Токтогулдун акын катары таанылышында анын Арзымат менен айтышуусу өзгөчө белгиленип келет. Соңку учурда бул адамды да болгон эмес, жөн гана Токтогулдун образын түзүү үчүн ойдон чыгарылган каарман болсо керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Интернет желелери аркылуу таралган бир пикир: «Социализм идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалга, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр болбоптур»[1].

Экинчи пикир обончу Асанкалай Керимбаевдики: «Адабиятыбызда Керимбайдын ырчысы Арзымат тууралуу тап-такыр маалымат жок. — Арзымат ойлоп табылган ырчы. Менин чоң энем Разакан Керимбайдын 3-аялы, 1980-жылы каза болду. Ошол чоң апам көп нерселерди айтып берер эле… Арзымат деген ырчы болгон эмес. Бул Жоомарт Бөкөнбаевдин ойлоп тапкандары. Болбосо, эл оозунда бирин-экин ырлары калат эле го…Арзымат Токтогулга карама-каршы ойдон чыгарылган образ. Мен сураштырсам, Токтогулдун Сибирге айдалышына Керимбайдын эч бир тиешеси жок экен. Токтогулга саясый айып тагыш керек эле, Ж.Бөкөнбаев караштырса «эзүүчү» таптын өкүлү Керимбай бар. Ошентип, ортодон саясый душман кылышты да, коюшту»[2].

Бул пикирге назар салыңыз. Муну эми ким айтып жатат деңиз? Керимбайдын урпагы, совет өкмөтү аны Наманган тарапка журт которуп ийгенде чөлдө кой кайтарып, балалыгы ызага толгон кийин атактуу обончу, аткаруучу болгон Керимбайдын урпагы айтып жатат дейли.

Ушундай эле пикирди кетмен-төбөлүк атактуу акын Алик Акималиев да кандайдыр бир деңгээлде бышыктап отурат: «Эгер Арзыматтын өзүнө токтоло турган болсок, тарыхта мындай киши болгон эмес. Арзымат деген уруу болгон. Аны Жоомарт Бөкөнбаев Токтогулдун образын ачып бериш үчүн эле ойлоп тапкан»[3]. Ишенбейин десем, бул Алик мырза мага Токтогул шаарчасында жолуккан, ошондо ал Т.Сатылгановдун Чолпон-Атадагы музейинде директор болуп иштеймин деп өз оозу менен айткан жайы бар. Дагы макул дейли, ал эми Алик деп коюңуздар.

Анан өмүр бою акындар чыгармачылыгын изилдеп келе жаткан, КР УИАнын Кол жазмалар корунда «түнөп» чыккан, фольклор жана ырчылар чыгармачылыгын жыйнап, кыргыздар бар деген жердин баарын кыдырган Батма Кебекова: «…Совет бийлиги мезгилинде чыгармачыл өнөрканасына «оңдоо» киргизүү, анын таптык сезимин ашыра курчутуу, атеисттик көз карашын арттыруу сыяктуу тенденция орун алгандыгын айрым фактылар ачык далилдеп турат. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы жашабаптыр. Бул анын көркөм кыялдын туундусу катарында Токтогулдун чыгармачылыгына киргендигинин күбөсү, — деп жазып, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы болбоптур деп атпайбы[4].

Бул пикирлерди талыкпас токтогултаануучу журналист Мамат Өсөров тактоо үчүн далай түйшүк тартыптыр, ал минтип жазат: «Өткөн жылы Батма Кебекованын бул маселе боюнча, башкача айтканда, Арзыматты жокко чыгарган материалын газетадан окуган соң, эл акыны Тууганбай Абдиев агайга анын чын-төгүнүн сурап кайрылсам: «Ал туура эмес, Арзымат болгон, анын небереси Мөкүш аксакал ушул эле Бишкекте жашайт деп жооп берди. Ушул маселени тактоо максатында мен үстүбүздөгү жылдын (сөз 2008-жыл тууралуу баратат – М.А.) июнь айында Кетмен-Төбөгө барып, Торкен айылынан бул ырчынын өмүр таржымалын ошол жерде жашаган 85 жаштагы Төлөгөн карыядан жана Токтогул шаарчасында жашап жаткан Арзыматтын небере келини 1929-жылы туулган Дилдекан эжеден акындын чынында эле Кетмен-Төбөнүн Торкениндеги Жаныш деген жерде жашап өткөнүн, азыр да анын таш короосу сакталып турганын, андан канча бала, небере, чебере тарап, кайсыл жерлерде турганын тактап кайттым. Дилдекан эже Арзыматтын небереси Момундун байбичеси болот.

Эмесе, Токтогул менен айтышкан чоң болуштун чоң ырчысы Арзыматтын өмүр баянына токтолсок: ал бир кездерде Талас тараптан кандайдыр себептер менен ооп келип жашап калыптыр. Арзыматтан Өмүрбек, Бообек, Жолой, Курмушу аттуу 4 уул жана 6 кыз болгон. Өмүрбектен Айгырчан, Айгырчандан Жаныбек, Тыныбек, Роза, Мариса. Жолойдон Сулайман, Тууганбай, Кыпчакбай, Тургунаалы. Тургунаалыдан кызы Сагын Таласта жашайт. Сулаймандан Момун, Эркин, Мөкүш, Рая, Эмилис. Момундан Дамир. Дамирден Сыргак, Илияз, Динара, Алымбек, Назира. Бообектен Үтүр. Үтүрдөн Байкабас. Төртүнчү уулу Курмушудан перзент жок. …мен жогоруда жазып кеткен Үтүр уулу Байкабас Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмүндө кароол болуп иштейт, Мөкүш болсо, Бишкекте эмес, Сокулукта жашайт экен»[5].

Арзымат тууралуу дагы башкача ойдогулардын пикирин окуп чыгалы: «1882-жылы Токтогул Дыйканбай манаптын ырчысы Арзымат менен беттешип, аны жеңет»[6]. Профессор Е.Озмитель 1889-жылы эле Готовцев аттуу этнограф «О киргизских и сартских песнях»деген макала жазып, Токтогулдун Арзымат менен айтышуусу тууралуу кеп кылгандыгын жазат[7]. Бул факт эгер ырас болсо, Токтогулдун чыгармачылыгы жөнүндө айтылган алгачкы пикир гана эмес, айтылуу айтыштын болуп өткөндүгүн талашсыз тастыктоочу табылгыс материал. Бирок Готовцев деген ким, анын эмгеги кайда жарыяланган, мен биле албадым, мындай фамилиялар сахаларда учурай турганын гана биле алдым.

Дагы бир токтогултаануучу Ж.Таштемиров Кетмен-Төбөнүн Куччу-Суу айылынын тургуну Сагынбек Сапаровдон улуу акындын «Ынтымакка кол кармаш», Арзымат менен айтышынан үзүндү, «Бакты кыз», «Кызды узатканда», «Кетмен-Төбөнү көргөндө», «Жээрде ат», «Ормонкул», «Байгени бербейт бөлөккө», акын Сибирге айдалып кеткенде баласы Топчубайдын атасы Токтогулду жоктоп ырдаган ыры жазылып алынганын, ал киши «кат билбестигин», «көкүрөгү даана адам экендигин», «Токтогулдун ырларын жаш күнүндө үйрөнүп калганын» айтып келип, ал кишиден жазылып алынган ырлар «күмүштөй тунук, алтындай таза чыгармалар» деп кепилдик берип, «буларда эч кандай кошмо жок» дейт[8]. Караңыз, адабиятчы Арзымат менен айтышынан үзүндүнү жаздырган кезде Сагынбек Сапаров ал ырды кийин Токтогул элдин суроосу боюнча эстеп кайра айтып бергенде жаттап алганын айканын, «мында эч кандай кошмо жок», «ыр акын тарабынан кандай айтылса, ошол бойдон тунук калыбында бизге жетти» деп атпайбы?

Арзымат темасында бир кыйла кызыктуу кеп салган Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын тургуну Замидин Мадалбеков болду[9]. Ал Албандын уулу Арзыматтын болжолу 1825-жыл менен 1835-жыл ортосунда Таластын же Калба, же Кырк-Казык айылдарынын биринде туулганын, уругу колпоч, уруусу саруунун ак кийизи болорун, Эшманбет экөө туугансып жүргөнүн, турмуш шарттын айынан 1855 – 1860-жылдар арасында Кетмен-Төбөнүн Торкенине келип отурукташып калганын жазат. Айтуудан анын 3 уул, 7 кызы болуптур, ар биринин аты-жөнүн келтирет жогорудагы макаланын автору, а түгүл бирөөсүнө (Жолойдун уулу Тургуналыга) Жоомарт Бөкөнбаев жолугуп, аны мейман кылып, ат мингизип, чоң атаңды жамандап койдум деп кечирим сураган экен дейт. Дагы эле ошол информатордун билдирүүсүндө Ак-Чийдин Таке-Таш деген жеринде Дыйканбай той берип чоң ат чабыш болуп, анда Дыйканбайдын өзүнүн аты байге алганда Арзымат ошону мактап ырдаган экен, Дыйканбай акынга ат мингизип, өзүнө ырчы кылып алыптыр, макалада Байбала деген ырчы менен айтышкан текстин берет. Ырлары жакшы, тили бир кыйла өткүр болгонсуйт. Токтогул менен айтышкандан кийин Арзымат ал өнөрүн таштаган экен, Наманган жакка мал айдап барып жүрүп, саруу тууганы Жеңижок акындыкында кыштап да калыптыр. Бирок бир шек туудурган нерсе – Арзыматтын Токтогул менен айтышкандан кийин эле ырчылыгын таштап коюшу. Себеби акындар бири-бири менен айтышта бир жолу жеңет, бир жолу жеңилет, миң таланттуу болсо да кээде илхам келбей калышы ыктымал, же тема анча болбой калат. Ошого карап Арзымат кийин ырдабай калган дегенге кошулуу кыйын, дагы бир нерсе – неге ырдабай калса Аксыдагы Жеңижокко барып, аны менен кыштап туугансып жүрөт. Кыскасы, буларды да тактоо керек…

Экинчи бир нерсе – Арзымат менен айтышуу биринчи вариантта бизге жетпеди, кийин-кийин Токтогул баягы ырыңызды ырдабайсызбы дегенде ырдап койчу экен, буга карап акын тексттин сынчыл сөздөрүн кийин бир топ күчөтүп жибергенби деп да ойлоого мүмкүн. Ж.Бөкөнбаев «Токтогулдун өмүрү» аттуу эссесинде «Жеңиш» деген темада Токтогул менен Арзыматтын айтышын көркөм баяндап берет. Ал жерде айткан боюнча сарттар уруусунун жакшыларынын бири Сопу бий атасы Керимкулга аш берет. Кызмат кылуу, албетте, уруулаштарына жүктөлөт, он сегиздеги Токтогулга төрт өгүз отун алып келүү милдеттендирилет. Алып келгенде Дыйканбай чакырып жатат дешет. Барат. Сопу бий (Токтогулдун уруулашы болуп атпайбы), Дыйканбай, Жаркынбай ырчы дегендер отурган. Айтыш атайын уюштурулат. Адегенде «Аргымак көркү жалында, алманын көркү шагында» дегендей эле кадимки санат ыры ырдалат. Кийин айып Арзыматтан кетеби, айтор, жаш, курч Токтогул күүлөнүп кетип, «кара карга кейптенген, каркылдаган урганым», «манапты ээрчип эт жеген мадырайган соргогум» дегендей кемсинтүүлөргө өтөт. Ушул токтогулдук саптар Арзымат менен айтышууда болгонбу, же кийин кошулганбы деген суроо коюлат. Дыйканбайга ырчы болуп Арзымат өзү барбаптыр, манап анын талантын сыйлап, өзү чакырып алыптыр. Бул – биринчиси. Экинчиси – Токтогул ал кезде жаш болгон, курч болгон, анан калса жанында уруулашы Сопу бий турган, ага таянган болушу мүмкүн да ушинтип эле катуу сындап ырдап салышы дале ыктымал. Ошол эле кезде отундан келген томояк жигит өзүнөн кырк жыштай улуу кишиге мындай саптар менен каяша кылышы да кыйын, ишене албай да кетесиң. Бирок, үчүнчүсү, бул сынчыл, куйкум саптарды кийин Жоомарт (же башка бирөө) кошуп салган болушу да мүмкүн, болбосо неге Жоомарт кийин Арзыматтын урпактарынан кечирим сурап жатат (эгер ошол кечирим сурап, ат мингизген факт ырас болсо).

Кыскасы, ошентип Арзымат темасынын да ачылбаган жактары көп турат.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]http://toktogul.wordpress.com/author/toktogul/page/3/

[2]Керимбай болуш эл душманы эмес / А.Керимбаевдин журналист У.Ботобеков менен маеги  [Текст] / У.Ботобеков // Кыргызстан маданияты. – 1992. – 12-март.

[3]Акималиев А. «Дөөлөрдүн кичинекей аялды сүйүүгө убактысы жок». З.Ажыматов менен маек [Текст] / А.Акималиев / Булак: «Майдан.kg» (http://kyrgyztoday.kg/makala/7064.

[4]Кебекова Б.Токтогулдун өмүрүн, чыгармачылыгын жаңыча иликтөө программасы [Текст] / Б.Кебекова // Адабий Ала-Тоо. – 2007. – №14, №15, август, сентябрь, №14, №15.

[5]Өсөров М. Керимбай болуш [Текст] / М.Өсөров // Эркин-Тоо. – 2008. – 23-сент.

[6]http://ky.wikipedia.org/wiki жана http://kg.manas.cc/forum.

[7]Озмитель Е. Наследие классики и киргизская литература [Текст] / Е.Озмитель. – Ф.: «Кыргызстан», 1980. – 73 с.

[8]Таштемиров Ж. Кыргыз поэзиясы тууралуу айрым ойлор. Адабий сын макалалар [Текст] / Ж.Таштемиров. – Ф.: «Кыргызстан», 1975. – 124-б.

[9]Мадалбаев З. Арзымат ырчы болгонбу, же…  [Текст] / З.Мадалбаев // Кыргыз туусу. – 2011. – 25-янв.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *