Катачылык кетирбөө үчүн ар бир адам туура жолдо жүргөн адамды тапкысы келет. Бирок эч ким туура жолдо жүргүсү келбейт.
Зигмунд Фрейд

*  *  *

Жоготуп алган күндөрүңдүн эң аянычтуусу – бир жолу болсо да жылмаюусуз өткөргөн күндөрүң.
Себастьен-Рок Никола де Шамфор

*  *  *

Үмүт менен жолго чыгуу – бара турган жериңе жетүүдөн да артык.
Роберт Льюис Стивенсон

*  *  *

Жакшы көрүнгүчө – жакшы бол.
Гай Саллюстий Крисп

*  *  *

Тарбия сыры – окуучуга урмат кылуу менен башталат.
Ральф Уолдо Эмерсон

*  *  *

Жашоо кечигип калгандарды кечирбейт.
Михаил Горбачёв

*  *  *

Баканы такка отургузсаң деле сазга секирет.
Артур Миллер

*  *  *

Адамдар сүйгөндөрүнөн гана бир нерсе үйрөнө алат.
Гёте

*  *  *

Жигиттик өч алууда эмес, сабырдуулукта.
Уильям Шекспир

*  *  *

Жеткиликтүү себеби болсо, баардык нерсени жасайсың.
Жим Рон

*  *  *

Өмүрүңдүн узундугу эмес, кандай жашаганың маанилүү.
Мартин Кинг

*  *  *

Кошунаңа сыйыңды көрсөт, бирок бакчаңдагы дубалыңды бузба.
Жорж Херберт

*  *  *

Жазуучуну түйшүккө салбаган эмгек – окурманга ырахат тартуулабайт.
Стив Жонсон

*  *  *

Кошунаң менен урушпа, конок кетет ал калат.
Абу Бакир

*  *  *

Кагазды чиймелеген калем – ширеңкеден да чоң жалын чыгарат.
Малколм Форбс

*  *  *

Адамдар – жамандык алдында чечкинсиз калуу укугуна ээ эмес.
Мадай

*  *  *

Адамдар көбүнчө кыялдары менен жашайт, а чыныгы жашоого кадам шилтегенде бардык кыялдарынын таш-талканы чыгат.
Вольтер

*  *  *

Бардык адам ката кетирет, бирок улуу адамдар гана өз катачылыгын аңдайт.
Август Коцебу

Кыргызчалаган Урматбек Нурсейит уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.