<<<<<<<<<<<<<<Башы

Дүйшөмамбет Орозалиев: Саке менен Каныбекке тиешелүү суроо бар. Биринчиден, мен сиздердин чыгармачылыкты абыдан сыйлайм. Каныбектин ырлары, карасөзү да сонун. Сакемдин болсо “Айтыш” фондун түптөп, кино жаратмандыгындагы ишмердигине абыдан сыйым бар. Эми ар бирибизде максат бар да, мисалы, менин бизнесимдин артында дагы бир максатым турат. Сиздердин парламентке келгендеги максатыңыздар эмне эле? Саясат сиздерди өз чыйыр жолуңуздардан чыгарып койгон жокпу?

Садык Шер-Нияз: Мен бул жообум менен Атамбаевге да жаман көрүнгөм. Экөөбүз жакшы элек. Эмне үчүн саясатка келгенимдин чынын айта салып атпаймынбы. Мен «Ата Мекен» шайлоодон өтпөй калабы деп корктум. Эгер «Ата Мекен» бул жолку парламент курамына өтпөй калса, жанагы стриптиз бийлер кеп болбой калмак… Ха-ха… (Баары күлүп калышты). Мен бийигирээк ойлондум. «Ата Мекен» партиясы керек болчу биздин коомго, түшүндүңүзбү? Дагы «Ата Мекен» партиясы болгон үчүн парламентте акыйкаттын кичинекей шамы бүлбүлдөп жанып турат. Эгерде «Ата Мекен» жок болсо муногу парламент эмне болмок, билбейм. Ушуну көрүп туруп, элдин дагы духу түшмөк. Бүгүн дагы элдин духу өчө элек. Анткени биздин фракцияда үчөө-төртөө болсо да айтар кебин айтып келет. «Атамекенчилер» чындыкты оозанып аткан үчүн башкалар да дудук болбой отурат.

Эгер «Ата Мекен» парламентке өтпөй калса, элдин духу эки эсе түшүп кетмек. Парламентке келгенимдин биринчи себеби ушул. Экинчиси, “Айтыш” коомунда миллиондогон сомдорду, долларларды жумшадым маданиятты көтөрүүгө. Ошолорду жумшап отуруп, үнүм жетпей калып атты, көп учурда. Анткени сен коомдук ишмер экенсиң деп көңүлгө алынбайм. Ошол эле өзүмдүн байкем Болот Шер да кээде адабият, маданияттан мурун саясатты ойлоп кеткен күндөр болду. Ушул эле Каныбек Капашович, керек болсо мени коридорго чыгарып койчу, сөзүм өтпөй. Киргизбей фамилиямды чийдирип салган учурларычы… Көрсө, маданият жөнүндө сүйлөш үчүн адам саясатка кириши керек экен. Маданият көйгөйлөрүн айта турган киши парламентте болуш керек экен, мен көрдүм аны. Эмки жолу маданиятчылар сен эми депутат болуп бер десе, айтам, мен беш жылбы, үч жылбы, вазипамды аткардым, башка бирөөнү шайлайлы, мен экинчи жолобойм дейм саясатка… Бул постко башкалары да барып көрсүн. А менин көңүлүм калды. Эмне үчүн мен эле жан дүйнөмө бүлүк салышым керек экен? Жетет, мага да ден соолук керек. Бирок мен жүзүм жарык айта алам: маданиятчыларга, бир чакырыкта ошол вазипаны колуман келишинче аткарымыш болдум.

Эми башкалар барсын, жан-дилимден колдойм. Бир маданиятчы отурбаса, парламент эмне болот? А бүгүн эмне болуп атат, канча пайызы бандит, канча пайызы бизнесмен… жалаң байлыкты ойлогонр. Канча пайызы курулай саясатчы экенин көрүп атпайбызбы, туурабы? Эми ошол жерде бир маданиятчы отурсун да, ошон үчүн бардым. Бирок көңүлүмө көк таштай тийген көрүнүштөрдөн ушунчалык жададым, ушунчалык кыйналам. Чыгармачыл адам деген кенен жүрүш керек, кенен сөздөрдү айтыш керек. Ал кенен сөздөр, тамаша түрүндөгүбү, башкабы, сиздин чыгармачылыкты кулпунтуп, аң-сезимиңиз дүүлүгүп айтылат. А саясат дегениң сени бир үкөккө салып коёт дагы, үстүн скотч менен бекитип таштайт. Бул өтө кыйын.

Каныбек Иманалиев: Саке эки жолу биз менен митингге барам деп, жүрөгү ооруп, ооруканага жатып чыкты.

Д. Орозалиев: Каныбектин “Кет бука” деген эмгегин окуп, аябай таасирленгем. Саясатка караганда ошондой сөздөрдү айтып берсе, мага абдан жагат.

К. Иманалиев: Мен да жооп берип коёюн сурооңузга. Чыгармачылык бул жеке жан дүйнө үчүн. Мына, баарыңар чыгармачыл адамсыңар. Чыгармачылыктан алгандай эргүүнү башка эч жактан ала албайсың. Айрыкча бир жаңы чыгарма бүткөндө… Арабияда жүргөндө түнкү саат экиде бир повестимди бүттүм. Так ошол учурда Арслан Койчиев Лондондон чалып калды. Бир сааттай окуп бердим. Анын билбейм, көп эле акчасы кетти окшойт телефонго.

Жумадин Кадыров: “Чөлдөгү кызыл гүлдүбү?” Жакшы жазылган чыгарма…

К. Иманалиев: Ии, жаңы чыгарма бүткөндө бала төрөлгөндөй да. Жан дүйнөнүн бир рахаты. Саясат бул – аргасыздык. Саясатта мойнунан байлаган иттей болуп жүрөсүң. Мен журналист болуп, парламентке кабарчы катары келгенде, депутаттар сүйлөсө, адегенде жазасың. Тигилер кайталап эле сүйлөй берет, ай, мен болсом моминтип сүйлөйт элем дечүмүн. Ошол нерсе жетелеп отуруп алып келди. Экинчиси, мамлекет курулуп атканда кайдыгер карай албайсың. Силер да кайдыгер карай албайсыңар. Үй курулуп атканда ашыгасың го, ошентип жүрүп биздин жаштык өтүп кетти. Эң биринчи митингди филфак менен исфак уюштурган, 89-жылы июнда. Ошондо ойлочубуз, эмдиги жылы Кыргызстан жакшы болуп кетет. Андан бери бир муун өмүр өтүп кетти. Мурун жалгыз Аскар Акаев Кыргызстанды оңдоп салат деп ойлочумун. Ошондой мүмкүнчүлүктөр болгон. 2005-жылы Бакиев келди, тигилердин катасын кайталабаса керек, кайталаса уят деп ойлодум. Ал үмүт да өчтү. Роза Исаковнанын убакыты аз болуп калды. Алмаз Шаршенович башында 70-80% ишти туура кылды. Себеби анда бир да партия көзөмөлдөчү эмес, баары бирдей болчу. «Ата Журт», «Ар-Намыс» да бар болчу. Баланс болгону жакшы экен да. Демек, кыргыздын модели кандай болуш керек? Жана сиз айтып атпайсызбы, айыл өкмөттөрү жөнүндө. 100% макулмун, бирок Саке, бир жакшы нерсе пайда болду. Биз эркин мамлекет болгондо Бишкек гана өзүн өзү актачу. Азыр Кыргызстанда эки шаардан башкасы бүт өзүн өзү актайт, Хайдаркен менен Көк-Жаңгактан башкасынын баары өзүн актайт. Айылдык эл акча чогулта баштады. Кочкорго барып калдык, Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө Темирканат деген айыл бар. Өзү суук жердеги шарты катаал айыл, бирок жолу асфальт, жарыктандырылган, жолдун чекесине балаты тигилген. Айыл өкмөтүнүн бөлмөсү Сакем экөөбүздүн бөлмөбүздөн жакшы. Жанында эс алуу бөлмөсү, жаштар борбору бар. Бир эле бала бир айыл өкмөтүн көтөрүп коюптур. Азамат! Биздин формула ушундай болуш керек дейм. Биз илгери кокту-коктуда уруу болуп жашачубуз. Улут болуп сырттан душман келгенде гана чогулчубуз. Социалдык-экономикалык бийлик горизанталдуу болуш керек. Көп суроодо жоопкерчиликти айылга бериш керек. Мамлекеттин көп функциясын айыл өкмөтү алыш керек. Азыр алды, соцфондду, военкоматты айыл өкмөтүнө өткөрүп бердик. Аким беш жыл аким болсо айылды кыдырып чыга албайт, бирок айыл өкмөтү сөөк узатууда, тойдо жүрүп, элдин баарын таанып калат. Швецарияда айыл өкмөтү – жергиликтүү президент. Ал эми аскер, коргоо, соттор, прокуратура – буларда бийлик вертикалдуу болушу керек. Мамлекеттин өзөгүн кармап, мыйзамдуулукту кармап турушу керек. Ушул экөөнүн балансын, кайсы жерден экөө кошулуш керегин таппай атабыз да. Сакем айткандай, кайсы бир депутат эле микрофондон айта берсе… Өткөндө бир депутат айтат (мурунку чакырыкта), мен депутат болуп турганда өзүмдүн айыл өкмөтүмдө 4 млрд сомго курулуш курдурттум деп. А башка 99 айыл өкмөттөрү бар да, ал жактан депутат чыккан эмес. Алар албаш керекпи? Айыл өкмөтү 20-30%ын өзү тапса, калганын сөзсүз борбордук бюджет бериши керек. Ошондо кайсы айыл өкмөтү кандай иштеп атат билинип калат. Жергиликтүү демилгелерге дем берилет. Ошентип отуруп, айыл өкмөтү борбордук бюджеттен чыгат. Мисалы, Лебединовка сыяктуу айыл өкмөттөрү бар, бюджеттен эч нерсе албайт. Жаман айыл өкмөтүн эл өзү эле кууп чыгат, тээтиги момунча көтөрдү, а сен эмне антпейсиң деп. Мамлекеттик стимул болуш керек жакшы иштегендерге. Азыр жаман менен жакшы аралашып калып атпайбы.

Модель мындай болуш керек, биринчи, бийликтин эң башы парламенттик болушу керек. Экинчиден, кыргызда зөөкүрлүгү же байлыгы менен эч ким эсте калган жок. Көлдөгү Жети аке азыркы күндө жашагандай, себеби сөзү менен калыстыкты айткан. Андан бери губернаторлор өттү, биринчи секретарлар өттү, эл унутуп калды. Демек, Кыргызстанда сөздүн баасы бийик болуш керек, азыр арзандап кетти. Эң башкы бийлик – бул парламент. Андан кийин экономика, бизде мүнөз… биз кичинекей Кытай болушубуз керек. Кытай эмнени чыгарса, ошону чыгарып сата беришибиз керек. Себеби экономиканын модели ошол жакка баратпайбы. Мамлекет катышкан жерде: аэропорт, жол, «Кыргызалтында» – коррупция. Мамлекет катышпаган жерде: ашканалар, кол өнөрчүлүк, курулушта – такыр коррупция жок. Мамлекет минимумда жөнгө салуучу болушу керек. Үчүнчү, армияга келгенде, бизге эң чоң коркунуч туудурган – Афганистан турат. Мобилдүү, контракттуу чегара аскерлери болуш керек, президенттин кароолу эмес, десанттык аскерлер болууга тийиш. Чегара аскерлигинде Кыргызстан үчүн миң доллардан айлык алган миң эле аскер керек. Бүт аскер бизде контрактка өтүш керек. Контрактка өтпөйсүңбү, акчасын төлө.

Ж. Кадыров: Армияга баргысы келбесе, акчасын төлөп коюш керек.

К. Иманалиев: Кыргызстан “Институт мира” дегендин анализи боюнча жок болуп кетүүчү 40 өлкөнүн арасында. Бул опурталдуу. Бул доолбас! Мозамбик Кытайдан карыз ала берип, ала берип, төлөй албай анан Кытайдын юанын валюта кылып киргизди. Биз ошого 50% жакындап калдык. Билим берүүдө – Ош университетинин бюджети Кыргызстандын бардык ЖОЖунан жакшы. Себеби ректору чет элдик студенттерди алып келет, 29 миң студенти бар экен. Бюджеттен 8% эле алат экен. Аны да албайт элем дейт, эгер текшерүүнү токтотсо. 8%дын кереги жок, жетим балдарды бекер окутуп берем дейт. Демек, биз Орто Азияда Пакистан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн арасында билим жагынан лидер боло  алабыз. Агартылган эл гана өлкөнү сактап калат. Биз мүнөзүбүз боюнча, СССР учурунда эмне үчүн секирик жасадык? Себеби биз социал элбиз. Демек, билим, ден соолук, маданият сөзсүз мамлекеттин көзөмөлүндө болуш керек. Америкада маданият министрлиги жок, менчик каржылоонун эсебинен иш кылынат. А Кыргызстанда ден соолук, билим, маданият – бул улуттук коопсуздук. Мамлекеттин өзөгүн билим, ден соолук жана маданият кармап турат. Тышкы саясатта биз эч убакта бир гана мамлекеттин саясатына кошулбашыбыз керек. Кичинекей өлкөлөр “же… же” эмес, “да… да…” деген саясатты жүргүзүш керек. БУУ менен да, ЕККУ менен да, Америка, Россия, Казакстан менен да кызматташабыз деген саясат болушу керек. Себеби бир мамлекеттин алдындагы саясат мамлекеттин эгемендигин аягына алып келчү коркунуч жаратат. Кичинекей өлкөлөрдү эл аралык уюмдар катуу колдойт. Дания, Швеция, Норвегия өңдөнгөн биздей кичинекей өлкөлөрдү БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар көп колдогондуктан көтөрүлүп кетти. Акчасы жок киши чапчаң болот ко. Ошол сыяктуу тышкы саясатта биз өтө көп жактуу, динамикалуу саясат жүргүзүшүбүз керек.

С. Шер-Нияз: Бул мамлекеттик башкарууда кайсы башкарууну популярдуу үгүт кылса, ошону менен башкара берсе болот. Элди ишендирсе эле болду. Ар кандай формалары бар. Мисалы, Россия федеративдүү мамлекет. Германия дагы. Аларды жерлер деп коёт, Бавария… тиги-бу, баары өзүнчө. Америка штаттарында президенттик башкаруу. Мисалы, Иранда шарыят башкарат, туурабы? Ошол мамлекет өнүкпөй жатыр десе болбойт да, Ирандын ядерлик куралы бар. Кээде мага ой келет: бул күлкүлүү угулушу мүмкүн. Жакшы иштердин бардыгы негизи күлкүлүү угулат. Бизде партиялар башкаруусу болуп атат. Бирок партиялардын башкаруусу саясатчылардын шоу-оюнуна айланды. Кечээ күнү Коммунисттик партияда жүргөндөр, ошол коммунисттердин эле партбосстору бүгүн ар бир партиянын башында. Анткени ал адамдар бийликтин маңызын билет экен да. Ылайыгы келгенине өзгөрүлүп кошула беришет. Жаңы партиялар келип атат, мурунку партиядан чыгып эле ошол партия болуп келип атат. Бул турукташууга бир аз проблема жаратууда. Негизи мындай да башкарса болот, маселен бизде канча уруу бар?

Д. Орозалиев: Кырк уруу.

С. Шер-Нияз: Кырк партия түзүп коюш керек. Уруулардын атын коюп эле. (Күлүштү) Күлүп атасыңар, түшүндүрүп көрөйүн. Мисалы, сиз кайсы уруудансыз?

Д. Орозалиев: Адигине.

С. Шер-Нияз: Сиздин 17-урпагыңыз дагы адигине болобу?

Д. Орозалиев: Адигине болот.

С. Шер-Нияз: Көрдүңүзбү. Бул бир партиядан бир партияга өтө качуудай эмес. Миң жылдан кийин да сиздин урпагыңыз адигине болот. Менин урпагым саруу, Каныбек Капашовичтики сарбагыш болот. Муну бөлө албайсың. Бизде азыр бүгүн бир партияда, эртең башка партияда. Элдин мээсин айлантып бүттүк. Проблеманын баары бийлик талашуудан келип чыгат. Сауд Арабияда мечиттердин ачкычы шебани уруусунда гана. Шебани уруусунан келип мечитти ачмайын, король күтүп турат, элестеткиле… король! Эми угуп туруңуз, балээнин баары бийликтен. Бийлик бөлүштүрүп атышат, министр, премьер-министр, вице-премьер-министр, тиги-бу. Мунун баарынын рейтингин чыгарып койсо болот. Премьер министр – кырк упай. Кайсы жакшы деп сурайбыз да. Транспорт министри. Административдик укук көбүрөөк экен, демек буга – 12 упай. Эң начары кайсы? Мобу министрди ким алгысы келет? Маданият министлиги, э муну эч ким алгысы келбейт – 5 упай. Ар бир уруунун упайы бар. Сиздин урууңузда 100 упай бар. Сиз премьер министрди алып койсоңуз болот. Башка упайыңыз жок калат. Урууңардан аким да жок болуп калат. Анан ойлонуп көрүп, упайыңарга жараша сунуш кыласыз, мен муну алайын деп. Анда келесоо деле министр боло береби деген суроо жаралат. Ой азыр бүт эле келесоолор башкарып атат, ансыз да. Тарыхтан көрүп атпайбызбы, келесоолор президент деле боло берерин. Азыр кимди койбосун башкара берерин мен парламенттен өз көзүм менен көрүп жүрөм. Эки жумадан кийин сөз сүйлөгөндү үйрөнөт экен. Иштей берет, көрүп атпайсыңарбы. Кайсы уруунун өкүлү бейчеки иш кылса, ар бир уруу айтат, президент айтыш керек же парламент айтыш керек. Ай, мобу балаңар мага жакпай калды. Сарууданбы, сарбагыштанбы, кимден? Башка балаңарды алып келгиле, муну менен иштешпейм, уят кылды. Мобуну уурдады, мындай кылды, андай кылды. Анан ал уурунун аксакалдары башкасын алып келет да министрге. Кандай ойлойсуз, эмне деп айтат берки балага? Айтат да, биз шерменде болдук, уулум — акмак экен, бизди элдин астында шерменде кылып, моминтип айтты, балаңар момундай экен дейт. Тим элечи, урук-тууганыңа чейин уруудан чыгарабыз керек болсо дешет. Кантип иштейт анан ошол? А партиядан эмне, партияңды урдум деп коюп эле чыгып кетип атпайбы. А кыргыз үчүн уруусунан чыгып калуу — өлүм. Кыргызда элден чыгып калуу коркунучу эзелтеден катуу.

Д. Орозалиев: Кыргыздар илгери ушундай болчу да.

С. Шер-Нияз: Көрдүңүзбү, кошула баштадыңыз. Башында күлүп аткансыз, күлкүлүү болуп аткан.

Жетиген Асанбек: Азыркы бийлик мындан күлкүлүү.

О. Шакир: Бул бийлик башкаруунун башкача бир модели болмок, кыргыздыкы деген… Э Саке, таппаганың жок эй!

С. Шер-Нияз: Эгер бир нерсени жашыра албасаң, анда бөлүп көрсөт дейт. Уруучулук ар бирибиздин каныбызда отуру. Өтө аз пайыз гана адам уруучулуктан чыга алды. Калгандарынын канында отуру уруучулук. Эмне үчүн жашырышыбыз керек, аны пайдаланбайлыбы? Мына минтип да башкарса болот, эмнеге болбойт экен? Бул жерде мобу маселе калат: анда башка улуттарчы? Бир пайыз бөлүп коюш керек башка улуттардын диаспораларына. Ушинтип башкарса бийлик үчүн мушташпай, тынчыраак  болот элек. Бир адам чечпейт болчу, баарыбыз отурмакпыз да, чечмекпиз.

Д. Орозалиев: Азыр башка эч нерсесине карабай, өздөрүнчө эле борбор жактан бийликтин баарын алып коюшат да.

К. Иманалиев: Сакеникин андан ары өнүктүрүп көрөйүнчү. Биздики СССР учурунда совхоз, колхоз, район, область, анан борбордук бийлик болгон да. Азыр мамлекеттеги менчиктин 90%ы жеке менчикке өткөндүгүнө байланыштуу, аймактык башкаруу оңой болгонуна байланыштуу, айыл өкмөткө көбүрөк бийлик берип, район, областты аймак кылып коюш керек. Чүй – эки эле аймак: Токмок, Кара-Балта. Анан түздөн-түз өкмөттүн астында аймакты өнүктүрүү боюнча департамент болот, ошол иштемек. Көл – эки эле аймак, Нарын – эки эле аймак, Талас – бир эле аймак, түз башкарганга оңой болмок. Сакеникин биз курултайчылар менен сүйлөшүп, эки палаталуу кылсак болот. Алар эл өкүлдөр жыйыны болот. Биз элдин өкүлү эмеспиз, саясый партиянын өкүлүбүз.  Кыргызстанда 3% гана эл партиянын мүчөсү. Бул калыстык эмес да, 3% жагынан калыстык эмес. Ошол 3% гана эл 100% бийликти алып атпайбызбы. 97% элдин партиясы жок. Бул бир, экинчи жагынан, өткөн чакырыкта бир райондон 14 депутат болду. А мобу килейген Сокулуктан депутат жок же Ак-Талаадан жок депутат, Тогуз-Тородон жок. 20 жылдан бери жок. Эки район бөлүнүп келгенде эл аз экен да. Ушул жактан калыстык болушу керек. Үчүнчүсү, парламент региондордун проблемаларын чечиши керек эмес. Парламент саясатты аныктап, бюджетти, мыйзамды аныктап берет. Региондорду региондун өкүлдөрү чечиши керек. Ал үчүн эл өкүлдөр жыйыны сыяктуу, ар бир айыл өкмөтүнөн экиден киши күздө эки жума, жазда эки жума сессияга келип турушу зарыл. Алар айлык албайт. Ошол региондорго кантип акча бөлүнөт, бүт бийлик ошолорго отчет берип турушубуз керек. Алар 4 жылдап алмашып турганы оң. Ага акча деле кетпейт. Себеби Саке айткандай бизде эң чоң чатак бийлик бөлүшкөндө чыгат. Жанагы 450 адам жаңы элита болуп чыгат. Мүмкүн ошояктагы айыл өкмөтү бияктагы парламенттен күчтүүдүр, биз билбейбиз да.

Ошондо жаңы элита региондордон чыгат да, стабилдүүлүк болот. Бир да регион айта албайт, бизден депутат, министр чыккан жок деп. Куру дегенде эки кишиң депутат болуп атпайбы ошондо. Анан бюджеттен акча алуу боюнча региондун проблемасы чечилет. Ошондо бүт уруу камтылат. Биз азыр уруудан партия түзсөк, дүйнө жүзүнө уят болуп калабыз. Эл бизди туура түшүнбөйт. Санап чыксак эң чоң уруу саяк менен мундуздар. Алардан эң көп депутат келет. Улуттук азчылык да камтылат. Мисалы, курддар Васильевкада жашашат, алардан бир депутат келет. Регион маселелери чечилет, уруулар маселеси чечилет, улуттук азчылыктардын маселелери чечилет. Аларга бүт бийлик отчет берет, өкмөт, генпрокуратура, парламент – биз да барып отчет беребиз.

С. Шер-Нияз: Ал жыйынга, мисалы өлүм жазасына кетип атканды да токтотуп коё ала тургандай укук бериш керек. Аны чыгарып алганда ал үчүн аксакалдары чуркайт да, саруунун, сарбагыштын аксакалдары, айланайындар, тиги-бу депчи, бирок токтотуп койгонго акысы болуш керек. Ошондо аксакалдардын кадыр-баркы, күчү өсөт. Анан алар, эй акмак, биз сен үчүн сурана албайбыз, шерменде болбойбузбу дегенде акыйкаттык аурасы пайда болот.

Жумадин Кадыров: Жана жакшы суроо болду, эмнеден жаңылдык, эмне үчүн туура эмес шайладык деп. Ал боло турган нерсе болчу. 91-жылы эгемендикке жалпы эл даяр эмес болчу. Жөн эле асмандан түшүп калды, адегенде жолубузду таба албай адашып, Аскар Акаевге ишенип койдук, ушул киши бизди башкарат деп. Ал киши да даяр эмес болгондуктан адашты, билбегендиктен адашты. Бакиев деле жакшы киши. Жакшы киши болуу, жакшы саясатчы болуу, жакшы жол башчы болуу – үчөө үч бөлөк сапат. Үчөө эч убакта бир сызыкта боло албайт. Анан кийин жан кейип, азаптанып атып жолдор табыла баштады окшойт. Мына, канча жакшы сунуштарды айтып атасыңар. Атамбаев аябай туура башкарганда андай муктаждык болбойт болчу, билбей калмаксыңар. Азыр абалыбыз аябай деле кейиштүү эмес. Баары бир туннелдин түбүндө жарык бар. Каныбек жакшы сөздөрдү айтты, ошого кошумчалай кетейин. Бизде бир институт бар. Конфуций эки миң канча жыл мурун айткан, эгер кайсы бир мамлекет күчтүү болсо, аскери көп болсо, акчасы көп болсо, куралы да көп болсо, бирок үй-бүлөлүк институту алсыз болсо, анын келечеги жок деген. Кайсы бир элде, атургай мамлекет жок, бирок үй-бүлөлүк институту бекем болсо, улуусун кичүү сыйласа, атасын бала сыйласа, кызы энесин укса – ошол элдин келечеги бар деген. Бизде Россияга салыштырмалуу, Казакстанга салыштырмалуу үй-бүлө институту бекем боюнча дагы эле. Үй-бүлө – бул кичинекей мамлекет. Ошолор бекем болсо, баары жайында. Алардын баарын бекемдеп койгонго эки эле нерсе жолтоо болуп атат. Биринчиси – паракорчулук, экинчиси – компетентсиздик. Паракордуктун айынан иштин көзүн билбеген кишилер чоң-чоң кызматтарга жетип алган. Алардын эси-дарты иш кылуу эмес, баягы жумшаган акчасын ордуна келтирүү. Ушул эки нерсе эле бизди артка тартып атат. Бирок ушулардын бардыгын басып өтө алабыз деп ойлойм. Келечек жакшы эле…

С. Шер-Нияз: Атамбаевди туура эмес шайлап алдык деген жөнүндө мен айтайынбы, азыр шайлоо болсо, азыр да Атамбаев өтөт, менин жеке оюм. Анткени башка саясатчыларда жок сапат бар ал кишиде.

К. Иманалиев: Саке сыйлык алгандан кийин ушинтип калды.

С. Шер-Нияз: Сыйлык үчүн эмес. Атамбаев убагында менин сыйлыгымды бердиртпей койгон. Ушуну жазып койгулачы «РухЭшке»! Чыгармачылыкта акыйкатсыздыкты мага Атамбаев көрсөткөн. “Манас” ордени берилсин деген мамлекеттик комиссиянын чечимин жокко чыгарып, ылдый түшүрүп, “Даңк” медалын бердирген ошол киши болчу. Мен болгонун айтып атам. Биринчи кезекте ал кишиде чечкиндүүлүк бар. Чечкиндүүлүк – бул чоң нерсе. Экинчиси – эр жүрөктүүлүгү. Үчүнчүсү – ал өз командасын сатпай алып жүрө алат. Ошолорго акыйкат мамиле кылганды билет. Өз командасы жөнүндө айтып атам, элдикин эмес. Ошондой кишилер гана жетет бийликке. Биздин саясатчыларда, тескерисинче – ар бири ар баштуу чыгып, ар кандай сүйлөп, эки күндүн ичинде жарашып, үч күндүн ичинде ажырашып, бөлүнүп, талканы чыгып атканы.

О. Шакир: Командасын саткан Атамбаев болду го, досум эй. Текебаев, Отунбаеваларды сатпадыбы. 7-апрелдин ишенимин ошол киши сатты!

С. Шер-Нияз: Текебаев эч убакта Атамбаевдин командасы болгон эмес.

О. Шакир: Кантип? Саясый күрөштө ныгайып достор болду да.

С. Шер-Нияз: Ал азыр да шайлоо болсо, жеңе алат. Анткени ал чечкиндүү сүйлөйт, аягына чейин сөзүнө тура алат, өлүмгө болсо да. Бизде андай саясатчылар жок азыр. Ким туруп атат аягына чейин?

Ж. Асанбек: Текебаев.

С. Шер-Нияз: Ал акыйкатын сүйлөйт. Жеке өзүм мен Атамбаевден акыйкатсыздык көрүп жүргөн адаммын. Мен жалпысынан айтып атам. Туура, көрпенделиги бар, кекчилдиги бар, майдачылдыгы бар. Бирок чогуу алып келгенде башка сапаттары менен жеңип кетип атпайбы. Болбосо, мына азыр мүмкүнчүлүгү болду, удулу келди, жаш Бабанов каякта жүрөт? Анык лидер болгондо башка өлкөгө кетпейт болчу, келип анда камагыла мени деш керек болчу. Элимден 35% добуш алган мени камап салсаңар, элим үчүн отурайын деш керек болчу. Көрсө, кээ бир саясатчыларга ошол элден алган добуш баалуулук эмес, жеке өзүнүн тагдыры баалуулук болуп кетип аткан чыгар, же калппы? Чындыкты айталы да.

Ж. Асанбек: Атамбаевди мен шайлабайт болчумун. Бирок башында мен деле ишенгем. Сиз айткан сапаттарды көргөн эмесмин, бирок анын сөзүнө эле ишенгем. Акыйкаттык менин канымда дечү эле го.

С. Шер-Нияз: Бир нерсени айтканда салыштыруу керек. Салыштыруу мыйзамда да бар. Бакиевдин заманы менен салыштыралы. Биз айтып атабыз, бүгүнкү күндө саясатчылар запкы көрүп атат, түрмөгө отуруп атат деп, биздин лидерибиз дагы. Бакиевдин заманында канча саясатчыны ит аткандай кылып атып салышты. Унутуп калдыкпы, эстеп көрөлү, ондон ашык адам. Болдубу ушундай? Болгон жок.

Ж. Асанбек: Салянованын инисинин өлүмү жашыруун эле бойдон калып калды го.

С. Шер-Нияз: Эми аны табышты го менин оюмча, билбейм. Жо, менин талашым жок, негизги нерселерди айтып атам да. Биз куугунтук деп атабыз, а тигилер өмүрдү алып атышпадыбы. Акыйкаттык болуш керек да.

К. Иманалиев: Саке, ушул жерден мен бир каршылык айтайын. Мен төрт президенттин учурунда тең депутат болдум. Акаевдикинде, Бакиевдикинде да, Отунбаеваныкында да, Атамбаевдикинде да, азыр бешинчиси болуп атат. Бакиев учурунда эң кызуу оппозиционер элек. Бирок азыркы парламентке болгондой кысым болгон эмес. Аңдыган, тыңшашкан, бизнесин текшеришкен. Бирок азыркыдай агрессивдүү болгон эмес, бул биринчиден. Азыркыдай криминал саясатка аралашкан эмес, азыркыдай бизнеске чабуул болгон эмес. Экиге бөлүнүп калды. Бийликтеги бизнесмен, оппозицидагы бизнесмен. Өзүбүз бөлүнгөнүбүз аз келгенсип, бизнести да бөлүп салдык да. Шайлоого тигиге иштедиң деп азыр качып жүргөн инвесторлор канча? Кытайда, Турцияда. Ушуну менен мамлекетти өлтүрүп атабыз. Ошол доордо, 2011-жылы ошол эле кишинин жылдызы жанып турган.

Ж. Асанбек: Анткени ал бай болчу. Байлыгына эле карап атышпайбы.

К. Иманалиев: Ошол учурда ал таасири бар, өзүнүн партиялык структурасы бар болуп көрүнө алган. 2015-2016-жылдарга чейин шүгүр эле иштеди. Акырында Текебаев менен кармашам, өч алам деп атып, бир жылдык шайлоо экономиканы эки жылга артка тартты. Бүт жагынан биз артка кетип калдык. СССР учурунда Усубалиев биринчи секретарь болуп турганда 10-11-12-орунда элек. Бизден ылдый Тажикстан, Молдова, Түркмөнстан, Армения турчу. Азыр бюджет, жалпы ички дүң продукция, мамлекеттеги коопсуздук абал, мыйзам боюнча биз эң артка кеттик. Эң өкүнүчтүүсү ошол Атамбаевдин доорунда болуп атат. Бакиевге мен өтө оппозиционер болчумун, бирок ал учурда бюджет Тажикстан, Армения, Молдовадан да күчтүү болчу. Акыйкат сөздү айтыш керек. Мен Атамбаевден запкы көргөн жокмун, Бакиевден көргөндөй. Бирок соттошуп жүрүп, 5-6 процесс болуп, утуп чыккам. Азыркыдай сот бийликке түздөн түз баш ийүүгө өткөн эмес да. Атамбаев менен чогуу митингде жүрдүк, мага Бакиевге караганда ал жакыныраак. Бирок акыркы учурдагы Кыргызстанда кылынган кесепеттер баарыбызга зыянын тийгизип койду да. Кеп Текебаев менен эле Бектур Асановдун отурушунда эмес. Инвесторлор качты да. Себеби, айтып бергилечи, Бектур Асанов, Салянова, Шыкмаматов – кимиси бир сом уурдады? А уурдагандар каякта жүрөт азыр? Бийликте. Эгерде ушулар бир 10 миң доллар уурдашкан болсо аларды коргогондон уялат элек. А ТВЕАдан 100 млн доллардай айырма түшүп атпайбы. Бул экинчи Кумтөр, муну биз айтпасак, кийинки парламент айтат. Муну эч жакка ката албайбыз. Эки казан курганга 386 млн курду дегенге эч ким ишенбейт.

Ж. Асанбек: 200 миң долларга эмнеге эмерек алышат? Ошолбу ЖЭБди модернизациялоо?

К. Иманалиев: Азыр парламенттин тили өтпөй атат, Huawei компаниясы боюнча. Душанбе деле биздей. СССР учурунда баары бирдей стандартта салынган, жолдору да бирдей. Ушул эле компания менен иштешип, алдарда коопсуз шаар үчүн бир эле кесилиш жолго 220 миң доллар кетип атат, бизде 500 миң доллар кетип атат. Мен премьерге суроо берсем, бул «прямая инвестиция» дейт. «Прямая инвестиция» болсо, коррупциялык схема менен кете береби? Бардык инвестпроект коомдук пикирде болуш керек, анан тендер жарыяланыш керек. Ким аз акча берип, көптү сапаттуу, аз мөөнөттө коёт? Ошол каралууга тийиш. Коопсуз шаар 2012-жылы Бабанов премьер кезде башталган. Биз Грузиядан мурда баштаганбыз. Тажикстан бизден кийин киришкен. Грузия 2013-жылы бүттү. Тажикстан коюп бүттү. Биз эң артта калдык. Себеби эки компания соттошуп, акчаны токтотуп салган. Акча бюджетте бар болчу да. Анан кийин өзү Коопсуздук кеңеши даярдаган, бул мамлекеттик орган, роликте кетип атат, жылына 700 млн доллар коррупцияга кетет деп. 700 млн долларды 5ке көбөйткүлө, 3,5 млрд доллар. Анда коррупция кимде? «Ата Мекендин» кимиси? Ким аким, ким губернатор, ким аэропортто иштеди? Бийликте иштеген киши гана коррупция кылат да.

С. Шер-Нияз: Кошумча айтып коёюн. Азыркы ирип-чириген акыбал – бул мурунтан башталган нерсенин запкысы. Бул нерсе калыптанган нерсенин запкысы, бул биринчи. Экинчиден, коркок болбош керек. Саясатчылардын баары коркок. Азыркы саясатчылар айталбайт, парламентте депутаттардын 90%ы жер чукуп отурат. Саясатчы коркок болсо, ушундай болот. Бийлик адамды бузат ошентип. Бакиевдин заманында ызы-чуу болуп, көчөгө миңдеген кишилер чыгып атчу. Ошондо алдыңкы сабында турчу адамдар бар болчу. Азыр ким туруп атат? Эч ким жок.

К. Иманалиев: Алдыга тургандарды камап атпайбы.

С. Шер-Нияз: Камаганда өлбөйсүң, отур барып түрмөгө! Камаса сен саясатка чыктың да, отур түрмөгө! Өлүп каласыңбы? Ал жерде деле адамдар отуру. Кызык, ушу да сөз бекен?

К. Иманалиев: Саке, өзүңүз…

С. Шер-Нияз: Өзүмдүн сөзүмдү аткарып келаткан кишимин! Каке, мен сенин сөзүңдү бөлбөй, унчукпай уктум.

К. Иманалиев: Макул, макул.

О.Шакир: Чачташа кетсеңер, кызыгы ошол болсун…

С. Шер-Нияз: Коркпош керек, мамлекет үчүн чыктыңбы, өлүмгө даяр бол! Өлүп калсаң эстелик коёт сага, менин оюм ушундай. А бизде саясатчылар кызматта да болуш керек, ошол убакта бийликте да болуш керек. Антип саясат кылбайт, саясатчы деген бел байлайт, өлүмгө даяр болуп. Үй-бүлөсү менен сүйлөшүп коёт, сен алачыкта жашап калышың мүмкүн, экөөбүз мынча жашадык деп. Белиңди байла дагы, чык. Андайдын бирөөсү жок бизде. Бизде чыгып-чыгып туруп анан кийин башка өлкөгө качып кетип калат. Ошо да саясатчыбы? Саясатчы эмес. Лидерин камаса башын жерге салып отуру, кээ бирлерди карасаңыз. Каяктагы саясатчы ал? Саясатчы эмес, коркок ал! Өзүнүн өмүрүнөн коркот, сөзүнөн коркот, үй-бүлөсү үчүн коркот. Андай коркоктук кылбаш керек. Айтыш керек түзүн. Чыгып баары Атамбаевди мактап атканда, менин айткан сөздөрүм жазылып турат, президентти иттин уулу байгара да мактай алат деп айткам мен. Мен го саясатка башымды байлаган киши эмесмин. Ошончолук коркок болуп туруп, саясатта эмне бар? Сени эл шайлады, сен келгенден кийин адам катары өзүңдүн парасатыңды аткар да. Бул, Каке, сизге тиешелүү эмес. «Ата Мекенчилер» андай менен оорубайт, билем. Баары жан талашып, бизнесин сакташ керек, өмүрүн сакташ керек, балдарын чет өлкөдө окутуш керек, элита үйдө жашаш керек. Ушул нерселер аларга бийик болуп отурса, анан бийлик бузулбаганда эмне болот, бузулат. Кумга башын тыгып алып отурушса. Ал эми жанагы соттук реформа жылган жок дегенге кошулам, 100%. Мисалы, шайлоочуларды акча менен сатып алганга үйрөнүп, аягында өлүп кала жаздап, Бабановдун штабын тегерете курчап алып кайтарышкан, аны дагы билем. Ооба, ал нерсе болду. Бул бир күндө жасалган проблема эмес, жыл сайын өрчүп жүрүп отурду. Баарын бир адамга шылтап коюш да туура эмес.

К. Иманалиев: Саке, мен азыр үч нерсеге жооп берейин. Биринчи, сен айтып атасың, Атамбаевди коргогон адам катары, бул кемчиликтин баарына…

С. Шер-Нияз: Аны эмнеге коргомок элем, ал менин коргоомо муктаж эмес.

К. Иманалиев: …мурунку президенттер күнөөлүү деген сыяктуу. Ельцин президент болуп турду эле, Россияда элдин баары темир жолдо жаткан. Путин 3 айда оңдоп койду Россияны. Саакашвили келип Шеварднадзеге шылтаган жок. Бакиев күнөөлүү болсо, Бакиевдин кеткенине жети жыл болду, оңолбой атабыз го. Саакашвили алты айда оңдоп койду. Өзбек президенти бир жылда оңдоп койду. Экинчи, сен айтып атасың, мурунку оппозиция массанын көпчүлүк элдин алдына колдоп чыкчу деп, ошонун арасында мен да жүргөм. Эң астында тамада болуп, Бабанов экөөбүз жүрчүбүз. НТС түз эфирде көрсөтчү ошону, себеби эркин басма сөз бар болчу. Азыр абал андан жаман. Элдин баары эле башын сая бербейт да, Текебаевди камаса, Бектур Асановду камаса, Садырды камаса, баары эле мен саясатта элем деп, тобокелге сала бербейт экен. Андайлар улуттан аз эле чыгат. Президент боло турган мыкты адам бир улуттан ашып кетсе беш-алтоо, ошонун 99%ы түрмөдө отурат. Текебаев бар эле бийликти көзгө сайып турган, андан кутулуш керек болду азыркыларга. Биз Текебаевди түрмөгө отургузган жокпуз, биз акыйкаттыкты, демократия үчүн күрөштү түрмөгө отургузуп атабыз. Андан кийинкилер ошону айткандан коркуп калды го. Бул акыйкат. Алар акталбаса, бул коркоктук генетикалык деңгээлде өтөт, бийликти бир үй-бүлө же бир эле клан ээлеп калат. Себеби чоң эр жүрөк муундар, мисалы Бектур Асановду эр жүрөк жигит деп эсептейм, Текебаев сыяктуу. Дүйшөн Чотоновду эр жүрөк жигит деп эсептейм. Алар бир тыйын уурдаган жок. Аа, буларды камады, мен да камалам деп  эч ким барбайт да. Алардын ата-энеси айтат да, мына башын сайып койгон Текебаев эмне болду дейт.

С. Шер-Нияз: Барыш керек. Текебаев – үлгү.

К. Иманалиев: Бабановду кайсы бир деңгээлде актагым келет. Кыргызстанда акыйкат сот болсо, качпайт эле да. Мени ак жеринен болсо да камайт деп качты ал. Аны жакшы көргөнүмөн, симпатияман эмес…

С. Шер-Нияз: Жандуу маек болуп атат, ээ (күлдү)

К. Иманалиев: Системага ишенбей, мамлекетке ишенбей качты. Жамандыр, жакшыдыр парламентте 28 добушу бар, бир партиянын лидери. Кыргызстанда суурулуп чыккан, Алмаз Шаршенович өзү ушул президент болсо болмок деген адам болчу. Көрдүңүздөрбү, бизде мамиле тандамал болуп атат. А эгерде мамлекетте бир система, калыстык, бир стандарт, бир конституция болгондо мындай болбойт эле.

Ж. Кадыров: Бир суроо бар. Сооронбай Жээнбеков даярданып сүйлөдүбү же кокустан айтып алдыбы, эмне болду? Андан кийин эч кандай жылыш жок. Баарыңар аралашкансыңар деп, балп эттирип сүйлөп койду го.

К. Иманалиев: Ал чындыкты айтты.

С. Шер-Нияз: Билет да ал.

Ж. Кадыров: Чындыкты айтты. Бирок айтпаш керек эле же айтканга жараша иштеш керек эле да….

С. Шер-Нияз: Баарыбыз пендебиз. Эргүү келгенде оозунан чыгып кетет сөзсүз.

Д. Орозалиев: Эми сиздердин баамыңыздарда прогноз кандай?

С. Шер-Нияз: Жалпы прогнозду айтканда, мен бул саясаттан эч бир майнапты көрбөй турам. Эстелик коюш керек дегеним ошол, саясатчыларгачы. Жакынкы 30 жылга чейин саясый жактан өсүштү көрбөй турам. Себеби биринчи кезекте биз элге чындыкты айткандан тайсалдап калдык. Бул өтө коркунучтуу. Чындык болгон жерде гана жеңиш болот. Мамлекет – бул баарыбыз бирбиз деп эч ким айтпайт, бул биринчиден. Экинчиден, сот реформасы жүрбөйт. Бардыгы өзүнүн мунарасынан карап атат, бүгүн мен буларды шайлап алсам, эртең мага жардам берет деген мунарадан карашат. Бул мамлекетти алдыга жылдырбайт. Сот системасын оңдоп алалы деген ой эч кимде жок азыр. Сот системасы туура эмес иштеп атат деген ой бийликте жок. Сот системасы 10-15 жыл оңолбойт. Биз азыр момундай жолго өттүк: барып элди алдап добуш алып келмей, анан эптеп оокатыңды кыла бермей. Эл менен байланыш ошол жерден үзүлөт, добуш алгандан кийин үзүлөт, андан кийин жокко эсе. Регионалдуу лидерлерди пайда кылдык. Кыргызстан жөнүндө ойлонбой, өзүнүн району жөнүндө ойлонгон саясатчылар отурат бизде, көп учурдачы. Ал жерде өсүш болбойт. Бизди Кудай эле сактап келатат.

Д. Орозалиев: Элди, шайлоочуларды алданбай турган кылып, кандай чара көрсө болот?

С. Шер-Нияз: Менталитет боюнча биз мобуга байланганбыз: биринчи – трайбализм, муну элдин эсинен өчүргүч менен да өчүрүп сала албайсыз. Экинчи маселе, негизи баары эле жеген. Бизнес кылгандардын 95%ы кандайдыр бир деңгээлде туура эмес иш кылган. Салыктарын төлөбөгөн, дагы тиги-бу. Ооз ачып сүйлөгөндөн ал дагы кармап отурат. Баарыбыз байланышып калганбыз. Система ушундай ырбап калган, муну 1-2 жылдын, 5 жылдын ичинде бөлүп чыгуу мүмкүн эмес. Бул аң-сезим менен бөлүнөт. Чыгармачыл адамдар аң-сезим жаатында аракет кылып атканыбыздын себеби ошол. Саясатта жакынкы жылдары мамлекетти алдыга жылдыра турган өзгөрүү болбойт. Ушуну билип-билбеген, мен саясатчымын деп иштеп аткандарга зээним кейип, жүрөгүм ооруйт. Парламент мыйзам чыгарганды бир жылга токтотуп коёлучу, эч нерсе өзгөрүлбөйт, жашай беребиз. Баарыбыз, 120 киши бир жылга сот системасын оңдоо үчүн отурсак, оңдоп коёт элек. Кылымга бузулбай турган кылып сот системасын оңдоп коё турган болсок, бар го, эртең мамлекет бир паста өнүгөт. Ошондо бизнесмендер депутаттыкка барбайт, бизнесимди сот эле коргойт дейт, ал жакта эмне бар мага дейт. Ал жакка профессионалдарды жиберели дейт. Бизнесмендердин бардыгы байлыгын кармаганы отурат. Ошол нерсе түзүлүп калды да.

Ж. Кадыров: Жана жакшы сөз айттыңыз, Кудай сактасын деп, Кудай сактасын. 91-жылы эгемендикке келебиз деп күткөн эмеспиз, эртең эмне болорун да билбейбиз…

С. Шер-Нияз: Эркиндикти күрөш жолу менен жулуп алсаң, ошондо баалайсың да. Белек катары келген нерсенин кадырын билиш өтө кыйын.

Ж. Кадыров: Ошол сыяктуу, момундун ишин Теңир бүтүрөт дейт.

К. Иманалиев: Мындай болду. 25 жылдан бери Грузияга деле, Молдовага деле белек болуп келди. Алар кармашып алган жок да.

С. Шер-Нияз: Молдова өсүп кетти дегенден алысмын. Грузияга макулмун.

К. Иманалиев: Молдованын экономикасында эмес, бийликтин формасында жетишкендик бар. Президенттин полномочиесин кесип салган парламент – күчтүү парламент. Биз ошого жетпей атпайбызбы. Сиздин сурооңузга жооп берсем, мен оптимистмин. Биринчиден, жаңы келген президентке ыйман берсин дейбиз. Саясый репрессияны токтотсо өзүнөн өзү консолидация болот. Тиги партияга иштедиң, бул партияга иштедиң, Акаевчил, Бакиевчил, Атамбаевчил болуп бөлүшпөй, калыс адамга эл өзү топтолот. Мен пикир алышып жүргөн, Кыргызстанда реформа кылабыз деген адамдар бар. Кээ бирөө министрдин орун басары болуп иштейт, кээси бизнесмен, ошолорго партиясыз өкмөт курап, бир жыл убакыт берсе… Эл реформага бышты, бизнесмендер бышты. Укук коргоо органдары ашып-ташып, чий көбүгү чыгып атат. Парламент ошонун ордосу болуп бериши керек, анте албасак, парламентте отурганыбыз бекер. Бөлөк биздин вазипабыз жок.

Д. Орозалиев: Каныбек Капашович, рахмат сизге. Экинчи жолу ыраазы болуп отурам. Биринчи жолкусунда сиз экөөбүз соттошконбуз, менин «Обон» гезитиме байланыштуу, эсиңиздеби?..

К. Иманалиев: Аа… Ха-ха… (күлүштү)

Д. Орозалиев: Эки миллионго жыгып баратып туруп, кечип жибергенсиз. Ошондо бир ыраазы болгом. Эгерде мени соттоп ийгенде, жанагы журналисттер, сөз эркиндиги боюнча сөздөрү туура эмес чыгып калат эле ха-ха…

К. Иманалиев: Биринчи бетке жазып ийишиптир, бир кафеден тамактанып, төлөбөй кетиптир деп. Анан мени менен бирге тамактанган адамга телефон чалдым, байке, төлөбөй кеткен турбайсызбы, айтып койсоңуз өзүм төлөйт элем да деп. Анда убакыт да жок эле. Анан келип, квитанциясын жазып берди, Каке, мен төлөгөм деп. Анда ким иштечү эле, Нурлан иштечү беле, эми эстедим.

Д. Орозалиев: Ошондо бир ыраазы болгом, аябай айкөл жигит экен деп. Азыр да бышып, кыргыздын мыкты жигиттеринен болуптур деп отурам.

С. Шер-Нияз: Маек жыйынтыктуу болду деп ойлойм. Тойдум эле, болбой тамак да койдуңар алдыга, ооз тийип алып эле чыкпасам, саат үчтө маанилүү жолугушуум бар эле. Мына ушундай маданият болуш керек да. Какем мага каршы сүйлөп атат, мен ага каршы сүйлөп атам, бирок чабышпай эле, асылышпай эле, ар кимибиз оюбузду айтып атабыз да.

О. Шакир: Жакшы сөздөр болду, чер жазышкан. Бирок кыйратып бильярд ойнободук бүгүн…

Бул жолку “Саймердендеги” бильярд таймашта бильярд топтору, столу томсоргон бойдон калды. Ананчы, бери жактагы көөрүктө көлкүлдөп сөз кыпкызыл болуп кызып турганда, барскандар да күүлдөп күчөп турбаганда кантмек эле. Темирди кызылында, сөздү учурунда демекчи. Айтылчу сөздөр эле. Айтылбай да канчасы калды. Алардын да учуру келип, удулу табылар «РухЭште». Ага чейин буларды аш кылып туруңуз, ардактуу окурман.

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *