адабияттын партиялуулугу, таптуулугу, тап күрөшүнүн призмасы аркылуу, бир сөз менен айтканда адабияттагы социалисттик реализм методу аркылуу мамиле жасалат. Токтогул Сатылгановду бей-бечаралардын ырчысы экенин идеалдаштыруу жана анын бай-манаптарга, бай-манаптын ырчыларына каршы ырдаганын тастыктоо үчүн Жоомарт Бөкөнбаев башында турган акын-жазуучулар, элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноочулар, адабият таануучулар мүмкүн болгон жана мүмкүн болбогон жаналакеттин баарын жасашат.

Учурда, ал өнөктүктүн башталганына 80 жылдан ашып, бир кылымга таяп баратат. Ушул аралыкта кыргыздын «демократ» акыны Токтогул Сатылганов тууралуу көп айтылды, көп жазылды. Дээрлик айта турган эч нерсе калбагандай, чыпчыргасына дейре калтырбай жазылгандай деле болду. Бирок, акындын өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу илимий эмгектер, эскерүүлөр менен канчалык көп таанышкан сайын, ал эмгектерде, эскерүүлөрдө так эмес маалыматтар, бурмалоолор, калпыс чындыкты ошол тейде кайталоолор, оң нерсени тескери түшүндүрмөлөр ошончолук көп экенине күбө болосуң да, өзүнөн өзү “эмне үчүн чаташтык көп, эмне үчүн бурмалашкан” деген мыйзам ченемдүү суроолор жаралат, таңгалыч пайда болот. Тоо булбулу Токтогулунун өмүрү-чыгармачылыгы калыс жана татыктуу иликтөөгө алынбай калганына жаның ачыйт, эсил кайран акынды ардактоонун ордуна Токтогулдун даңазасын бийиктетебиз, көкөлөтөбүз деп жатып, бир маалыматты ойдон чыгарып, бир маалыматты бурмалап берип отуруп, акын ырдабаган ырларды да ыгы келсе да, келбесе да жабыштыруу менен акындык дараметине, адамдык парасатына көлөкө түшүрүп койгонубузду көрүп кейибей койбойсуң.

Жашырганда эмне, акыркы жылдарга чейин бурмаланган Токтогул окутулуп, бурмаланган Токтогул изилденип келди. Токтогул иликтөөчүлөрдүн алгачкы жана ортоңку мууну ал бурмалоолорду жана так эместиктерди өз учурунда тактап коюуга аракет кылышкан жок. Коммунисттик идеологиянын арааны жүрүп турган советтик мезгилде андай зарылдык да болгон эмес. Анын натыйжасында, бүгүн минтип Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгынын тегерегинде жообу жок суроолор көбөйүп баратат. Дегенибиз, минтип биз эле биринчи болуп таңгалып, биз эле суроолорго жооп таппай отурганыбыз жок. Филология илимдеринин доктору, адабиятчы Абдыкерим Муратов «Такталбаган Токтогул» адабий-тарыхый изилдөөсүндө: «…чынын айтканда Токтогул жазылбаптыр, бири-бирин эле кайталай бериптир? Неге? Мисалы, А.Токомбаев роман жазып баштайт, тарыхый каармандарды так атабай, ысымдарын бир аз өзгөртүп (Токон, Казанчы, Рыстуубек ж.б.) берет, эмне себептен? Эмне себептен тарыхый личностторду азан чакыргандагы аты менен атабай, аларды «тергеп» жатат? Эмне себептен ошол жазып аткан романын бүтпөй калды? Токтогул тууралуу жазуудан, чындыкты айтуудан корктубу? Же башка себеби, чоң себеби бар беле? Ал кездеги №1 романчы Т.Сыдыкбеков да Жоомарт менен Кетмен-Төбөгө барат, Токтогулдун жери, эли менен таанышат, акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча Калык, Алымкул, Коргол, Атай сыяктуу аны жакшы билгендер менен көп жолугат. Роман жазамын деп чамынат. Бирок жазбайт. Анчалык терең эмес, жалпыланган сөзү көп эки очерк («Эки акын»25, «Кербез») жазып тим болот. Неге?» (А.Муратов Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө) деп оголе көп суроолорду коюп, өз “жазгандарында жоопторго караганда суроолор” жана “ачыкталган фактыларга караганда туюк калган ойлор көп” болгону үчүн окурмандардан кечирим сураган. Анан ал жообу жок суроолорун андан нары улантып: «Токтогулдун ырлары түзөтүлгөнбү? Элде ушул күнгө чейин эле биз 80 жыл окуп жана окутуп келген Т.Сатылгановдун айрым хрестоматиялык ырлары жасалма, аларды Ж.Бөкөнбаев саясатка ылайыктап жазып чыккан деген пикир бар. Ушул ойдун чындыгы канчалык?.. Текстология илими ушуну аныктай алдыбы?» (А.Муратов «Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө») деп кайра-кайра суроо койгон.

Академиктерди айран таң калтырган чындык…

Эмне үчүн Токтогулдун өмүр жолу бурмаланган, эмне үчүн Токтогулдун ырларынын текстери өзгөртүлгөн, эмне үчүн саясатташтырылган? Карапайым окурмандардын, катардагы окумуштуулардын гана эмес, абройлуу академиктердин башын катырган ушул суроолор. Алардын бири академик Осмонакун Ибраимов: «Биз, кыргыздар, башка болсо да Токтогулду, анын өмүр таржымалын, чыгармачылыгын, татаал тагдырын жетишээрлик эле билебиз деп ойлоп келебиз. Чынында эле мектептен, ал гана эмес бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейин Токтогул тууралуу канча маалыматтар окулат, аты аталат, ырлары жатталат, күүлөрү менен санаттары угулат. А бирок дале болсо Токтогул тууралуу маалыматтарыбыздын бир топ тайкы экени, анын өмүрү тууралуу бир катар маанилүү фактыларды билбей жүргөнүбүз кийин билинди» (Ибраимов О. «Биз билбеген Токтогул») деп кейиштүү белгилеп: «…белгилүү изилдөөчү Омор Соороновдун илимий табылгалары, деле улуттук аң-сезимибиздин эгемендиктен кийинки жаңы мезгили бизди Токтогулга таптакыр башкача көз менен караганга мажбур кылууда. Көрсө, Совет заманындагы тарых илими Токтогулдун биографиясындагы айрым маанилүү фактыларды абдан эле бурмалаптыр» деген жыйынтыкка келген.

Адабият тарыхынын тактыгы үчүн айта кетели, ырас Токтогул өмүр таржымалы жана чыгармачылыгы тууралуу күмөн саноолор, күдүк ойлор кечээ жана бүгүн жаралып калган жери жок. Бүт өмүрүн Токтогулдун чыгармачылыгын изилдөөгө арнаган Жаки Таштемиров 1936-жылы Жоомарт Бөкөнбаев Арым жайлоосуна барып, бир ай жүргөнүн эскере келип, «эгер оңдосо, бир гана Жоомарт оңдошу мүмкүн экенин” айтканы, өзү Токтогулдун сүргүнгө качан айдалганы ж.б. талаштуу суроолорго байланыштуу тактоолор киргизгени көп нерседен каңкуулап турат.

Токтогулду изилдөө менен байланышкан чаташтыктар, күдүк ойлор, так эместиктер мыйзам ченемдүү жана акындын чыгармаларын чогултуу жана иликтөө иштериндеги айрым бир бурмалоолордун, акындын чыгармачылыгындагы кээ бир окуяларды, фактыларды атайылап эле эскербей коюунун бир гана себеби бар. Себеби, Токтогулду “демократ” акын катары идеалдаштыруудан улам «чү» дегенде эле, ээрге кыйшык отуруп калган. Акындын ырларын чогултуу жана иликтөө иштери ашкере саясатташып, аны «кедей-кембагалдын ырчысы жана жаңы замандын жарчысы» кылуунун далбасасында Токтогулдун өмүр таржымалы бурмаланып жана акын ырдабаган көп ырлар ага чапталып кеткен. Токтогулдун трагедиясы мына ушунда.

Токтогулдун өмүрү-чыгармачылыгы бурмалангандыгы мурда-кийин эле белгилүү болгондуктан, анын өмүр таржымалындагы айрым фактылар бүт өмүрүн акындар поэзиясын изилдөөгө арнаган окумуштуулардын өзүн да шектендирип калган. Көрүнүктүү адабиятчы Батма Кебекованын: «… Совет бийлиги мезгилинде чыгармачыл өнөрканасында «оңдоо» киргизүү, анын таптык сезимин ашыра курчутуу, атеисттик көз карашын арттыруу сыяктуу тенденция орун алгандыгын айрым фактылар ачык далилдеп турат. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы жашабаптыр. Бул анын көркөм кыялдын туундусу катарында Токтогулдун чыгармачылыгына киргендигинин күбөсү. Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы болбоптур деп атпайбы» (Кебекова Б. Токтогулдун өмүрүн, чыгармачылыгын жаңыча иликтөө программасы) деп Арзыматтын тарыхта болгон адам экендигинен шектенүүсү обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам пайда болгон. Биринчиден, Токтогул “кедей-кембагалдын ырчысы” жана Арзымат “бай-манаптын ырчысы” катары бардык адабияттарда, тарыхый документтерге чейин жазылып, бешиктеги баладан бели бүкчүйгөн кары-картаңга чейин Арзымат “эшик ырчы” катары мээбизге сиңип калган менен, буга эч ким ишенген эмес. Эл арасында ар кандай күдүк, күдүң кептер айтыла келген. Экинчиден, Кетмен-Төбө өрөөнүндө Арзымат деген акын жашап өтпөгөнү, Токтогулдун Арзымат менен айтышуусу ойдон чыгарылганы тууралуу акыркы жылдарда иралды кетментөбөлүктөр өздөрү айта башташкан. Журналист Уран Ботобеков экөөбүз 1991-92-жылдарда “Кыргыз маданиятында” чогуу иштеп калдык. Ошондо ал күндөрдүн биринде айтылуу обончу, айтылуу Керимбай болуштун небереси Асанкалый Керимбаев менен маек уюштуруп келип, “Токтогул ырчы тууралуу сенсациялуу маалымат таап келдим. Көрсө, тоо булбулу Токобуз айтышты делип жүргөн Арзымат деген ырчы болбоптур” дегени эсимде. Арзымат ырчы болгон эмес деген маалыматты ага Асанкалый Керимбаев чоң энеси Разакандан уккандарына таянып айтып бериптир: «Адабиятыбызда Керимбайдын ырчысы Арзымат тууралуу тап­такыр маалымат жок.­ Арзымат ойлоп табылган ырчы. Менин чоң энем Разакан Керимбайдын 3-аялы, 1980­-жылы каза болду. Ошол чоң апам көп нерселерди айтып берер эле… Арзымат деген ырчы болгон эмес. Бул Жоомарт Бөкөнбаевдин ойлоп тапкандары. Болбосо, эл оозунда бирин­-экин ырлары калат эле го…Арзымат Токтогулга карама­-каршы ойдон чыгарылган образ. Мен сураштырсам, Токтогулдун Сибирге айдалышына Керимбайдын эч бир тиешеси жок экен. Токтогулга саясый айып тагыш керек эле, Ж.Бөкөнбаев караштырса «эзүүчү» таптын өкүлү Керимбай бар. Ошентип, ортодон саясый душман кылышты да, коюшту» (Керимбай болуш эл душманы эмес / У.Ботобековдун А.Керимбаев менен маеги). Керимбайдын небереси чоң энесинин айткандарына таянып айтып жатса, акыркы чындык ушул дешкенби, Арзымат ырчынын тарыхта болбогону тууралуу маалымат атүгүл “Кыргыз тарыхынын энциклопедия” китебине да кирип кеткен: “…Анын ырларынын айрымдары толук, айрымдары үзүндү түрүндө отузга жакыны топтолгон. Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес. Социалисттик идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалы, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр болбоптур. Деги эле тарыхта андай ырчы жашабаптыр. Анын Эшмамбет, Калык, Коргол, Алымкулдар менен саламдашуу, таанышуу, ал-жай сурашуу, ырчылык өнөр тууралуу баарлашуу иретинде айтыштары. Барпы менен сынак айтышы, кажышчаак орой ырчы Найманбай менен кармашы тажрыйбалуу, чоң чебер айтышчыл экендигинен кадимкидей кабар берет. Токтогулдун Совет доорундагы ырлары ж-дө («Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» ж. б.) кийинки кездерде талаш пикирлер жаралып келатканы маалым. Бул ырлар текстологиялык, фактологиялык ж. б. ыкмаларда каралууга өтө муктаж. Бул – тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы» (Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору Кыргыз адабияты: энциклопедия). Биздин ынанымыбызда, белгилүү адабиятчынын чаташуусуна мына ушул жогоруда айтылган маалыматтар негиз болсо керек.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.