№1

Кыргыздар салт боюнча жаңы төрөлгөн баланы бир жума өтүп-өтпөй эле бешикке салат. Анын өз жөрөлгөлөрү, ырымдары бар.

Бешикти арчадан, талдан, теректен ж.б. дарактардан жасайт.

Эл арасында алтын бешик, күмүш бешик болгондугу да айтылат.

Бешик той жаңы төрөлгөн бөбөктүн ата-энесинин үйүндө өтөт.

Тойго чакырылуучулар: баланын чоң ата-чоң энелери жана алар менен бир туугандар, ата-энеси жана алар менен бир туугандар, ата-энесинин достору, анан таята-таянеси балдары менен. Булардан башка  атайын Умай-Эне чакырылат.

Меймандар “Бешик бооңор бек болсун” айтып киришет. Той бергендер “Ырахмат”, “Айтканыңыз келсин” деп турат.

Бешик тойго келгендер балага деп кийим-кече, мал-ал алып келген. Ошолорун тапшырганча өтөт.

Меймандар бири-бири менен амандашып жайланышып отурат.

БИРИНЧИ БӨЛҮК

Тойчуман (Тамада, же алып баруучу, анын сөзүн болжолдуу берип жатабыз, алар ар кимиси өз дараметине жараша сөз ылгап, сөз тандап сүйлөшөт): Амансыздарбы, кадырлуу коноктор! Бешик тойго кош келиңиздер! Бешик – байыртадан келе жаткан улуттук таберик. Кыргыз кыргыз болуп жаралганы эң жакшы тилек-ниет кылган, ал – бешик алуу, бешик берүү тилеги. Бул ырыскылуу салт ар бириңиздерге буйрусун! Адам турмушундагы бешиктин маанисин айтып берүү үчүн аксакалыбыз (же этнопедагогубуз) ….. атага сөз берсек.

Аксакал (этнопедагог): Байыртадан кыргыздар бешиктин баланы өстүрүүдөгү ролун жакшы билген. Бешикке бөлөнгөн баланын арка омурткасы түз өскөн, кандай гана ысык-суук болбосун, ысыбай да, үшүбөй да бирдей абалда жаткан. Көчмөнчүлүк жашоодо баланы бешикке бөлөп, ат минген энеси атка өңөрүп алган, бала уктап кете берген. Бешикке жаткан баланын алды кургак болгон, суу өтүүдөн сакталган. Бешикке жаткан балдардын бою узун болгон. Арча бешикке ар кандай чымын-чиркейлер, курт-кумурскалар жолой алган эмес. Баланы бешикке бөлөп энеси өз оокатын кыла берген. Баланын акырын термелип турушу жана анын кулагына бешик ырынан угулушу – анын дене-боюнун, акыл-эсинен, угуу сезиминин өсүшүнө, кулагынан ачылышына, сезимтал болушуна шарт түзгөн. Бешик – баланы эмизүүгө өтө ыңгайлуу жай болгон. Мына ушул кыргыз бешиги бүгүн биздин алдыбызда! Анда, бешик тоюңар кут болсун!

Тойчуман: Ырахмат! Эми сиздер алдыдагы даамдардан ала берсеңиздер, биз бешик тойдун негизги жөрөлгөсүн баштасак. Аны баштап берүү үчүн сөздү таенеге беребиз. Таененин келин-кыздары кошо келиңиздер?

Таене: Куда-кудагый, балдарым! Бешик тоюңар кут болсун! Биз бешик тойго өз жөрөлгөбүз менен келдик. Аларды аткарууга уруксат этиңиздер?

(Таене жана ал тараптан келген келин-кыздар бешикти алып келишет. Шаңдуу күү коштоп турат). Кудагый, байбичер менен келиңиз? (Баланын чоң энеси, бир байбиче менен келет). Мына биздин неберебизге алып келген бешигибиз. Ушул бешик ушул үйдө ар дайым термилип турсун: Мына бешиктин жабдуулары: шимек, күлтүк, эки олпок, төрт жаздык, чарчы ороо, кол боо, тизе боо, кыпчык (Буларды бир-бирден көрсөтүп чоң энеге берет. Жаңы барган бешикти баланын чоң энеси же айылдагы тууп-түшкөн, кадырлуу байбичелердин бири баш болуп кабыл алышат).

Тойчумун: Мына, мына, бешик келди. Бала болсо ушул бешикти күтүп жаткан. Баланы алып келгиле? (Баланы апасы алып келет, чоң энеси жана таенеси, же алардын ордун баса турган аялдар – экөө бешиктин эки жагына өтөт).

Чоң эне, таене, байбиче: (Бешикти “биссимала” деп алышат):

Умай-Эне, келиңиз, ушул бешикке кудайым бала берди, балага бешик келди, ушул балабызга куттуу болсун! Бешикке кут уяласын! Бешикти өзүң аластап бер, Умай-Эне?

Умай-Эне: (ысырык түтөтүп, бешикти жана баланы аластай баштайт)

Оо, ушул

Бешикке бөлөнүп аткан балага

Көкө Теңир жар болсун!

Күлдүр ата колдосун.

Камбар ата ун чачсын.

Күндүн пири Күн Теңир,

Жарык менен нур берсин!

Адам Ата жар болсун!

Шайык баба акыл берсин!

Кыдыр Илияз бакыт берсин!

Өмүрү бай теректей узун болсун!

Кыдыр Ата батасын аябасын!

Дыйкан болсо – Баба дыйкан колдосун!

Соодагер болсо – Имам Мазам колдосун!

Уста болсо – Ак бугу менен Дөөтү Ата колдосун!

Жолго чыкса – Жоломан жолдош болсун!

Баатырдын пири Кырк чилтен,

Жигиттин пири Шаймерден колдосун!

Алас-алас, алас-алас, алас-алас… (Умай-Эне чыгып кетет).

Байбиче (же чоң эне, же таене): Баланын өмүрү майдай жагымдуу болсун! Шимеги жумшак болсун! (Шимекти койдун же уйдун сары майы менен майлайт). Келгиле, чүкө салалы?! (Байбичелер куру бешиктин ичине койдун оң жана сол чүкөлөрүнөн бирден салып, анын баш жагын өйдө кылып көтөрөт). Оң бол! Оң бол! Оң, оң! (Бешикти акырын көтөргөндө чүкөлөр шагырап барып күлтүккө түшөт. Анда мындай сөздөр айтылат):

Бешик бооң бек болсун,

Ата-энең аман болсун.

Жаман көздөн сактасын,

Балам эне сүтүн актасын.

Менин колум эмес,

Умай энеңдин колу,

Оң, оң,

Киндик кескен энеңди сыйла,

Каның тамган жериңди сыйла,

Ак сүтүн берген энеңди сыйла!

Менин колум эмес,

Умай энеңдин колу,

Оң, оң,

Өмүрүң узун болсун.

Көкө теңир колдосун.

Жаның бек болсун!

Бешигиң кептүү болсун,

Ата-энең эптүү болсун!

Энелүүдөн эрке бол!

Өмүрүң узун болсун

Өрүшүң жайык болсун,

Тукумуң журттан ашып,

Тууганың канат болсун,

Менин колум эмес,

Умай энеңдин колу.

Тойчуман: Мына энебиздин «оң болсун» дегени баланын келечеги, жолу дайыма ачык, оң жагынан болсун дегени. Айтканыңыз келсин! Ылайым эле, бүт өмүрү оң болсун! Койдун чүкөсүн салганы – койдой момун болсун дегени. Оң жана сол чүкө салганы – сөзү, өзү оңго-солго өтүмдүү болсун дегени.

Чоң эне: (Бир чүкөнү алат) Ушул чүкө күлтүккө биринчи түштү. Бул чүкөнү сизге берейин (кадырлуу бир аксакалга чүкөнү алып барат). Ылайым эле балабыз, сиздей кадырлуу, эл-журтка таанылган, ыймандуу болсун. (Башка чүкөнү отургандарга берет. Ага отургандар ырымы кылып колдорун тийгизет). Неберебизди чүкөнүн пири Кара чеке Атабыз колдоп жүрсүн…

Тойчумун: Ырахмат, ырахмат. Келгиле эми, баланы бешикке бөлөйлү. (Бешикке баланы бөлөп жаткан байбиченин оозуна боорсок тиштетип коюшат). Мына апабыздын оозуна боорсок тиштетип койдук, бул бала ыйлаак болбосун, оозу нанга толуп турсун деген тилегибиз. Бөлөп жаткан аял эч сүйлөбөйт, ал сүйлөсө бала да сүйлөөк болуп калбайбы.

Таене: Шайтандар, жиндер качкыла, бешиктин ээси келди! (Жин-шайтанды кууйт).

Байбиче (же чоң эне, же таене): (Баланы «биссимилда» деп оң жагынан бешикке жаткырат).

Бешик апа, бек карма,

Умай эне уйку бер!

Биссимилда!

Биссимилда!

Менин колум эмес,

Батма-Зууранын колу

Азем бешигиңе жата кой.

Атаң жаткан арча бешик

Ак бешик сага кут болсун! ж.б.

(Бала бешикке бөлөнөт).

Тойчумун: Ырахмат, ырахмат. Эми бешиктин үстүнө жабылчууларды алып келип, жаап, эмнеге ошону жапканын айтып бергиле?

1-келин: Мына мен таар жаптым, таар толо уктасын! (бешикке таар жабат).

2-келин: Мына мен баштык жаптым, баштыгы толо ырыс болсун!

3-келин: Мына мен кийим-кече жаптым, бүт өмүрү кийим-кечеси толук, бүтүн болуп өтсүн!

4-келин: Мына мен жууркан жаптым, жуурканы жылуу болсун!

5-келин: Мына мен куржун жаптым, куржуну толо буюмдары болсун!

6-келин: Мына мен жалайык жаптым, азыр өзү кийсин, кийин жалайыктуу балалуу болсун!

Тойчумун: Ырахмат, ырахмат. Дагы ким эмне коёт?

(Бешикке салуу салтына келгендер кетмен, күрөк, балта, чот сыяктуу эмгек куралдарын алып келишип бешикти айланта коюшат) Мына бул шаймандар баланын келечегин аныктоочу шаймандар, ушуларды алып бала мээнеткеч болсун деп тилек тиледик.

Тойчумун: Ырахмат, эми бешикке тагылчу буюмдарды алып келгиле?

(Бешикке эркек бала болсо чүкө таккан, кыз бала болсо үкүнүн канатын же жипке тизилген шуру тагышкан, келиндин төркүнү жактагылар аларды тагат).

Тойчумун: Ырахмат, ырахмат. (Таенеге) Кана, кызыңызга берчүүлөрүңүз болсо тапшырыңыз?

(Төрөгөн келинге бешик жасап келген төркүн-төшү баланын жуурканын, куржунун, кабын, баштыгын карматат)

Келин: Ырахмат! Ырахмат! (бешикти алып колуна кармап ыраазычылык билдирип биринчи төрдү карап, анан башка жактарды карап бир нече жолу жүгүнөт).

Отургандар: (келинге)

Кудай жалгасын!

Этегиңен жалгасын!

Максат-тилегиңе жет!

Алганың менен тең арып-тең кары! ж.б.

Байбиче же келгендердин аксакалдарынын ичинен бирөө: (бешикке салынган балага бата берет):

Өөлай, өөлай, ак бала,

Ак бешикке жат бала.

Аталуудан улуу бол,

Акылдуудан кундуу бол,

Энелүүдөн эрке бол,

Эл алдында серке бол.

Кызыл тилден таңдайлуу бол,

Ырыскыдан маңдайлуу бол.

Жети мүчөл жашагын,

Тартпа журттун азабын.

Билектүүдөн күчтүү бол,

Баатыр болсоң жөлөк бол,

Баарыбызга өбөк бол.

Өөлай, өөлай, ак бала,

Ак бешикке жат бала.

(Анан бешикти баланын өз энесине берет).

Бешик ыры ырдалат:

Ыйлаба, балам, ыйлаба,

Ата-энеңди кыйнаба!

Эл жайлоодон түшө элек,

Арпа, буудай быша элек.

Куштун жүнү калпагың,

Эл сүйбөсө, сүйбөсүн,

Өзүм сүйгөн аппагым.

Ыйлаба, балам, ыйлаба,

Апакеңди кыйнаба!

Атаң тойго кеткендир,

Ак кисе толгон эт келет.

Энең тойго кеткендир,

Эмчеги толгон сүт келет.

Жийде бекен бешиги,

Жигит бекен акеси?

Өрүк бекен бешиги,

Өбөт бекен акеси?

Тоголок тору тайынан,

Тоголонгон жаныңан.

Алдей, балам, ыйлаба,

Энекеңди кыйнаба! (ж.б. варианттарды)

(“Арча бешик”, “Балама” деген сыяктуу ырлар ырдалат)

Тойчуман: Эми мындай тапшырмаларды айтамын, аны ким көп тапса байге берилет. Кыргыздардын бешикке байланыштуу ишенимдерин айтып, ошол ишенимдин пайда болуу себептерин түшүндүргүлө?

Отургандар элдик ишенимдерди айтат, мисалы, мындай:

Бешикке карышкырдын тырмагын тагып коюшат, ал болсо баланы ар кандай жамандыктардан, кырсыктардан коргоп турат дегендик.

Бешикке баланы жаңы бөлөгөн соң бешиктин үстүнө айылдан сурап келген тогуз уйкучу кишинин кийимин жаап коёт, бешиктеги бала да ошолордой уйкучу болсун дегендик.

Бешик кыз баланыкы болсо үкүнүн канатын таккан.

Бешик кыз баланыкы болсо мончок-шуру таккан.

Бешик уул баланыкы болсо чүкө таккан.

Бешикке баланы бөлөп атканда бутун таңып алганча отургандардын ичинен эч кимиси сыртка чыгып кетпейт, сыртка чыгып кетсе, баланын уйкусун алып кетет.

Бешикке өбөктөбөйт.

Бешикте уктап жаткан баланы которуп жаткызбайт.

Бешиктеги баланы жабуусуз калтырбайт.

Бешиктеги баланын бетине ай нуру төгүлбөшү керек.

Бешикти аттабайт.

Бешикти бала уктап жатканда көтөрүп жылдырганда биринчи бут жагын алдыга коёт.

Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт.

Бешикти бут менен терметпейт.

Бешикти бут менен жылдырбайт.

Бешикти куру терметпейт, ал жамандыктын белгиси – баласыз каласың дешет.

Бешик бош кезде ага бала-чаканы жолотпойт.

Бешикти сатып аларда соодалашпайт, устанын сураганын берет.

Бешикти сатканда уста ашыкча көп баа сурабайт.

Бешикти тээп отурбайт.

Бешикти экөөлөп терметпейт.

Бешикти экөөлөп көтөрбөйт.

Бешикке баланы бөлөөр кезде аны бешиктин үстүнөн алып бербейт.

Бешик бала жатып жүргөн болсо, бирөөлөргө сатылбайт.

Бешикти көчкөндө бешиктеги баланын энеси гана өңөрөт.

Бешикке жаткан баланын денесинде майда кызыл тактар пайда болсо, бешик курт чагыптыр дешет.

Бешик курт чакканда бешиктин төшөктөрүн гана күнгө, отко жаят.

Бешик курт чакканда бешиктин өзүн күнгө отко жайбайт, андай кылса, курт көбөйүп кетет.

Бешиктен баланы чечип аларда биринчи баланын оң колун, анан бутун бошотуп чечет.

Бешикке бөрүнүн чүкөсүн тагат.

Бешикке бөрүнүн тишин тагат.

Бешикке бөрүнүн тырмагын тагат.

Бешикке илбирстин тырмагын тагат.

Бешикке илбирстин терисин жабат.

Бешикке илбирстин куйругунун учун тагат.

Бешикке аюунун тырмагын тагат.

Бешикке бүркүттүн тырмагын тагат.

Бешикке үкүнүн тырмагын тагат.

Бешикке жыландын баш сөөгүн тагат.

Бешикке көз мончок тагат.

Бешикке калемпир мончок тагат.

Бешикке курманын сөөгүн тагат.

Бешикке суунун доошун укпаган жердин долоносунун бутагын тагат.

Бешикке табылгынын уюлун тагат.

Бешикке күмүш тыйындарды тагат.

Бешикке куран аяты жазылган тумар тагат.

Бешикке сейдана мончок тагат.

Бешикке акдана мончок тагат.

Бешикке кан таш тагат.

Бешиктен баланы чечээрде биринчи оң колун бошотуп коёт, уул бала чүкө менен, кыз бала үкүнүн канаты же мончоктор менен ойноп сологой болбойт.

Баланы бешиктен чечип алганда оң жагынан чечип алат да, эне анын жонун сылап, баланын жаткан жерин бир таптап, жонун бир таптап «уйкусу бешикте калсын» дейт, анан оң колунан көтөрүп, «үзүл, үзүл, үзүл», сол колунан көтөрүп дагы ошол сөздөрдү кайталайт, бул болсо бала эми турду, ал кайра жатканга чейин бешиктин ээси кайтарып, жин-шайтандарды бешикке жолотпой куусун жана бешикте жатып талып калган далысы үзүлсүн, жан кирсин деген тилектери ж.б.

Тойчуман: Ырахмат, ырахмат! (байге тапшырылат).

Аксакал (бата берет):

Атадан калган арча бешигиң үйүң болсун!

Түнкүсүн Айың, күнкүсүн Күнүң болсун!

Уйкуң бейпил, бешигиң жайлуу болсун!

Бешикти имерчиктеген ата-энең болсун!

Сен жаткан бешикке ини-карындаштарың да жатсын!

Биз болсо айдан аман, жылдан эсен болуп,

Сүннөт тоюңа келели!

Эл-журтубуз, эл башыларыбыз эсен болсун!

Оомийин!

(Отургандар жапырт бата кылат. Ыр, музыка угулат).

Тойчуман: Эми коноктор той ээлери сыртта, ат оюндарына, балбан оюндарына, улуттук оюндарга чакырып жатат, ырчы-чоорчулар келди, ошол жакка чыгалы.

(Сценарийде элдик баталар пайдаланылды)

Конкурстун жобосу менен таанышуу>>>>>>>>>>>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *