Оливье ТАЛЛЕК: «Койлордун Падышасы Луис I» (жомок)

«Мага эмне жакшы болсо, ал менин элиме жакшы». Луис I Бороон-чапкындуу бир күнү Луис деген кара бышты койлордун падышасы болуп калды жана ал Луис I деп аталды. Луис I менде  эң алды менен падыша катары койлорду башкарганга таажым болушу керек деп ойлоду. Жана отуруп алып адилеттүү бийлик жүргүзүү үчүн өз тактым болушу шарт, себеби бийлик жүргүзүүдө адилеттик баарынан маанилүү деп ойлоду ал. Анан падыша түнкүсүн кандай эс алганын жалпы журт билип туруусу үчүн падышада чоң кенен керебети болушу абзел. Луис I […]

Нурзада КУБАНЫЧБЕКОВА: Сен жыттанган жаз, жаз жыттанган сен!

ЭССЕ Ооба, дал ушундай жаз сен жыттанат, сен жаз жыттанасың. Тереземди черткилеп түнү бою жаан чакалап куюп чыкты, таңга маал шамалдан улам ойгонуп кеттим, сырт күңүрт тартып, асмандын кабагы ачылбай турган экен. Жамгыр түндөгүдөн бираз басаңдап калганы болбосо дагы деле жайбаракат өз ишин улантууда. Терезеден жамгырдын тамчылары сызылып ылдый түшүп, там түбүндөгү жаңыдан кылтыйып чыгып келаткан чөптөргө жан киргизген шекилдүү. Сен да мен үчүн кудум жамгырдын тамчылары сыңар элең. Кичине болсо да мага карап жылмайышың, эркелетишиң, коргошуң, аяшың, айтор мага […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (5-макала)

Биз эч качан Токтогулду адепсиз, ата-эненин тарбиясын көрбөгөн, салт билбеген, нарк билбеген акын деп айтпас элек. Бирок адабиятчыларыбыздын ушуга чейин улуттук нарк-насил факторун эске албай, 13 жашар Токтогулдун (мейли 19 жашта деп эле коелу) өзүнөн 40 жаш уулу адамга “мадырайган соргогум” дегенинен элдүүлүктү издегени, элдик акын катары түшүндүргөнү ошол адабиятчылардын элдик каада-наркты сыйлабаганы, таптык күрөштү салттан өйдө койгону катары да кабыл алса болот. Андыктан, Арзымат менен Токтогулдун айтышына астейдил мамиле жасап, агын ак, карасын кара кылып, ага эч кандай саясый […]

Дилазык: Мурас бөлүштүргөндө

Качандыр бир кезде Индия мамлекетинде кшатрия (аскер кастасына тиешелүү адам) жашаган экен. Ал катуу ооруп, өлөрүн билип калат. Эки баласын чакырып, керээзин айтат: — Мен өлгөн соң, менден мураска калчу байлыкты адилет, калыс бөлүштүргүлө. Атасы өлгөндөн кийин балдары байлыкты экиге бөлүшөт. Бирок улуусу кичүүсүнө үлүш тең бөлүнбөй калганын айтат. Ошондо бир дейди чал: — Келгиле, мен силерге тең бөлгөндү үйрөтүп коеюн: кандай буюм болбосун, аларды тең экиге бөлгүлө, ошондо ичиңер ачышпайт, — деген экен. — Кандайча тең экиге бөлүп? — […]

Конкурска: Бешик той үчүн сценарий

№1 Кыргыздар салт боюнча жаңы төрөлгөн баланы бир жума өтүп-өтпөй эле бешикке салат. Анын өз жөрөлгөлөрү, ырымдары бар. Бешикти арчадан, талдан, теректен ж.б. дарактардан жасайт. Эл арасында алтын бешик, күмүш бешик болгондугу да айтылат. Бешик той жаңы төрөлгөн бөбөктүн ата-энесинин үйүндө өтөт. Тойго чакырылуучулар: баланын чоң ата-чоң энелери жана алар менен бир туугандар, ата-энеси жана алар менен бир туугандар, ата-энесинин достору, анан таята-таянеси балдары менен. Булардан башка  атайын Умай-Эне чакырылат. Меймандар “Бешик бооңор бек болсун” айтып киришет. Той бергендер “Ырахмат”, […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Периште

АҢГЕМЕ «Тал-тал мончок, тал мончок, Тал талынан тагындым. Таң аткыча тойлогон Тамашаңды сагындым…» (Көлдүк бийкечтердин ыры) «Ак жибек торду жаярмын, Ак жибек сага даярмын! Ак жибек, өзүң дегенде Азапка башты саярмын…» (Көлдүк жигиттердин ыры) «Он мүнөттөн кийин жөнөйбүз! — Өөдө жактан кулактандыруу чыкты. — Даярдангыла!» — Райле, жакшы кал. Мен келгиче… Мөлтүр көз кыз «макул» дегендей баш ийкеди. Бирок ошо саатта анын бешенесинде кандайдыр бир арман пайда боло калды. Бул— жанындагы боз уландын жүрөгүн чагылган тийгендей жаралады. Экөө бирдей унчугушпады. […]

Жазуучуну түйшүккө салбаган эмгек – окурманга ырахат тартуулабайт

Катачылык кетирбөө үчүн ар бир адам туура жолдо жүргөн адамды тапкысы келет. Бирок эч ким туура жолдо жүргүсү келбейт. Зигмунд Фрейд *  *  * Жоготуп алган күндөрүңдүн эң аянычтуусу – бир жолу болсо да жылмаюусуз өткөргөн күндөрүң. Себастьен-Рок Никола де Шамфор *  *  * Үмүт менен жолго чыгуу – бара турган жериңе жетүүдөн да артык. Роберт Льюис Стивенсон *  *  * Жакшы көрүнгүчө – жакшы бол. Гай Саллюстий Крисп *  *  * Тарбия сыры – окуучуга урмат кылуу менен башталат. […]