Б.Кебекованын мындай деп жазганы бар: «Совет бийлиги учурунда Токтогулду көтөрүү үчүн аны орус революционерлеринин алкагында саясый көз карашы калыптанып, замана-заңдын өзгөрүшүн кыргыздарга ала келген революционер, орустар менен достошуу идеясын жайылткан инсан, өз доорунун жол-жобосунан, салттык эрежелеринен кол үзүп, ашта, тойдо ырдабаган, бай-манаптар, журт бийлөөчүлөрү менен алака түзбөгөн ашкере демократ, мусулманчылыкты түп-тамыры менен четке каккан атеист акын катарында мүнөздөө зарыл болгон. Өз учурунун идеологиясы акындын жеке турмушуна чейин өңүт алып, алган жары Тотуя да башкача жагдайда баяндалып келген»[1]. 30 – 40-жылдарда мына ушул нерсе – Токтогулду көтөрүү, аны башкача бир деңгээлге алып чыгаруу аябай керек болгон. Мунун пайдасын да көрдүк – Токтогул жарыяланды, изилденди, окутулду, зыяны да болду – акындын эң мыкты философиялык жана динди жактырган чыгармалары, элдик дастандары, инсандарды мактаган ода сыяктуу ырлары жазылып алынган жок.

Алардын ордуна Кеңеш бийлигин даңазалаган, «басмачыларды» басынткан, колхозго үндөгөн саясатташкан, «жасалма» ырлары пайда болду. Мисалы, жалпы калк олку-солку болуп, «ким – кимди» деген заман учурунда Токтогул дароо эле Совет бийлигин кабыл алып жатпайбы. Же Барпы менен айтышында «аракет кылган бирөө бар» деп атпайбы. Ал айтышуу 1915-жылы болуп атат (бул датаны 1904-жыл деген пикир да кездешет): «Мен улуу акындын үстүнө капыстан кирип баруудан тартындым. Жүрөгүм даай алган жок. Анын ырларын, наамын Эшмамбеттен уккан болучумун. Мени менен Кетмен-Төбөгө ээрчишип барган Далбай «мына бул Токтогул» деп көрсөттү. Анан ошондо Барпы «Болжолдоп чыктым Бостондон, насибим сага кошкондон» деп ырдап атпайбы, анан Токо өзүнөн жыйырма жашка жашыраак, отуздан ооп калган Барпыны сынап, ар кандай формаларда ырдап келатып эле:

Оңолор заман биздики
Оодарылып кылымдан.

Кутуларбыз жарк этип,

Куруттай эзген зулумдан.

Жаркырап бизге таң атар
Жамандар бизден адашар.
Кабарын уккам, түшүнөм,
Аракет кылган бирөө бар.
Айтайын десем ашкере,
Чыгарбайт азыр турмуш тар,
— деп саясатташып кетип жатпайбы. «Аракет кылган бирөө» ким? Ошол 1915-жылы «бирөө» бар беле? Бирөө эмес, аракет кылган миң эмес беле, а түгүл 1917-жылдын өзүндө эле эки революция (Февраль, Октябрь) болуп кетпедиби? Бул сап кийин В.И.Ленин жеңип чыккандан кийин кошулган болуу керек. «Абаңдын айткан ырларын, алтындай сактап түйүп ал…, айланып элге айта жүр агаңдан уккан сөзүңдү» деп атпайбы Токобуз жасалма сүйлөп. Бул ырдын жогорудагы саптары жасалмабы? Болушу мүмкүн. Ал ырды Барпынын өз оозунан жазып алышкан. Андай болсо Барпы кошуп жатабы, эгер кошулса.

Кызыгы бир эле ырды Барпы өзү эки вариантта Т.Байзаковго айтып берген экен. Кошулса, ошондо кошулушу мүмкүн.Жок дейт барпытаануучу К.Даутов бир катар адистердин (Т.Үмөталиев, Ж.Таштемиров, С.Закиров, М.Борбугулов, Ш.Абдыраманов ж.б.) Барпы менен Токтогул 1915-жылы учурашкан деген пикирин (анын ичинде өзүнүн да ошентип жазганы бар) жокко чыгарып жана М.Богданованын 1946-жылы 11-августта Барпынын өз оозунан жазып алгандарына таянып, Керимбай болуштун энеси Сайкалдын ашында (а бул аш 1904-жылы болгон дейт) биринчи жолу кезиккендигин белгилейт. Ырдын башы «Эшиктен келди бир бала» деп башталып атпайбы, 1915-жылы Барпы кайдагы бала болсун?[2].

Андай болсо 1904-жылы андан бетери «аракет кылган киши» тууралуу айтпашы, билбеши мүмкүн. Ушундай эле ыр «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду». Көп жерде сөз кылып келе жатпайбызбы, Ж.Бөкөнбаевдин «Токтогулдун өмүрү» деген очерки жөнүндө, дал ушул ыр тууралуу кеп кылуу менен ал чыгарма финалына жетет. Бирок бул ыр качан, кандайча ырдалгандыгы Жоомарттын ошол жазганында учурабайт, ырды жалпысынан жогору баалап, «улуу жол башчыга арналып ырдалган дүйнөдөгү эң сонун ырлардын катарына кирет»[3] деп айтат. Ошол дүйнөдөгү лениниана темасындагы эң алгачкы «эң сонун ырды» ким жараткан: Токтогулбу, Жоомартпы, же Токтогул – Жоомарт тандемиби? Катаал, бирок керектүү суроо. Жок эле дегенде кийинки муундар алдында жүзүбүздү жарык кылып алуучу суроо. Мындайларды бизге чейин эле байкашкан, айтып келишкен. Болгондо да Аалы Токомбаевге окшогон акындын мурасын жыйноо ишине түздөн-түз катышкан, ал гана эмес жетекчилик кылган адамдар айткан.

Токтогул Сатылгановдун өмүр таржымалына, адабий бейнесине калпыс кошумчалар, аны «тазалоо», фактыларды жаап-жашыруу, бай-манаптарга таза эле каршы турганы, атеистиги ж.б. сапаттары жасалма болгондугун ал киши өткөн кылым ортосунда эле жазып чыккан[4]. Ошого удаа эле бул ойго дагы бир интеллегент жазуучу К.Маликов кошулуп, басма сөздө «Улуу акындын мурастары туура жыйналсын» деген ураан менен чыккан[5].

Эгер «…Лениндей уулду» ырдалган болсо, качан ырдалды экен? Тарыхка бир назар: 1919-жылы Кетмен-Төбөнү Калкожонун 700дөй жигиттери басып алат, ошондо Олуя-Атадан (азыркы Тараз, мурдараак Жамбыл) Литвинов командалык кылган 200 кызыл аскер келип, үч күн катуу уруш болот да, кызылдар жеңишке жетишип, Кеңеш бийлиги орнойт. Мамыт Ботбаевдин айтуусу боюнча Литвинов жергиликтүүлөргө жардам берген экен жана Муз-Төр болуштугунун элин жыйып, Ак-Жар деген жерде жыйын өткөрүп Керимбайды болуштуктан алып, ордуна чычкандык батырак Исмаил Чаловду, катчы кылып Мамыт Ботбаевди дайындап кетет. Кийинирээк Керимбай камалып, Олуя-Атага айдалыптыр. Ошол жыйында ырчы Токтогул да жүргөн экен[6]. Ыр ошондо ырдалдыбы? Бирок Мамыт Ботбаев неге ал тууралуу айтпады экен дейсиң?

К.Бобулов бул ыр 1918-жылы ырдалганын белгилейт[7], бирок оюн тарыхый материалдар менен коштобойт. Башка эмгекте[8] 1919-жылы деп айтылат.

П.Кушнердин 1929-жылы Москвадан чыккан «Горная Киргизия» деген китебинде Кетмен-Төбө саяктарынан чыккан, бир кезде болуш да болгон Керимбай Атахановдун сүрөтүн берет. Аябай эткээл киши экендиги көрүнүп турат. П.Кушнер ошол киши 1918-жылы же 1919-жылы Суусамырда балдарына арнап чоң той бергендигин, ага деп калайык калктан каражат чогултканын адабиятчы М.Рудов жазып чыгат[9]. Ага караганда 1918-жылы дале, 1919-жылы дале Керимбайдын дөөлөтү кетпептир, советтер аны толук «жеңе албаптыр», анан «Кандай аял тууду экен…» качан ырдалып жатат?..

Токтогул жана Анжиан козголоңу

Советтик мезгилдеги токтогуловеддер (Ж.Бөкөнбаев, М.Богданова, Ж.Таштемиров, Ш.Үмөталиев, Р.З.Кыдырбаева ж.б.) тие албаган дагы бир нерсе бар, ал акындын Анжиан көтөрүлүшүнө катыштыгы. Аны «ак жеринен» камылды деп жүрөбүз.

Чын эле ал окуяда Токтогул «ак» беле, же «кара» беле? Анда 1898-жылдагы Анжиан көтөрүлүшүнүн чыгуу себептерин карап көрөлү. 1895-жылдарда Түркстанга дин бузар Остроумов аттуу «миссионердин» ойлору таратылат, ал киши жаннат аймакты орусташтыруу ниетинде орус-тузем мектептерин ойлоп таап, мечит-медреселерге катуу сокку урат, жаамы мечиттерде жума намазындагы кутбаларда орус падышасына жана анын авладдарына атап тилебат кылууну талап этет, Курандагы «вал мушрикни» деген жердеги «мушрикни» деген сөздү кошпой окугула деп, «каапыр» деген сөздү такыр жолотпогула деп чыгат. Ажы зыяратына барууга тыюу салынат. Шаардыктарды келгиндер кемсинтип, салам айтпадың менен тепкиге алса, элеттиктердин жерлерин оторчулар ээлеп, жаңы поселкаларды куруп, аларды, мисалы Көк-Арт өрөөнүндө эски аттарын өчүрүп, Михайловка, Благовешенск, Димитровка, Николаевка, Гавриловка, Архангельск, Спасовка деп, Аксыда Успеновка деп аташып, ал жердегилерди тоого сүрүп, «туяк пулу», «чөп пулу», «ооз пулу», «кан пулу» дегендей ондогон алымдарды алып, мужуктар мурда мал жайылып жүргөн жерлерди ээлешип, ал жерге бал аарылардын жашыктарын коюп, кокус көнгөнү боюнча жергиликтүүлөрдүн малдары кирип барса, «штраф» дегенин чыгарышты. Келгиндер колбала арагын (самогон) чыгарып, мас болушуп, аял-эркеги чогуу дасторконго отуруп, таң атканча ырдап-бийлеп, улуу-кичүүнү барк албай, жарым жылаңач ылдый жактан эл иче турган суунун башына түшүп, пара дегенди үйрөтүп, кыргыздардын эшен, калпа, манап дегендерин да тоготпой…

Жалпы Фергана өрөөнү эки катмардан турган: биринчилер отурукташкан, б.а. кыштактарда жана шаарларда жашаган жумушчулар, дыйкандар, аларды сарттар дешкен, экинчилери тоо жакта, дале болсо көчүп-конуп жүргөн илетийалар (элеттиктер). Жогорудагыдай кыйноолордон улам акыры азап чегинен ашып, 1896-жылы Көк-Артта элетиянын элдери топтолуп, маселени толук чече албай Ийикчи эшенге бармак болушат. Арасында манаптар жана манапзаадалар болуп, бир гана талабы – мужуктардын эзүүсүнө каршы экендигин айтып даттанышкан. Ошол жерде Шадыкан баатырдын небересин өздөрүнө башчы кылып да алат. Жыйырма беш өкүл Миң-Дөбөгө эшендин астына келип, мужуктардын поселкаларына кирип, баарын ат менен бастырып кетебиз, биздин жаныбызга тийди, биз ээн-эркин жүргөн элбиз, эгер кечээ эле келип төрүбүздү талашкандар болсо алар менен кашык каныбыз калганча кармашабыз, сиз гана казатка уруксат бериңиз дешет.

Ийикчи (Дукчу) эшен ойлонду. Көпкө ойлонду. Намыстуу жигиттер бар экенине, тоолуктардын дымагынын күчтүүлүгүнө, жүрөктөрүнүн өлбөгөнүнө ыраазы болду. Бирок бул да кооптуу болчу. Орусия деген кылкылдап жаткан улуу дөөлөт, артында куралданган аскери бар экенин бу бир ууч атчандар ойлошмок беле. Андыктан да бир аз сабыр кылгыла, азыр убагы келе элек, баары бир Николай зулумунун кордугунан суурулуп чыгабыз, Алла ишибизди колдосо силер эле эмес шаардыктарды да үгүттөп бүт баарыбыз бирдей чыгабыз, газаватты бир убакта, бардык жерде бирдей баштайбыз дегендей насааттарын айтып жигиттерди тоолоруна кайтарды.

Бир жыл өтүп Кетмен-Төбө жана Көк-Арт өрөөнүнүн кыргыздары бир ашта миңдей жигит топтолуп, мужуктарга чабуул кылабыз деп Чыйбыл болуш менен казы найыбы Молдо Рахматилланын тегерегине баш кошуп, болгон куралын, союлдарын алып, буйрук күтүп даяр турушту. Каапырларга каршы казатта өлгөндөр шейит болуп, түз эле жаннатка түшөт деп молдолор айтса, акындар элди эркиндик үчүн күрөшкө үндөп жүрдү. Демек көтөрүлүштүн руханий лидерлери Мадали, же Ийикчи эшен болсо артынан, Алибек датка, Өмүрбек датка, Чыйбыл болуш, Баатыр миң башы Нармат уулу, Молдо Гайыпназар Артык уулу сыяктуу болуштар (волость башчылары), Арзыкул паңсат, Мухаммад Ибраим токсобо паңсат, казы Акмат молдо наиб Мырза уулу, Айтпай токсобо, айыл башы Молдо Касым амин, Сатыбай мырза ж.б. ири ишмерлер, кадыр-барктуу кишилер турган. Анын активдүү катышуучусу Кокон хандыгында иш башкаруучу, өзгөчө кадырлуу Зыйабидин максым болгон. Демек мына ушундай масштабдуу иш-чарадан Токтогулдун оолак калышы мүмкүн эмес эле. Ал гана эмес жалпы калайык калк каржылык жана аскердик жардам берип турган. Ошол кездеги Фергана өрөөнүнүн бийлик башчылары Токтогул сыяктуу өнөр адамдарын атайын өздөрү алып жүргөн.

Анан калса Наманган шаарынын төрагасы генерал-майор Лобавский болгон Убактылуу аскер сотунун 1898-жылдын 3-августундагы жабык отурумунун өкүмүнө негиз болгон күбөлөр Бактыяр 3-июнь күнү 20 чакты кыргыздардын ичинде Шадыбек калпанын жанында орустарга каршы кутумчулук уюштуруу үчүн акын Токтогул да болгон деп атса, Керимбай Атаханов, Чынаалы Беков да ал пикирди тастыктайт. Демек ошол учурдагы сөз менен айтканда кутумчулукка (заговор), азыркы сөз менен айтканда эркиндик үчүн күрөшкө Т.Сатылганов катышкан…

Бул окуя тууралуу О.Сооронов жазып атат: «Кетмен-Төбөдөн, Суусамырдан жигит даярдаганы келген Мадалы эшендин кишилери эң биринчи Токтогулга жолугушкан экен. Токтогул өзү минтип эскерет: «Мен жүгөрү сугарып атат элем. Анан бир жигит келип, Шадыбек калпа (сарттар уруусунан) (бир тактоо: сүргүн болгондордун документинде Шадыбекъ Хальфа Шир Газиев, киргиз, рода багышъ, 70 лет деп жазылат – М.А) чакырып атат деди. Үйүнө барсам, үч киши бар экен. Бири ооган, бири өзбек, дагы бири ирандык окшойт. Мени бөлүп, бир боз үйгө киргизишти да жаңы кийим кийгизишти. Кийим мага өлчөп тигилгендей чак келди. Өмүрүмдө биринчи жолу өзүмө ылайык кийимди кийишим. Боз үйдүн жанында бир жакшы ат турган экен, ошого мингизишип, жанагы үч киши менен Алексеевкага, дүкөн иштеткен намангандык өзбектин үйүнө келдик. Түн бир оокумга чейин биздин жерлерди орустар басып алгандыгы, аларды кантип кууп чыгыш керектиги жөнүндө сөз болду. Палоо желип бүткөндөн кийин колума комузумду алып, ырдамакчы болдум эле, жанагы үч кишинин бири «ырды коё туралы, бул жерде өтө олуттуу маселе талкууланып атат» деди.

Тиги үч кишиде ар кандай китептер, баракчалар бар экен. Ошолорду «кантип таратабыз» деген маселе коюлат. Бири «Токтогул таратсын» дегенде Шадыбек калпа: «жок, сен тарат, бул жерде көп киши менен аралашып жүрөсүң, көбүн тааныйсың» дейт дүкөнү бар өзбекке. Анан жума намаздарда, эл көп чогулган жерлерде жанагындай сөздөр айтыла баштайт да. Токтогул «Акмат, Дыйкан алдамчы, Атакан, Миңбай жалганчы» деп ырга кошкон «Беш камандын» бири Атакан ошол жерде болуш экен. Атакандын жигиттери «Токтогул да көтөрүлүшчүлөрдүн арасында жүрөт» деп айтып келишет. Токтогул көтөрүлүшкө түздөн-түз катышкан эмес, аякка жеткен да эмес. Биздин колдогу документтердин биринде да анын көтөрүлүшкө катышканы тууралуу маалымат жок. Сүргүнгө баары болуп 64 адам айдалат. Ошолордун ичинен эң көбү багыш, сарыбагыш, анан сарттар»[10].

О.Ибраимовдун жазганы мындай: «Совет заманындагы тарых илими Токтогулдун биографиясындагы айрым маанилүү фактыларды абдан эле бурмалаптыр. Биринчиден, улуу ырчыны «Заман агымы» деп аталган Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылычтардан жасалма түрдө бөлүп карап жүрүппүз. Жок, нака заманист, орус оторчулугуна каршы сөзү менен эле эмес, иши менен каршы чыккан, 1898-жылкы Анжиан көтөрүлүшү деген көтөрүлүшкө түздөн-түз катышкан ырчы Токтогул Сатылганов экен. Ага катышуусунун негизги себеби – орус бийлигинин кыргыз калкына көрсөткөн чектен тыш залимдиги, ачыктан-ачык кордогону жана жергиликтүү бай-манаптардын кош бийлиги болуптур. Бала чагынан бай-манаптарды, «эл жегенге жардамчы» эшен-калпаларды, төбөлдөрдү жек көргөн Токтогул Анжиан көтөрүлүшүнө чын ишеними менен катышканын өзү да Н.С.Ладушев деген орус интеллигенти менен сыр чечишкен убагында, 1928-жылы ачык айтып бериптир. Бул тууралуу документ Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазма фондусунан жакында табылып отурат»[11].

Демек, пикирлер ар түрдүү, маселе дагы да көп нерселерди тактоону талап кылат. Бирок бир чындык бар – Токтогул эл турмушун, орус оторчулугун айтып ырдаган, ошонун өзү калкты күрөшкө чыгууга шыкак берген. «1928-жыл 28-ноябрь Жалал-Абад кантону, Кетмен-Төбө волосту, село Алексеевка» деген дата жана дарек турган Токтогулдун өзүнөн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик планынын адис-агроному Н.С.Ладушев жазып алып, О.Сооронов жарыя кылган дептерде айтылган боюнча Кетмен-Төбөдө Намангандан келген соодагер Төрөхан Арифбай Агалаковдун дүкөн-үйү болгон экен. Токтогул ошол үйдө биринчи жолу 1897-жылы аердин ээси менен таанышып, Фергана өрөөнүндө көтөрүлүш чыгарып, бай-манаптардын жана падыша чиновниктеринин бийлигин тартып алып, ири, күчтүү мусулман мамлекетин (калыйпалык) кура тургандыгыбызды уктум жана ошол үйдөгү жолугушуу менин өмүрүмдө бурулуш жасады деп айтып атат. Кетмен-Төбөдөгү көтөрүлүштү даярдоо тобуна төрт киши кирет: алардын бири Төрө Бешкемпиров, бири жогорудагы сарт (өзбек) Төрө болгон, демек, эки окшош ысымдагы адам тууралуу айтылат Токтогулдун 30 жылдан кийинки эскерүүсүндө. Аларга ооган, фарсий, өзбек улутунун өкүлдөрү да келип турган. Сөз жок, алар көтөрүлүштүн жарчылары, Мадали эшендин өкүлдөрү болуп атпайбы. Андан ары О.Соороновдун жогорудагы акындын эскерүүсүн интерпретациялаган текстине назар салалы: «Мадали эшендин өкүлү болгон өзбек адамы кебин дагы улантып келип, араб тилинде кырмызы кагаздагы жазууну окуганын, ал абдан узак экенин, бирок башталышы менен аяк жагы аликүнчө эсинде калганын айтат Токтогул».

Баш жагы мындай экен: «Ааламдын жана бардык жакшылыктардын ээси Аллага жана анын жердеги элчиси Мухамметке, үй-бүлөсүнө, бардык максатташтарына мактоолор болсун!», — деп башталып, андан соң эшендик (свяшенное приемство) Азирети Мухаметтен Азирети Сыдыкка өткөнүн, андан султанга өтүп, ал Касымга бергенин, андан Сыдыкка, Баязитке, Хасанга, Алиге, Юсупка, Жахан кожого, андан ары гомодонго, хоженттикке (гуджанскому), калпа Мухаммед-Али миң-төбөлүккө келди (Мадали эшен – М.А.)». Өкүл акыркы ысымды кайра-кайра айтып токтолот да, баракты ороп, терең дем алып, отургандарды кыдырата карап чыгып, «Ушундан кийин Мадали хандын Түрк султанынын Ферганадагы орун басары экенине, ыйыктыгына, тапшырмаларына, буйруктарына күмөн саноого болобу?», — деген суроону коёт.

Ушундан соң мейман туруш болуп, он-он беш мүнөттөн кийин меймандарга бешбармак тартылат. Түн бир оокум болуп баратса дагы тамактан кийин Кетмен-Төбө менен байланыш, Кетмен-Төбөдөн кимдер көтөрүлүшкө катыша алат, кимдерден этият болуу керек, жергиликтүү жана падышалык администрациялардан бул жерде кимдер жана качан болушат, кимдер менен кандайча байланышат ж.б. маселелер туурасында өтө этияттыкта сөз жүрөт.

Андан ары Ферганада турмуш-ахвал өтө начарлап баратканын, менчик жерлер тартылып алынып, пахта аянты көбөйтүлгөн менен баасы арзандап, сырттан келчү дандын баасы арзандап, дыйкандар итке минип калгандыгы жөнүндө, Алланын үйү болгон мечиттерди тартып алып, соодагерлерге сатып, ажыга барууну да тыя баштаганы жөнүндө узак жана ачуу сөздөр ортого салынат»[12].

Эми ушул Токтогулдун эскерүүлөрүнө дыкат назар салып көрсөк:

Биринчиси, Кетмен-Төбөдө ооган, фарсий, өзбек улутунан келген үгүтчүлөр, Мадали эшендин өкүлү болочок көтөрүлүш тууралуу кеңеш курганда элге баарын ашкере кылбашы, бул иш жашыруун, айрым гана өтө ишеничтүү адамдардын катышуусунда жүрүшү мүмкүн. Демек, ал жыйынга Токтогул концерт коюу үчүн барган жок, ал болочок көтөрүлүштү уюштуруучулардын бири катары тандалган.

Экинчиси, Токтогул 30 жылдан кийин ошол 1897-жылы Төрөнүн дүкөн-үйүндө болгон сөздөрдү, азыркы тилибиз менен айтканда үтүр-чекитине чейин кайталап айтып жатпайбы, демек, ал ошол сөздөрдү сөөгүнө сиңдирген, кийин ал кептерди үгүтчү катары айтып-деп, элге жайылтып жүргөн болуу керек.

Үчүнчүсү, Токтогулдун жогорудагы сөзүндө Мадали эшендин ишин айыптабайт, тескерисинче, алардын узак тарыхый жолун, эл аралык маанисин жогору баалаганы байкалып турат.

Төртүнчүсү, 1897-жылы Төрөнүн дүкөн-үйүндө болгон жолугушуу өз өмүрүндө бурулуш окуя болгондугун баса белгилейт.

Ал кайсыл бурулуш болушу ыктымал, акын кайда бурулду экен? «…ошол 1897-жылдын июнь, июль айларынан көтөрүлүш чыккан 1898-жылдын жаз-жай айларына чейинки мезгилдердеги, көтөрүлүш учурундагы Токтогулдун патриоттук ар кандай кыймыл-аракеттерин жокко чыгарууга болбойт. Токтогулдун өмүр баянын такташ үчүн ошол мезгилди тереңдете изилдөө талап этилет» (О.Сооронов)[13].

Менимче, дал ушул мезгилде Токтогулдун үгүт ырлары кеңири ырдалган болушу керек. Алар дин мусулманчылыкты ыйык тутуу, калыйпалыкты орнотуунун зарылдыгы, бай-манаптарга, падышалык бийликтерге каршылык ж.б. Мына ошол мезгилде ал аябай эл-журтту кыдырган. Мисалы, Көк-Арт өрөөнүн аралап көрүп, жаны күйгөн Токтогул мындай деп ырдаганын Жалал, Калдар деген комузчулардан жазуучу Ш.Абдыраманов кагазга түшүрүп алган экен:

Алладан болсо бир парман,
Чак түштө урат чагылган.
Ташкенден «жарым паашанын»
Жарлыгы келди жазылган.
Аралап өтүп Ак-Башты,
Азапка салдым как башты.
Көргөндө Кара-Кынаны,
Көңүлгө кайгы ынады.
Карасам төшкү Көлмөнү,
Көзүмдүн жашы көлдөдү.
Кадырдан достун бири жок,
Калдайган айыл түрү жок.
Доңуздар жүрөт коркулдап,
Мас мужук сөктү корсулдап.
Канакей Кара-Чологуң,
Канакей Таран-Базарың,
Канакей жайлоо, тунук суу,
Канакей көңүл жазарың,
Аш-тойлор берип дүңгүрөп,
Кайсы жер күлүк чабарың,
Жолдоруң неге тосулду,
Угулбай түзүк кабарың.
Ак селде салган сопунун
Укпадам саар азанын[14].

Ырдын мазмунуна караганда Токтогул бул өрөөнгө мурда да келип жүргөн («Көңүл айтуу» деген дагы бир ыры бар, ал ырдан маанисине караганда Токтогул түрмөдөн келген соң жалгыз кызы каза болгон Көк-Артта жашаган досу Кадыркул менен аяшы Анарга атайын бата кылуу үчүн жалгыз келет эмеспи), ал жердин табиятын жана адамдарын эң жакшы билген, анан эле ошол жерге Ташкенден буйрук келип баары чакчелекей түшүп калды, Ак-Баш, Кара-Кына, Көлмө, Кара-Чолок, Таран-Базар – эми башкача болуп калган, калдайган айыл, кадырдан дос жок, коркулдап доңуз, корсулдап мас мужук жүрөт, аларды көрүп мекенчил акын көзүнө жаш алат, көңүлүнө кайгы ынанат. Жайлоо, таза суу, күлүк чапчу жер, мал жүрчү жол жок – баары тосулган, а түгүл дин кыскарып, азанчы сопу жок ж.б. Мына ушундай өзгөрүүлөрдү ырдоо менен акын элди тымызын күрөшкө үндөп жаткан жокпу? Үндөп жатат! Ал идея менен акын Кетмен-Төбөдөгү Төрө өзбектин дүкөн-үйүндө отурганда куралданып атпайбы.

1898-жылдагы Анжиан тополоңунун чордону да ошол үчүн ушул акын бир басып өткөн Көк-Арт өрөөнү болуп атпайбы, көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчтөрү да Абдылда бийдин уулдары Чыйбыл болуш, Галча, неберелери Нусуптун баласы Муратали, Чыйбылдын баласы Төрөкелди ж.б. атактуу эл башкаруучунун тукумдары болуп атпайбы. А ошол көтөрүлүштүн башчысы, идеологу жана башкалар ээрчиген адамы Мадали эшен болуп атат. Ырас, бул жерде дагы бир нерсе бар бул орустар маселеси. Түштүк Кыргызстандан Рыскулбек баш болуп орустарга биринчи өткөн Суусамыр, Кетмен-Төбө болгон, алар башка Түштүк аймактарынын Орус падышачылыгына киришине бир чети жол ачкан, экинчи жагы ортомчулук, көпүрөчүлүк рол аткарган. Бирок эмнегедир орустар Кетмен-Төбө жеринде кечирээк келет (Көк-Арт өрөөнүнө салыштырмалуу), алар 1908-1909-жылдары Воронеж жана Харьков губернияларынан 53 үй-бүлө келип, Узун-Акматтын Нарынга куйган чатында Алексеевка (Ивано-Алексеевка – Шевченко) деген орус кыштагын негиздешет, алардын ичинде 4 тегирменчи, 4 уста, 4 мерген, 2 теричи жана темир уста, өтүкчү, фельдшер келген, үч жыл өтпөй 200 кожолукка жетет, базар-учат ачылат. Булар Кетмен-Төбөгө биринчи келген орустар эле, демек, 1898-жылы бул өрөөндө орустар болгон эмес, ал эми дал ушул мезгилде Көк-Артта, Жалал-Абаддын ары жак-бери жагында орус айылдары болуп, көтөрүлүшчүлөрдүн планы боюнча Анжиан аскер горнизонуна кол салганга чейин эле алар Шадыкан баатырдын небересинин жана Чыйбыл болуштун башчылыгында ошол Михайловка, Благовешенск, Димитровка, Николоевка, Гавриловка, Архангельск, Спасовка деген орус айылдарынын күлүн көккө сапырмак. Мына ушинтип орус посёлкаларына барышса, куралданып алган, буктурмаларды коюп алган орустар атчан союл көтөргөн кыргыздарда жакын жолотпой коёт. Ал эми орус посёлкалары жок кетмен-төбөлүктөр орус мужуктарын өлтүрүүгө катышкан эмес, чамасы, Анжиан аскер горнизонуна кол салууга да алар жетишпей калганбы дейм.

Токтогул «Күңгүрөнө күү чалдым» деген ырында «Калпалар кылган жаңжалда, каргаша чыгып кетти деп», «Жерди көргөндө» деген ырда «Эшендер кылган жаңжалдан, туткун болуп кармалып», «Калпалар калбаа кылганда, кара жол Сибирь айдалып» деп атат. Коргол ырчынын да баласынын өлгөнүн угузганда «Эшендер кылган жаңжалда, ак жеринен кармалып, айдоого кетти дечү эле», «Калпалар кылган жаңжалда, караланып кармалып, калкынан кетти дечү эле, калганың кайгы жечү эле» деген сөздөрдү айтканы бар. Алымкул биринчи жолугушуусунда айтат: «Эшендин кесир зарпынан кармап кетти дечү эле», — деп. Токтогул Сибирден келгенде Бууракандын белинде Эшмамбет менен учурашууда Эшмамбет ырчы да мындай дейт: «Эшендин кесир зарпынан…эсен-аман кутулуп, келипсиң, Токо, зындандан».

Жогорудагы мисалдарды, анын кармалышы, айдалышы туурадан-туура Анжиан тополоңу, анын уюштуруучусу Мадали эшен менен байланыштырылат.

Эң кызыгы Токтогул 1928-жылы 28-ноябрда Кетмен-Төбө волостунун Алексеевка селосунда Н.С.Ладушевге Анжиан көтөрүлүшү тууралуу айтып берип, он күндөн кийин 1897-жылы Кетмен-Төбөгө Мадали эшенден келген азыр эми упурап айрыла баштаган катты алып келип бериптир. Анан ошол кат келгендеги окуяны баяндап берет. Анда «өмүрдү дин исламга арноого», «газы» болууга, эгер керектелсе, шейит кетүүнү сунуштайт жана куранга колду коюп, ант берүү керектигин, ал анттан кайткан болсо, эки дүйнө бети кара болуп өтөөрүн эскертет. Ошол расымдардан кийин Шадыбек калпа катты коюп, баары үстүнө колун таштайт. Чамасы алар куранга касам ичишкен болуу керек. Жанагы Токтогул ар кандай сурактарда «күнөөсүн мойнуна алган эмес», «жалган жалаа менен камалган» дегенибиз калп болуп чыгат. Ал Анжиан көтөрүлүшүнө катышкан, куранга ант берген, ошон үчүн ал ар кандай сурактарда актанган эмес, курандын антынан корккон жана кандай жаза болсо аткарууга ыкрар кылган. Анан ушул кишини 80 жылдан бери атеист кылып, динге каршы ырдаган киши кылып, кудай алдында күнөөгө батып жүрбөдүкпү?

Жогорудагы Н.С.Ладушевге 1928-жылдын 8-декабрында көрсөткөн кат көтөрүлүшкө Коңур-Өгүз айылы боюнча жооптуу Карталы Салбановге берилиши керек экен, бирок ал келбей, берилбей калыптыр. Дагы кызык, ошол катты ким, кайда сактап жүрдү? Отуз жыл бою суракта, сүргүндө, ар кыл айылдарда жүргөн Токтогул неге бул катты жоготподу? Менимче, бул Токтогулдун ошол каттагы сөздөрдү ыйык туткандыгы, алардагы жазылгандарга аябай ишенгендиги менен байланыштуу болсо керек.

Анжиан көтөрүлүшүнө катышкандардын ичинен Токтогул менен бирге айдалгандардын бир тобун акын Эшмамбет менен жолугушканда айтып өтөт. Алардын бири Анжианда кара дарга асылды деген Чыйбыл болуш[15], көрсө асылбаптыр, ал да 25 жылга каторгага айдалыптыр.

Көрүп жүрдүк өлгөнчө,
Көк-Арттан барган Чыйбылды
Айдалып кетип баратып,
Жолдо калды өлгөндө,
Жору, кузгун жеди окшойт,
Адам чыкпай көмгөнгө.

Чыйбыл болуш Абдылла бий уулу чоң кадыр-барктуу адам эле. Атасы Кокон хандыгы убагында азыркыча айтканда Тогуз-Торо, Сузактын бийи болгон, жалпы басыздар гана эмес, бул аймактары башка уруулар да булардын сөзүн эки дебей угушкан. Андан ары Эшмамбетке мындай деп отчёт берет:

Адигине Өмүрбек
Сексен бир жашка барыптыр,
Сакалында кара жок,
Куудай болуп калыптыр.
Карыны жаштай кыйыктап,
Падыша залим тарыптыр.
Алты жашар баладай
Акылынан таныптыр.
Анын да сөөгү көмүлбөй,
Ара жолдо калыптыр.

Сөз Өмүрбек Бекмурат уулу тууралуу баратат, ал да жөн киши эмес, Тилеке бийдин урпагы, адигиненин баргысынан болот, кезинде Кокон хандыгынын Каратегин жергесиндеги наместниги болгон, лашкер башы мансабында турган, көтөрүлүшкө чакырган мөөрдү баскан он эки кишинин бири. Алай, Кичи-Алай, Ноокат тарапка сөзү өтүмдүү эле, убагында болуш да болгон. Ошол Анжиан көтөрүлүшү кезинде ал Оштогу орус аскерлерине кол салуу үчүн даярданып азыр эми Ноокатка караган Ак-Терек деген жерде үч жүздөй адам менен буйрукту гана күтүп турган. «Жебеген самсага пул төлөп» ал киши өмүр бою сүргүнгө айдалган, сексен бирдеги кишинин кайсыл өмүрү калды дейсиз?..

Айдалгандардын дагы бири – Сары уста. Ж.Бөкөнбаев Ийри-Суу деген жайлоодон Токтогул менен бирге Сары устанын кармалганын, анын атагы чыккан уста экендигин жазат[16]. Акындын айтыштагы маалыматы боюнча Андаштын уулу Сары колунан көөрү төгүлгөн киши экен, ага тагылган айып «чоюн башты кудай» деши, «найзалык жыгач кыйгандыгы». Кептин баары ушунда жатат, мындай ойлоп көрсөк, Сары уста көтөрүлүшчүлөргө курал-жарак жасап берген экен, анын таланттуулугун эске алсак, ал жасаган куралдар жөн эле биз жазып-айтып келгендей таяк болбосо керек.

Токтогулдун ырында Сапарбай, Кыпчакбай, Кутубай, Бакай, Качканак, Муратаалы, Мурзабек, Кулданбай, Молдосан, Карабап, Айдараалы, Курама, Мамыр, Баратаалы, Салбан, Кыдыраалы балбан деген кишилердин аты аталат. Булардын ичинен Айдараалы деген өзү ырдабаганы менен дайыма Токтогулду коштоп жүрчү экен, анын атасы Наманган шаарынын чыккан өзбек, апасы түбү кетмен-төбөлүк көпөс болушкан, эжеси Камбү кадимки Токо «Кулукедей уста бол, кыргыз элдин ичинде өлбөй турган нуска бол» деп ырдаган Кулуке устанын жубайы болгон. Ушуга караганда да Токтогулдар бул «кылмыш ишине» «групповой» тартылгандай. Аларда кармоо үчүн пристав Бушенов Жети-Суу, Олуя-Ата шаарларынан мергенчилерди жана казак отрядын алып келген. Мындай даярдык менен комузун колуна алып турган адамдарга келбейт да, сөзсүз аларга куралдуу топ каршы турган, ошолордун ичинде Токтогул да жүрбөйбү? Алардын ичинде Шадыбек калпа, анын мырзасы жана катчысы намангандык өзбек Молдо Төрөхан Арипбай Агалыков менен кыргыз Даулет Акимбаев, айылдын бийи Төрө бий Бешкемпиров жүрбөйбү. Алардын жаткан жеринен Мадали эшендин Шадыбекке багыштап жазган чакырык каты табылып атпайбы. Жылда Арымга жайлоолоп чыгып кеткен Токтогул бул жылы бир нерсе болорун боолгологондой Ийри-Сууда эле калып калып атпайбы?

Анан ал кантип «жалган жалаа» менен колго түшсүн да, «ак жеринен» айдалсын?

Советтик мезгилдеги адабияттарда Токтогул «Беш каман» деген ырды ырдап, Рыскулбектин беш баласы Дыйканбай, Акмат, Атакан, Миңбай, Мырзакан менен өчөгүшүп калат да, ошолор аны Анжиан көтөрүлүшүнүн шылтоосу менен кармап беришет дейт. Кармап берген Керимбай деп айтылып, жазылып келет, айтуудан Рыскулбектин бир уулу Керимбайдын таланттуу обончу небереси Асанкалый Токтогулдун айдалышында атасынын күнөөсү жок экендигин зар какшап айтып өтүп кетти. Рыскулбектин балдары Токтогулду Анжиан көтөрүлүшүнө катышкандарга ырдап берүүгө, элди үгүттөөгө өздөрү чакырып атпайбы. Мындан улам кетмен-төбөлүк Шадыбек калпа (Шадыбек Шергазы уулу) баш болгон жана жогоруда биз айткан Фергана өрөөнүнүн авторитеттеринин арасында Анжиан козголоңуна катышкандардын ичинде Рыскулбектин балдарынын өздөрү болуп калышы жана алардын мындан кутулуп кетиши гана Токтогул сыяктуу 64 абакчынын кыжырын кайнаткан болушу керек. Токтогулдун Керимбайларды жаман көрүп калышы эң алды менен ушуга байланыштуу го деп ойлоймун.

Токтогул «жазыксыз кеттим», «жалган жалаа менен кеттим» деп атпайбы, ал анын эркиндик үчүн, оторчулукка каршы күрөшкөнүм үчүн, ислам динин сактоого аракет кылганым үчүн – бул айыптоого, камоого, сүргүн кылууга эмес, кайра эл тарабынан мактоого, сый-ургал алууга, Алла Тааланын алдында мусурманчылык парызымды аткаргандыгым деп түшүнгөн. Чынында туура түшүнгөн. Бул жагынан ал айыпсыз болгон. Көтөрүлүштө жазаланган бардык 777 (айрым маалыматтарда 546) адам ошол ойдо дарга асылганы – асылып, камалганы – камалып кетти.

Мына ушундай аспектилерден Т.Сатылганов тууралуу кезегинде 10 миң нуска менен 1958-жылы чыккан А.Чукубаевдин «Токтогул. Эпоха, жизнь и творчество» деген китеби[17], акындын философиялык жана атеисттик көз караштарын изилдеген А.А.Алтымышбаевдин[18], Б.Аманалиевдин[19], музыкалык жагын талдаган В.Виноградовдун[20], М.Абдраев менен Б.Алагушевдин[21] эмгектери дагы да дыкат карап чыгууну талап кылат.

Абдыкерим МУРАТОВ
Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Кебекова Б. Кыргыз эл ырчыларынын тарыхынын очерктери [Текст] / Б.Кебекова. – Б.: «Турар», 2009. – 175-б.

[2]Даутов К. Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү [Текст] / К.Даутов. – Б.: Басма-тамга, 2003. – 87-б.

[3]Бөкөнбаев Ж. Токтогулдун өмүрү / китепте Ж.Бөкөнбаев. 2 томдук. 2-т. [Текст] / Ж.Бөкөнбаев. – Ф.: 1954. – 273-б.

[4]Токомбаев А. Об ошибках допущенных в издании произведений Токтогула [Текст] / А.Токомбаев // Труды Института языка и литературы. – Ф.: 1952. вып. III. – 222 – 229 сс.

[5]Маликов К. Улуу акындын мурастары туура жыйналсын [Текст] / К.Маликов // Кызыл Кыргызстан. – 1955. – 20-дек.

[6]Ботбаев М. / За власть Советов [Текст] / М.Ботбаев. – Ф. «Кыргызстан», 1966. – 224 с.

[7]Бобулов К. Тандалган чыгармаларынын үч томдук жыйнагы. Түз.: С.Алахан. III т. [Текст] / К.Бобулов.  – Б.: 2011, Полиграф-ресурс, 2011. – 285-б.

[8]Токтогул Сатылганов. Сунуш кылынган библиографиялык көрсөткүч. [Текст] / Түз.: Ж.Айсаракунова, О.С.Сухомлинова. – Ф.: 1989. – 12-б.

[9]Рудов М. Звенья открытий. Литературно-критические статьи [Текст] / М.Рудов. – Ф.: «Кыргызстан, 1970. – 5 с.

[10]Сооронов О. Токтогул котормочу болгон [Текст] / М.Сабыров менен маек. // Учур. – 2012. – 9-фев.

[11]Ибраимов О. Биз билбеген Токтогул [Текст] / О.Ибраимов // Азаттык, 2012. – 25-май.

[12]Сооронов О. Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшү жөнүндөгү аңгемеси [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. –  2011. – 16-дек.

[13]Сооронов О. Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшү жөнүндөгү аңгемеси [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. –  2011. – 16-дек.

[14]Кененсариев Т. Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар [Текст] / Т.Кененсариев Т., Э.Авазов. –  Ош, 2002. – 122 – 123-бб.

[15]Отобек Ф. Дукчи эшон вокёаси, ёки Фаргонада истибдод жаллодлари [Текст] / Ф.Отобек. – Ташкент, Чулпон, 1992. – 53-б.

[16]Бөкөнбаев Ж. Токтогулдун өмүрү / китепте Ж.Бөкөнбаев. 2 томдук. 2-т. [Текст] / Ж.Бөкөнбаев. – Ф.: 1954. – 237- б.

[17]Чукубаев А.А. Токтогул. Эпоха, жизнь и творчество [Текст] / А.Чукубаев. – Ф.: Киргосиздат. – 1958. – 172 с.

[18]Алтымышбаев А.А. Очерки истории развития общественно-политической и философской мысли в дореволюционной Киргизии [Текст] / А.А.Алтымышбаев. – Ф.: Илим, 1985. – 149 б.

[19]Аманалиев Б. Из истории философской мысли кыргызского народа [Текст] / Б.Аманалиев. – Ф.: 1963. – 76 б.; Аманалиев Б. Кыргызстандагы диний жана эркин ойлоонун тарыхынан [Текст] / Б.Аманалиев. – Ф.: Кыргызстан, 1967; Аманалиев Б. Общественно-политические и философские идеи Токтогула и Тоголока Молдо (дооктябрьский период) [Текст] / Б.Аманалиев. – Ф.: Киргизгосиздат, 1963. – 228 с.

[20]Виноградов В.В. Токтогул Сатылганов и киргизские акыны [Текст] / В.В.Виноградов. – М. – Л.: Музгиз,1952 – 216 с.; Виноградов В.В. Музыкальное наследие Токтогула [Текст] / В.В.Виноградов. – М.: 1961; Виноградов В.В. Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары [Текст] / В.В.Виноградов. – Ф.: 1974.

[21]Абдраев М. Токтогул-композитор [Текст] / М.Абдраев, Б.Алагушов. – Ф.: 1964.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *