Калила жана Димна (4-жана 5-бөлүм)

<<<<<<<<<<<<<<1-2-3-бөлүмдөр Падыша Дабшалим ойчул Байдабага: — Жакшы кеп айттың, туура кеңеш бердиң… Ар ким өзүнө сабак ала тургандай насаатыңды айттың. Эми жалынып-жалбарып, алдыман-артыман түшүп мени ишендиргиси, алдагысы келген душман жөнүндө айтып бер. Ошентип Байдаба баянын баштады. КАРГАЛАР ЖАНА ҮКҮЛӨР Улуу тоодо аябай чоң соң дарак өсчү эле. Ошол даракта миң карга уялап жашачу. Араларында Албетте, өзүлөрү шайлап алган башчысы да бар. Ошол даракка жакын жакта, Улуу тоонун этегинде бир үңкүр бар болчу. Ошол үңкүрдө да миң үкү жашайт. Алардын дагы […]

Дилазык: Башкы каалоо

<<<<<<<<<<<<<Жүз уламыш жүрүмү Илгери бир өкүмдар жашаган экен, анын сүйүктүү жигити болот. Бир жолку согуш майданында ал өкүмдарды өлүмдөн алып калган эле. Сүйүнгөнүнөн өкүмдар каалаганыңды аткарайын деп жиберген эле: — Каалаганыңды айт, дароо аткарам, — дейт. Анда жигит: — Сакалыңызды аларда мага айтып койсоңуз, мен кырып берейин, — дейт. — Каалаганың ушулбу? — таңгалат өкүмдар, — Болсун, болсун, айтып коем. Мындай келесоону теңтуштары шылдыңдашат. Чын да, кааласа мамлекеттин жарымын алып коймок, чочоюп чоң болмок. А сураганы бул. Көрпенделер да ушундай. […]

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: Кантти экен?

(Асан кайгы бабаздын изи менен терилген терме) Түнкүсүн уктабай отурганда түрдүү ойлор келе берет. Томолок жерди  алаканыма кармап алам. Сыдыргыдан сыдырылат дүнүйө…Ал эмне болду экен?…Бул эмне болду экен?  Дүйнөдө аты суук, түрү суук түрмөлөр бар. Кудай ошолорду кучагыңа ал, оорун жеңилдет, актай көр, бей-бечараларды сактай көр деп тиленем. Анан отуруп жалпы жан бүткөндүн барына жаны кейиген Асан кайгы бабамды эстеп, көрбөсөм да  ичим жылып кетет. Адамдык жолду  салып кеткен экен.. Ушул түнү уктабай, ооруп жаткан кантти экен? Чарк айланып көпөлөк, […]

Кожогелди Култегин түрк тилинен которгон Нежип Фазылдын ырлары

(Экинчи топтом) <<<<<<<<<<<Биринчи топтом АЯЛДАРДЫН БУТТАРЫ Мустафа Шекибге Аял буту баскан жерде – жүрөгүм, Басып эзген сайын жыргайт: “Бас! Эз!..”– деп. Өмүр-жолдо суроо салса бирөө бир – Баратам дейм аял изин аздектеп. Күлкү коштойт аялзатын, ый коштойт, Жакыныраак көздөн мурда бутуна. Туруш-турпат, ийкеми анын тилге окшойт, Аял барда лам дебе да, упура. Ичке устунда – Кудай берген сулуулук! Имараттар алганбы өрнөк буттардан?! Жабуу астында турган сымал улуулук! Чолпонду айайм мармар ташка тушталган… Кудай-Элес жүр мойунда тагылып, Демек, динин айтып турат […]

РухЭш: Бизде феминисттер эмес, зөөкүр эркектер коркунучтуу

Көндүмдөргө жык толгон Кыргызстандагы патриархалдык коомдо феминисттерге шектенүү менен карашат, аларды сындашат.  Дагы башкалары суктанышат, колдошот жана үлгү алышат. Ошондой белгилүү феминисттердин ичинен эмоцияга гана эмес, фактыларга да таянган Умутай Даулетова бар. Ал БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) кызматкери жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. “Мейкин Азия онайлн” өнөктөшү — Kaktus.media Умутай  менен заманбап кыргызстандык кыз-келиндердин портрети жана ошол портретти кантип өзгөртө болоору тууралуу маектешти. — Гендер маселелери боюнча качан кантип жана кантип алектенип калдыңыз? — Кесибим боюнча англис тили жана адабияты мугалимимин. Окууну бүткөндөн […]

Мурза ГАПАРОВ: Жол кырсыгы

АҢГЕМЕ Машине жолдон он кадамдай чыгып барып, тумшугу менен кар баскан бийик жарды сүзүп туруп калыптыр. Үстүндөгү карагай торсундардын бирөө кабинанын арткы айнегин көзөп кирип кетиптир. Сыдыктын ыманы уча түштү. «Шопуру эмне болду экен бечара?» — деп ойлоду. Бирок шоопурун көрүүгө үлгүрбөдү. Кабинанын ичин эңилип карагыча болбой, өздөрү анын тушунан өтүп кетишти. Сыдык өз шоопурун суроолуу карады. Шоопуру кыркка чыгып калган, өгүз моюн, сүрдүү адам эле. Кебете-кешпирине жараша түнт, орой неме экен. Оштон чыккандан бери Сыдык аны бир нече жолу […]

Бекташ ШАМШИЕВ: “Орунча” – эненин ордун баскан өгөй аял

Топчугүл Шайдуллаеванын “Орунча” аңгемеси кыргыз прозасында Мурза Гапаров бийик деңгээлге чыгарып кеткен психологиялык прозанын мыкты үлгүлөрүнүн бири. Айыл адамдарынын жубардай таза мамиле-катыштары, адамгерчиликтин бийик үлгүсүн алдыга жайган ар кыл тагдырлар жазуучунун башка чыгармаларында да негизги орунду ээлейт. Шалыпаядан башталган турмуш Аял затынын бийиктиги менен тереңдигин мынчалык таамай тартып койгон кара сөз туундусу кыргыз адабиятында аз эле. Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемечилик таланты кийинки кездери катуу чыгып, окурмандардын кызыгуусун арттырууда. Автор мурда деле азыноолок чыгармаларын басма сөзгө жарыялаганы менен бул ишке көжөлүп киришпей, […]