Адамзатын глобалдуу башкаруу куралынын эң башкысы — бул дүйнө тааным. Калгандарынын баары ушул дүйнө тааным аркылуу башкарылат. «РухЭшке» жарыяланган буга чейинки беш макалада алар жөнүндө азын-оолак кеп салынды.

Алар: 2. Тарых, 3. Идеология, 4. Экономика, 5. Геноцид, 6. Аскер куралдары.

Буларды төмөнтөн жогору көздөй иерархия тепкичи менен таанышып чыккан максатка ылайыктуу жана түшүнүүгө да оңой. Бир караганда өтө эле жөнөкөй көрүнгөнү менен, бул өтө татаал, майда-баратына чейин так эсептелген башкаруу системасы. Дүйнөтааным — бул адамдын турмушка болгон саясый, адеп-ахлак, диний жана философиялык көз карашы деген аныктама.

…Бул окуя биздин айылда болгон экен. Айтылуу Арстанбап жактан болом. Жаңак жана башка түрдүү мөмө-жемиштүү токойдун мекени го биз тарап. Ошо биздин айылга коңшу Өзбекстандын чөлдүү жагында жашаган, алтымыштардагы бир мойсопут адам мейманга келип калат. Жаңак быша элек июль айы болсо керек. Баягы мейман көз жоосун ала, шилекей агыза, шагын ийип турган көк жаңактан бирди үзүп; — е биссмилла — деп ооз тийгени тиштейт. Көк жаңактын ачуу даамына оозу күйүп; — у ёнгагиң бошингдан колсин, захарнинг узгинаси экан у, — деп күлкүгө калыптыр байкуш.  (- У, жаңагың башыңда калсын! Уунун эле өзү экен го.)

… Ооба. Бизге күлкүлүү көрүнөт. Тиги байкушка эмес! Дүйнөдө не деген гана жемиштер бар. Баарын билебизби? Жок. Көрбөгөн жемиштин даамын биле албайбыз. Бирок окшош жемиштердин даамы, жыты жана башкалары оюбузга келип элестетебиз. Мына ушул көнүп, билип, көрүп, түшүнүп калган нерселер — дүйнөтааным.

«Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген макал дал ушул дүйнөтааным жөнүндө жеткире айтылган. «Уябыз» болсо туулуп өскөн үй-бүлө, коңшу-колоң, тууган-урук, тели-теңтуш, айыл, окуган мектеп, чогуу иштегендер, бизди курчап турган ошол чөйрөдөн көргөн, уккан, билгендерибиз. Айланадагылар кандай болсо адам да ошого окшоп ой жүгүртүп, жашоо тиричилик кылат. Башкаруучулардын негизги иши эле адамзатын бөлүп бөлүп, ар бирине жогоркудай «уя» же түшүнүк, башкача айтканда, дүйнөтааным калыптандырыш. Мисал үчүн диний ишенимди негизги төрт динге, иудаизм, буддизм, христиндык жана исламга бөлгөн. Тиянагында, дүйнө түзүлүшү боюнча Кудай тууралуу төрт башка түшүнүк калыптанып, бири-бири менен эч качан макул келишпейт.

Эми ар бир динди да ичинен агымдарга, багыттарга, секталарга жана башкаларга бөлүшүп, бир эле динди карманышкандар арасында да бирдей түшүнүк жок. Башкасын койгондо да, өлкө элинин көпчулүгү тутунган исламдагы келишпес мазхабдар, шийиттик жана сүннийлик, алардын ортосундагы айырмачылык мусулмандарды бириктирбей турат. Ислам ичиндеги саясый партиялар менен радикал агымдардын таасири менен канчалаган Кыргызстандыктар өлкөдөн азырынча сыртта болуп жаткан кандуу террордук согушта жүрүшөт.

Саясат менен экономикада да ушундай көрүнүш. Саясатты негизинен экиге, оңчулдар жана солчулдарга бөлүшсө, экономика да ушундай кылып базар экономикасына жана пландуу экономикага бөлүнөт. Медицинаны элдик жана традициялуу кылып экиге бөлүп түшүндүрүшөт. Башка багыттан караганда экөө тең эле адамдын ден-соолугуна байланыштуу илим. Дары-дармек жагын да фармацевтика жана нутрицевтика деп экиге бөлүнөт.

Азыркы күндө интернет өнүгүп, маалымат мамлекеттер ортосундагы чек аралар тосо албаган укмуштай каражатка айланды. Албетте, күндөлүк тиричиликке тийгизген пайдасы арбын дечи, бирок зыяндуу жагы тараза ташын басып турат. Мисалдар менен тастыктай кетейин. Пайдасы, маалымат алмашуу, байланыш оңойлоду. Каалаган убакта, каалаган жерден, каалаган адам менен кабарлаша аласың. Чет өлкөлөрдөн акча которсоң эки мүнөттө ээсине жетет. Көзмө-көз отуруп сүйлөшөсүң. Интернет ааламында кайнап жаткан илимди каалаганча ал! Билгениңди бөлүш. А зыяндуу жагычы?…

Мына ушул жагын бир аз кененирээк сөз кылабыз. Эки ооз сөз менен жеткире түшүндүрүү мүмкүн эмес. Жогорто айтылгандардан, адамдын дүйнөтаанымы айлана-чөйрөсүнө жараша калыптанат деген жыйынтык чыгып турат. Демек, дүйнөгө болгон көз карашыбыз, кабыл алуубуз, айланабыздагылардын маданиятына, калыптанып калган жашоо образына жараша. Бизди курчап тургандардын жүрүм-туруму, жашоо образы жана ой-пикири ар бирибизге таасир этет. «Жакшыга жанаш, жамандан адаш» деген макалдын маанисине жакшылап үңүлсөк, ата-бабаларыбыз жогорку маселенин чечилишин алда качан эле айтып койгон турбайбы. Мени таң калтырып, глобализм, глобалдык башкаруу эмне экенин билүүгө кызыктырган мисал жөнүндө айта кетейин.

Индияда «litle piple» деген каста бар. Алардын саны 300 000 000. Үч жүз миллион адам, башкаларга окшоп иштеп, тиричилик кылуу дегенди ойлонбойт. Там-таш салыш биякта туруп, курсагына өзү бир нерсе таап жеш керектиги жөнүндө үч уктаса түшүнө кирбей, керелден кечке бекер жата бермей. Элестетип көргүлөчү! Үч жүз миллион эл эч нерсе кылбастан, башка адамдардын берген кайыр-садагасы менен өмүр өткөрүшөт. Эгер кимдир бирөө тамак-аш, нан-пан берип койсо Кудайдын чоң жакшылыгы катары кабыл алып, кийинки ошондой жакшылыкты күтүп өмүрүн өткөрүп ийишет. Бизде ушуга окшогон көрүнүш барбы?

Жанагы өздөрүн «инкар якын» атап, шөмтүрөп узун этек көйнөк кийген, аял-эркегин саксайган сакалы гана билдирип тургандар, сөз болгон индиялык «литл пиплдерге» окшогон жокпу? Кыргыз рухунун дарагына түшкөн курт сыяктуу көрүнбөйбү? «Инкарчылардын» адам сыяктуу иштебей дубаначылык менен күн өткөрүштү таңуулап, пропагандалап жатышы улутубуздун менталитетин бузбайбы? Кыргыз элине жат, керек болсо жек көрүндү нерсе бул кайыр сурап калуу эмеспи. Алдуу күчтүү, илимдүү десең илимдүү, таңдайынан чаң чыккан жигиттердин мындай иш аракеттеринин артында бир табышмак, мандем жаткандай көрүнбөйбү? Ал эми буга кайдигер карообузду эмне десе болот?

Дүйнө кожоюндары — глобалисттер, ар кандай айла-амалдар, атайын программалар, проекттер менен Кыргызстанда жашаган элдерди, айрыкча титулдук улут болгон кыргыздарды башка элдердин маданиятына, каада-салттарына үйрөтүп, көндүрүп коюшту. Ата-бабаларыбыз эч качан майрамдабаган жана менталитетибизге жат «хеллоин», «валентиндер күнү» сыяктуу майрамдар эгемен болгонубуздан кийинки мезгилден бери кадимкидей белгиленип, бүт өлкө боюнча майрамдалып калды. Чынын айтсак, «хеллоин»- бул жиндиленүүнүн нак эле өзү эмеспи!

Ата-бабаларыбыз көргөндө, муну жинди-кетти деп эле айтышат болчу. А биздин жаштарга кадимки улуттук майрамдай сезилип калбадыбы. «Валентиндер күнү» болсо улутубуздун «кыздын кырк чачы улуу» деп аялзатын, айрыкча кыздарыбызды бөтөнчө сыйлап, этиеттеп келген, кырк чачынын улуулугу кемип калбасы үчүн кырк үйдөн салган тыюсун жок кылды. Тыюу болбогондон кийин, аялзатында уят, намыс  азайды, айназик, жибектей сылыктык, уяңдыктын ордуна, «амазонкалык баатырлык», кополдук, керек болсо топтолуп алып жалгыз жарымды уруп-сабап, тоноп, а түгүл өлтүрүп коюуга чейин жеткен жырткычтык пайда болду.

Кырк үйдөн тыюу жок, кыздардын кырк чачы да улуу болбой, жарым жылаңач ортого, рингге чыгып, бети башы, оозу-мурду талкаланып, канжалап мушташып атса, азамат эле азамат деп, колдоп кол чаап атканыбыз да, рухубузга доо кеткендиктин белгиси эмеспи? Анысына мейли, спортто ушундай болот дейли. Бирок чет өлкөлөрдөн каржыланган ар кандай, «адам укугун коргоо», «тең укуктуулукту», «аял укугун коргоо» сыяктууларды бет парда кылышкан уюмдар «феминизмди» пайда кылбадыбы. Тиянагында феминист кыздар жарым жылаңач болуп, а түгүл мечиттерге чейин кирип барышып, — колуңардан эмне келет? — дегендей акцияларды өткөрүп жатышат.

Мечиттеги момун, шайтанга моюн бербеген такыбаларыбыз болсо ал жарым жылаңачтарды телефондоруна тартып алганычы. Мындай менталитетибизге жат көрүнүштөр пайда болордон, жыйырма-отуз жылдай мурун «Сорос фонду» билим берүү тармагын каржылап, каржылаганы үчүн өлкөнүн билим берүү жагын жолго салып турган мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизгенге мажбур кылган. Каржалып, акчадан мукурап турган мамлекет анын айткандарына көнбөскө чарасы жок сыяктуу эле. «Сорос фонду» жаңы келгенде Өмүрбек Текебаевдин: «Сорос мүмкүн жакшы кишидир? Бирок ал миллиондогон доллар акчасын жөндөн жөн эле берип койгудай жинди эмес. Ал капиталист. Пайдасы болбосо, акча бербейт», — дегени эске түшөт. Канчалык көрөгөчтүк менен айтылган! Бирок аны эч ким укпады. Ө.Текебаевдин сөзүнүн тууралыгына эми гана ишенип атабыз. Көрсө, глобалисттер; «кайсы элди жеңип багынткың келсе, ошол элдин балдарын тарбияла», — дегенди мыкты колдонушат экен. Биздин балдар, рух дарагыбыздын бутак-шактары. Ошолор жашообузду улантышат. Канчалык саглам болушса, кыргыз көчүнүн жолу ошончолук узак. Балдарыбыздын ден-соолугу кандай? Акыл-эсичи? Ой жүгүртүүсүчү? Логикасы, фантазия, ой чабытычы?

Өткөндө балдардан сурадым, -«пи саны» (р=3,14) канчага барабар жана ал эмне өзү? деп. ЖОЖду бүткөн эле балдар жооп бере алышпады. Айлана, үч бурчтуктун аянтын чыгарыштын жолун, формуласын да билишпейт экен. Эми өзүм билгендерди сурадым да. Кырк беш жыл мурун окуганым эсимде бар экен. А кечээги бүткөн балдар эсинен чыгарыптыр. (Мага ошентип айтышты) Мени сапаттуу окутушкан экен деп калдым. Мээме билимди мыктай каккан экен. Өкүнүчтүүсү, ошондо жакшылап окуп албаганым. Муну менен билим берүү тармагынын аки-чүкүсүнө аралашып чукулоо эмес, билимсиздик карапайым адамга көрүнүп, билинип, анын жашоо тиричилигине түздөн-түз таасир эте баштаганын белгилей кетүү эле.

Өлкөнү, анын ресурстарын басып алуунун жолу, анда жашаган элдин балдарынын жашоого, баалуулуктарга болгон көз карашын өзгөртүүдө тура. Мурунку муундун каада-салтын, маданиятын стереотип катары түшүндүрүп, кийинки муунга башка улуттардын маданиятын, жашоо образын таңуулап, ошого көндүрүп коюшат тура. Ал үчүн тарыхты, андагы болгон окуяларды башка өңүттөн карап баа берип, аны идея кылып, экономикалык стратегия, план катары ишке ашыруу үчүн согуштук курал-жарак жана геноцид каражаттарын колдонушары жөнүндө азырак болсо да түшүнүп алдык окшойт.

Кыргызстанды, анын ресурстарын ушундай жол менен басып алышканын көбүбуз түшүнбөйбүз. Андай экенине ишенбейбиз. Бирок бул эч качан тана алгыс ачуу чындык. Мына ушуерде дагы бир жолу, макаланын баш жагындагы цитатаны кайталап окуп көрөлү. «В управлении государством мы создадим хаос и неразбериху, незаметно, но активно и постоянно будем способствовать самодурству чиновников, взяточников, беспринципности, бюрократизм и волокиту возведем в добродетель. Честность и порядочность будем осмеиватьони никому не станут нужны, превратятся в пережиток прошлого. Хамство и наглость, ложь и обман, пьянство и наркомания, животный страх друг перед другом и беззастенчивое предательство, национализм и вражду народов, прежде всего вражду и ненависть к русскому народу, — все это мы будем ловко и незаметно культивировать, все это расцветет махровым цветом. И лишь немногие, очень немногие будут догадываться или даже понимать, что происходит. Но таких людей мы поставим в беспомощное положение, превратим в посмешище, найдем способ их оболгать и объявить отбросами общества

Мы будем расшатывать, таким образом, поколение за поколениемМы будем драться за людей с детских, юношеских лет, будем всегда главную ставку делать на молодежь, станем разлагать, развращать, растлевать ее».

Кыргыз рухун ооруткан себеп жогорку цитатада жатат. Кыргызды ич ара бөлүштүрүп, өлкөнүн ресурстарын тышка ташып чыгуунун стратегиялык планы, адамзатын башкаруунун структурасыз жолу менен ишке ашырылганын түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бири-бирибизди күнөөлөгөндү токтотуп, терең ойлонууга убакыт жетти.

Садир ДОСБАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.