<<<<<<<<<<<<<<<<<<Башы

АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ

Дабшалим акылман Байдабага мындайча кайрылды:

— Абдан жакшы! Кызыктуу окуя экен. Эми жасап жаткан ишинин аягына жетпей, коркоктукка алдырып жиберген кишилердин абалын, окуялары менен кошо айтып бер.

— Ар бир киши иштин өзгөчөлүктөрүн жакшылап териштирбей, аңдабай туруп жасаганга аракет кылса аягында өкүнүп калат. Мен муну сизге суусарды өлтүргөн молдонун окуясы менен баяндап бергенге аракет кылайын. Анда эмесе…

МОЛДО ЖАНА СУУСАР

Гуржан деген шаарда бир молдо жашачу экен. Аялы айдай сулуу, бирок балдары жок болуптур. Молдо эчак эле үмүтүн үзүп койгон кезде, аялынын боюна бүтүп калат. Экөө тең төбөсү көккө жете сүйүнүшүп, Кудайга аябай ыраазы болушуптур.

Көптөн күткөн наристе эркек болуп калса деп молдо эки көзү төрт болот. Аялына:

— Сага сүйүнчүм бар! Уулду болобуз буюрса, биз сыймыктанган, чыгаан жигиттерден болот. Мен ага ылайыктуу ысым коём. Ага жакшы тарбия берип, мыкты билимге ээ кылам!

— Ии, кагылайын! Эмне мынча шашып? Коё тур эми, аз калды, төрөлөр баланын ким болорун али эч ким билбейт. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет” ― дегендей, ким атыгып, ким болоору, бир гана Жаратканга маалым. Бал менен майы башынан ылдый төгүлгөн молдого окшоп жүрбө анан…

БАЛ МЕНЕН МАЙЫ БАШЫНА ТӨГҮЛГӨН МОЛДО

Байлыгы кең соодагер бир молдого май менен бал жөнөтүптүр. Молдо анын бир бөлүгүн жеп, пайдалангандан кийин идишке салып, керебетинин баш жагына асып коюптур. Колуна таягын кармап алып, керебетине жатат да, куру кыялга баткан экен.

“Май менен бал барган сайын кымбаттап баратат. Мен буларды бир алтынга сатып, ордуна кой сатып алайын да багайын. Алар төлдөйт. Бир канча жылда төрт жүз койго чыгарып, сатып жиберем. Ордуна уй менен өгүздөрдү сатып алам. Малчы жалдап, аларды да көбөйтөм, сүтүн саадырып, өзүмө жетишинче алып калып, калганын саттырам. Албетте, булар да төлдөйт дегендей… Мен да антип-минтип үй-жай салып, үйлөнүп, кызматчыларды жалдайм. Кааласам токол алам. Уулду болом, жакшы ат коюп, өзүм тарбиялайм. Билим берем. Мени угуп, тилимди алып жүрө берсе кандай жакшы. Эгер мени укпай, сөзүмдү эки кыла турган болсо, ушул таяк менен моминтип…!”

Таягы менен баш жагында асылып турган май менен бал челекти талкалай чабат. Анысы башынан ылдый куюлуп, ит болгон экен.

*  *  *

Аялы муну айтып болуп:

— Шашылба, эмне болоорун эч кимибиз билбейбиз! – дейт.

Молдо буга макул болуп, жатып калат. Ошентип, бир күнү аялы көз жарып, эркек балалуу болушат. Аялы менен күйөөсү сүйүнүчү койнуна батпай жыргашат. Аялы тыңып, басып калганда мончого жөнөйт.

— Мен мончого барып келейин, баланы жакшылап карап тур! – деп эскертет.

Ошол убакта өкүмдардан кызматчы келип, молдону хан сарайга чакырып жатышканын айтат. Молдо айла жок кетип баратып, өзү баккан суусарды баланын жанына таштап баса берет. Молдо суусарды да абдан жакшы көрчү экен.

Баары кеткенде үйдөгү бир жыртыктан жылан чыга калып, баланы көздөй жакындаптыр. Аны көргөн суусар жылан менен тирешип атып, эптеп өлтүрөт. Бирок бети-башы канжалап, араң жан калат.

Үйгө кайткан молдо босогодон аттары менен бети-башы кан суусарды көрүп, баламды өлтүрүп салган экен деп, таягы менен баштан ары бир чаап өлтүрүп салыптыр.

Ары жакка кирип барып, жыландын өлүгүн көрүп, болгон ишти кеч түшүнгөн экен. Бирок абдан кеч болуп калган эле. Өткөн ишке өкүнгөндөн эмне пайда? Баласындай жакшы көргөн суусарын жөн жерден өлтүрүп алып, башын койгулап отуруп калат.

“Ушу балалуу болбой эле койбойт белем! Тирүү жанды өлүмгө кыйып, күнөөлүү болуп олтурам!” – деп өкүнүптүр.

Мончодон келген жубайы муну угуп калып:

— Мына, айтпадым беле, шашпа деп! Ушундай болмок! – деген экен.

*  *  *

Байдаба:

— Мына жети өлчөбөй туруп кескендин аягы ушул, падышам!

ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

Индия падышасы Дабшалим акылман Байдабага кайрылды:

— Айтканыңды дитим коюп, жакшылап угуп олтурдум. Эми мага ар тарабынан жеңилбес жоо жагынан курчап, жер менен бир болуп калуу коркунучу туулганда кээ бир душманы менен кайра мамилесин түзөп, кутулуунун айласын издеген кол башчы жөнүндө кеп улап бер.

Ошентип Байдаба кызыктуу баянын төгө баштады:

— Бул дүйнөдө достуктун да, душмандыктын да чеги, бүтөр жери бар. Эч нерсе түбөлүк эмес. Кээде достук душмандыкка, душмандык достукка да айланып калышы мүмкүн.

Мунун себеби менен мисалдары өтө көп. Душмандын кылган ишине, кыймыл-аракетине өтө кылдат жана көрөгөчтүк, акылдуулук менен мамиле жасай билген, досунун кылганына ыраазы боло, ийкемдүүлүк менен кабыл ала алган киши өтө акылдуу. Ар кандай учурда кандай гана жагдай болбосун чечкиндүүлүгүнөн жазбай, өзүнө сабак алганды билет.

Керектүү учурда душманынан да тартынбай, аны достукка чакырып, өз пайдасына иштете алат. Алдын алып коркунучтун жолун бууйт. Анда эмесе, “тоону омкоргон” мышык менен чычкандын баянын угуңуз:

МЫШЫК МЕНЕН ЧЫЧКАН

Бир чоң дарактын түбүндө мышыктын уясы бар болчу. Ал жерде жашаган мышыктын аты Руми эле. Ошого жакын жерде Фаридун аттуу чычкан да жашайт. Негизи ошол аймакка аңчылар байма-бай каттап, ар кандай жырткычтарды тузакка түшүрүп, алып кетишчү экен.

Күндөрдүн бир күнүндө мышык бир аңчынын кылтагына түшүп калат. Муну көргөн чычкан төбөсү көккө жете сүйүнгөн имиш. Бир суусар Фаридундун жыргап турганын көрүп, дароо кармап алгысы келип, кубалап жөнөйт. Ары жактан бакта конуп отурган үкү да ал экөөнү кошуп туруп, кол салганы даярданып калат. Чычкан эмне кылаарын билбей, дендароо болуп, денесин калтырак басат. Албетте,, эки жагынан эки душман тең атаандашкансып илип кеткени жатса..

— Кокуй ай, Кудай урбадыбы! Эмне кылам эми? Баары биригип, балээ басты го! Азыр өзүмдү колго алып, жакшылап ойлоно калышым керек. Коркпошум керек. Акылды колго алып, эптеп бир айла табышым керек. Акыл ― түгөнбөгөн кенч. Башыңа балээ түшүп, кырсык басса да, акылдуу болсоң жеңилбейсиң. Үмүтүн жоготпойт. Акылдуумун деп менменсинип, көөп да кетпейт. Мен душмандарыман эптеп кутулуш үчүн мышык менен достошушум керек. Ага баарын болгонундай айтып берсем, сунушуман баш тартпай мага жардамдашар.

Чычкан акырын мышыкка качып барып:

— Экөөбүз тең учурда кыйналып турабыз. Асмандан үкү, аркамдан суусар, маңдайыман сен чыгып заманам тарып турам. Сен да тузакка түшүп, эмне кылаарыңды билбей калсаң керек. Үкү менен суусар сенин да душманың. Сага бир сунушум бар, бирок сен мага тийбешиң керек, кол салбашың керек. Мен сени тузактан бошотом. Анан мага жардам бересиң, экөөбүз тең душмандардан кутулабыз. Күч бирдикте! Андыктан биздин башка айлабыз жок. Бири―бирибизге жардамдашпасак сөөгүбүз сөпөт болот.

Мышык макул болуп, чычкан аны кылтактан бошото баштайт. Экөө биригип алганын көрүп, үкү менен суусар качып кетет. Бирок чычкан мышыкты толук бошотпой, бир нерсени күткөнсүп туруп калат:

— Мен сени кол салбайбы деп чочулап, толук бошоткон жокмун. Толук ишенбей турам сага… ― дейт чычкан.

— Тууганым! Антпечи, мен сага кол салбайм деп сөз бердим, душмандарыңан куткардым, эми сен мага жардам беришиң керек, бошотушуң керек. Мындайың туура эмес го…

Эгер башка оюң болсо башында эле айтпайт белең? Сен менин ишеничиме кирип, өзүңдүн максатыңа жетип алып бул кылганың эмне? Мен сага сөз бердим, сен да мага! Ооба, бири-бирибизге душман элек, бирок анын баары эми артта калды. Анткени биз биригебиз, достошобуз деп сөз бердик. Өткөндү унут, азыркы менен жаша! Чыныгы азамат ― наадандыктан, кек сактоодон алыс. Таш менен урганды, аш менен урат. Чычкан:

— Эки башка достук бар бул дүйнөдө. Чыныгы достук жана мажбур болгон достук. Албетте, экөө тең кандайдыр бир пайданын негизинде түзүлөт. Чыныгы достукка кеп жок. Кандай гана жагдай болбосун, баардыгы жүрөктүн түпкүрүнөн чыгат мындайда. Ал эми мажбур болуп дос болгондун абалы башка. Бардыгы чеги менен болот. Кептин кыскасы, жардамымды бердим, бирок калганын өзүң чечип ал. Мен өзүмө сак болбосом болбойт. Эмне болуп кетерин бир гана Кудай билет. Балким сен бошонорун бошонуп алып, мага кол сала турган болсоң кантем? Туурабы? Мен сени бошотом, андан кам санаба. Бирок сен байкабай турган убакта.

Ары жактан аңчынын карааны көрүнө баштаганда, мышык:

— Тууганым, кой эми экиленбей, мени куткар эртерээк. Болбосо тиги мени жөн койбот.

Чычкан кылтакты чече салып, бактын үстүнө чыга качкан экен. Аңчы чечилген кылтакты көрүп, башын тырмай ары-бери басып, кетип калат. Ошондо мышык, чычканга:

— Эх, досум! Акылыңа таң бердим. Бүгүн абдан чоң жакшылык жасадың. Сени ыраазы кылышым керек. Эмнеге жакын келбей жатасың? Достоштук, эми ушинтип бири—бирибизден качып калабызбы? Мага кылган жакшылыгыңды эч качан унутпайм, жүрөгүмдүн түпкүрүндө сактайм. Мага ишен, бир да тал чачың жерге түшпөйт!

Мышык ант берип, карганып жибериптир. Бирок чычкан:

— Чыныгы достой жалынып туруп, чыркыратып таштап кеткен эки жүздүүлөрдү көп көрдүм. Артыңан канжар сайгансып, ачык душмандыктан да катуу тиет экен. Ооба, балким мага жакын болуп, жакшылык кылгың келип жаткандыр, бирок сен экөөбүз башыбызга келген балээден кутулуу үчүн эле бириктик.

Ыраазы кылгың келип аткан чыгар, бирок мен сага, сен мага душман болуп кала берериңди унутпа. Мен сага жарым карыш эле жакындай турган болсом, кара башымды жеп―жутуп коюшуң мүмкүн. Сен мени куткардың, мен сени куткардым. Эми мындан соң ар ким өз жолу менен кетмекчи. Мейли, анда кайыр кош!

СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ

Дабшалим Байдабанын кебин угуп болуп, бир саам ойго батты да:

— Эми мага дайыма бири-биринен жазганып, сактык менен иш кылган жана ошондой эле өч алгысы келген, кек сактагандар жөнүндө айтып берчи…

— Макул падышам!

ПАДЫША ЖАНА КУШ

Кайсы бир кездерде ушул эле Индия аймагын бийлеген Фаридун аттуу падыша болгон экен. Ал Фанза аттуу кушту жана анын балапанын жакшы көрчү. Эмнеге дегенде, алар өз ара сүйлөшкөнү падышага абдан сүйкүмдүү сезилип, андан ырахат алат имиш. Ал куштар бир гана падышанын сүймөнчүгү эмес, канышасы жана баласына да абдан жакчу. Куш болсо падышанын баласына талаага чыгып, ар кандай жемиштерди алып келип берип турчу.

Куш бир күнү дагы жемиш алып келгени кетет. Падышанын баласы менен куштун балапаны ойноп калышат. Кокустан балапан тигинин кийимин булгап алат. Бала жини келип, балапанды бутунан кармап, жерге чапкылап өлтүрүп салат. Балапандын энеси жемиш таап келип, болгонду көрүп, жашын төгө:

— Каргыш тийгирлер десе! Сөзүнө турбаган, жакшылыгы жокторду кудай урсун! Мээрими жок, ташбоор, уяты жок, ач көз, эптеп ар кимдин канын соргусу келгендерди жер урсун!

Каалаганына жетип алып жакшылыкты унуткан, жүз карашпай калган өкүмдарлар өлүп кетсин! Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, башканын башындагы чөптү көргөн, кылдай ишке асылган ташбоорлор курусун.

Ызага толгон куш падышанын уулунун көзүн оюп салат да, сарайдын үстүнө барып конуп алат.

Падыша болгондун баарын угуп кайгыга батат. Кушту карматкысы келет. Сарайдын үстүндө конуп отурган кушка:

— Кел, сага эч ким тийбейт! ― дептир.

Бирок куш:

— Менин балапанымдын түбүнө жеткен балаңдын көзүн оюп салсам, кол куушуруп, мейли тагдыр экен да деп турбассың. Сен да менин түбүмө жетейин деп, анткорлонуп атасың, билип турам.

— Жок, ай. Кап-кайдагыны айтпачы! Күнөө бизден кетти, балапаның биз колдуу болду кокустан, сен болсо өчүңдү алдың. Эми баары бүттү, артта калды. Андан көрө баарын унуталы, кек сактабай жаңы жашоону баштайлы. Коркпой эле келе бер, эч ким тийбейт. Бизди жалгыз таштаба.

— Койчу ай! Баланы алдап аткансып, кайра кел дейсиң да! Эч качан кайтпайм. Ичи өрт болуп, кекке толгон кишиге жакындабай эле коюш керек. Бетиңе күлүмүш болуп, аркаңдан келип канжарын матырып туруп, баса берет. Тагдыр ушундай экен, эптеген күндү көрүп, байкуш болуп кала бердик. Бул жерде өткөн ар бир күнүм мени кайгыга салат, жүрөгүмө уусу толот. Жашоомдо өчпөгөн кара так болуп, эстеген сайын жанымды кейитет. Ошондуктан, мен башка жакка кетишим керек. Бул жерде кала албайм. Эстеген сайын жашымды көлдөтүп тура албайм. Мындай болбошу керек эле…

— Жок сен күнөөлү эмессиң, биз күнөөлүбүз. Бизге ишен, бир тал чачың түшсө кара башыбыз менен жооп беребиз. Биз мындайга жол бербешибиз керек эле. Сен жөн гана жасай турганыңды кылдың. Бизге ишенбей, талаага тентип кеткениңдин кереги жок. Биз менен чогуу жаша.

— Мен ишене албайм, алдап атасыңарбы, чынын айтып атасыңарбы, кайдан билейин? Айтарын айтып коёсуңар да, кийин өчүңөрдү аласыңар. Тилди башкаруу оңой, дилди (жүрөктү) башкаруу кыйын. Андыктан өч алууга суусап турган жүрөгүңөр, кандай гана болбосун мени алдап, колго түшүргүсү келип жаткандыр. Ал болбосо деле ортобузга түшүп, ансыз деле жалындап турган отко май төккүсү келгендер четтен чыгат. Башта айтканымдай эле жумшак сүйлөп, желкеден асылгандар андан толтура.

Силерге кайтканым менен көңүлүм тынчыбай, болбогон нерседен шек санап атып, бир жактан өткөн күндөрдү эстей берип жөн жашай албайм. Мен бул жакта зыяндан башка нерсе тартпайм. Ошондуктан, ар бир нерсени унутуп, баш оогон жакка жер которуум туура болор!

— Баарына тагдыр күнөөлүү, биз экөөбүз эмес. Жашоодо ойдогудай болбойт, бирде суук, бирде ысык дегендей. Балапанда да, менин баламда да, сенде да айып жок. Баары биз билбей туруп болуп кетти, туурабы? Негизи балапан баланын кийимин булгабаса, баламдын көзүн чукумак эмессиң, бирок аны сен да, мен да билген жокпуз. Колубузда болгондо ким эле бири-бирине жамандык кааласын? Тагдырга баш ийели, андан башка айла жок.

— Ооба дечи, бирок… Мен өзүмө сак болуудан башка аргам жок. Тагдырга, Албетте,, баш ийебиз, бирок мээ да бекер берилген эмес да! Ойлонсун, туура чечим чыгарсын, баарына эле баш ийкей бербесин деген. Тилиң жүрөгүңдө эмне болуп атса, ошону айткан жок, муну билем. Кекке уугуп, айламды таба албай эле араң турасың.

Жокчулук, кайгы, душманга жакындык, досуңан айрылуу, ооруу-илдет, карылык, булардын баары башка түшкөн балээ. Бирок ушул балээлердин эң чоңу ― өлүм. Сен менин өлүмүмө суусап турасың. Канга кан, жанга жан болуп… Мен сенин кандай абалда экениңди билем, ичиң өрттөнүп, өчкө толуп турганын билем. Анткени, сен сыяктуу мен да бир бооруман айрылдым. Сен экөөбүз мындай кайгы, мындай запкы менен бир жерде жашай албайбыз. Бири-бирибизди көргөн сайын, мен балапанымды, сен уулуңду эстей бересиң.

Буту сынык туруп басып көргүсү келген киши кандай болсо биз да ошондойбуз. Канчалык аракет кылган сайын жараатыбыз күчөп, жүрөктү оорутат. Жашоодо ар нерсенин алдын ала даярдана жүргөн жакшы. Алыңа жараша иш жаса дегендей, ишенбей туруп кадам шилтебей эле коёлу.

Оозуна батпаган тамакты жуткан, какап өлөт. Душманга ишенип иш кылган соо калбайт. Эзүүдөн баш тартуу, адептүү болуу, шектүү нерселерден алыс болуу, жакшы кулк-мүнөз, жакшылыгын аябоо… Бул бешөө адамды жаман нерселерден, ар кандай балээ-кырсыктан сактайт. Ушул сапатка ээ киши заманы тарып турса да, жөлөк-таяк болор бирөө табылат. Жетпегенине жеткирет, үзүгүн улап, кемин толуктайт.

Адамдын башына балээ түшсө байлыгынан баш тартышы мүмкүн. Байлык кайра табылат деп ойлойт. Бирок жан, өмүр деген нерсе жөн эле кармата берчү акча эмес да. Ал байлыктан да, дүйнөдөн да баалуу-барктуу нерсе. Андан эч ким өз эрки менен баш тартпайт. Колдонулбаган байлык, бири-бирин укпаган эркек менен аял, ата-энесине каршы чыккан уул-кыз, жаман күндө жардамы тийбеген дос, карапайым элге кыйын болгон өкүмдар… Мына, бул дүйнөдө баарынан мурун ушулар жаман.

Ошол, урматтуу падыша! Сенин жаныңда болуунун эч кандай пайдасы жок, зыяны гана тийиши мүмкүн.

Куш ушуну менен кебин бүтүрүп, падышага кош айтып, учуп кеткен экен.

*  *  *

Байдаба:

— Бири-бирине кек сактап, өч алууга зарыгып турган, ошондуктан бири-бирине ишенбеген жана ишенбеши керек болгондор жөнүндө сөздүн кыскасы ушул, урматтуу өкүмдарым!

ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ

Падыша Дабшалим вазири, акылман Байдабага андан соң мындайча кайрылды:

— Ошондой дечи… Анда эмесе, мага ак жерден жазага тартып, өзүнөн алыстатып алып, кайра артынан түшүп, ошол кишинин көңүлүн алгысы келген падыша жөнүндө кеп улап бер.

— Улуу-урматтуу өкүмдарым! Негизи эле, күнөө катачылык кетирдиби, кетирген жокпу, баарын териштирип, тактамайынча кайндайдыр бир өкүм чыгарылбашы керек. Жиниң келип, жаалданып турсаң да кызуу кандуулукка алдырып, адилеттүүлүктүн жолун буубаш керек. Антпесе, бүтүндөй тартипке доо кетет. Аягы жакшылыкка алып барбайт. Сиздин алдыңызда даражасы чоң, көрүнүктүү бирөө болсо чүнчүп калат. Карапайым элден болсо, ал да Кудайдын бир пендеси, акыретте эсеп-кысап деген бар. Падыша элин-жерин ойлогон, кам көргөн, күйүнгөн киши болушу керек. Намыска бек туруп, кичи пейил болгондор гана чыныгы сый-баркка ээ боло алышат.

Өкмөттүн жумушу көп, кишиси да көп. Бирок арасында намыскөй, кичи пейил болгондору аз. Сизге бул тууралуу арстан менен чөөнүн окуясын баяндап берейин.

АРСТАН МЕНЕН ЧӨӨ

Чөөлөр, карышкырлар жана түлкүлөр бирге жашашчу экен. Алардын арасында бир эркек чөө дайыма ибадатына бекем туруп, акыйкат жолду жолдоп жүрчү. Тигилер сыяктуу бирөөнүн канын ичип, этин жебестен, башкага кол салбай жүрө берет. Тигилер аны көрүп, нааразы болушат:

— Сага биз нааразыбыз, кылганың бизге жакпай турат. Бизден болгондон кийин, биз менен жашагандан кийин, Албетте,, биздин салтка баш ийишиң керек.

Тиги чөө мындай дейт:

— Менин силерге зыяным тийген жок. Араңарда жашап жатам, кылганыңарга нааразы болгонум жок. Бирок менин ишенгеним, тутунган жолум башка. Ага силер аралаша албайсыңар, укугуңар жок. Бирөө жамандык жасаса аны толук эле жаман дегениң туура эмес. Силер да баштан-аяк периште же шайтан эмессиңер, туурабы? Мен өзүмдүн жасаганыма ишенем, жооп бере алам.

Мындай намысына бек турган, акыйкат жолдон тайбаган, чынчыл чөөнүн дайыны ошол аймакта жашаган арстанга жетет. Арстан аны менен жолугууну каалап, кабар жиберет. Чакырырыкка макул болуп, чөө анын алдына барат. Арстан:

— Кызматчыларым, жан-жөкөрлөрүм, вазирлерим көп, кабарыңыз бардыр. Бирок мага дагы деле ылайыктуу киши жолукпай жүрөт. Сиз жөнүндө көп жакшы кеп уктук. Кичи-пейил, акыйкаттан жазбаган, чынчыл киши экенсиз. Сизди бир ишке дайындайын дедим эле. Мындан кийин ак сөөктөрдүн арасында болуп, алар менен жүрөсүз.

— Токойдун падышасы, айбандардын улуу өкүмдары! Бир ишке ылайык көрүп, дайындап койгонуңуз, өзүнө ишенимдүү, чындыктан жазбаган кишини тандап, айланаңызга жакшыларды, мыктыларды топтогонуңуз жакшы иш. Бирок аларды менин айтканыма макул бол, менин айтканымды жаса деп кыйнабаш керек. Аларга үстөмдүк кылсаң, тапшырылган милдетти так аткара албай калышат.

Мен буга чейин өкмөттүк жумуштарда иштеген эмесмин. Кандай болот, эмне болот такыр билбейм. Экинчиден, сиз муну кабыл алсын деп түртүп жаткан сыяктуусуз. Менден кыйын, менден жакшы билген кишилериңиз толтура. Аларга тапшырсаңыз эч нерсеңиз кемибейт. Алар сизди эмне дейт болду экен, кандай кызмат берер экен деп күтүп турушкан чыгар. Андыктан аларга кайрылсаңыз өтө ыраазы болуп калышат да, иштин майын чыгара жасап беришет.

— Кой эми, антпе! Мен сага берем дедимби, берем!

— Алгач айтканымдай эле, айланаңызга мыкты чыкмаларды топтоп атканыңыз жакшы иш-аракет. Бирок кызматкер ыраазы болбосо, андан пайда жок. Сиз аларды кыйнабашыңыз керек, кыйнасаңыз, ыраазы болбосо ал ишти толук аткара албайт. Сиз берип жаткан чоң иштин алдында эзилип калбайын дейм. Тажрыйбам жок, андан дагы өкмөт иштерине аралашкым келген жок. Анын үстүнө, менден мыкты, ишин жакшы билген кишилериңиз турганда, мага эмне шам? Ооба, мага жакшылык жасагыңыз келип турат, аны жакшы билем. Бирок менин каалаганым такыр башка. Бул жерде камалып жүрө бергенден көрө, суу менен чөп чайнасам дагы, токойго барып, санаасыз жүргөнүм жакшы. Ката кылып коюп элдин убалына калгым келбейт.

Арстан чөөнүн айткандарын укпай, көшөрүп туруп алат. Айла жок чөө:

— Мейли анда, бирок сизден бир өтүнүчүм бар! Бир күнү жанатан бери айтып, какшап чыккандарым туура чыгып, башыма балээ түшсө, өкүм чыгарууга шашылбаңыз. Ары-бери жагын жакшылап текшерип, териштирип чыгыңыз. Сөз бериңиз, мен да айтканыңызды аткарайын. Арстан болсо шаша-буша:

— Макул, айтканыңдай болот. Мен сага ант берем! ― дейт.

Арстан дагы толтура нерсени бежиреп салыптыр. Ошентип, чөөнү казынасынын башына коюптур. Тигил жакын кызматчыларынан да артык көрүп, эмгек акысын көбүрөөк бериптир. Кайдан-жайдан келе калып, дароо эле көтөрүлүп кеткен чөөгө башкалардын ичи күйүп, жаман боло башташат. Ошентип, ичи күйүп тургандар биргелешип арстанды чөөгө тукурмай болушат.

Арстан бир күнү чөөгө эт алып келип, жакшыраак жерге сактап койсун деп, таштап кетет. Тигилер муну угуп, этти уурдап чыгышып, чөөнүн бөлмөсүнүн бир жерине катып коюшат. Анан эт суралганда чөөнү күнөөлөмөй болушат.

Эртеси арстан этти суратат. Чөө аны таппай калат. Аябай издешет. Тигилердин кылган ишинен чөөнүн кабары жок болчу. Баары чогулган соң арстан чөөдөн этин сурайт. Жини келип катуу сүйлөп да жиберет.

Бирөө ары жактан тимеле ишенимдүү, жакшы киши болуп, “Чөө этти үйүнө уурдап кетти болушу керек” ― деп, бирөө бери жактан калп эле “Жок, кантип эле ошентсин?” ― демиш болуп, эптеп чөөнү күнөөлүү көргөзгүлөрү келип жатты. Ушуну менен башталган сөз, чөөнүн үйүн тинтип чыгыш керек, балким биздин арабызда анын пайдасына иштеген чыккынчылар бардыр деген кеп менен бүттү.

Арстан чөөнү чакыртып алып, эттин дайынын сурай баштайт. Чөө:

— Кызматчыларга тапшыргам, жакшылап сактагыла деп…

Ошол кызматчылар да, тиги душмандары тарапка ооп кеткен эле. Алар да чөөгө каршы чыгып, эч нерсе берген жок деп актана кетишет. Арстан ишенген кишисин чөөнүн үйүнө жиберет. Ал барып этти таап келет. Ошондо бир карышкыр арстанга:

— Мына көрдүңбү, сени кандай алдады? Кыянаттыгы билинип калды, эми оор жазага тартышың керек, ― дейт.

Арстан ойлонбой туруп, чөөнү каматып салат. Дароо өлүмгө буйрук бербегенине нааразы болушуп, дагы тукурганга аракет жасашат. Бирок арстандын энеси келип ага мындай деген экен:

— Өкүм чыгарарда шашылбагын, уулум! Шашкан ― шайтандын иши. Анын үстүнө бүтүндөй элди башкарган сага андай нерсе такыр эле жарашпайт. Баарыдан мурда сен сабырдуу, оор басырыктуу болушуң керек. Баланын бул дүйнөдө таянары ата-энеси, аялдыкы эркеги, окуучунун таянары мугалими, аскерлердин таянары башчысы, молдонун таянары дини, эл мыктысына, эр-жигит өнөрүнө таянат. Өнөр акылга, акыл ойго, ой изденүүгө барып такалат.

Оор басырыктуу бол. Шашмалап өкүм чыгарып салба. Жаман менен жакшыны, дос менен душманды айырмалай бил, араларында атаандаштык болсо байкай бил. Чөөнүн атын угуп, өзүң алдыңа чакырып, милдет бердиң. Жерге, сууга тийгизбей мактагансың, эсиңдеби? Сынап да көрдүң. Баарына ыраазы эмес белең? Баары жакшы, катасы жок туруп, бүгүн эле жаманатты болуп калганы кызык. Ушуга чейин этти оозуна албаган, чөп менен тамактанган чөө этиңди эмне кылмак эле? Жакшылап ойлонсоң, көрө албагандардын эле кылганы. Сөөктү кайсы ит көтөрүп жүргөн болсо, баары ошону айланчыктап, артынан ээрчишет. Адамдар да ошондой.

Энеси арстан менен ушинтип сүйлөшүп жатканда, сырттан бир канча жаныбар кирип келип, чөөнүн күнөөсүз экенин айтышат. Ошондо энеси:

— Мына эми, чындык белгилүү боло баштады. Чөөнүң күнөөсү жок. Ушул жалган жалааны таратып, ыпылас ишти кылгандарды жазага тартышың керек. Аларды ошол бойдон жөн койсоң, дагы бир балээни башташат. Чөөнү чакыртып, кечирим сурап, көңүлүн ал.

Арстан энесинин айтканына баш ийип, чөөнү чакыртып алып, кечирим сурап, жакшылап сыйлап, көңүлүн алып, мурунку жумушун кайра тапшырыптыр. Чөө ырахматын айтып:

— Эй, арстан! Эң жаман дос ким, билесиңби? Өзүн ойлоп, досун жаман күндө жалгыз калтырган киши. Мага таарынба, мындан кийин мен сага ишене албайм, дос боло албайм. Негизи башында эле муну каалаган эмесмин, билесиң. Сен көшөрүп туруп алганыңдан, кабыл алганга мажбур болгом. Башында айтканымды толук аткарганыңда жөн жерден соттолуп, зынданга ташталбайт элем. А өлтүртүп салсаң эмне кылмак элем? Мени тирилте алат белең? Чындык ачуу болот дегендей, мен да туурасын айттым.

Арстан:

— Мен сени сынап көргүм келди, кандай киши экениңди көрдүм, түшүндүм. Эми буларды унуталы. Болгон болду, өткөн өттү. Мен сага мурункудан да көбүрөөк баа берем, барктайм, сыйлайм. Кетпей эле кой, жанымда бол.

Чөө анын айтканына макул болуп, арстан да аябай сүйүнөт. Ага жаңы иштерди, милдеттерди тапшырат.

Ошентип, жалган жалаанын айынан жазага тартылып, бирок аягында акталган чөө жыргап жашап калган экен.

Которгон Азат ЖАПАРБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.