Украин эл жомогу: Меймандостук сыйы

Жанагыл токойлордо “чырлыйт-чырлыйт” этип учкан кызыл төштүү бачайы чымчык бир кезде мынчалык кооз эмес, бозоргон эле көрксүз канаттуу болуптур. Андай болгону менен ал абдан меймандос экен. Ал тургай бул боз чымчык жумуртка же балапан издеген жылан уясына сойлоп келсе да сыйлаганга аракет кылчу имиш. Ошондуктан ал меймандостугу менен абдан даңкталыптыр. Бир жолу анын үйүнө алыскы туугандарынан болгон короолу чымчык менен таранчы күтүүсүздөн келип калышат. Үй ээси канчалык меймандос болсо да аларды кантип сыйлаарды билбейт. Анткени ошол күнү кара басып, анын […]

Владимир КОРОЛЕНКО: Үзүм

АҢГЕМЕ I Чай үстүндө отурган чакан топто сөз нугу турмуштагы сырдуу, табышмактуу нерселер жөнүндө кетти. Арабызда отурган сезимтал жаш жигит бир жерде отуралбай ары-бери басып,  биздин аңгемени унчукпай көңүл коюп угат да,  чөнтөгүнөн улам-улам папиросун сууруп чыгып тартып коёт. Анын толкунданып турганын байкаган кожойке: — Эгерде NN башынан өткөзкөн кызыктуу окуяны айтып бербесе мурдумду туурасынан кесип берейин, — деген кожейке — сиз тынч алалбай жатканыңыздан ошентип ойлоп койдум, — деп койду тиги жигит таң кала карап калганда. Ал тамекисинин күлүн […]

Капар ТОКТОШОВ: Дарактын өлүмү

АҢГЕМЕ Жайдын толук кези. Асман көп-көк, томуктай булуту жок. Аптап. Too да, түз да, талаа да, жадесе жалпак тамдарынын апакай чатырларын аптапка тосуп айыл да ысып-күйүп чыккан. Каякка көз чаптырба аптап ойнойт: акактай тунук күн нуруна шоокумдана, миң түркүн түскө кубулуп оболоп жатты. Жөн оболобой, толкун болуп оболойт. Толкуп Ара-Талааны, Ак-Кудук айылын, аркы Баба-Атаны, бүт айлананы ээлеп турат дым чыгарбай. Теребел тынч. Жок, тынч деле эмес: Орто-Алыштын көк-кашка суусу санжыра кеп баштап, сөзүнүн аягына чыга албай чулдурайт. Чегирткелердин безелене чырылдаганын […]

Немис офицери болуп турган Кожоке жердештерин концлагерден куткарганы

Жүз жашка чукулдап калса да акылы тунук, сөзгө чебер, орусча, немисче, полякча эркин сүйлөй алган Кожоке Мамбеталиев аттуу бу ата менин айылдашым. Убагында согушка16 жашында кетип, немистерге колго түшүп, андан кийин тагдырдын тамашасы менен немистердин офицери болуп, жүздөгөн айылдаштарын,  жердештерин туткундан качырган. Казак туугандар Кожоке ата менен бирге болгон Мустафа Чокаевди элдик баатыр кылып, ардактап алышты. А биздикилердин айткан жылуу сөзү жок. Жанын оозуна тиштеп жүрүп, качырып жиберген жердештери түтүн булатып, азыр өзүнчө бир айыл эл болгон. Документалдуу тасма тартып […]

Жакында Кытай жазуучусу Лао Ма Кыргызстанга келет

«Адабият достугу – эл достугу« деген алака бар эле кезегинде. Бул алака саясат болгон күндө да көбүнчө өз кызыкчылыгына тарткан саясый достукка караганда адабият аралык мамилелер, башка элдин адабияты, маданияты менен таанышуу жакшылык үрөнүн сээп, башка элдин жашоосун, кулк-мүнөзүн, алардын кылымдар бою сактап келген рухий дөөлөттөрүн тереңирээк билүүгө шарт түзөт. Мына ошондой алакалардын учугу үзүлбөй жакында Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынан кытай элинин чакан проза жаатындагы атактуу жазуучусу Лао Ма келмекчи. Биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясынан Лао Манын “Апенди […]

Атантай АКБАРТЕГИН: Суу ордуна күлкүң сурайм өлөрдө

АРГЫМАК Ажалдан нечен куткарып, Бешик да болгон сынаакы, Аргымак бизде – кыргызда Кичи – Ата Мекен сыяктуу. Көк чапчып, жаны октолуп, Комуздай үнү шаңгырап, Өң түгүл мени түштө да, Азгырат ошол аргымак. Келет да окуранып ал, Ийниме жалы төгүлө, Колумду жыттайт жаныбар, Кадалып көзү көзүмө. Тизгинди каксам шарт анан, Титирей түшүп аргымак, Турнадай тизип мезгилди, Туяктан ала салдырат. Көгүчкөн болуп күлүктүн Көкүлү көккө талпынат. Ээрден жулуп кетчүдөй, Этектен шамал тарткылайт. Утурлай чуркап узун жол, Шилтенет буттар кылычтай, Түйүлүп күлүк муштумдай, […]

Күркүрөө суусун жээктеп баскан кезде…

Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт. Чиркин, ак мөңгүсү асмандын көгүнө чагылышып Манас-Ата алда кайдан көрүнөт. Чокусу кылтыйып көрүнгөндөн ошол мөңгүлөргө көз чаптырам, өзүмчө ойго батам. Тигилип турсаң мезгилдин агымы токтоп калгансыйт. Кечээги кайсы, бүгүнкү кайсы – унутулат. Манас-Атанын ак кар-көк музу Адам э-эй десең, ырасында эле, Шекерге катар турган Көк-Сай айылынын чоң көчөсүнөн таң эрте туруп карасаң, күн жүрүш жактагы Манас тоосунун асманга жанашкан ак кар, көк муздуу чокусу уктап ойгонгон баланын көзүндөй нурланып көрүнөт экен. “Нурланып” деген сөз […]

Улуттун билим сапатын өстүрөр мезгил

Мыкты мугалим жөнүндө кеп кылуудан мурда «Мугалим эмнеге керек» деген притчанын мазмунуна токтоло кетсек… Күндөрдүн биринде окуучу мугалимине келет. Жөнөкөй бир соболун бергени келиптир ал: – Мен баарын окудум. Көптөгөн китептерге сүңгүп кирдим, керек болсо элге лекция өтсөмбү дейм. Мунун баарына өзүм жеттим, эч ким жардам берген жок. Андыктан айтыңызчы, мага мындан аркыга мугалим керекпи? Муну уккан мугалим жылмайды да, минтти: – Эки күндөн кийин кайра кел, жообун аласың. Окуучунун шаабайы сууп кетип баратып, мугалими эмне үчүн дароо жооп бербегени […]

Жумагул СААДАНБЕКОВ: Жээнбеков Атамбаев айткан жолду улайм дегени менен…

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Жумагул Сааданбеков Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбеков менен кеткен премьер-министр Сапар Исаковдун ортосундагы атаандашкан мамиле Кыргызстанда кош бийлик кризиси келип чыгарын көрсөттү, бул коркунучту жойбосо кризис кайталанат деп кооптонууда. Анын жүйөсүндө Кыргызстанга бир авторитеттүү башчынын алдындагы башкаруу керек. Ж. Сааданбеков: Бизде дагы Армениядагыдай кырдаал толук кайталанышы мүмкүн эле. Себеби мындан алты жыл мурда Атамбаев, Отунбаева, Текебаев катышып Конституцияны жазышкан. Булар чын дилинен Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык системасынан кетели деп жазышкан. Бирок андан кеткен ката -президент менен […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Айрылыш жол

АҢГЕМЕ «Мөндүрбай карыя Касен кошунасын ичинде канчалык жектесе да анын мотурайган балдарын абдан жакшы көрө турган. Буга Касен өзү да аң-таң калучу. — Мени го «бакан ооз» деп жактырбайсың,— деп абышканын бетине да айтчу ал. — А балдарымды үзүлүп-түшүп жакшы көрөсүң. Мени согумдун этине кээде чакырсаң, кээде чакырбайсың, а балдарымды эркелеткенден, момо берип сыйлагандан айныбайсың, талбайсың. Мунун сыры эмнеде? — Анын сырыбы?!—деп кекете жооп берчү Мөндүрбай ырсалактаган Касенге. — Сен азыркынын куулук-шумдугу менен ууланып калган немесиң. Сага сый жарашпайт — […]

Дилазык: Көз ирмеген эргул

Бир киши болот. Өкүмдарга жаккысы келип жүрөт. Ал мүдөөсүнө жетүү үчүн ар кимден сураштыра баштайт. Ошондо бирөө: — Ой, өкүмдарга жагынгың келсе, анын болгон кыймыл-аракетин кайталай бер, — дейт. Ал дароо өкүмдардын алдына келип, өкүмдар көздөрүн ачып-жуумп жатканын көрүп, ал дагы кирпигин кагып кирет. Өкүмдар суроо узатат: — Ооруп калгансыңбы? Суук тийген жокпу? Эмне көзүңдү ирмеп жатасың? Анда тигил: — Көзүм ооруганы жок, суук да тийген жок. Болгону, өкүмдарым, сизге жагынгым келип турат. Сиз көзүңүздү ирмеп жатасыз, мен да сиздей […]

Олжобай ШАКИР: Сүзөөнөк балбан

АҢГЕМЕ Кабылдын далысын жерге тийгизген балбан чыккан эмес эч. Былтыр аны моңолдордон чыккан жаш балбан бозала кылды. Кабылды ыкыс бердирбей толгоп чапканы черик уруусундагыларды жер каратты. Өчмөндүү кеги калды. Жашың өйдөлөгөнү шул турбайбы түгөткүр деди ошондо ичинен күрсүнгөн эски балбан. О качанкы балбан эле ал. Урунарга тоо таппаган кези өтүп бараткан тура көрсө. Карт бөрүдөй айла-амалы да жаш балбандын алдында шоона эшпей калбадыбы. Баарынан өткөн кордугу – жерден күбүнүп турганы болду. Төрт аяктап көтөрүлдү ордунан. Жер айлан көчөк. Эзели күрөштүн […]

Марина ЦВЕТАЕВА: Балдарга

Силер жөнүндө мен эч качан бөлүп- жарып ойлонбогом: мен ардайым силер деле биз сыяктуу киши же киши эмессиңер деп түшүнөм. Бирок силерди бар дешет, таасирге кирме өзгөчө жан дешет. Андыктан: — Сууну ыксыз ысырап кылып төкпөгүлө, ошол учурда эрдине сүртөр бир тамчы суу таппай, ээн талаа, эрме чөлдө кимдир-бирөө өлүп баратканын эстегиле. — Мен төкпөй койсом эле, ал сууга жетип калмак беле? — Сууга жетпейт, бирок дүйнө аргасыз кылмыштын дагы бирөөнөн азаят. Ошол сыяктуу эле нанды эчкачан ыргытпагыла. Көчөдө жаткан, […]

Корей эл жомогу: Эки бир тууган жана желмогуз

Бар экен жок экен, көп балалуу бир жакыр үй-бүлө болгон экен. Бир күнү балдарын кантип тойгузарды билбей дайыма кыйналган эне алардын эң улуу үчөөсүн дарыяга салып жиберип кутулмак болот. Ошентип ал ойлогон жаман оюн ишке ашырып, үч уулун алдап ээрчитип барып дарыяга түртүп жиберип келе берет. Бирок эки улуусу сүзгөндү билгендиктен наркы жээкке аман-эсен чыгып, алардын эң кичүүсү гана сууга чөгүп кетет. Анткен менен балдар сүзүп чыккан жээктен нары желмогуздардын өлкөсү болгондуктан, кайрадан эле өмүрлөрүнө коркунуч туулат. Улуу бала кичүүсүнө […]