Диндеги эки жүздүүлүк: Күрүчтүн уурдалышы

<<<<<<<<<<башы Бир кишинин аялы төркүнүнө кеткен болот. Бир нече күндөн кийин күйөөсү да кайын журтуна барып, короосуна кирет. Күрүч жанчып жатышып, бардыгы үйгө чай ичкени кирип кетишкенин байкайт. Жакын барат да, күрүчтөн уучтап, шашкалактап оозуна салат. Ушул маалда аялы чыгып калып, сөз баштаса, оозуна күрүч толтурган эри сүйлөй албай жатат дейт. Аялынан уялып кетет: күрүчтү түкүрүп да салалбайт, же сүйлөй албай туруп калат. Аялы сүйлөбөгөнүнө таңгалып, жаагын сыйпалап көрүп, шишик баскан экен деп ойлойт. Анан атасына: — Күйөө балаңыз келиптир, […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (3-макала)

Токтогулдун өмүр таржымалы жана анын ырларынын өзүнүкү же өзүнүкү эмеспи деген суроо башка да көп окумуштууларды күмөнсүнткөнү, күдүк ойлорго салганы белгилүү. Адабиятчы А.Муратовдун айтымында, абройлуу адабиятчы, таасын сынчыларыбыздын бири Кадыркыл Даутов да: «Жасалмалап иш жүргүзүүгө кандай зарылчылык алып келгенинин себептерин ачып чыгуу керек. Акындын адабий мурасы ушул кезге дейре сабаттуу текстологиялык изилдөөгө түшө элек. Аны жүзөгө ашыруу келечектин иши» (А.Муратов «Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө») деген пикирин билдириптир. Адабиятчынын бул айткандары адабият тарыхы эл тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү экенин, аны бурмалоодон […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Арзымат деген болгонбу?

Токтогулдун акын катары таанылышында анын Арзымат менен айтышуусу өзгөчө белгиленип келет. Соңку учурда бул адамды да болгон эмес, жөн гана Токтогулдун образын түзүү үчүн ойдон чыгарылган каарман болсо керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Интернет желелери аркылуу таралган бир пикир: «Социализм идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалга, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр […]

Садык ШЕР-НИЯЗ: Бийдин да түрү бар, а парламенттеги биздики стриптиз…

“Сармерден” ресторанынын кожоюну Дүйшөмамбет Орозалиев жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин өнөктөштүгү менен уюштурулган бильярд боюнча мелдеш бар. Ай сайын уюшулуп келет. Сый тамагы менен. Келген меймандар бильярд атышып, каалаганча баарлашат. Бул мерте Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана «Улуу тоолор» басылмасынын кожоюну, акын Жумадин Кадыров мейманга чакырылып, баарлашуубуз абыдан узак да, кызыктуу да уланды. Баарлашуунун чыпчыргасын коротпой жазып отурган Жетиген Асанбек болду. Эмесе бүгүн кеңири маектин 1-бөлүгүн жарыялап отургандагыбыз… Садык ШЕР-НИЯЗ: Бийдин да түрү бар, […]

Мар БАЙЖИЕВ: Кылмышка бир секунд калганда (шедевр)

АҢГЕМЕ Оркестрдин дүңгүрөгөн маршынан терезе титирейт. Жез тарелкалар урулган сайын чала ачылган форточканын айнеги аны менен унисон үндөшүп шыңгырайт. Биз жашаган үй Өкмөт аянтынан жүз метр, бетондолгон бийик дувал менен курчалган, астында подвалы бар КГБнын имаратынан жүз метр жерде. Шаар жазгы күндүн нуруна жаркырайт. Аянтта биринчи Май парады өтүп жатат. Тирбунада — жука сукнодон тигилген гимнастерка, баштарына картуз шапке кийген жетекчилер: жергиликтүү «Сталин», жанында жергиликтүү «Маленков», майда «маодзедунчиктер» колдорун көтөрүп, жылмайып аянттан өтүп жаткан демонстранттарга майрамдык урмат саламдарын билдиришет. «Динамо» […]

Рюноскэ АКУТАГАВА: Жалгыздык тозогу

Жазуучу, публицист, акын, англис тилине алгачкылардан болуп которулган жаңычыл жапон жазуучусу саналган Акутагава олчойгон романдарды жазган эмес. Стилистикалык жактан алганда ал тынымсыз идеалга умтулган инсан болуп, адам коркунучу менен өлүм тууралуу көп жазган. Акутагава Рюноскэ Токиодогу өнүккөн маданияты менен атагы чыккан Хитамачи районунда туулган. Акутагава төрөлгөндөн көп өтпөй, энеси Фуку акылдан ажырайт. Атасы, сүт сатуучу Ниихара Тосидзу уулун бага албай, тууганы Акутагава Досого берүүгө аргасыз болот, уулу ошентип ал кишинин фамилиясына өтөт. 1913-жылы Токио императордук университетине тапшырып, англис тилин үйрөнөт. […]