Кыргыз эл жомогу: Эки бир тууган

Илгери өткөн заманда бир кандын катыны өлүп, андан эки бала калыптыр. Кан катыны өлгөндөн кийин аял алса, кичүү баласына кас болот. Бир күнү ал баланын агасы кырк жигити менен куш салганы кеткенде, кандын аялы: — Сенин кичүү уулуң мени уруп койду,- деп канга даттана баштайт. Кан аялынын сөзүнө ишенет да, баланы жылаңачтатып аябай сабатып, эки жигитине: — Ыраак барып башын алып салгыла!- деген буйрук берет. Эки жигит баланы айласыздан алып барып, киймин чечип алып, өзүн кое беришет. «Атаңа көрүнбө, эгер […]

Калила жана Димна (6-7-8-9-бөлүм)

<<<<<<<<<<<<<<<<<<Башы АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ Дабшалим акылман Байдабага мындайча кайрылды: — Абдан жакшы! Кызыктуу окуя экен. Эми жасап жаткан ишинин аягына жетпей, коркоктукка алдырып жиберген кишилердин абалын, окуялары менен кошо айтып бер. — Ар бир киши иштин өзгөчөлүктөрүн жакшылап териштирбей, аңдабай туруп жасаганга аракет кылса аягында өкүнүп калат. Мен муну сизге суусарды өлтүргөн молдонун окуясы менен баяндап бергенге аракет кылайын. Анда эмесе… МОЛДО ЖАНА СУУСАР Гуржан деген шаарда бир молдо жашачу экен. Аялы айдай сулуу, бирок балдары жок болуптур. Молдо эчак эле […]

Бирөө дүйнө жыйнайт, бирөө китеп жыйнайт

Биз сөз кылар китепкөй инсандардын бири — Казак эл жазуучусу, Абай атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мухтар Магауин. Кимдин китеби көп? Китеп — бизди өмүр бою коштоп жүргөн ажайып дүйнө. Ошол ажайып дүйнөгө улам-улам баш багып туруш үчүн кээ бир адамдар китеп чогултат. Минтип китеп топтоо совет доорундагы кыргыз интеллигенциясынын көбүнө мүнөздүү болгон. Менин угушумча, улуу муундагы жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кубат Жусубалиевдин, Кеңеш Жусуповдун, тарыхчылардан Өмүрбек Караевдин, Кушбек Үсөнбаевдин, философтордон Азиз Салиевдин, экономисттерден Керим Жунушовдун, адабиятчылардан Салижан Жигитовдун, Камбаралы Бобуловдун, коомдук […]

Рух дарагы: Дүйнө тааным VI

Адамзатын глобалдуу башкаруу куралынын эң башкысы — бул дүйнө тааным. Калгандарынын баары ушул дүйнө тааным аркылуу башкарылат. «РухЭшке» жарыяланган буга чейинки беш макалада алар жөнүндө азын-оолак кеп салынды. Алар: 2. Тарых, 3. Идеология, 4. Экономика, 5. Геноцид, 6. Аскер куралдары. Буларды төмөнтөн жогору көздөй иерархия тепкичи менен таанышып чыккан максатка ылайыктуу жана түшүнүүгө да оңой. Бир караганда өтө эле жөнөкөй көрүнгөнү менен, бул өтө татаал, майда-баратына чейин так эсептелген башкаруу системасы. Дүйнөтааным — бул адамдын турмушка болгон саясый, адеп-ахлак, диний […]

Мар БАЙЖИЕВ: Бир тоголок самын

АҢГЕМЕ — Ошентип менин атам киши өлтүргөн, — деди Турусбек. Ал тымызын соккон желге билинер-билинбес шуудураган жалбырактарды тиктеп, эчаккы болгон бир окуяны эстеп жатты окшойт. Кичинекей үлүлдү жерден алып кармап турсаң, эки мүйүзүн сербейтип чыгарат, ал эми катуураак кыймылдатып койсоң, дароо седеп үйүнө кире качат, анан аны эмне кылсаң да чыкпайт, чукулап кыймылдатсаң, ого бетер жабышып, ары, так уюгуна кирип алат. Эгерде тийбей оюна койсоң, бир аздан кийин өзү эле текедей койкоюп чыга келет. Бала кезде мындай көрүнүштү далай жолу […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Бак

АҢГЕМЕ Мөлтүр-Булак алыстан караганга айыл эмес эле, дүпүйгөн чоң бак болуп көрүнөт. Ар бир үйдүн алды, арты бак, ар бир үй бакка оронгон. Жаз, жай, күз айлары бул айылдын кооздугуна ченем жок. Айылдагы үйлөр болсо эски, жапыз, көзгө комсоо, көчөлөрү иретсиз. Мөлтүр-булактын көркүн чыгарган эле анын багы, чарбасы. Тунук суу ичкен Мөлтүр-Булактын өрүктөрү, алмалары бөтөнчө таттуу. Кышында да бак ичине кирген адам бак башында кургап калган газанек өрүк, алмаларды таап жеп чыгат. Жерге түшпөй калган сабагы бышык алма-өрүктөр бутакка жабышып, […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (4-макала)

Эгер Арзымат менен Токтогулдун ортосунда адамдык жана акындык мамилеге келсек, буга чейин адабиятчылар түшүндүрүп келгендей, эч кандай деле бет карашпас айтыш болбосо керек. Арзыматтын Жоомарт Бөкөнбаев алдынан өтүп, кечирим сурап, ат мингизген небереси Тургуналы Жолоев жазма акындык өнөрүнөн тышкары, элдик оозеки чыгармачылыгын, анын ичинде Токтогул жана аны менен замандаш акындардын ырларын жыйноо ишине активдүү катышкан адам. Бүгүнкү күндө КР УИАнын Колжазмалар фондусунда анын жыйнаган ырлары сакталуу турат. Арзымат менен Токтогулдун ортосунда бет карашкыс мамиле болсо, чоң атасын «мадырайган соргокко», «жугундукор […]