Эгер Арзымат менен Токтогулдун ортосунда адамдык жана акындык мамилеге келсек, буга чейин адабиятчылар түшүндүрүп келгендей, эч кандай деле бет карашпас айтыш болбосо керек. Арзыматтын Жоомарт Бөкөнбаев алдынан өтүп, кечирим сурап, ат мингизген небереси Тургуналы Жолоев жазма акындык өнөрүнөн тышкары, элдик оозеки чыгармачылыгын, анын ичинде Токтогул жана аны менен замандаш акындардын ырларын жыйноо ишине активдүү катышкан адам. Бүгүнкү күндө КР УИАнын Колжазмалар фондусунда анын жыйнаган ырлары сакталуу турат.

Арзымат менен Токтогулдун ортосунда бет карашкыс мамиле болсо, чоң атасын «мадырайган соргокко», «жугундукор эшик ырчыга салыштырып» ырдаганы чын болсо, небереси Токтогулдун чогултуу ишине катышар беле? Албетте, катышпайт болчу. Элде «кыргыздыкы кырк жылда» деген, ичине кек сактамак. Бул биринчиден. Экинчиден, Арзымат көзү тирүүсүндө өзү аш бердирип, күмбөз тургуздурган экен. Бул маалымат Арзымат тээ алдыны көрө билген көзү ачык, көкүрөгү даана адам болгонун гана билдирбестен, оокат-ашы тың, бардар адам болгонунан кабар берет.

Ал Дыйканбайдын эшигин сагалап ырдап калганчалык, кедей-кембагал, мусапыр адам болгон эмес. Кайра эле акын Исабек Токтогуловго кайрылсак, анын: «Арзымат ырчы Үч-Коргон, Наманганга же базары жакшы болуп калса Анжиянга чейин барып мал сатып, соода кылып келчү тура» (Исабек Токтогулов. Акындын өмүр тамчылары. Арзымат деген ким болгон?) деген маалыматы көңүл бурууга арзыйт. Арзымат ырдаса, элдин көңүлү үчүн ырдаган, ыр ырдап, дастан айтып, кара күүлөрдөн чертип берип элдин черин, кумарын жазган, асти бирөөдөн бир нерсе алам деп ырдаган эмес.

Адабиятчы Омор Сооронов эмне дейт?

Адабият тарыхы, адабият тарыхына из калтырган ырчылар, адабий процесстин өзү тууралуу сөз болгондо, адабий изилдөөчү алдын ала эле бир тараптык болуп, бир тарапты көтөрө чалып, экинчи тарапты басынтып, калыстыктан кеткен жерде, адабият тарыхы сөзсүз бурмаланат, натыйжада адабият тарыхына гана эмес, улут тарыхына да доо кетет, түшүнүксүз суроолор пайда болот. Эгер, ал суроолорго өз учурунда жооп берилбеген болсо, улам мезгил өткөн сайын кийинки муундарды бушайманга салган күдүк суроолорго айланат. Улам кийинки муун тарабынан иликтөөгө алынат.

Белгилүү адабиятчы Омор Сооронов «Биз билген жана биле элек Токтогул» китебинде Арзыматтын тегерегиндеги ошондой «түшүнүксүз» суроолорго жооп берүүгө аракет кылган десек эч жаңылышпайбыз. Адабиятчы КР УИАнын кол жазмалар фондусундагы архивдик материалдарга таянып, кетментөбөлүк Калыбек Кыпчакбаев 1953-жылы Дүйшөн Сулаймановго Токтогул тууралуу маалыматтарды айтып жатып, сөз арасында «Кийин дагы эле ошол Дыйканбайдын Арзымат деген ырчысы менен беттешип жеңген» (Инв.№1547, 2 — 4-бб.) деп тим болгонун, ошол эле Калыбек аксакал 1957-жылы Ж.Таштемировго: «Токтогул ошол 13 жашында топко ырдап, Майлыбай комузчуну, Арзымат ырчыны жеңет. Арзымат Ажыбек манаптын ырчысы болгон, бирок Дыйканбайдыкында көп жүргөн, себеби Ажыбек (Дыйканбайдын) жакын тууганы эле. Арзымат таластык колпоч элинен болчу. Тоялы: «Менин ырчым менен айтыштырасыңбы?» — деп, Дыйканбайга айтат экен. (Дыйканбай) «Айтыштырам, алып кел!» — дегенде, Тоялы (Токтогулду) ээрчитип барат.

Ошол түнү Токтогул түш көрсө, 40 кыз менен 40 жигит комуз чертишип атыптыр. Алардын баарын Током жеңиптир. Эртеси ырдагысы келип чөп-чарды, тоо-ташты айтса, баары куюлуша берет экен. Арзыматты түрдүү өнөр менен жеңет» (Инв.№1914в, 63 — 64-бетте) деп айтып бергенин эскере келип, «Арзымат ырчынын тарыхта чын болгонун, Токтогул менен айтышканын 1894-жылы туулган Жолдош Кабылбеков (уруусу саяк) мындайча ырастаганын (О.Сооронов. Арзымат Токтогулдун Майлыбайдан кийин экинчи айтышкан ырчысы. «Биз билген жана биле элек Токтогул”) айтат: «Токтогулду кичине кезимден билем. Багышбектин баласы Токтогул менен бирге айдалып кеткен, Үмөталыга бир тууган Тынаалы дегендин баласы Кабылбектин уулу болом… Арзымат деген ырчынын болгондугу ырас. Бирок Током бул олтурушту (кулакка тартуу жаңыдан башталган учур экен. Карагулов деген райисполком менен бирге отургандагысын айтып атат.) Арзымат ырчы менен айтышканы жөнүндө айткан жок. Жалпы эле ырчылар жөнүндө айтып келип: «Арзымат да кыйын ырчы эле, ал байларды мактап, ошолор менен бирге жүрүп байыды» деген эле. Кыйын ырчылыгы ушул:

«Бай дагы минет бир атты,

Кедей да минет бир атты.

Байдын байлык жери бар,

Жазында минет кур(?) атты», — деп кедей арасына келгенде ырдачу эле деген эле Током. Арзымат менен айтышканын сураганыбыз жок, ал киши да айткан жок» (Инв.№1914в, 7,9-беттерде). Уруусу саяк Жолдош Кабылбековдун ырастаганына караганда, Токтогул өзү да «Арзымат да кыйын ырчы болгон» деп баалаган экен. Демек, андай болгондо Арзыматты Дыйканбайдын эшик ырчысына айланткан күнөө Токтогулда эмес, күнөө Токтогулду ырларын чогултуп жана анын өмүрү-чыгармачылыгын изилдеген акын-жазуучуларда жана окумуштууларда, алардын өздөрүнүн «эшик ырчылык» сын-сыпатында, окумуштуулук турпатында.

Алар Арзыматты бай-манаптын ырчысы, «эшик ырчы» катары образын түзөбүз деп жандалбастап жатып, өздөрү компартиянын ырчысына, советтик идеологиянын «эшик ырчысына» айланып калышкан. Арзыматка карасанатайлык, кыянаттык кылабыз деп жатып, өз ысымдарына карасанатайлык, кыянаттык кылышкан.

Кетментөбөлүк Сагындык Сапаров уккан Токтогулдун Арзыматка карата ырдаган ыры

Арзыматка болгон Токтогулдун сый-урматын анын Арзыматка карата ырдаган ырынан эле байкаса болот. Адабиятчы Омор Сооронов өз изилдөөсүндө КР УИАнын Кол жазмалар фондусундагы Сагындык Сапаров аксакалдын эскерүүсүнө да шилтеме берген. Ал эскерүүдө Арзымат менен Токтогул айтышы жана Токтогулдун Арзыматка карата ырдаганы мындай эскерилет: «Карыялардан укканыма караганда, күз айларында Сопу бий атасы Керимкулдун ашын бериптир. Аш Кутчу-Сарууда өтүптүр. илгери той же аш бергенде, бир унаадан отун салчу экен. Токтогул бир унаа отун жүктөп келип түшүргөндө, Сопу бийдин үйүндө Дыйканбай баш болгон бир топ мыктылар отурушкан экен. Арзымат алар менен бирге экен. Ал (отургандарга) ырдап бериптир. Ошол жерде отургандардын бирөө: «Сатылгандын баласы ырчы боло турган, кыйын ырдайт», — дептир. Токтогул апкелген отунун түшүрүп атса: «Башкалар түшүрүп коёт, тез кел, Дыйканбай чакырып атат» — дептир. Токтогул үйгө башбакканда: «Мына, бул бала!» — деп көрсөтүшүптүр. Токтогулдун кейпин көрүп, Арзымат ырдап кириптир. Бир топ жамандап ырдап туруп, комузун жерге коюп, наспайын чегип (атып) алып, мыкчыйып отуруп калыптыр. «Кандай мыкты болсо да катырдым го, унчуккус болду го», — деп ойлоптур. «Бала айтабы (ырдайбы), айтпайбы, өзү билсин, комузду балага бер!» — дептир отургандардын бирөө. Током комузду ала коюп, Арзыматка карата жооп кайтарып ырдаган экен. Элден укканымдан кулагыма илинип калганы бул:

«Адыр эмей, талаамын,

Жигит эмес баламын.

Жардуу жер болсо өтөмүн,

Сен өңдөнгөн ырчыга

Саламат аман чоңойсом

Жандап кууп жетемин.

Кыя жер болсо өтөмүн,

Сен өңдөнгөн ырчыга

Саламат аман чоңойсом

Кысып кууп жетемин.

Манаптан ичкен ашыңа

Мактанып жүргөн экенсиң,

Мадырайган соргогум.

Жарды да болсом мен өзүм

Жаандан чыккан жоргомун.

Мен жая салган торкомун.

Жаныңа барып айтыштан

Хан Дыйкан,

Сенин жаалыңдан коркомун».

Муну Карамырза деген айтчы эле, ал өлүп калды. Токомдун өз оозунан уккан эмесмин. Мындайын билгенде Токомдун өзүнөн сурап албайт белем. Бул ырды Током өтө жаш чагында ырдаган экен, канча жашта экенин билбейм» (Инв.№1914а, 15 — 18-бб.). Токтогулдун Арзыматка карата бул ырдаган ырынын бул тексттинде: «Манаптан ичкен ашыңа, // Мактанып жүргөн экенсиң, // Мадырайган соргогум» деген үч сабын айтпаганда, Арзыматты бай-манаптын «эшик ырчысы» катары кинелеген деле эч нерсе жок. Ырасында, ал үч сап ырда деле Арзыматтын бай-манаптын ырчысы экенин ашкерелегендей эч айгак, айыптоо же күнөөлөө эмес. Мындай тиш кайраган ачуу сөздөр акындардын айтыштарына мүнөздүү эле нерсе. Эки акын бири-бирине тиш кайрашып беттешкен айрым айтыштарда мындан да осол, мындан да «кесел» сөздөр айтылат. Антип, тиш кайрашпаса деле, бири-бири менен теңтуш акындар бири-биринин чучугуна тийгендей сөз айтып айтыша беришкен.

Алыс барбай, ага-ини болуп, ээрчишип чогуу жүрүшкөн Токтогул менен Эшмамбеттин айтыштарын алалы. Экөөнүн айтыштарынын тексттеринде бири-бирине экинчи кайрылып, бет карашкыстай катуу айтышкан жерлери бар:

«Эшмамбет:

Адырга бүткөн жекенсиң.

Айтышканда нетерсиң?

Алдастаба, куу көсөө,

Алкымыңда бир кыл жок,

Апаңа окшош экенсиң.

Токтогул:

Кара эчкинин терисин,

Каптап алган экенсиң.

Кайра-кайра желимдеп,

Чаптап алган экенсиң.

Эки боо кылып кудайдан

Эпчилдиктен, Эшмамбет,

Мактап алган экенсиң (Эшмамбет. Чыгармалар жыйнагы).

Биз эки акындын «Айтыш» деген алым сабагындагы сылык саптарды мисал тарттык. Ошол Эшмамбеттин Токтогулга карата сылык саптарындагы: «Апаңа окшош экенсиң» дегени чучукка тие тургандай, сөз эмей эмне?!! Ушул эле айтышта андан да чогоол саптар бар.

Эшмамбет:

Чолок чаар жылкыдай

Чортоңдогон эмесиң.

Чочугансып ырдаган,

Кортоңдогон немесиң.

Ачуума көп тийбе,

Бирдемени көрөсүң.

Ар чеңгелим – беш кадак,

Аябай туруп муштасам,

Айлыңа жетпей өлөсүң, — десе, ачуусу келген Токтогул:

(Алаканын жайып бата берип:)

Түбү сайын бериште,

Бирден эмес, Эшмамбет,

Экиден келип түнөсүн.

Кылына кырк экиден жаза көр,

Кудай, Эшмамбеттин күнөөсүн.

Эшиги тар бейишке,

Эбин таап мен кирем.

Эки боо кылың барында,

Оор тартып бүт денең,

Карыган теке кейптенип,

Каңкыйып сыртта жүрөсүң.

Арбайганда тарбаят

Ар бир жерин бир саят.

Сакал эмес бута го,

Бул сакалың барында

Кантип жагат мүнөзүң? (Эшмамбет. Чыгармалар жыйнагы) – дебатат.

Эшмамбеттин антип чогоол ырдаганы, Токтогулдун тескери бата бергени экөөнүн ага-инилик мамилесине тескери таасирин тийгизген эмес. Арийне, экөө бири-бирине анчалык катуу айткандары менен өмүр бою ээрчишип, үзөңгүлөш достордон болуп өткөнү жалганбы?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *