“Сармерден” ресторанынын кожоюну Дүйшөмамбет Орозалиев жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин өнөктөштүгү менен уюштурулган бильярд боюнча мелдеш бар. Ай сайын уюшулуп келет. Сый тамагы менен. Келген меймандар бильярд атышып, каалаганча баарлашат. Бул мерте Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана «Улуу тоолор» басылмасынын кожоюну, акын Жумадин Кадыров мейманга чакырылып, баарлашуубуз абыдан узак да, кызыктуу да уланды. Баарлашуунун чыпчыргасын коротпой жазып отурган Жетиген Асанбек болду. Эмесе бүгүн кеңири маектин 1-бөлүгүн жарыялап отургандагыбыз…

Садык ШЕР-НИЯЗ: Бийдин да түрү бар, а парламенттеги биздики стриптиз…

Олжобай Шакир: Кепти бүгүн саясаттан баштасак кандай дейсиңер… Себеби азыр парламентте бийликке каш каккан жалгыз эле «Ата-Мекен» экенин эл көрүп отурат, анда-санда албетте, башка да бирин-экин уяттуу депутаттар үн катып отургансыйт. Бирок парламенттеги «Атамекенчилерге» дагы да болсо эркин микрофон жетпей аткансыйт, ошондон улам бүгүн Каныбек мырза менен Садык мырзага кенен сөз берсек…

Жетиген Асанбек: 120 депутат ичинен тайманбай чындыкты сүйлөгөнү 5-6 эле киши болуп атпайбы. Ошондуктан бу жерде да чындыктын тилине кулак төшөйлү…

Каныбек Иманалиев: Бул парламентке эле эмес, жалпы элитага тиешелүү. Мисалы үчүн 90-жылдары өкмөт башчысы ким эле? Жумагулов, Исанов сындуу мамлекеттик ишмерлер! Ошол учурда спикер ким эле? Шеримкулов! Губернаторлор ким эле? Сааданбеков, Кулов, Ашыралиев, Осмонов, Муралиев. Ошол убакта  ректорлордун баарынын фамилиясын билчү элек. Азыр элге таанымал андай белгилүү ысымдар барбы? Демек, элита майдаланып барат. Бир жагынан укмуштай салтанат – эркин мамлекетпиз. Бая күнү белгилүү мамлекеттик ишмер Эсенгул Өмүралиев о дүйнө узаганда Ала-Арчага топурак салганы мен да бардым. Кирип барганда, бир жагында Калый Молдобасанов, бир жагында Насыр Давлесов, А.Жумахматов, бир жагында Мирахимов, Ахунбаев. Булар – СССР державасы бапестеп өстүргөн генийлер да! Биздин мамлекет бүгүн ушундай даражадагы залкарларды даярдай алабызбы?.. Биз улут катары ушундай өндүрүм (продукция) чыгара алабызбы? Себеби бизди улут катары кармап турган негизги касиеттердин бири – байыркы тарых, маданият. Жерибиз болсо, айтпасак да бейиштин төрү… Биз мурун улуу Кыргыз Каганатын курган элбиз. Экинчи ренесанс СССР доорунда болду. Ошолордун акыркы мууну өтүп атат. СССР даярдап берген… алар кинону, драманы, адабиятты, искусствону, илимди, мамлекетти түптөштү. Азыркылар кимдер? Азыркылар мындай бир … жөн эле… Мисалы, бир-эки кишини айткылачы, мамлекеттик ишмер (государственник) деп тирүүлөрдөн кимди айта аласыңар?

Олжобай Шакир: Туура кеп, чын-чынында мамлекет жүгүн аркалай турган бийликтин мерчемдүү бутагындагы кадрлар кесипкөйлүк критерийлер менен эмес, тааныш-билиш менен гана тандалган заманга кептелдик.

Каныбек Иманалиев: Бүгүнкү бийликте отургандардан мамлекеттик ишмер деп 5 кишини айтып бергилечи. Мен өзүмө өзүм суроо берем.

Олжобай Шакир: Жок, айта албайбыз.

Каныбек Иманалиев: Демек, мамлекеттик ишмер болбосо, мамлекет түзүп өнүктүрө алабызбы?

Парламентке карата сынды туура кабыл алабыз, бирок ал кемтик бүт элге тийиштүү. Мен 95-жылдагы депутаттардын 45ин, баарын жатка билем. Таластан Айтматов, Дастан Сарыгулов, Юруслан Тойчубеков, Нарындан Жамин Акималиев, Шарипа Садыбакасова, Көлдөн Арслан Малиев, Урманаев, Мамакеев, Чүйдөн Эрматов, Жумабек Ибраимович, Жалал-Абаддан Э.Узакбаев, Э.Төрөбаев, Бекмамат Осмонов, Оштон Үсөн Сыдыков, Айбалаев, Апсамат Масалиев. Себеби аларда система туура болуп, туура тандалып келген. Азыркы депутаттардын, тилекке каршы көбүнүн фамилиясын эл-журт жакшы тааныбайт. Андыктан шайлоонун эң негизги маңызы – элитаны тандап чыгышы керек. Пара менен кашаңды күлүк кылып чыгара албайсың да. Азыркы система, эл, саясат кашаңды да күлүк кылып чыгарып атпайбы.

О. Шакир: Ушунун баары партиялык система менен келатат да.

К. Иманалиев: Ооба, партия менен келди, бирок биздей саясый маданияты, партиялуулук өнүгө элек өлкөгө адегенде округдан шайланганы жакшы болчу да, мен ошондо Аламүдүндөн депутат элем. 12 мектеп директору бар эле. 12cинин аты-жөнү эле эмес, туулган күнүнө чейин билчүмүн. Себеби алар менен кызматташуу мага кийинки шайлоодо да керек болчу. Азыр мен эмес бөлөк депутатка да алар кереги жок. Себеби шайлоого үч күн калганда акча таркатып коёсуң. Шайлоочу азыр добушун сатуучуга айланды. Депутат добуш сатып алуучуга айланды. А БШК – ортомчу, бүттү ошону менен.

Ж.Асанбек: Чыныгы милдети: өкмөттү дайындап, көзөмөлдөп, ишин аткара албаса чара көрүп, мамлекеттеги саясатты, бийликти жөнгө салып турушу керек болчу да.

Садык Шер-Нияз: Биз азыр фактыларды констатация кылып атабыз да, мындай болду, андай болду… деп. Негизи өсө турган инсан болобу, коом болобу, мамлекет болобу, анализдеп туруп анан чечим кабыл алыш керек. Чечимдер оңой эле. Биринчиден, өлкөнүн түзүлүшүн улуттун менталитетине ылайык куруш керек. Тарых ошон үчүн түзүлгөн. Мисалы, Италия же Улуу Британия менен Кыргызстанды салыштырып кереги жок. Алардын тарыхы бөлөк, менталитети бөлөк. Биз 40 уруудан түзүлгөн элбиз. Биздин ажырымыбыз каныбызда. Муну моюнга алыш керек. Биз керек гана убакта биригип турганбыз, ал убактар өтө аз болгон. Анан биз чачырап жашаганбыз. Биз муногу тынч мезгилде жашап жатканда ошол чачырап жашаган менталитет басымдуулук кылганы үчүн, ыркыбыз кеткендей туюлат. Ушул менталитетти түшүнүшүбүз керек. Чачырап жашаган менталитетте бир гана нерсе үстөмдүк кылыш керек. Бул – акыйкат гана жолу. Башка элде, мисалы, Россия, же Британия, же Италияда, мүмкүн акыйкат үстөмдүк боло албайт. А бизде акыйкат гана башкара алат, кыргыз эли акыйкатка гана моюн сунуп келген. Макалыбыз бар: «кеңешип кескен бармак оорубайт». Эгер кеңеше турган болсо, ушул керек дей турган болсо, бармагын берет кыргыз. Кыргыз жанын берди, мына, аянтта 90 бала жанын берди. Биз ошону өстүрө албай атабыз, аң-сезимди ошого жеткире албай жатабыз. Биз бийликке келгенден кийин акыйкатты унутуп коет экенбиз. Муну менен бардык партиялар ооруган, азыр дагы ооруп келатат. Кыргызды акыйкаттык менен гана башкара алабыз дегенге акылыбыз жетпей жатат. Мисалы, тамды курганда биринчи чиймесин чийип, анан пайдубалын тургузуп, арматураны тууралайсыз, туурабы? Же болбосо полун тегиздеш үчүн эң өйдөкү чекитин таап алабыз, ошого теңдеш үчүн. Эми карап көрүшүбүз керек, мамлекеттин түзүлүшүндө ошол баарын түздөй турган чекит кайсы бизде? Чечүүчү бир гана нерсе – ал сот. Сотту анык акыйкатка алып келмейин калган жумуштардын баары, шайлоонун 10 түрү, партиялык шайлоо, тиги-бунун баары нөлгө барабар.

25 жылдан бери жасалган иш жок эмес, бар. Мисалы, окуу жайында ОРТ деген чыкты. Бүт мамлекет байланды, бул жакшы нерсе. А сотто жок болуп жатпайбы. Эгер акыйкаттык соттордо жок болсо, муногу биздин кабыл алып жаткан мыйзамдардын баарынын таптакыр кереги жок, иштебейт алар. Эгер сот акыйкат болсо, эч ким президент да болгусу келбейт. Ал айтат, мен соттон чечип алам деп. Мен соттон көрүшөм дейт. Мына ошондой акыйкат орносо гана бизде өсүү пайда болот. Тилекке каршы, бул эч кимдин мээсине жетпей жатканы. Партия лидерлеринин да мээсине жетпейт бул. Анткени лидерлер биздин кишибизди койсок дейт сотко. Ошол жерде акыйкат бузулуп жатат да, өзү кайта сотко түшүп каларын билбей… Бабанов ойлогон, мен Текебаевге жардам бербей турайын, бул мени кыйгап өтөт деп, ха… болбоду. Бая күнү «Республиканын» балдары айтат мага: «Саке, бирдеке деп койбойсуңбу» деп. Мен эмне деп айтам? Силер капталда карап отурбадыңар беле: Текебаевди соттоп атканда, эми силерге акыйкат керек болуп калдыбы? «Кыргызстандын» балдары айтат, «Канат Исаев жөнүндө бирдеке деңиз» деп. Эмне деп айтам, капталдан карап отурдуңар да силер деле. Карап көрүңүз, эми эмне болуп жатканын…

К. Иманалиев: Сакең айтып атат, бул тагдыр эми КСДП башына түшүп калышы мүмкүн деп.

С. Шер-Нияз: Курулуш пайдубалдан башталган сыяктуу, мамлекеттин курулушу соттон башталат. Биз тез кыла турган нерсе ошол. Аң-сезимди биз 5 жылда өстүрө албайбыз, 10 жылда өстүрө албайбыз. Сотту биз 5-10 жылда ордуна коюп койсок болот.

К. Иманалиев: Бир жылда, Саке. Грузиндер бир жылда оңдоп койду.

С. Шер-Нияз: Коюп койсок эле болду, жанагы бизнесмендер депутат болгусу да келбей калат. Ал айтат, «эй, соттон көрүшөбүз, силер мени коркутпагыла, сотко барабыз. Сот чечет», — деп.

К. Иманалиев: Сакеге кошумчалап коёюн. Биздин пайдубалыбыз – тарых, маданият. Бүгүнкү абалга акыйкаттык абадай зарыл. Улуттун өнүгүүсүн камсыз кылган, Сакем айткандай биринчи – акыйкаттык, экинчи – жалпы максат, жалпы идея. Улутту улут кылып турган жалпы дөөлөттөр болушу керек. А саясатчылар акыйкаттыкты камсыз кылып, келечектеги кыялды көрсөтүш керек да, мына мобу жакка барабыз, 10 жылдан кийин деңгээлибиз мына момундай болот деп. Мына, Путин кечээ эки саат сүйлөп, 47 мүнөтүн Россия аскерине арнады. Демек, бүт орус эли держава болгусу келет. Орустун Уваров деген министри 19-кылымда үч нерсени айткан: «Проваславия, державность, сильная войска». Ушул үчөө болгондо Россия өнүгөт деген. Кыргыздын формуласы кандай, кандай болгондо өнүгөт? Сот акыйкаттыгы; саясатта, экономикада эркиндик, конкуренция. Азыр кафе, ресторан боюнча Орто Азияда Кыргызстандай өлкө жок. Муну жок кылыш үчүн бир эле нерсе керек: тамак-аш министрлигин түзүп кой. Бирөөнү министр кылабыз, ал өз досторуна лицензия берет, бөлөктөргө бербейт. Бүттү, дароо жок болот. Курулуш өнүгүп атат. Курулуш министрлигин түзүп кой, баары жок болот. Мамлекет катышкан жерде экономика өнүкпөй атат. Кыргызстандагыдай сувенирлерди эч ким жасай албайт, айрыкча булгаарыдан. Казакстандын аэропортунан өтүп атканда кыргыздын сувенирлерин “Made in Kyrgyzstan” деп сатып отурушат. Себеби, толук эркиндик. Саясатта да ошондой атаандаштык болуш керек. Өзү адам баласы жаралгандан бийликке умтулат. Айбанат да бийликке умтулат, күчтүүсү күчсүзүн басып алып. Акыл-эси бар, дени сак, колунан келген киши бийликке умтулат. Бул табигый нерсе. Ошону мыйзам менен гана жолго салыш керек да. Экинчи жолу – варвардык жол. Күчтүүсү күчсүзүн басып алат. Анан кийин Саке айткан сот, бүгүнкү күндө дүйнөдө ИГИЛ менен күрөшүү канчалык маанилүү болуп жатса, бизде сот реформасы ошончолук маанилүү. Соттон таяк жегендер кимдер? Бүт саясатчылар. Сотто азыр үч эле эреже: оппозиция менен бийлик соттошсо сөзсүз бийлик утат; эркин басма сөз менен аткаминер соттошсо, сөзсүз аткаминер утат; мамлекет менен финполиция же салык инспекция менен ишкерлер соттошсо, алар утат, туурабы? Утуларыңды сотко барбай туруп күтсөң болот. Американы титиреткен миллиардер Трамптын буйругун аймактык сот эле жокко чыгарып салды. Молдовада парламент президенттин укугун ажыратып салды. Бизде потенциал бар. Себеби, Орто Азияда кыргыз элинин бөлөкчө үч статусу бар. Башкаларда жок андай статус. Орто Азиядагы элдерден биз гана империя курганбыз. Орто Азия элдеринен биз гана цивилизация курганбыз – Орхон Энисей жазуусун. Махмуд Кашкари жазып атат, Кашкаринин тирүү кезинде 11-кылымда, мобу континентте Чик, Ас, Усун, Карлук… деген 14 улут жашайт деп, анан кыргыз деп жүрөт. Ошол 14 улуттан үч эле улут калыптыр: (?) байыркы түрктөр , уйгурлар, кыргыздар. Алардын мамлекети жок.

Миң жылдан кийин ошол 14 улуттан мамлекети бар биз эле калыптырбыз. Демек, ошол интеллектуалдык, руханий, тарыхый дөөлөттү бүгүнкү мамлекет курууга, түптөөгө негиз кылышыбыз керек. Эки өлкөнүн мисалында: Монголия жана Грузия. Монголияны 15 республиканын 16-сы деп коюшчу. Монголиянын мыкты окуган студенттери Кыргызстандын СелПТУсунда окушчу. Азыр Монголия өсүү темпи боюнча Сингапурдун деңгээлине жетти. Себеби Монголиянын элитасы биригип, эрежени аныктады, саясат үчүн күрөшөбүз, бирок мобу, мобу мыйзамдар менен деп. Азыр Монголиянын жолго жумшаган акчасы – 7 млрд. Биздин бюджет – 2 млрд. Монголия кылган реформаны биз кыла албайбызбы? Эски президентин соттоп, бирок мүлкүнө тийген жок. Бизде азыр тээтиги 98-жылы приватташтырылган үйлөрдү мамлекет кайра алып атат, ипподромдун жанынан 14 кишиникин. Анда эртең ЦУМду кайра алышыбыз керек, Кыргыз Автомашты, Физприборду кайра алышыбыз керек. Граждандык чатак башталышы мүмкүн. Атактуу щвед экономисти айтып атат, Ельциндин башкы өтөөсү — президенттиги эмес дейт, эң башкы өтөөсү — килейген Россияда приватизацияны согушсуз өткөзгөндүгүндө дейт. Бүт дүйнөдө приватизация согуш менен болгон. Экинчи Грузия. Грузиянын ички дүң продукциясы биздикинен төмөн болчу. Биз 98-жылы Грузияга барганда Тбилисиде свет жок болчу. Анда бизде свет жок деген маселе болгон эмес. Грузия кылмыштуулук боюнча СССРде биринчи орунда турчу. Саакашвили келди да, саясый гарант болду, ал кепилдик берди. Мына, Бендикудзе каалаганыңды кыл деди. Ал адегенде Эмгек кодексин өрттөдү. Себеби, бирөөнү кызматтан алсаң эле Эмгек кодекси менен соттошуп кайра келип алат экен да. Аны жок кылды, 6 ай иштебейт деп. Анан алты айда реформа кылды. Таза электрондук, коррупциясыз витрина кылып салды. Азыр бизнеске эң ылайыктуу он өлкөнүн катарына Дубайдан, Катардан ашып Грузия кирди, нефти жок болсо да. Күнүнө 16-20 самолет Тбилисиден Европага учат. Мыйзамдагы уурулардын 120сы Грузиядан болчу. Бүт КМШны ошолор башкарчу. Жок алар, жок. Себеби бийлик таза болуп, шайлоодо, саясатта каралар менен аралашпаса, кылмыш дүйнөсү менен бийлик аралашпаса эле реформа болот.

Дүйшөмамбет Орозалиев: Элдин баары эле айтып атышат, Текебаев парламенттин көркү эле, ал киши жок парламент унчукпай эле отуруп калды деп.

К. Иманалиев: Унчукпай эмес, колдоо жок. Унчуксаң деле колдогон эч ким жок залда.

Ж. Асанбек: Колдоп атабыз, унчукпай койбоңуздар.

С. Шер-Нияз: Чыгармачылык коомдо жүргөндө, «Айтыш» болобу, киномотографисттер болобу, бекем сакталган мыйзамдар бар. Мисалы, биздин киномотрафисттердин арасында да адамгерчилиги жок, аябай акмак кишилер толтура. Такыр учурашкың келбеген, бирок таланттуу, таланты ташкындагандар алар. Эми ошондо эмнесин сыйлаш керек? Адамгерчилигин сыйлаш керекпи же талантын сыйлаш керекпи? Анын кыргызга шедевр кылып калтырган фильмдерин сыйлаш керекпи? Менин оюмча, экинчи жагын сыйлаш керек. Анткени кинематография жөнүндө сөз болуп аткандан кийин анын ошол жагы сыйланыш керек. Адамгерчилик жагын, кааласаң туулган күнүнө барбай эле кой же учурашпай кой. Бирок кашкайып көрүнүп турган эмгегин айтасың. Негизи эле чыгармачылык тазараак болот. Ал эми саясый элитанын түшүнбөй тургандыгы – так талашуу маселеси менен жүрүп, эмгекти да унутуп калышат экен да. Эмгекти, тарыхты унуткан элдин келечеги жок.

О. Шакир: Сенин эмгегиң бааланды го, Токтогул сыйлыгын алдың.

С. Шер-Нияз: Азыр саясат жөнүндө айтып атам. Ал темага да кайрылып айтып берем сага. Эмгекти, тарыхты, унуткан элдин келечеги жок. Саясат ошол болуп атпайбы. Биз президент болуш үчүн, премьер болуш үчүн же депутат болуш үчүн эмгекти басып тебелеп, элге да ошону айтып, элди да ошого ишендирип коюп аткандын себебинен, күлкүлүү нерсе, жарым жылда пайда болгон партиялар чоң добуш алып келип атпайбы парламентке.

К. Иманалиев: 3 айда пайда болгон партиялар десең.

С. Шер-Нияз: Бул күлкүлүү нерсе да, туурабы? 20 жылдык тарыхы бар партиялар калып калып, жарым жылда же 3 айда түзүлө калган партиялар эле бийликке келип калууда. Бул эмне деген сөз? Саясатчылар ошол ооруну баштап берип атат. Алар эң ыйык нерседен аттап өтүп калышты. Адамда ыйык нерсе болуш керек да. Мисалы, ыйман, Кудай дейбиз, ыйык нерсе деген болуш керек да. Ошол ыйык нерселер ыйыктай сакталып, калыптанмайынча өсүш болбойт. Мейли, саясаты болобу, мейли, бизнесиби, айтор, ыйыкка ыйыктай мамиле керек. Керек болсо, мына бизнесмендердин да өздөрүнүн купуя сыйлаган адамдары бар. Өздөрү чогулуп отурганда «эй мобу азамат, моюнга алыш керек, жоктон бар кылды, тиги-бу» — деп алар да өз ара сөз кылат. Мисалы, бизнесмендер Илон Маскты акмак дешпейт. Азамат, гений дейт да. Стив Жобс, Марк Цукербергди же Табылды Эгембердиев менен Салымбековду дегендей… Өз чөйрөлөрүндөгү кадырлууларды сыйлашат алар. А саясатчылар ошол наркты, салтты тебелеп коюшту. Жогоруда эмгекти баалабагандык жөнүндө, мен муну өпкөлөп айтып жаткан жокмун. Мына, менин өз башыман өттү, “Курманжан датканы” сыйлыкка көрсөткөндө мени Т.Тургуналиев, Алияскар Алымкулов, Бексултан Жакиев сыяктуу адамдар куттукташты да, мына, Кудай кааласа “Манас” орденин алып калдың депчи. Мен муну таарыныч менен айтып аткан жокмун. Бирок ошол комиссия жыйынтыгын, ошолор чечкен жыйынтыкты Ак үйдөн оңдошуп, кайра ылдый түшүрүшүп, оюн кылышты да.

К. Иманалиев: Саке, сен «Ата Мекен» партиясынын мүчөсүсүң, мунун баары ошон үчүн…

С. Шер-Нияз: Мындай жүрүшү менен мамлекет өспөйт, талантыңа, кылган ишиңе баа берилиши керек. Ким болбосун, акыйкаттык болушу керек.

О. Шакир: Саке, коомчулукта мындай суроо жаралып калды, сен аттап кетпей турган ыйык нерселер бар деп атпайсыңбы. Аның тура, эми карасаң… сен мына, мамлекеттик Токтогул сыйлыгын алдың. Кут болсун! Бирок аны президенттик аппарат эмес, негедир өкмөттүн тапшырып жатканында саясый мандем жаткан жокпу?! Себеби Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы өкмөттүк деңгээлдеги сыйлык эмес, ал өтө чоң сыйлык. Анан да «Курманжан» тасмасы үчүн бир нече актерлорго аталган сыйлыктын дүңүнөн тапшырылганы да Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын Жобосуна туура келеби, келбейби, бул да өзүнчө маселе…

С. Шер-Нияз: Жок, жок. Бул туура эле.

К. Иманалиев: Мен да айттым, президент тапшырыш керек эле деп.

С. Шер-Нияз: Президент тапшырса да албай каламбы деген коркунуч бар болчу, койчу айланайын. Бир эле акыйкат сыйлык калды – Токтогул сыйлыгы. Чыгармачылык үчүн бир эле сыйлык калды. Калган сыйлыкты алыш үчүн сен кошомат кылып, ыр жазышың керек, трибунадан сүйлөшүң керек, бийликтин камчысын чабышың керек, жасакерленишиң керек. Намысыңды сатышың керек, өзүңдөн өзүң чыгып, жаман үлгүнү көрсөтсөң анан жетесиң. Мурунку эл баатырлары, ушул аксакалдар, жарымынан көбү өзүнүн уяты менен өлүп кетет. Мен эмки боло турган баатырларга кейийм. Эмки боло турган эл баатырлары суу жүрөк, кошоматчы. Антип сыйлык албай эле коюш керек, андай сыйлыктын эмне кереги бар?! Орден-медалдарды жөн кой, “эл артисти” наамын дагы кошомат кылып алып калбадыбы. Мына азыр эмнеге жеттик? Руханий дүйнөнү кыйсыпыр түшүрөбүз жакында. Таш-талканын чыгарабыз. Советтер Союзунун убагында да буга даай алышчу эмес. Эң тоталитардык, диктатуралык системанын убагында да ыйык нерсеге кол салууга даай алышчу эмес. Эми азыр ошол ыйык нерсеге кол салдык да. Эми жакында мамлекеттик сыйлык албай эле коюш керек.

О. Шакир: Маданият министрлиги жөн эле бутафор сыяктуу болуп калгансыйт. Булардын сыйлыкка көрсөткөнгө жолдомо бере турган кызматы жоюлуп, жогору жактын босогосун сагаалагандар эле мамлекеттик сыйургаалдарга марып калышты го…

К. Иманалиев: Олжоке, бир сыйлык бар: эл таланттууларды жакшы көрөт. Биздин өнөрпоздор саясатчылардан алдыга кетти. 90-жылдардан бериге келеличи… Комузчулардын, манасчылардын, төкмө акындардын жаңы мууну өсүп чыкты да. Туурабы? Не деген комузчулар бар! Эламан менен Чолпон! Ал жакта таза атаандаштык бар. Мурун бир эле манасчыбыз бар болчу – Уркаш байке. Азыр жаңы манасчылар укмуш чыкты.

О. Шакир: Болгондо да төкмө манасчылар десең.

К. Иманалиев: Төкмөлөр чыкты. Бирок жаңы саясатчы чыккан жок. Себеби мындай да, азыр 25-30 саясатчы түрмөдө отурат. Саясаттагы журналисттерге штраф салып салышты. Булар ойлоп атат, 30 кишини кынына киргизип койдук деп. Жок, алар улутту кооптонтуп кысып коюшту! Себеби улут коркуп калат да. Эмне үчүн орустун жазуучуларынын 90%ы Нобель сыйлыгын четте жүрүп алган? СССРде Шолохов эле калган. Пастернак да, Бунин да, Бродский да, Солженыцин да сыртта жүрүп албадыбы. Себеби СССРде эркиндик жок эле. Эгерде азыр мобу 30дай саясатчы, 10 чакты журналист толук акталбаса, жакынкы 10 жылда Кыргызстанда өсүү болбойт. Себеби улут генетикалык деңгээлде коркуп калат. Тың сүйлөгөндүн, тың жүргөндүн, тың айткандын, тың иш кылгандын бардыгын камап отурса, улут өнүкпөйт. Андай учурда же нефть, же газ болуш керек. Бийлик бир эле кишиде болот. Ошол айткандай болот баары. Көп өлкөлөрдө ошондой да, мисалы Түркмөнстан, Азербайжан. А бизде бөлөк ресурс жок болуп атпайбы. Чыгармачылык менен эркиндиктен башка бизде ресурс жок. Баары бир Саке, бизде улуттук рух күчтүү. Килейген Кытайды спортто жакында эле күрөштөн утуп кеттик ко, килейген 1,5 млрд кытай, 6 млн кыргызды салыштырып болобу? Россия киного 2 млрд доллар жумшайт. Бирок алар албаган эл аралык байгени Таллинден биздин киночулар 40 млн сом менен утуп келип атышат. Эми ушуну саясатта көрсөтпөйлүбү. Маданиятта бизде конкуренция жок. Дүйнөлүк деңгээлде продукция бере алабыз. Операда Миңжылкыевди, адабиятта Айтматовду жараттык. Эртең биз кино искусствосунда, сүрөт искусствосунда жаңы адамдарды жарата алабыз. Бизде арык бар. Аккан арыктан суу агат. Бирок биздин саясатта жаңы Раззаков, Усубалиев, Абдрахмановдор келбей атпайбы.

Жумадин Кадыров: Менимче келет. Келет деп ойлойм. Себеби ал өзүнөн өзү пайда болбойт экен да. Кыртыш даяр болуш керек экен.

К. Иманалиев: Кыртышты биз чиритип атпайбызбы, азыр камап атса ким келет?

Ж. Кадыров: Мындай да, мисалы үчүн Раззаков жетим бала болчу. Анан кийин аны билим берип, тарбиялап, дароо эле аны чоң бийликке салып койду. Ал таза болгондуктан таза иштеп кете алды.

К. Иманалиев: Жок, аны бийлик, система тарбиялап атпайбы. Азыр система жок да. Азыр ар кимибиз өз киндигибизди өзүбүз кесип чыгып атпайбызбы. Саясатка кайдан келип атышат? Спорттон, бизнестен келип атышат. Мисалы, Усубалиевден эч качан бизнесмен чыккан эмес. Ал өмүр бою мээси, аң-сезими, жүрөгү менен мамлекет деп өткөн. Эки эле нерсе да, айырма, бизнесте жеке пайданы көздөө, саясатта мамлекеттин пайдасын көздөө керек. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Мына, Трамп – дүйнөдөгү миллиардер, келип алып эмне болуп атат.

С. Шер-Нияз: Мен башка мамлекеттерге көз артпайм. Бул менин патриоттуулугумдан эмес, анализдин күчтүүлүгүнөн деп ойлойм. Ошол эле Россияга барганда алардын башка улуттарга болгон мамилесин көргөндө ойлуп калам: чабал, өзүн өзү жок кыла турган улут гана ошондой аракет кылат. Кыргыз эмне үчүн бир кезде күчтүү болгон? Кыргыздын кээ бир урууларын карап келсең, алардын улуту кыргыз эмес. Кыргыз – бул курама. Орустар да улуулугунан татарларды, азияттарды, баарын кошуп, улуу орус деген улутту жаратып алган. Орустун мыкты генийлерин жакшылап казып көрсө, ар бир үчүнчүсүнүн түбүнөн кыпчактын, татардын, кыргыздын генин табасыз. Улуулугу ошондо болгон. Азыр алардын башка улутту кемсинткен иш-аракетин көргөндө мен кейийм. Ал улуттун төмөндөп бараткандагы белгиси. Таптаза улут дүйнөдө жок. Аралашып калганбыз чынында. Болгону улут деген кармай турган өзөгүбүз экен, ошол нерсеге байланып аткандагыбыз. Кыргызстан менин ой жүгүртүүмдө – бейиш жер. Бизге аз гана нерсе жетпей туру. Азыр саясатчылардын камалганын проблема кылып аткандырбыз. Бирок мен мындай ойлойм: түрмөгө жатпаган саясатчы саясатчы эмес. Саясатчы болом дегенде түйүнчөгүңдү түйүп, тиш жуугучуңду даярдап коюшуң керек. Ошон үчүн айтып жүрөм, мен саясатчы эмесмин деп.

Саясатчы ал жакты да көрүп чыгышы керек. Андан анын авторитети түшпөйт, жогорулайт. Мисалы, Текебаев жөнүндө азыр бул жерде жүргөнүнөн көбүрөк публикация чыгат. Мен кечээ күнү жолугуп келдим, отуруп сүйлөштүк. Бирок мени менен сүйлөшкөн ал кишиге аябай эле кызыксыз болсо керек. Саясатчылар арасынан мени менен негизи Каныбек эле сүйлөшөт, дурусурак. Мен чыгармачыл адам болгондон кийин саясат жөнүндө сүйлөнгөндө жиним кайнап, көңүлсүз болуп туруп кетем. Болот байкем менен да ашып кетсе 5 мүнөт сүйлөшөм. Мына Каныбек менен Олжобай билет анымды, Бокенин жанынан саясат жөнүндө сөз козголгондо туруп кетип калам.

К. Иманалиев: Боке саясатты мени менен сүйлөшөт.

С. Шер-Нияз: Мага караганда саясатта бу жакын Бокеңе. Бийигирээк карай турган болсок, бирөөлөр түрмөгө отурганынан трагедия жасабаш керек. Бирок бир тараптуу отургузуп атканы кыйын болуп атпайбы, ошол жаман. Отургузсаң өзүңдүн партияңдан да отургуз. Бир эле партия аппак болуп калабы? Андай болушу мүмкүн эмес! Биз баарыбыз пендебиз. Ал эми партия лидерин Текебаевди Маевскийдин оозеки көрсөтмөсү менен эле отургузуп коюшту. Текебаевден кийин да партиянын тың чыкмаларына иш козголуп, сот аркылуу мандатынан ажырканы туура эмес көрүнүш. Эл буга олку-солку түшүнүктө болушу мүмкүн. Олку-солкулук мамлекетти, коомду өстүрбөйт. Мисалы, бир адамга зыян кылгың келсе, барып эле айтып кой, жакында мен сага миң доллар берейин деп жүрөм деп. Болду. Ошондон баштап сиздин миң долларыңызды уктабай күтүп баштайт, уйкусу бузулат. Качан берет эми, чалабы, антеби-минтеби деп. А сиз аны жөн эле бир 6 айга деградация кылдым деп коюңуз. Бул – олку-солкулук. Адам деген ишеним менен жашаш керек. Коом ишеним менен жашайт, мамлекет ишеним менен жашаш керек. Мобу туура, мобу туура эмес, биз бир жылдан кийин буга жетебиз, беш жылдан кийин буга жетебиз деп. Президенттин биринчи урааны момундай болушун каалаар элем: мен президент болгон күндөн баштап мурунку кылмыш иштерин кайта карасам, мурдумду кесип берейин. Ушинтип айтышы керек. «Болду. Токтотолу. Келечекти карайлы. Бүгүндөн баштап, мына айттым силерге, мамлекеттин бир тыйынын алсаңар, кечирим жок, камайм, жазалайм, атам, жок кылам», — деп. Анткени биз каза баштаганда эле келечекти карабай, келечекке аркабызды салып алып атпайбызбы. Артын карап, артын казып аткан коом эч убакта алдыга жылбайт. Аны тарыхчылар казышы керек. Казганды тарыхчылар казышсын, а саясый жол башчы алдыга жүрүшү керек. Мына азыр элестетип коюңуз, Америкада индеецтерди кырып, геноцид кылган ким, тарых алдында жооп берсин деп казып атат деп коёлу. Же алардын граждандык согушунда ким кайсы тарапта болгон, ошону казып атат деп коёлу. Ошондон алдыга жылабы Америка? Ооба, ал кезде адамзатына болгон оңбогондой чоң кылмыштар болду. Элди кырышты, ошолордун жерин тартып алышты. Ошол эл, ошол индеецтер азыр жашап атат, туурабы? Андан кийин эки жаат болуп согушушту, граждандык согуш болду. Канча адам кырылды!? Бирок анан Линкольн айтты да: “Эч кимге кек сактабай, баарына боорукердик көрсөтүп, солк этпеген ишеним менен Теңир бизди үйрөткөн жакшылыкка, башталган ишти аягына чыгарууга болгон күчүбүздү жумшайлы. Улуттун жараатын таңалы, күрөштүн жүгү кимдин мойнунда болсо, ошолор үчүн, алардын жетимдери жана жесирлери үчүн кам көрөлү. Адилеттүүккө жана туруктуу тынчтыкка өзүбүздө да, башка өлкөлөр арасында да ээ болуу үчүн бардыгын жасайлы” (Авраам Линкольндун экинчи инаугурациялык сөзүнөн — С.Ш.). Ушинтип баарына чекит койду да, Американы жаңы багытка алып жөнөдү. А бизде болсо эртең бирөө чыгат, казыш керек оногу 386 млнду, тиги-бу деп. А келген саясый партия өз тарапташтарын жөн коюп, душмандарын казып баштайт.

К. Иманалиев: Шайлоодо тиякка иштегенсиң деп.

С. Шер-Нияз: Түшүндүңүзбү, ким каршы иштеген болсо… Бул мамлекетке зыян келтирет. Ошон үчүн токтотуш керек куугунтуктоону. Бекеринен көп улуу державалар амнистия жарыялабайт, билесизби?

Ж. Кадыров: Ак мышык болобу, кара мышык болобу, чычкан кармаса болду дегенди мен 14-жылы түшүндүм.

С. Шер-Нияз: Жанагы айтылган сот системасын оңдоп туруп эле алдыга кетиш керек. Артка кылчайгандан пайда жок. Кээде казганда мен катышпайм. Баланчанчы жылы приватизация болгон бала бакчаларды кайтарыш керек деп… Ой буууй… бир ай жүрөбүз ошентип…

Ж. Асанбек: Алар майда-чүйдө эле болуп калбадыбы. А ТЭЦчи? «РусГидрого» 37 млн доллар карыз болдук. 386 млн долларды биз 600 млн кылып төлөйт экенбиз. Дагы жакшы «Лигласстан» аман калдык. А бул карыздарды ошол келишим түзгөн, аткарган аткаминерлер төлөбөйт да. Аны карапайым эл төлөйт. Эртең айтып чыгышат, ТЭЦ болбой калганы калды, жылуулукка бааны кымбаттатыш керек деп.

С. Шер-Нияз: Мен жаңы келген президенттин багыты ушундай болсо деп атам да. Жаңы келген жол башчы өз багытын, программасын айтат да элге. Мен ушинтип айтмакмын, мына ушул күндөн баштап, болду, токтотобуз, биз алдыны көздөй барабыз демекмин. Биздин президенттин келгенине көп болду. Бир жол лидер чыгып ушундай сөздү айтыш керек да. Биз башкача жол менен кетишибиз керек. Караш керек, биздин менталитетте эң баалуу эмне? Мисалы, жоокерчилик. Кыргыз дайыма жоокер болгон. Бизде жоокерчиликти көтөрүү программасы кандай? Жокко эсе. Ошондой улуттук карманган нерселерди карап туруп, ошондон башташ керек. Бир иллюзия бар, ошондон баш тартышыбыз керек, мына, Сингапур мына Гонконг өсүп кетпедиби. Биз деле антип өссөк болот. Оңой эле, анда биз баарына айтышыбыз керек, Кыргызстан баарыңар Бишкекке көчүп келгиле дешибиз керек. Жалалабадыңды ташта, Ат-Башыңды ташта, Көлдү ташта, баарыбыз Бишкекке келебиз дейбиз. Бизде деле өсүү болот. Бирок биз Кыргызстанбыз да, биз ошол Баткенибиз, Көлүбүз, Ак-Сай, Арпа менен жашагыбыз келет. Кеп экономикалык өсүштө эмес. Кеп элибиз өзүн канчалык бактылуу сезишинде. Биз эч качан Гонконг боло албайбыз, антип жашай албайбыз. Биз Кыргызстанбыз, ошону туура түшүнүш керек да. Кайсы элди баштап барасың? Курулай убадаларды бербешиң керек. Бул нерселерди айтып отурган себебим, ушундай принциптерди туу туткандын тууралыгын «Айтыш» коомдук фондду түптөгөндөн көрдүм. Андан кийин ошол моделди кинематографияга алып келдик. Эки жак тең чынында жыйынтык берип өсүп чыкты. Жыйынтыгы бар да, көрдүңүзбү… Бул баягы кээ бир жаңы саясатка катышып аткандардын жөн эле өпкөлөгөн сөзү эмес. Канчалык жылдар менен, канчалык кажынып иштөө менен, материалдык коромжулуктар менен тажрыйбанын жыйынтыгы ушул сөздөр. А бул канчалык кабыл алынат, айта албайм.

Ж. Асанбек: Туура. Сиздин ишиңизди карап туруп мен саясатта, мамлекетте башаламандык болсо деле, өстүрөм деген киши маданиятты өстүрөт экен деп ойлойм. Бул жаатта Олжокеге да ыраазычылык айтсак болот. «РухЭш» менен ушул аракетти кылып келатат.

К. Иманалиев: Саке айтып атканда мага да илхом келип атат. Биринчиден, мамлекетти бир жылда өнүктүрсө болот. Өзбекстандын президенти бир тыйын акча короткон жок. 3 эле нерсени кылды: саясый репрессияны токтотту; генпрокурор, ИИМ, УККны отургузду; тышкы дүйнөгө визаны жеңилдетти. Бир жылда 100 млрд доллар инвестиция алып келди! Бул Кыргызстандын 50 жылдык бюджетине барабар. Бир жылда ушуну кылды. Кыргыз элинен айланса болот. 2011-жылы Кыргызстанда 1758 митинг болду, ойлосоңуз, бул эмне деген сан. Бирок бир да кыргыз айлыгымды жогорулат деп митингге чыккан жок, антип чыгыш кыргыз үчүн уят. Европада митингдин 99% айлык үчүн өтөт. Кыргыз айлык үчүн чыкпайт, намыс үчүн, акыйкаттык үчүн чыгат. Эми кээ бир дүжүр митингдер бар, акча таркатып уюштурулган, аларды эске албаганда, 30 жылда айлык үчүн митингге чыкпаган элден айланса болот. «Комсомольская Правдага» Кыргызстанда эмне бренд боло алат деген суроого иликтөө чыгыптыр. Кыргызстанда дүйнөдө жок эмне бар? Арстанбаптагы жапайы жаңгак токою дүйнө жүзү боюнча жалгыз экен. Биз эгерде аны сактап калуу боюнча мыйзам кабыл алып, мейманкана сала турган болсок, бүт дүйнө келет. Жапайы жаңгак токою деген бул жомок да. Экинчи, ушунча коррупцияланган өлкө болуп туруп, бактылуулук тизмесинде 31-өлкө экенбиз. Европанын кайсы өлкөсүнөн болсо да бийик экенбиз. Себеби бизге материалдык комфорт эмес, жан дүйнө комфорту маанилүү. Артка тарткан эмне? Үчөө. Биринчиден, мыйзамдуулук боюнча тээтиги Доминика, Мозамбиктен да ылдый түшүп кеткенбиз, Гвинеяга теңелип калганбыз. Алар токойдо жашаган жапайы эл да. Тактап айтканда, укмуштай керемет жер, кең пейил эл, бийликтен гана жолдуу эмеспиз. Ошону азыр президентибиз айтпадыбы, укук коргоо органдары, сот органдары коррупциялашып кеткен деп. 100% кошулам. Бирок «Ата Мекенден» бир дагы адам, министр, жогорку сот, генпрокурор тургай, кароолчу болуп да мамлекеттик кызматта иштебейт. Анда ким күнөөлүү? «Ата Мекенден» айыл өкмөтү жок, аким жок, министр жок. Жети жыл ким бийликте болду? Бүгүнкү кырдаал үчүн ким жооп бериш керек? 100% чындыкты айтты. Эми чечкиндүү, жигердүү чаралар менен иш кылып баштаса, кош колдойт элек. Себеби Кыргызстандын диагнозу бул – үч коркунуч бар: биринчиси, мамлекеттүүлүк азайып баратат. Азыр Бишкектеги буйруктар райондорго жетпейт. Ак үйдүн тегерегинде эле. Президент Атамбаевдин программасы 26%га аткарылыптыр. Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүкү 10% аткарылган эмес. Аткарылбагандан кийин токтом, мыйзам эмне кереги бар? Мамлекеттин эффекттүүлүгү деген бар. Кээ бир өлкөлөрдө тоталитардык, ререссиялык режимдер бар. Бирок алар эффективдүү мамлекеттер. Мамлекет эмне айтса аткарылат. А бизде аткарылбай атпайбы. Бул эгемендикти жоготуу катары бааланат. Жер азайса, эл азайса – бул мамлекет азайганга барабар. Мыйзамдуулук азайса – бул да ошого барабар. Эң коркунучтуу, биринчи коркунуч ушул. Экинчиси, азыр эл көтөрүлсө, жалгыз гана сотко каршы көтөрүлөт. Себеби ушунчалык ачыгып турат. Бир бизнесмен ипподромдун жанынан 14 кишинин үйүн, 10 миң сом берем деп алдырып атыптыр, бирөөлөрдүн эптеп тапкан үйлөрүн. Үйүнөн башка байлык жок, карапайым эл экен. Бирөө да аткаминер эмес. Бул белги боло турган нерсе. Үчүнчүсү, жакынкы жылдарда Кыргызстан Орто Азиядагы эң динийлешкен, радикалдуу динийлешкен өлкөгө айланат деп атабыз. Ошолор мамлекет тарабынан жөнгө салынуунун ордуна, мамлекет менен ийиндешип, колдоо көрүп, түшүнүшүп атышат. Дин ыйык, мусулман дини ыйык. Бирок саясаттын жолу, мамлекеттин жолу өзүнчө, диндин жолу өзүнчө. Дин бул – руханий чоң ишеним күчү. Дин менен саясат аралашкан өлкөлөрдө Азия, Африка, Араб өлкөлөрүндө согуш бүтпөй атпайбы. Ушул үч нерсе азыркы күндө мамлекетке коркунуч алып келе турган нерсе деп баалайм. Тактап кетейин: биринчи, мамлекеттик институттардын такыр алсызданышы. Азыр айыл өкмөтү болуп, аким болуп ким гана келген жок. Эч билимсиздер келип атат. Экинчиси, соттун акыйкатсыздыгы, сот элди коргогон эмес, кордогон органга айланып барат. Үчүнчүсү, диний радикалдуу күчтөрдүн саясатка жулкунуп атышы. Келе турган коркунуч бар. Эгерде аларды азыр саясый аренага койсо, КСДП, «Ата Мекен», «Республика» – баары утулат, алар биринчи орунга келет. Алардын артында колдой турган чоң күчтөр турат Араб өлкөлөрүндө…

Ж. Асанбек: Мамлекеттүүлүк азайганы тууралуу айтпадыңызбы. Ооба, парламентти 120 депутат түзүп турса, чындыкты айткан 5 депутат. Анан албетте, алардын сөзүнөн жыйынтык чыкпайт. Ошол депутаттарга абдан ыраазыбыз, чындык айтылып калып атканы үчүн. Ушундай кырдаалда тайманбай чындыкты айтуу – чоң эрдик. Ошонун айынан парламент өз функциясын аткарган жок, өкмөт деле, сот деле, үч негизги бийлик бутагы тең аткарган жок. Ушул башаламандык 2010-жылдан бери ого бетер өрчүп кетти. Ошол күчөп атканда мамлекет башында турган адам – Атамбаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда бала-чакасы менен мамлекеттин каржылоосунда отурат. Биринчи кезекте акыйкат сот керек деп айтылды. Ага биз кантип жетишебиз эми? 2005-жылы ошол аракетти кылганбыз да, эмне үчүн ийгилик болгон жок, эмнеден жаңылдык? 2010-жылы деле ошол аракет болгон, натыйжа жок, анда эмнеден жаңылдык? Акыйкаттык түзөбүз деп аракет кылып атып, кантип жаңылып Атамбаевди шайлап алдык? Эл арасында мына ушундай суроолор көп. Азыр кандай болуш керектиги абдан жакшы айтылып атат. Бирок кантип? Эмне кылыш керек?

К. Иманалиев: Биринчиден, конституциялык орган бар. Эл шайлаган, легитимдүү, эл аралык коомчулук тааныган, ант берген, реалдуу президент бар, ал – Сооронбай Жээнбеков. Ал эки эле нерсеге милдеткер: конституцияга жана элге. Башка эч нерсеге милдеткер эмес. Досуна да милдеттүү эмес. Президент өз функциясын так аткарса, баары бир бул парламентке үмүтүм чоң. Каалайбызбы, каалабайбызбы, жаман көрөбүзбү, жакшы көрөбүзбү, ушулар келди. Саясый ордо – парламент болушу керек. Мурунку чакырыкта, 2010-жылы келип, биз саясый вазипабызды аткардык. Бир да легитимдүү орган жок эле, баарын легитимдештирип бердик: сотторду, мэрди, президентти, парламентти. Бүт ошондогу жаңы конституциялык мыйзамдарды өткөрдүк. Ошондо бизди тышкы дүйнө парламенттик демократия катары тааныды. Отунбаева президент болду, андан кийин Атамбаев келди. 2015-жылга чейин Кыргызстан өнүгүү жолунда болду. Мен Атамбаевдин 2015-2016-жылга чейинки кызматын оң эле баалайм. Себеби ошондо конституциялык мыйзамдар, чоң инфраструктуралык долбоорлор, эл аралык коомчулук бизди парламенттик республика катары тааныды. Биз артка 2016-жылда конституцияны өзгөртпөдүкпү, ошондо кеттик. Себеби соттор да ошондо башталды. Анда биз ротация системасын коюп койдук. Мисалы, мен Бакиевдин учурунда оппозицияда элем. Бирок сотто утуп чыккам. Себеби алар сотту азыркыдай көзөмөлдөчү эмес. Сот өмүр бою же он жылга шайланчу. Азыр конституцияны мындай кылып коюшту: ротация, 1-Май райондук сот мунун айтканын аткарбаса, эртең эле Алайга жумшап иет, 6 айдан кийин эле. Ротация деген сотто болбош керек. Ротация деген дүйнөдө сот системасында жок. Атургай өкмөт менен парламентти соттошсо сотко барабыз. Сот бизден бийигирээк турат. Мамлекеттин өзөгү – сот. Мисал үчүн, 2005-жылы биз ошол окуянын так чордонунда жүрдүк. Президент кетип калды, премьер жок. Жаңы парламент менен эски парламент соттошуп атат. Сотко барып биз баарын иреттедик. Ошондо түшүндүм, парламент келип кете берет экен, өкмөт келип кете берет экен. Мамлекеттин өзөгү бул – сот. Ошон үчүн сотту өмүр бою шайлайт экен да, сен саясый абалдан көз каранды болбо, жаңы келген президенттен көз каранды болбо деп. 2016-жылы конституцияда ротацияны киргизүү менен сот системасына көр каздык. Эми аны оңдомоюн, сотту оңдош кыйын. Азыркы соттор саясый киллерлерге айланып калды. Болбосо 30га жакын оппозицияны соттоп, символ үчүн бирөөнү уттуруп койбойбу жок дегенде. Анан алган жылдары – 8, 12, 16. Дастан Сарыгуловду мамлекеттик төңкөрүш кылуучу адам деп баалап атышат. Ал эки балдак менен жүрөт. Ак үйдүн темир коругунан ары өтө албайт, аскери жок, мылтыгы жок. Андай болсо, Олжоке эртең улуттук банктын акчасын уурдаш керек деп айтып койсо, ошол сөз үчүн камап койсо болобу? Айтпай туруп уурдаган киши кылмышкер эмес, айткан киши кылмышкер экен да. Соттун чечими ошода. Булар президентти кетириш керек деп айтыптыр да. Үчөө отурганда Талгарбеков айткан экен, кетириш керек деп. Жанында Марат Султанов менен Койлубаев отуруптур. Булар да башын ийкесе керек да. Марат Султанов унчукпаптыр, башын ийкеп коюптур. Башка көрсөтмө жок. Ошону кетириш керек дегени үчүн 14 жыл түрмөгө отурат. А киши өлтүргөн киши 17 жылга кесилип, бир жылдан кийин келди. Ошол калыстыкпы? Бул эч бир логикага, мамлекеттүүлүккө, цивилизацияга, уят-сыйтка сыйбайт да. Бектур Асановго жолуктук, ал айтып атат, президенттен кечирим сурап кат жазып кел, актайм деп айтты дейт тергөөчү.

Эми кантип оңдош керек деген суроого жооп берейин. Кытай жаңы мамлекет болгондо Конфуцийден сураган экен. Кантип мамлекетти оңдош керек деп. Мугалим– мектепте, врач – ооруканада, дыйкан – жерде, мамлекетте атка минерлер, таза, акыйкат, мыйзамдуу кызмат кылыш керек дейт. Ишти конституциялык орган ар бири өз вазипасын аткарыш керек. Аткарбагандар отуруш керек, кызматтан кетиш керек. Азыркы парламентте, Сакем билет, партиялуулук деген убактылуу экен. Эки жылдан бери көрдүк. Бир пикирлештерди чогулттук парламентте мамлекетти өзгөртөлү деген күч топтоп атабыз. Ал жакта Жанар Акаев, Алтынай Сулайманова, сот системасын жакшы билген Курманкул Зулушев, бизден Наталья Никитенко, Алтынбек Жунус уулу, Кенжебек Бокоев, Эмил Токтошев, Мирлан Бакиров деген мыкты спикерибиздин орун басары бар. Бир-эки отуруш өткөздүк. Айтып атабыз, биринчиден, басма сөзгө чабуул койгон мыйзамдын баарын кабыл албайбыз дедик. Адамды уруп кетип өлтүрсөң эң чоң айып пул 500 миң сом экен, а журналисттерге 10 млн сом болуп атат. Алар 10 млн сом чогултуш үчүн 300 жыл иштеш керек. Экинчиси, мындан кийин парламенттин канатын кескен мыйзамдарды кабыл албайбыз. Өз канатыңды өзүң кескениң логикага сыйбайт. Биз ошону референдумда кылдык да. Дүйнөдө Кыргызстанда гана эки адам вето кыла алат. Премьер да, президент да. Дүйнөдө ал королго гана берилген же президентке. Өзүбүз койгон премьер өзүбүздүн мыйзамды кайра кайтарып берет. Президент гана кайтарып бериш керек, аны эл шайлаган, бизден бийик турат. Премьер бизден төмөнүрөк турат. Аны койгон, калыптандырган бизбиз. Анын уюмдаштыруучусу бизбиз. Үчүнчүсү, чекит коюшубуз керек: укук коргоо органдарын саясаттан алыстатышыбыз керек. Ошондой мыйзам бар. Буларды деполитизация кылыш керек. Тажрыйбадан айтып берейин, мурунку парламентте мындай болду.

Үй-бүлөлүкпү же кландакпы, а балким дос, шоопур, жансакчы менен орногон режимби, баары бирдей, эгер алар бир эле топтун кызыкчылыгын көздөп, антиконституциялык органды пайда кылса.

Кийинкиде экинчи отурумубуз болот. Бул – пикирлештердин клубу. Кирем деген баарына ачыкпыз. Ошентип бир күч болуп анан президентке айталы деп атабыз, мобу, мобуларды кылсаңыз, биз сизди колдойбуз деп. Реформа кыла ала турган балдар бар, бир да партияга мүчө эмес, эки-үчөөнү билем. Азамат Дыйканбаев деген бар. Премьер койсоң иштеп берет. Бирөө качып жүрөт, Эмирлан Төлөмырзаев деген жигит, азыр Индияда жүрөт окшойт. Реформаны эптеп кызматта отургандар эмес, фанатиктер кылат, мобуну кылам же өлөм дегендер кылат. Өзү дүйнөдө реформаторлор аз эле болот. Алардын эмгеги өлгөндө билинет. Грузияда реформа кылган министрдин баары азыр жумушсуз калышты.

О. Шакир: Жумадин жеке аракети менен басылма түптөп, чоң иш жасап жүрөт. Жумакеге да сөз берели, достор…

Ж. Кадыров: Саясаттын ичинде болбогондуктан, сыртынан эле байкоочу катары башкача көз карашты айткым келет. Кудай жакшылыкты берер алдында сыноолорун кошо берет да. Бир Акаев аксакалды берди, экинчи Бакиев аксакалды берди… Атамбаевди берди. Анан эми азыркысы кандай болот, азырынча баарыбыз күтүп атабыз. Бирок азаптан өтүп атабыз. Силер дагы парламенттеги иштерди көрүп, күйүп-бышып такшалып атат окшойсуңар. Сакем айтып атпайбы, саясатчы сөзсүз түрмөгө отуруп чыгыш керек. Түрмөгө отурбаган саясатчы ал саясатчы болуп калыптанып бүтпөй калат деп…

К. Иманалиев: Бул Атамбаев менен сүйлөшүп алып, Текебаевди отургузган окшойт…

Ха-ха-ха… (Баары күлүп калышты)

Ж. Кадыров: Эл чоң бир жакшылыкка, бакубатчылыкка жетиш үчүн кандайдыр бир азаптан өтүш керек экен. Болбосо ажырап калат экен. 17-жылы эле кейиштүү абалда болчубуз, Үркүндөн кийин. Келечегибиз эмне болот, бүдөмүк болчу. Андан кийин В. И. Ленин баштаган компартия камкордугуна алындык дагы, андан кийинки келген бакубатчылыкты баалаган жокпуз. Анткени андан кийинки келген жакшылыктарды, жыргалчылыктарды өз колубуз менен жасаган жокпуз. Москваны карап көнүп алдык, аткаруучу болуп калдык. Демилгеден ажырадык. Андан кийин 91-жылы эгемендик келгенде биз түшүнгөн жокпуз эмне болгонубузду. Кытайдагы кыргыздар сүйүнүптүр, биздин чоң мекенибиздеги туугандарыбыз азаттыкка жетти деп. Кадимкидей чоң салтанат болуптур. Биз болсо түшүнүп-түшүнбөй эле өтүп кеттик ошол учурду. Андан кийинки жашообуз экономиканы өнүктүрөбүзбү, рухий баалуулуктарыбызды өнүктүрөбүзбү, багыт алуу жок болгондуктан – чар жайыт кеттик. Адегенде Аскар Акаев сыяктуу кишини Кудай берди бизге. Демократия деп койду, бирок демократиянын башка формасын ал кишинин колу менен киргизип ийишти. Андан кийин диктатура дедик эле, диктатуранын жаман формасы болду. Негизи бийлик деген сөздүн чечмеленишине келсек, ал – бийлөө деген эле сөз. Элди алаксытуу, элдин алдына чыгып бийлеп бересиң…

К. Иманалиев: Анда биз парламент туура эле кылып атыппыз да, тайталаңдап. Ха-ха-ха… (баары күлүп калышты)

С. Шер-Нияз: Бийдин да ар кандай түрү бар да. Биздики стриптиз болуп кетти. Ха-ха-ха… (Баарыбыз кыйрап күлдүк) Бул жакшы анекдот болду бүгүнкү… Чындыгында 25 жыл майнапсыз жумушту эч бир кайратынан жазбай, эч бир сынып калбай аткарып келаткандарга таң калам. Мен мисалы, 5 эле жылдык майнапсыз жумуш аткарсам, бүткүл дүйнөм деградацияга учурамак. Өзүм менен өзүм болбой калам. Бул жашоого келгениме ыраазы болбой баштайм.

К. Иманалиев: Сакени премьер кылып алсакпы анда.

С. Шер-Нияз: 25 жыл майнапсыз экенин көрүп туруп, ошого бел байлаш деген эмне, асты түрмөгө отуруп, далай ушак-айыңды угуп… чынында кимиси болбосун эстеликке татыктуу.

Ж. Асанбек: Алар башкача боло албайт да.

С. Шер-Нияз: Чынында саясатчы болуш – асынып өлүп кала турган эле жумуш экен. Ойлосоң мына, парламенттик башкаруу кылгансыдык, бирок парламенттин түрүн көрүп атасыңар. Сот кылдык дейбиз, соттун түрүн көрүп атабыз. Өлкө өстү дейбиз, каяктагы өсүш?! Бизге Кудай берип, 14 жыл чалчактап жашадык, таза чалчактадык. Эгерде азыртадан баштап өзүбүздүн мамлекеттин коопсуздугун ойлонбосок, өтө кооптуу кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Бүгүн эл кыйналып атат дегенге кошулбайм. Ушуну бадырайтып жазып койгулачы. Илгери доктурга барарда айылда жалгыз бир кишинин машинасы болор эле, ошого жалдырап барып бензин куюп, жеткизчү, ошондо кыйналчубуз. А азыр иномаркадан көчөдө тыгын, ошол биздин мээбиздеги тыгын, аң-сезимибиздеги тыгын. Азыр каяктан кыйналып атабыз. Кыргыз элита үйлөргө кирди.

Ж. Асанбек: Элита үйгө кыргыздар мамлекеттик жакшы түзүлүштүн натыйжасында эмес, көбүнчө коррупциянын өскөнүнөн кирип атышат ко дейм. А коррупцияга аралаша албаган көпчүлүгү квартиралап эле жүрүшөт.

С. Шер-Нияз: Оюмду жыйынтыктап коёюн. Базар курдук, дүкөндөрдү, сауна, ресторандарды салдык. Көпүрө салганды унуттук, жол салганды унуттук. Аң-сезимге жол салганды унуттук. Анан эл кыйналып атат дегенди кээ бир саясатчылар бетине кармап чыкканы өтө акыйкатсыз болуп атат. Саясатчылар толук популистке айланды. Мен саясатчы эмесмин. Эмки шайлоодо келейин деген оюм да жок. Айылга барсам, туугандарым чогулганда мындай болуп атат, тигиндей болуп атат, сен айт дейт мага. Чынын айтайынбы же силерге жаккан сөздү айтайынбы десем, ойлонуп калышат. Чынын айт дейт бирөө. Чынын айтайын, анда уккула дейм. Төлөгөн салыгыңар канча дейм. 800 сом дейт жылына. Анан ошол 800 сомго эмнени сурап атасыз? Суу чыгарып бер деп сурап атасыз, жолду оңдош керек деп атасыз, транспорт жүрсүн дейсиз. Балдарым мектепте бекер окусун, дарылануу бекер болсун дейсиз. Милиция бекер болсун, бизди чегарада коргошсун дейсиз. Болгону 800 сомго! Суу үчүн жылына 57 сом төлөйт. Анан мен айтам. Кайсы акчага мамлекетти сактайбыз деп. Мен азыр сизге конокко барсам, кой соёсуз, туурабы дедим бирөөнө. Сен келсең соём да дейт. Коюңуз 6000 сом турат, дасторконуңуз 2000 сом. 8000 сомду коротуп атасыз магале. А сизди баккан мамлекетке жылына 800 сомду аяйсыз. А коногуңузга 8000 сом чыгымдайсыз. Анан бизде кайдагы мамлекет өнүгөт?! Мына ушул биздин мамлекет десем, ошондо гана ойлонуп калышат. А бизге жаккан сөздү кантип айтмаксың дейт бирөөсү. Оңой эле дедим, атыш керек, камаш керек, жеп бүттү мобу акмактар. Отургузуш керек жарымысын десем, бирөө унутуп калып кошула баштайт, туура, туура деп. Ха-ха…

Көрдүңбү, биздин проблема аң-сезимде. Биз өзүбүзгө жип машинага аябайбыз, мультимиллионерлер мине турган машианаларды минип жүрөбүз. Өзүбүзгө да анткени. Үйүбүзгө квадраты 1000 сомдон обой аябайбыз. Көчөдөгү асфальттын квадраты 600 сом эле турат. Ошол биздин корообуздун сыртындагы жыртыкты өкмөт кылсын дейбиз. Сууну өкмөт кылсын, жарыкты өкмөт кылсын. Өкмөттү ойлойбуз да, башка планетадан келгендер деп. Алар өзүбүздүн эле кишилер, биздин акчаны алар туура бөлүштүрүш керек. Ал маселеде, ооба, кыжаалаттык бар. Бирок азыр эң башкы проблема – эл менен өкмөттүн ортосу эчак ажырап калган. Андай мамлекеттин келечеги өтө опурталдуу. Азыр эл мындай болуп калган. Эмне кылсаң, ошол кыл. Баары бир жыргатпайсыңар. Келе, бер акчаңды. Ме, добушумду. Өкмөт дагы, эптеп буларды 5 жылда алдайлы, добушун алып алалы, анан саткайсарым. Ушул мамлекет өсөбү? Мына, Олжоке, өзүң жашап аткан «Ачакей» айылы жөнүндө айтып берчи. Биз баарын өзүбүз кылдык туурабы?

О. Шакир: Ии, биздин «Ачекей» айлыбыз Көк-Жар конушунда… шаар четиндеги өзүнчө шаар болуп келатат. Келгендер таңгалышат. Суктанышат абыдан. Сырты коргондолгон. Азыркыча айтканда вип городок десек да болот, бирок барыбир айыл деген жакшы угулат да, ошонүчүн «Ачекей» айылы деп койгонбуз. Кырк түтүндүн тегерегинде болот ко кийин. Жолубуз асфальт, аны ар бир үй-бүлө миң доллардан взнос чыгарып курдуруп алганбыз. Балдарыбыз мектепке барып келгенде чыла кечпейт. Көчөбүзгө жаркырап жанган свет тарттырып алганбыз. Түн ичинде карайлабайсың. Кышында сампарлап кар жааган учурда үйгө киргиң келбей, көчөдөле басып жүргүң келет. Капкайдагы бейбаштар келе бербесин үчүн шлагбаум койдуруп алганбыз. Айлыбыздын тургундары баарысын өз акчаларыбызга четинен кылып келатабыз.

Муну айтып аткан себебим, башкаларга мактаныч иретинде эмес, тек Кыргызстандын шартында башкаларга өрнөк болсун үчүн айта кетким келет. Себеби бүгүнкү күндө борбор калаабыздын шаардык статусуна туура келбей турган жаңы конуштар абыдан көп, жолдорун карасаң, бомба түшкөнсүп аң-чөнөктөр толтура. Көчөлөрү караңгы. Ошол караңгы көчөлөрдөгү кылмыштар канча. Көрсө, ар бир конуштун тургундары жамааттык ынтымак менен ортодо взнос чыгарып, сапаттуу жашоого шарт түзсө болот экен. Шаарчабыздын чарбагын гүлдөтөр идеялар менен жашаган Кубан Тойчубаев аттуу өтө креативдүү, жаңы генерациядагы жаш муундун өкүлү бар. Башында ал жигит взнос жыйнайлы деген демилге көтөрүп чыкканда көбүбүзгө жаккан эмес, а кийин трансформаторубуз бузулганда, суу насосубуз иштебей калганда взносту эмнеге чогултуш керектиги баарыбыздын мээбизге жетти. Көрсө, коңшу-колоңдор айына милдеттүү түрдө чогулткан взнос эсебинен эле айлана-тегерегибиздин тазалыгын, гүлдөтүп, жаркыратып өнүктүрүүгө жумшалат экен. Биз эч качан өкмөткө да күнүбүз түшпөй турган шартка ылайыкташып баратабыз.

А биздин элдин аң-сезими мындай да: жолубузду өкмөт курушу керек, аң-чөнөктөрүбүздү өкмөт толтурушу керек, себеби өкмөт биздин эсептен жашайт деген түшүнүк абыдан күч. А өчөйгөн өкмөтүбүз баарын кыйратып атсачы же. Анан биздин эл эмне кылат? Албетте, шайлоолордо добушун сатыш үчүн саясатчылар менен соодалашат: жолубузду салып бер, свет тартып бер, суубузду чыгарып бер. Мына, кыргыздын жашоосу ушундай бүгүн. А биздин айылда жашоо таптакыр башкача нукка түшүп калган…

С. Шер-Нияз: Биз өкмөттөн жардам күткөн жокпуз. Анткени башында айттым мен, өзүбүзгө өзүбүз татынакай жашоо түзүү үчүн өкмөттүн такыр кереги жок деп, адегенде асфальт жол куруудан баштадык көзгө көрүнөр ишти.

О. Шакир: Чындап келгенде бүгүн күркүлдөр жашаган жаңы конуштар толтура, баары заңкайган кансарайларды куруп алышкан. А көчөлөрүн карасаң, аң-чөнөктөн чалынасың. Караңгы көчөлөрүн, баткак жолдорун көрүп, ошолорго бооруң ооруйт. Эмне ошондой заңкайган үйлөрдү кургандан кийин өз жолуңду өзүң, өзүң жашаган жерди жарыктандырып алышка кудуретиң жетпейби?! Менимче, ошол бечералар да өкмөттөн бирдеңке күтүп, өкмөттүн эсебинен өз жашоолорун кургулары келишет. Биз мындай түшүнүк менен эч качан өнүкпөйбүз, жөнүкпөйбүз эй.

С. Шер-Нияз: Ошол асфальт саларда айттым, жүргүлө, мобу Көк-Жарды барып көргүлө деп. Азыр шаар четтеринде 100 миң долларлык заңгыраган үйлөр бар. Билишимче 25 жыл болуп кетти. Ушул жерге 50 жашта келгендер көз жумду. Ошол жерде төрөлгөндөр үй-бүлөлү болуп көчүп кетти башка жакка. Бирок көчөсү оңдолбойт. 25 жылдан бери күтүп отурушат, өкмөт кылат деп. 25 жыл чаң жутушту, 25 жыл балдар ылайда ойноду. Мээде өкмөт кылат деген нерсе кадалып калган. Анан жанагы популисттик партиялар барып алып добуш үчүн кылабыз, оңдойбуз, бүтүрөбүз, мектеп курабыз, бала бакча курабыз деп алдап келип, анан ошол убада менен барымтага алынып, же жыйынтыктуу мыйзам чыгара албай отурушат. Мээси бар саясатчы ойлонуш керек да, бүгүнкү күндө мектеп жетишсиз экенин. Бирок саясат үчүн мен сыйлаган депутаттар минтип чыгып атат: бала бакча курабыз. Чарбакер, мамлекет деген (государственник) киши ойлонуш керек да, мектептер толугу менен бүтпөй атат. Мектептер кайсы жерлерде курулуп атат бүгүн? Сөзсүз депутаттын, министрдин же бир чоңдун айылында. Жалпы, акыйкат мектепти бүтүрүп алалы биринчи, акчанын баарын ошого жумшайлы. Анан бала бакчаны баштайлы. Баягы депутаты жок, министри жок айылда дагы эле урайын деп турган мектеп. Ал эми депутаты, министри бар айылдар мектептүү болуп, эми бала бакчалуу болот да. Бул чарбакердик эмес. Бизде азыр сүйлөгөн сөзүбүз, кыймылдаган аракетибиз жалаң гана кыска мөөнөттө элдин добушун алуу, кыска мөөнөттө элге жакшы көрүнүү үчүн болуп калды. Мен уялам, депутаттар чыгып алып, муногу айылда мектеп жок дегенде. Бул – трайбализмдин үлгүсү. Сенин эле айылыңдын мектеби кыйналып атыптырбы? Мейли, ошол жерден сага добуш керек экен, бирок сен Кыргызстан жөнүндө ойлон да. Туурабы? Баарыбыз ушул добуштун курмандыгы болуп отурбуз. Элди алдаган оңой экен да, эмоциялуу жарым саат, бир саат сүйлөп, жетип койсо болот экен. Элди алдайбыз, анан эл бизди алдайт. Ортодо ажырым. Мындай мамлекеттин келечеги жок. 800 сомго мамлекет курулбайт эч качан.

Экинчи маек>>>>>>>>>>>>>

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *