1.

Жолон Мамытовго жетимишинчи жылдардын баш ченинде жолугуп, анын өмүрүнүн аягына дейре, мындайча айтканда, сексен сегизинчинин жазына чейин байланышымды үзбөдүм. Азыр эсептесем, алгач Жокемди Иса пайгамбардын жашында –отуз эки-отуз үчүндө  тааныптырмын. Акын көз жумганда өзүм да так отуз эки-отуз үч куракта экенмин.

Он беш-он алты орток жылда ортобуздан чубаган окуялар эсимде. Эстесе, эске түшчү  нерселер бар. Асыресе, бу саам маркумдун эч жерде күбөлөндүрүлбөгөн, арийне, көңүл-көкүрөгүмө  кыттай  уюган чыгармачылык сабак-үлгүлөрүн баяндоого батынам.

*  *  *

Гезит-журналга сунуштаарда ырларыңды башка-башка барака көчүрүп, не астына, не үстүнө  аты-жөнүңдү  сөзсүз көрсөтүшүң  керек. Антпесең – чыгармаң  чачылып, дарексиз жоголуп кетет же уятсыз бирөө «меникилеп» менчиктеп алат, — дечү  Жолон  Мамытов.

Дегеле Жокем кагаз ишине тыкан эле.

Минтип ар бир жылды бөлөк-бөлөк папкеге көктөдүм, — деп кеп урганы жадымда. –Колжазмаларым, анда-мында жарыяланган ырларым, макалаларым, анан жыйнактарым жөнүндө  пикирлер… Таппай убара тартпайсың. Калемдеши Омор Соороновдун бүйрөлүгүнө  ашкере тамшанчу: — Майда-чүйдөдөн өйдө  чогултат. Чогулушта записке жөнөтсөң, ошону дагы тыкыйтып катып коёт, Омокем.

Жазуучулар союзуна жаңыдан дайындалганда учурасам, шымаланып, үстөлдүн суурума-тартмаларын астейдил тазалап атыптыр. – Мусакемдин (Муса Жангазиев – чыгармачылык бирликтин Ж.Мамытовдон мурдагы катчысы –А.П.) «мурастарын» иреттеп бүткүдөй эмесмин. Иретсиз жайда узанууга жарабайт.

*  *  *

Орусчага катуу аракеттен. Колдон келсе, которуп үйрөн, — дечү  Жолон Мамытов.

Студент чагымда Сулейменовдун ырын таржымаласам, жактырбай таштады: — Ошончодон Олжастын ортозаар ырын тандаптырсың.

Кийин, «Кыргызстан маданияты» жумалыгында эмгектенип жүргөнүбүздө  Николай Рубцовдун төмөнкү  саптарын сынаттым:

Кала бердиң, карап деңиз боюнда
Жылмайып да, жашка жууп бетиңди.
Кусалыкты, махабатты оюмда,
Желбиретет шамал парус шекилдүү.

Колдоп, коштоп толкундардын сүрөөсү,
Деңиз жиреп, бара жатам арылап.
Жактырганым Муз мухиттин мүнөзү,
Күүлдөгөн, күжүлдөгөн ар убак.

Көздөгөнүм Түндүк уюл калаасы,
Көздөн учуп, кайтам кайта туш жактан.
Болгондуктан бул шаардын санаасы,
Болгондуктан мында суук сыздаткан.

Алтыным-ай, ар нерсеге жорутуп,
Жылмайып да, жашка чайып ырайың.
Коштошконуң  үчүн жүрөк оорутуп,
Кошоор бекен сени маган Кудайың!?

— Дурус, бирок, эмнеге аз? –деген Жокем.

Акындын айтымында, Маяковскийди «майкандап», ага таасирленгенден далай нерселерди жаратасың, анан аны танып, маселен, Пастернакка көчөсүң… Ошентип, дөө-шаалардын баарынын мектебинен өтмөк ылаазым.

*  *  *

Ыр эргигенде шыр жазылат. Чийип кой да, унутуп сал. Кыйла мезгил карыткан соң  баягыңды былчылдатып оңдоп кир, — дечү  Жолон Мамытов.

Бир мертебе, Мамлекеттик кино комитетиндеги кабинетинде мага «Асирет» аттуу поэмасын үргүлжү  окуп берди. Кийинчерээк  башбаксам – негедир ошонусун кайталап окуду.

— Кандай? Таптакыр өзгөртүптүрмүнбү?  Кызыл жаян сызгыладым, кысталак, — деди изденүүнүн акыбетине канааттангандай.

Жокемдин түшүндүргөнү  боюнча,  сүрөткер көркөм туундусун жүрөгүнүн кубат-нуруна (энергия) каныктырат, ширетет. Береги кубат-нур канчалык күчтүү  болсо, чыгарма ошончолук узакка өлбөй-өчпөй, улам жаркылдап, суктандырмагы, суусатмагы бышык. Автордун деми окурманга кылымдардын кабат-кабат калың катмарын көзөп,  эс тандырган учу-кыйырсыз аралыктарды кыскартып жетет.

— Музанын чыгаан алптарынын артында деле, — дейт Ж.Мамытов тынымга санаркап, — болжолдуу түрдө  он чакты басма табак рухий мурас калат өңдөнөт.

*  *  *

«Байчечекейдин» жамааты Мамкинонун имаратына жайгашкандыктанбы, айтору, аталган басылманын редактору  Токтосун Самудиновго жакындап, бөбөктөргө  арналган бирдемелерди токуганга ыктадым, — дечү  Жолон Мамытов.

Бирде ырларыңыздан чет тилдерге оодартпайсызбы десем, ириде, улут акыны катарында жетилейинчи дегенчелик жооп кайтарган. Ал эми публицистикалык материалдарын өз алдынча китепке бириктирүү  тууралуу таклибимди караманча колдободу: — Шартка ылайык бирин-серин проза кыргызчалаганым себептүү  ыңгайсызданам. Поэзия – «кызганчаак» жанр. Абайлабасаң – таарынтасың.

Ушуга улай куш кабар чүргөгөнүнө  курсант Ж.Мамытовдун «кинодо бекер убакыт коротупмун, тубаса журналист окшойм, кысталак» — деп азил-чыны аралаш барбалаңдап, редакциянын тар коридорунда кенен-чонон кадам шилтеп, ары-бери дүкүлдөп басканы элестейт.

*  *  *

Жазуучу мээ чарчатып мээнеттенип, кеңседен кеңсеге  жүгүрүп, бир нече жыл бою тымызын аздектеген эмгегин жарыкка чыгарат. Биз аны жадакалса тек куттуктоодон эринебиз,  –дечү  Жолон Мамытов.

— Беш-алты мыкты ырыңды белгиледим. Алар жалпы жыйнагыңды паровоз чиркелген вагондорду сүйрөгөндөй сүйрөп барат. Ийгилик каалайм!

Телефонду тамамдап, Жокем ордунан обдулду: — Жайлообек Бекниязов. Эми Мелис Абакировдун повесть, аңгемелерине киришем. Бирибизди бирибиз ушинтип моралдык жактан сүрөгөнүбүз ийги…

Ж.Мамытов суткесине жыйырма төрт саат адабиятка кызмат өтөгөн, өңүндө  да, түшүндө  да поэтикалык каражаттардан сыйкырдуу, канаттуу дүйнө  жасап, анысын замандаштарына ак пейилден  тартуулаган. Андыктанбы, мен акын менен адабияттан тыш темада асиреттешкенимди түк билбейм.

2001.

2.

Жолон Мамытовдун чын дүйнө  сапар салганына он беш жыл толду. Андан бери акын жанындай сүйгөн, талбай даңктап ырдаган кыргыз журту далай ысык-суук турмушту баштан кечирди. Негизгиси, токсонунчу жылдарда, СССРдин мурдагы союздук жумурияттарынын тобунда толук эгемендикти энчиледик. «Жашыл аалам» жыйрманчы кылымдан жыйырма биринчи кылымга, эки миңинчи миң  жылдыктан үч миңинчи миң  жылдыкка кадам койду.

Арийне, «мелмилдеп кылым жүзгө  толгон кезде» Ж.Мамытовдун добушу үзүлгөнү  жок. Кеп анын эстелигинин тургузулгандыгында, эскермелердин жарыяланганында, ысымы менен сыйлыктар аталганында эмес (алар туш-тушунда аткарылып жатат деңизчи!?), сүрөткердин канаттуу поэзиясынын азыркы окурмандардын бүйрүн кадыресе кызытып, эргиткенинде, түйшөлткөнүндө  окшобойбу.

Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү  мен,
Силерге көз кайкыган жылдыздагы
Жыйырма биринчинин урпактары,
Жыйырма биринчинин кыргыздары.

Автор «татаал ойлоп, эң  бир татаал жашаган» доорунан салам жолдогончо, бизге «бүтүндөй жердин шарын, мейкиндикти, адамдык, сүйүү, чындык, эркиндикти, ак мөңгү  Ала-Тоонун топурагын» ишенип тапшырат. Калемгер о-о анан, анан деле махабат, күлкү, «тоолордо тоолук сүйгөн кымыз менен айтуяк үйүр-үйүр жылкы» болоруна ишенет. «Ишенем сенин жолуң алысына, Ата-Журт, алаканда сакталасың,- деп улантат лирикалык каарман. – Апасы түнү бою «Манас» угуп, баласы соруп уктайт ак мамасын». Баса, ал береги саламын «жыйырма биринчинин сулуулары, жыйырма биринчинин акындары» өзүнүн китебинин «саргарган барагынан табарына» бөркүндөй ишенет.

Дагы ишенгени өмүрүнүн кыскалыгы, кылым тогошкон учурга жетпей калмагы. «Жыйырма беш жазды көргөн» кырчындай жигиттин капарына мындай капылет кайдан жана кантип түштү  экен?!

Асыресе, Ж.Мамытов алиги пикирин кийин минтип бир аз башкачараак туюнтат:

Алыкул менин эле курагымда,
Жан кыйып Фрунзедей турагында…

Жеке керт башын унутуп, жамы тирүүлүкө  «суунун өмүрүн» тилөө улуттук адабиятыбыздын көрөсөн өкүлүнүн мүнөздүү  бөтөнчөлүгү: «Ишенем ушул биздин тирүүлүктүн, түгөнгүс түбөлүктүү  алысына». Буерде да «алыс» деген акжолтой айтым пайдаланылган.

Жолон Мамытов «эмнелер бар эртеңдердин боюнда» дегенчелик жандуу кызыгууга Азияны «ат чабым жол өңдүү» сезген ата-бабаларыбыздын узак өтмүшүн үйрөнүү, «кыргыз рухун» бел тутуу, анын кубат-күчүнө  сыймыктануу аркылуу кабылат.

Жылкынын карегинде күн айланат,
Дүйнөлөр дүрбүдөгү  жылат мелүүн.
Ат сага кылымдарга болгон канат,
Сен анын жүрөгүсүң, менин элим.

Тарых Ж.Мамытов үчүн Нияз ырчы, Туйгун батыр турактаган «сепил», «өлбөс, житпес, күйбөс, сынбас, элдин ыры», «Курманбектин куу талаада өлгөнүн, Кожожаштын камалганын аскага, Жаныш-Байыш, Жаңыл Мырза болгонун» саймедиреген санжыра. «Жыгач жонуп, өтүк, чокой ултарып, мал күзөтүп, айдоолорго дан чачып, отун алып өтө берген бул тарых».

Акындын «ойчул өнөкөтү» «тыйпыл болгон байыркы зор калаанын сөлөкөтүн» калыбына келтирет, «кайнаган базарларын» аралайт, «жаш паңсат» менен чекишип, кайта бекишет. «Эми биз кол кысышып күлүп турдук, четинде калаа менен ай талаанын».

Некин, Жолон Мамытов – мезгилдин уулу. Андыктан, анын чыгармачылыгында, ири алды, «мезгилдин элеси» ар тараптуу чагылганы табигый көрүнүш. Ал «жашап жаткан заманын» такай ойлойт, «ар кечте селки себин аңтаргандай, ар түнү мээ-сандыкты аңтарат да, сөздөрдүн таап кымкап, шайыларын, замандын жүгүн таңып, тартат алга».

Ж.Мамытовдун көркөм туундуларында советтик идеологиянын, утурумдук саясаттын деми сезилбей койбостур. «Менин доорум – коммунисттер, жаңы ойго, зор байгени баштап бара жаткандар» деп чегелейт чыгаан таланттын калеми. Автор маалында күйөрмандарын «күзүбүз  биздин жазыбыз» мисалдыгына ынандырып, «комсомол курактын ырын» сыздата созгон. Ошол эле учурда ал «айткан кепке аткарган иш төп келбей, сан эреже чирип бара жатканын» астыртан аяр баамдайт, «кыскартышат редакторлор, биздин жазган саптарды, ательеге үч сом берип,  кыскарткандай жаңы шым» деп тикелей наалыйт, «кайырсыз күндөрдүн бир күндөрүндө» «алоолонгон акыйкатты» ураан сымал чакырат: «Жаңылыкты король, шахтар ачпастан, ачат аны жерге жакын жүргөндөр». Дегеле, сүрөткердин айлана-чөйрөгө камыр-жумур жуурулмагы азап –«жөн күнүң  жок, ой баспаган капасыз, деги сага эмне керек, кысталак?!».

Биз акынбыз. Ойдогуну арийне
түз айтабыз жымсалдабай, кууланбай.
Бизге андыктан күтүү  кыйын мамиле
доско достой, а тууганга туугандай.

Ий-е, Жолон Мамытов «карама-каршылыктар ааламынан» тирмийип кыяматтык маани жыйнаган, «кайталангыс сапарында» баскан, «кайталангыс жолун» тапкан. «Ырталаанын дыйканынын» ысымынын ысыктыгы ушундан.

3.

Өткөн жумада «Ала-Арча» көрүстөнүнө  айтылуу Жолон Мамытовдун айкели коюулду. Ага арналган аземге катышкан көркөм адабиятыбыздын жоон топ өкүлдөрү –Жокемдин шакирттери жана устаттары, өкмөт мүчөлөрү  анын канаттуу поэзиясынын өлбөстүгү жөнүндө  ченебегендей мыкты сөздөрдү  айтышты.  Эстеликтин жанында «туйгун кабак, тунук акынга» арналган ырлар окулду. Маркумдун  жары Меңди Мамзаированын поэтикалык саптары күбөлөгөндөй, «баракелде, скульптор өнөрүңө, барып турган асыл иш болду мунуң».

Ушул маанилүү  окуяга байланыштуу гезитибиздин башкы редактору, Жолон Мамытовдун жеке адамдык касиетин, чыгармачылыгын терең баалаган жана чыныгы инилик сезим менен сыйлаган Абдиламит Матисаков менин илгери-кийин  эки  басылмага    басылган  макаламды кайрадан кайталап   жарыялоо демилгесин көтөргөнүн зор ыраазычылык менен белгилейм. Ылайым, сүйүктүү   уулунун атын аздектеген кең  пейил журтубуз аман болсун!

*  *  *

Жалал-Абаддан Ошко бирин-экин ырларыбызды артынып, «гезитке сунуш этебиз», «радиодогуларга учурайбыз» -деп дембе-дем каттайбыз. Али сөөгү  ката элек жаш балдар акын болмокко ынтызарбыз, жүгүбүз –эшекте, дымагыбыз –төөдө, ушундай бир романтикалуу учур. Өзүбүз  билим алган педагогикалык окуу жайындагы лакап атыбыз «акын». Тиги бурчта, бу бурчта шыңкылдаган кыздар «акын келатат» дегенсип, биресе табалап, биресе тийишип, шыбыраша калганын сезебиз. Көпкө  куштар, азга корстон жашчылык.

«Кайырсыз күндөрдүн бир күндөрүндө», Ошто, радиокомитетте Жолон Мамытовго кезиккем.  Бөлмөдө  беш-алты бейтааныш адам, арасынан Жокемди дароо тааныдым. Телефон менен сүйлөшүп жатыптыр. Балбылдаган каректери, ажарланган ыраңы биз тамшанып жаттаган «Отту сүйөм», «Жашыл ааламдагы» чыгармалардын жаратуучусу дал ушул жигит экенин жазбай айтып тургансыйт.

Ошондо акын алып барган ырларымдын бирөөн  гана жактырды. Ошону радиодон уктурду.

— Дагы жакшы сенин бир бүтүн бирдемең өтүптүр, мен алгач «Ала-Тоого», Рамис Рыскуловго кайрылганда араң  бир сабымды жараткан, — деген Жокем кыйла кийин кептен кеп чыгып.

Агезде Жолон Мамытовго жакындоо, аңгемелешүү –абырой. Селкилерге кат чийгенде өзүбүздүн салыштырууларга алымсынбай, анын ашыктык түрмөктөрүнөн кошо койчубуз. Берегидей кырдаалда  Жокем менин зоболомду андан ары ашырып, ырларымды, кабарларымды эфирге байма-бай оболотот.

Бир курдай таптакыр асмандатып таштаган. Пахта теримде, кечки тамакка киришкенбиз. Тактайдан жасалган узун үстөлдүн үстүндө  физик мугалимибиздин транзисторунун жаагы дамамат басылчу эмес. «Ош» башталганда добушун ого бетер көтөрүп салат. Орто ченинде Шарапат Турдакунова менен Улукбек Мамытов менин ырларымды шаң-сөөлөттүү окуду. Анан минтип жарыялашты: «Сиздер уккан поэтикалык саптардын автору –Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окуучусу Абибилла Пазылов ушул тапта өзүнүн курдаштарынын катарында Ленин районунда жардамда жүрөт. Эмесе, Абибиллага, анын курсташтарына музыкалык салам жолдойбуз». Уктуруунун редактору, албетте, Жолон Мамытов. Пахтага жөнөөрдүн  босогосунда Ошко, радиого тийгем, баарлашканбыз. Мына сага, жоомарттык!

Жана бир сапар Ошко жолум түштү. Тааныш каанага башбактым. Жокем жок. Прозачы Камалов чапчаң  саламдашып, «Жолон Фрунзеге которулуп кетти» -дейт. Ындыным өчтү. Бурулуп чыгып баратсам, «Эй бала, ырларыңды ташта, бердиртем» -деди Абдимитал аке.

Жалал-Абадда, жаздын кечинде «Ошту» эшитип отурдум. Абдимитал Камалов поэзияны баяндап, ичинде мага бөтөнчө  көңүл оодарды. Пикиримде биздин жатакананын кыздары о-о мурдагыдай, пахтадагыдай дем тартпай, былк этпей менин «шедеврлериме» жапырт кулак түргөндөй…

Мен тууралуу дагы угасыңар! Кыргыз тили-адабияты агайым Тиллебек Үтүров каалагандай, өтүкчү  болсом делеби, борбордон иштейм. Анткени мен таланттуумун! Адегенде филфакка тапшырам, Жолон Мамытовго жолугам.

… Студенттик курак, акын-жазуучулардын чөйрөсү  менчик мүмкүнчүлүгүмдү  реалдуу баалоого үйрөттү. Атүгүл бара-бара ыр токугандан баш тарттым. Уялдым. Шаам чендебесине ынандым. Мунума Жокем кабатыр. Өзгөчө  университетти тамамдап, «Кыргызстан маданияты» жумалыгында чогуу эмгектенип жүрчүдө  тарыхтан тигил-бул мисалдарды тартып, муза дүйнөсүнө  чакыргандан тажабады. Мен, ошентип, Жолон Мамытовдун татыктуу шакирти эмесмин, бирок, татыктуу окурманымын. Адабияттагы жаштыгым аны менен тыгыз байланыштуу.

Ушул билген-баккандарымдын баарын жипке шуру тизгендей тизип, ышынбай эбак бүтүрүп коюушум парз экен.  Анан калса, Жокемдин чыгармачылыгын иликтесем, мени ким кармамак?!

Габриэль Гарсиа Маркес туура белгилептир: Мемуарды жаш кезде жазуу керек, карыганда көп нерсе унутулат. Кантейин, чыгынбастык! «Кыжынып, эртең деймин, эртең  деймин, эртеңдер сансыз келе берүүчүдөй». Баса, акындын менин ошол чыгынбастыгыма  итабар кейип-кепчигени эсимде: «Китептериңди чыгарып, жазуучулар союзуна өтүп салчу жердесиң».

Ак пейили кармаса, «жолдош Пазылов, ыр угасыңбы?» дейт. Өзүнүкүнөн да өзгөлөрдү  окуганды жакшы көрчү. Бирөөнүн ийгилигине сүйүнгөн эр мүнөзгө  ээ болчу. «Үйүңдө  үстөлүң  барбы?», «Түнкүсүн канчага чейин иштейсиң?» деп сурагандарычы?!

Кээде мага Жокем чындап жетишпейт. Абай айтмакчы, «достон да, душмандан да көңүл калып турганда» насаатын аябай, улам алга умтулууга үндөгөн асыл адам эле, агам эле.

Айтса, кыргыздын бир улуу салтына ылайык Жолон Мамытов менен түбөлүк туугандашканбыз. Демилгечи -өзүм. Үйлөнөөрдө  өкүл аталыка өтүндүм. Ушу азыр да көз алдымда, редакциянын имаратында мени окчун жетелеп, «Меңди да макул» -деп жагымдуу кабарды ары сырдуу, ары сыймыктуу жеткиргени.

Ал эми өкүл апабыз –таанымал жазуучу Меңди Мамазаирова келинчегиме казан, депкир тартуулап, ырасмисин түздөгөн. Кийинчерээк, тун кызыбыз төрөлгөндө  өкүл апам төрөт үйүнүн короосунда  ыйлап алыптыр дейт,  балбалактап, өкүл атам «небере таптык» деп тааныштарына телефон чалат дейт, жетиналбай.

Жокем кызматынан көтөрүлүп, чыгармачылык кошундун катчылыгына дайындалды. Ошондо, дасторкон четинде Усубалиевге аңгемелешүүгө барганын агызбай-тамызбай баяндап олтурду. Дегеле маанилүү  окуялар жүз бергенде, айрыкча, чет өлкөлөрдөн сапардан кайтканда мени менен маектешүү  анын айныксыз өнөкөтү. Индостанда Раджив Гандиге саламдашканы, Кытайда Жусуп Мамайга учураганы, Кубада мулат чүрөгүнө суктанганы өзүнчө  кызык…

Акынды ажалга оозубуздан жулдурган өңдөндүк. Кайра куруу заманында Жазуучулар бирлиги жаңыча ой жүгүртүүнүн чордонуна айланып, көч башында Чыңгыз Айтматовго үзөңгүлөш Жолон Мамытов бараткан. Экинчи тарабынан жаакташмай, жазышмай катуулаган маал. Жокем ооруканада экенин кулактап, анчейин дарылануу го деп болжогом. Көрсө, жаңылыптырмын. Ал ошерде да менин болочогумдан санаркап, «Абибилла  Борбордук Комитете резервде, бешенеси ачылып кеткиси бардыр» дептир.

Кайран кишинин табыты Москвадан Алматыга түштү. Кабыргабыз кайышып, Бишкекке апкелдик, жамы жазуучу журту шолоктоду. Коштошууга Кыргызстандын биринчи жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү  топтолду. Эл ичинде мен дагын жаш сыктым. Жокемдин он гүлүнүн бир гүлү  ачылбай өлгөнүнө  өксүдүм. Эми өкүл апабыздын, туяктары Маяк менен Уландын, Айгерим менен Азаматтын тагдыры кантет дегенчелик өксүдүм. Жазмышымдын кемдигине буркурадым, өлүм актыгын моюндап буркурадым. Өпкөм өпкөмө  батпай, такаатсыз буркурадым… Анан, кайгы-касыретке аралаш сөз өнөрүнө  Жолон Мамытовдой чынчыл мамиле жасоо жөнүндө  купуя кыялдандым.

2003.

(«Адабият. Айтматов. Асерлер»  аттуу 2014-жылы «Турар» басмасынан жарык көргөн китептен.)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.