Көндүмдөргө жык толгон Кыргызстандагы патриархалдык коомдо феминисттерге шектенүү менен карашат, аларды сындашат.  Дагы башкалары суктанышат, колдошот жана үлгү алышат. Ошондой белгилүү феминисттердин ичинен эмоцияга гана эмес, фактыларга да таянган Умутай Даулетова бар. Ал БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) кызматкери жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. “Мейкин Азия онайлн” өнөктөшү — Kaktus.media Умутай  менен заманбап кыргызстандык кыз-келиндердин портрети жана ошол портретти кантип өзгөртө болоору тууралуу маектешти.

— Гендер маселелери боюнча качан кантип жана кантип алектенип калдыңыз?

— Кесибим боюнча англис тили жана адабияты мугалимимин. Окууну бүткөндөн кийин университетте иштедим, кийин Эрнис Мамыркановдун медиаборборунда ММК менен иштешүүнү өздөштүрдүм, көп өтпөй котормочу-фрилансерликке өттүм. Аябай көп уюмдар менен иштештим, 2005-жылдагы Анжиян окуяларында БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарына котормочулук кылдым. Бир топ тармактарда адистешүүгө туура келди.

Бишкеккке көчүп келип, абактар менен активдүү иштеген “Чек арасыз дарыгерлер” уюмуна кирдим. Камалгандар менен 6 жыл өттү. Ушул иштен чарчаганым ишмердүүлүктү өзгөртүүгө түрткү болду.

Ар кайсы уюмдарга резюме жибердим. 2011-жылы БУУ Аялдар уюмунун кеңсеси жаңыдан ачылып жаткан, алар коммуникация боюнча адис издеп жаткан экен. Мени маектешүүгө чакырышкан кезде гендер жаатында такыр түшүнүгүм жок эле. Гендердик теңчилик деген эмне, ага жетүү үчүн кандай чараларды көрүү керек деп сурашты, мен ички туюмум менен жооп берип жаттым.

Милдетим аялдар кыймылдары менен тыгыз байланышта иштөө эле. Ошентип, мен Бишкектеги феминисттик демилгелер жыйынына Сельба Жумаева, Айзат Шакиева жана башка көптөгөн кыз-келиндер менен чогуу барып калдым. Ошолор менен баарлашып жүрүп, жарым-бир жылда гендер деген эмне экенин аңдап жеттим. Биздин аялдардын күчтүү кыймылыбыз жана жарандык коомубуз ушул билимди алып жүрүүчүлөр. “Биргелешип зомбулукка каршыбыз” деген кыймылды түзүү идеясы жаралды, азыр анын катарында кырктай уюм бар.

Бир нече жылдан кийин ПРООНдо иштей баштадым, азыр программалардын гендердик координаторумун.

— Сиз Facebookтун кыргыз сегментинде белгилүүсүз, сиздин жазгандарыңызды катуу талкуулашат. Биз эл аралык уюмдардын супсак маалыматтарына көнүп калганбыз го, а сиздин постторуңуз андай эмес. Жумуш менен жарандык активдүүлүктү сиз кантип бөлүштүрөсүз?

— Бул эки түшүнүктү бөлүп кароо мен үчүн кыйын, анткени активизм – бул сенин ичиңде дайым отурган нерсе. Иштеген уюмуңдун алдындагы милдеттер башкалардан бир аз айырмаланат. Мисалы, кандайдыр бир каршылык акциясына чыккым келет, бирок укугум жок, анткени биздин уюм саясий жактан бейтарап. Өз пикиримди социалдык тармактарда айтам, алардын көпчүлүгү ПРООНдун саясатын чагылдырат.

Профессионалдык ишмердүүлүккө келсек, кыз ала качуу, диний жөрөлгөлөр, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө катыштым. Акыркысы зомбулук курмандыктарынын юридикалык жардам алуусун жөнөкөйлөштүрөт. Биз БУУ менен жарандык коом, аялдар кыймылы ортосунда жакшы көпүрө кура алдык. Бардык демилгелер алардан түшөт – бизге кайрылышат, кандайдыр бир аянтча сурап же иш чара өткөрүүгө жардам сурашат.

Мен долбоорлорду гендердик жактан анализдөө менен алектенем. Мисалы, никеге тыюу салуу боюнча мыйзамды иштеп чыгууда жашы жете электер менен жана нике тууралуу күбөлүксүз нике кыюуга тыюу салуу сунушталган. Бирок бизден экспертиза жүргүзүүнү суранганда, мыйзам долбоордун экинчи бөлүгү адамдын жарандык никеге болгон укугун бузарын түшүндүк. Биз жашы жете электр боюнча биринчи бөлүгүн калтырууга кеңеш берүүнү чечтик.

— Менимче сиздин аялдар укугу үчун күрөшкөнүңүз мүнөзүңүзгө, сиз чоңоюп-тарбияланган чөйрөгө да байланыштуу. Эмне таасир этти?

— Апам мектепте орус тили жана адабиятынан мугалим эле. Ал “феминизм” деген сөздүн так маанисин билбейт, ал буга дайым өтө кылдат мамиле кылат. Бирок апамдын иш-аракетин карасак, ал эң күчтүү феминисттердин бири. Бала кезде апам, атам жана сиңдим менен чогуу турчубуз, бизде бул аялдыкы, бул эркектики деп бөлүү жок эле.

Мисалы, атам көп эле жолу идиш жуучу, эч кимдин колу бош болбосо, кийимин өзү жууп, жайып койчу. Ошто жашаганда, ар кайсы улуттан кошуналарыбыз бар эле. Дээрлик ар бир айнектен кир жайып жаткан эркекти көрүүгө мүмкүн эле, бул нормалдуу көрүнүш катары кабылданчу. Же ишембиликте балдар кыздар менен чогуу короо шыпырып, бак тазалачу. Ушунун баары жат деп эсептелбеген чөйрөдө өстүм.

Анан ушунун баары байкалбай отуруп эле туура эмес деп эсептелип калды. Бул мен Бишкекте жүрүп, анан жумуш боюнча Ошко кайра барып калганда аябай байкалды. Гендердик маселелер менен алектене баштаганда, кайсы жерде биз жаңылыштык деп көп ойлондум. Мурда апалар аталар менен катар эле иштечү эмес беле. Классташтырымдын бирөөсүнүн апасы үй кожойкеси болгонун эстей албайм.

— Соцтармактардагы постторуңуздан улам сиз тууралуу кандай стереотиптер жаралды деп ойлойсуз?

— Деги эле эч нерсеге канааттанбаган, матриархат орношун каалаган радикалдуу феминист катары образым калыптанды. Дагы үй-бүлөдө көйгөйлөрү болгон, күйөөсү токмокточу деген сыяктуу. Колумду жүрөгүмө коюп турум айтам, эң мыкты жолдошум болгон. Кайсы бир деңгээлде ал киши мени гендерге алып келди. Анан мени соцтармактарда эле эмес, жашоодо да радикалдуу деп эсептешет. Эркектерди жек көрөсүң деп көп айтышат. Мен эркектерди аябай сүйөм, бирок биздеги зордукчулардын 90%ы — эркектер болсо, эмне дейсиң? Мен жалпылабайм, бардык эркектер зордукчу дебейм. Биздин уюм бул маселелерде так статистиканы бере алчу изилдөөлөрдү жүргүзөт. Мен ошол сандарды гана коомго жарыялайм, коом болсо мага “сен өтө радикалдуусуң” деп жооп кайтарууда. Чынында абал кандай экенин айтсам радикалдуу болуп каламбы?

Дагы бир мисал. Бир тренингде феминитивдер жөнүндө айтып, биздин ММКлар аябай алга жылып, ал сөздөрдү колдоно баштаганын айттым. Мага: “Умутай, андай болбойт, сен өтө эле радикалдуу феминисткасың, андай маселелерди аябай кылдаттык менен көтөрүү керек” дешти. Аларга суроо салдым: “А кантип жасашым керек? Жанына барып алып: “Кечиресиң, азыр мен сага аябай кылдаттык менен бир нерсе айтам” дейинби.

Кандай болушу керектигин түшүнбөйм, андыктан түптүз айтам же такыр ооз ачпайм. Сен бир нерсени алга сүрөп же бойкот жарыялап жатсаң, каршы тарапка бул дайыма агрессивдүү же аша чапкандай көрүнөт. Аялдарга карата зомбулук жөнүндө сүйлөп жатсам, кээде мага: “Апыртпачы, ал жөн эле бир салды да”, — же: “Урат, демек, сүйөт” дешет. Физикалык же психологиялык зомбулукту кантип актаса болорун такыр түшүнбөйм.

— Facebookтагы колдонуучулардын көбүндө толеранттуулук, темага сүңгүп кирүү жок. Алар сиздин постторуңузга аябай агрессивдүү комментарийлерди калтырышат. Ал комментарийлерде орто кылымдагы стереотиптер да байкалат. Эмне үчүн өзгөргүсү келбеген адамдарды ынандырууга аракеттенип жүрөсүз?

— Мүнөзүмдө ушундай өзгөчөлүк бар: адамды ынандырышым керек деп эсептейм. Балким, бул кемчилигим дагыдыр, бирок көп талашып-тартышам жана бир нерсени далилдегенге аракеттенем. Ошол үчүн мага Facebook социалдык тармагынын аянты жагат. Ал жерде постту жарыялап, окурмандардан жооп алсаң болот. Мен өз постторумду жарыялаганда, адамдар ойлонуп, өзгөрө баштайт деп үмүттөнөм. Постторума реакциялардын негизгиси оң болгон үчүн оюмду жарыялоо кандайдыр бир деңгээлде ыңгайлуу. Бирок терс комментарийлер келип же сын жазышкан күндө да мен өчүрүп же бууп салбайм.

Айрымдар мени жетекчи кызматтарда бир да эркек калбай, баарын аялдар башкарышын каалайт деп ойлошот. Коммуникациядан тажрыйбасы бар адам катары тобокелдиктерди түшүнүп-сезип турам.

Плакатта Бишкектеги Уркуя Салиевага арналган эстелик. Ал XX кылымдын башында аялдар эркиндикке укуктуу экенин тастыктаган.

Феминисттердин ар кандай топторунун ичинде гендердик теңчиликке башкаларды ынандыруу шарт эмес, сиз менен чогуу болуп, ушуга ишенип жүргөнү жетиштүү деп эсептешет. А мен болсо сын айтканды кайра ынандырып, талашып-тартышып, анан кандайдыр бир консенсуска келгим келет.

— Феминитивдер үчүн эмнеге мынчалык күрөшөсүз? Менимче айрым сөздөр кызыкча эле эмес, сабатсыз да айтылат. Тил да табигый жол менен эволюция жасаш керек деп эсептебейсизби?

— Биринчиден, орус тилинин өзү партиархалдык. Экинчиден, позитивдик дискриминация деген бар, мисалы, бизде парламентте аялдар үчүн квота талап кылганыбыз. Ошондой эле феминитивдер менен тил биздин аракет жана ой-жүгүртүүбүздү калыптандырат. Биз тигил же бул кесиптердин аталышын “женский роддо” колдоно баштасак, бул биздин угуубуз үчүн адаттан тыш болбой калганда, ишмердүүлүктүн ошол тармагында жыныстар ортосунда теңдик пайда болот. Мурда андай кесиптер жок эле, анткени ал кесипти аркалаган аялдар жок болчу.

“Журналист” жана “журналистка” деп ажыратканыбызда, биз аял менен эркекти бөлүп карап жатабыз, а баары үчүн “журналист” деген сөздү гана колдонсок, анда бул кесиптин артынан журналистти көрбөй калабыз. Ошол эле учурда “няня”, “прачка” деген сөздөрдүн “мужской роддо” колдонулчу варианттары жок. Эгер башында феминитивдер кулакка жат болуп жатса, убакыттын өтүшү менен аларды колдонуу кадимки көрүнүш болуп калат.

— ПРООН Кыргызстандагы аялдарга кантип жардам берип жатат?

— Кыргызстанда ПРООНдун ар кайсы тармакта 50дөн ашык долбоору бар. Мен гендер боюнча бөлүмдө иштейм, ал ар бир долбоорго гендер боюнча экспертиза жүргүзөт. Мисалы, ак илбирсти коргоо долбоорун алалы. Ал жакта кайдагы гендер болсун дешиңиз мүмкүн. Долбоор бюджетинин 50%ы гендерге делиши керек, бул илбирстердин 50%ы ургаачы болсун дегендик эмес. Ак илбирстер жашаган аймактагы аялдар кайсы бир жумушка тартылышы керек, муну менен үй-бүлөнү аңчылыктан алаксытса болот.

Же медициналык калдыктар боюнча долборду алалы. ПРООН инфекциялык көзөмөл жаатында аябай чоң колдоо көрсөтүп келет. Кызматкерлер медициналык калдыктарды автоклавдан өткөрүшөт, башкача айтканда, жөн эле ыргытып койбой, кайра иштетип, экологияга зыяны тийбегидей кылып жок кылашат. Бул милдетти негизинен аялдар – дарыгерлер жана медайымдар аткарат. Автоклавдагы кызматкерлердин 50%ы эркектер болсун деп талап кылбайбыз, мындай долбоорлордо иштеген аялдар үчүн керек шарттардын баары тузүлсүн деп талап кылабыз.

Мындан сырткары жалаң гана гендерге арналган долбоорлорубуз бар. Алардын бири адвокаттар менен “Про боно” системасында иштөө, башкача айтканда, акысыз негизде иштөө. 25 адвокат зордуктоо, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук жаатындагы 13 оор иш боюнча иштешти. Коомдук талкуу жаратканы — аялды уулунун көзүнчө таксист зордуктаганы болду. Алгач айыпталуучу шарттуу кесилди, бирок бул ишке ошол жактоочулар киришкенден кийин 100 миң сом моралдык компенсацияны төлөө менен 8 жылга эркинен ажыратышты.

Учурда дагы 500 адамга үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу жаңы мыйзамды окутуп жатабыз. Ал жакка эркектерден турган гендердик патруль да тартылган. Алар “өзү күнөөлүү” деген сыяктуу стереотиптерди жоюу менен алек.

— Кыргызстандык аялдар чыдап жүрө берген кайсы жагдай сиздин акылыңызга сыйбайт?

— Биринчи кезекте тарбия. Баары төрөт үйүнөн башталат: аял ооруканадан чыгып жатканда,  ымыркайын көк төшөнчөгө ороп чыкса, ал уул, кызгылтка оросо, демек, колунда кыз. Эгер баланы кызгылт төшөнчөгө ороп койсо,  ал уул болбой калбайт, бирок коом уулду неге кызга айлантып жатасың деп сындайт. Башкача айтканда, балдарды жаш кезинен эле “эркекче” (маскулинность), катаал тарбиялашат. А кыздарды болсо назик, жумшак, мээримдүү кылганга аракеттенишет.

8-Март буга мисал – башында бул  аялдардын укугу үчүн майрам болчу. Бирок бул күндүн мааниси түп-тамырынан өзгөрүп кетти, аялдарга гүл же момпосуй, атыр сыяктуу белектерди берип койсо жетиштүү болуп калды. Кыйыр түрдө алганда, аялдар – жагымдуу зона, ал келбети сулуу болуп, жакшы жыттанып турушу керек дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, биз көз кубандыргандан артык эч нерсе кылбашыбыз керек. Муну мен кабыл ала албайм.

“Эркекче” (маскулинность) же бийликти эңсөө жыныска карабай, баарыбызга таандык. Бирок мындай стереотиптерди көбүнчө эркектерге байланыштырышкан үчүн эркектер маанилүүрөөк болуп көрүнөт. Андыктан бул сапаттар эркекте жок болсо, анда ал коом үчүн эркектей кабылданбай калат.

Бул маселеде тарбия эң маанилүү ролду ойнойт – коомчулуктун пикирине негизделген стереотиптерди жабыштыруудан улам бизде кыз ала качуу көп, аткени балдардын пикири эске алынбайт. Аялдарды уруп, жат үй-бүлөдө аны эркине жараша кармап отурганы көп адамдар үчүн маанилүу эмес, алар үчүн күн сайын кемсинтүү жана ооруну сезгенден көрө ажырашып кетүү уят. Ушундай ой-жүгүртүү жана жүрүм-турум образы – биздин замандын оорусу.

— Эгер аял иштеп, өз потенциалын ача алса, коомго пайдасын тийгизсе, анда ошол өлкөнүн ички дүң өндүрүмү да өсүп, экономикасы өнүгөөрү тууралуу көп изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Кыргызстандагы экономикалык маселелерди аялдарды дискриминациялоого байланыштырасызбы?

— Ооба, мен гендердик маселелер менен алектене баштаганда, аялдардын бүгүнкү абалы менен өлкөнүн экономикалык жагдайынын ортосунда түз байланышты түшүндүм.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысын эле алалы – бир окуя мамлекетке орточо миллион сомго түшөт. Бул сумма төмөндөгу фактылардан жыйналат: эгер аялды өлтүрсө, мамлекет балдарга жөлөкпул төлөйт, психологиялык колдоо көрсөтөт. Тескөөчүлөр, милиция кызматкерлери, жаза аткаруу системасы тартылат. Ушул темага изилдөө жүргүзгөнбүз. Эсептеп көрсө, олчойгон сумма чыгат.

— Аялдар үй кожойкеси болушуна каршысызбы?

— Үй кожейкеси болуу жаман эмес, бирок кээде аялдар эркинен сырткары кожойкеге айланат. Биз аймактарга барганда, аялдардан ким болуп иштейсиз деп сурасак, көпчүлүгү: “Биз иштебейбиз, үй кожойкесибиз” деп жооп беришет. Мындайда аларга биз үйдө иштейбиз деп жооп бергиле деп көп айтам. Бул эң оор иш экенин далилдөө керек. Биз жумушка барып, айлык алабыз, алар болсо үйдө иш кылышат, бирок акы албайт. Айырмасын сезсеңиз болот: эмгегиң үчүн акча алуу кандай, а эгер эмгек байкалбай калып кетсечи. Кечээ күнү аял манты же аш жасаганы үчүн ага эч кандай бонус берилбейт, болсо да биздин талап жана стереотиптер боюнча – даамдуу тамак жана эмгекчилдик үчүн мактап коюу.

— Биздин өлкөдөгү аялдардын абалы боюнча маалыматтардын чоң базасы бар. Сиз изилдөө жана статистикага таянып, заманбап кыргызстандык аялды кандай сүрөттөйт элеңиз?

— Эгер тенденциялар жана жалпылаштырган маалыматтар жөнүндө айтсак, анда орто эсептеги кыргызтандык аял бул – 25-30 жаштагы, эки-үч баласы менен ажырашып кеткен аял, анын мурдагы күйөөсү алимент төлөбөйт, баланын жашоосу, тарбиясына катышпайт. Анын билими орто, репродуктивдик саламаттыгында көйгөй бар, ал көмүскө бизнесте (аны каалаган убакта иштен айдап, эч кандай компенсация төлөп беришпейт) акча табат. Анда эки баласын толук камсыздоо мүмкүнчүлүгү жок, ижарага алынган батир же жатаканада жашайт.

Эгер аялдын күйөөсү болсо, анда ал кайын-журтунда кулдай эле жүрөт: ал тамак жасайт, кир жууйт, үй жыйнайт, балдарды жана туугандарын карайт, ишин да иштейт. Мындай үй-бүлөдө адатта таңкы тамакка нан менен чай, түшкүгө салат, кечкиге эт болот, анткени кечинде атасы келет, аны эттүү тамак менен тойгузуу керек. Мындай үй-бүлө адатта өзү үчүн эмес, конок келгенде гана муздаткычты азык-түлүккө толтурат , дасторконго эң даамдуу тамактарды коет.

— Орточо кыргызстандык аял балдарына эмне бере алат?

— Баласын уруп же бир жерде жалгыз калтырып кетсе, энелерди сындагандар кыжырымы келтирет. Атасы жок экени тууралуу, тилекке каршы, эч ким сөз айтпайт. Башкача айтканда, атасы жаман экени, ал балдарын уруп же кам көрбөй кеткени, же баланын жашоосунда атасы таптакыр жок экени – биз үчүн кадимки көрүнүш.

— Биздин өлкөдөгү аялды сиз кандай көргүңүз келет?

— Аялдын билим алышына эркин мүмкүнчүлүк болушу керек,  үй-бүлө бюджети көбүнчө уул баланы окутууга сарпталат, анткени алар тукумду улантуучулар, кызга азыраак акча сарпташат, анткени ал баары бир турмушка чыгып кетет. Кыздар өз күйөөсүн эркин тандай алышын каалайм. Аялдар репродуктивдик саламаттыкка, сексуалдык билимге эркин жете алгыдай болсо дейм. Алар кесибин эч кандай сынсыз эркин тандай алышын каалайм.

Булак: «Чабарман»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.