Жоокерчиликтин ыгын өз заманына жараша кыргыз жакшы билип, бүткүл жан сактоо жана оюну согуш илимине ылайыкталып курулган. Согушка өтө ынтык болуп, жаш балдарын жаш чагынан согушка даярдоо оюндарын үйрөтүп, он жети, элүү жашка жете уруш милдетин мойнуна алган. Алтымыш – жетимиш жашка келгенде согушка аралашкандары болгон. Жекеге чыккандарын дагы айтышат. Он төрт – он беш жаштарга келгенде баланча киши жоого аттанган деп айткандарын табыштаганда анык сөз болуп, согушта эрдик көрсөткөн. Кыргыз карыяларынын эки – үч киши баш кошуп калса, көбүнчө  согуш тууралуу сүйлөшөт. Согуш жана алыска жортуулга барганда тамагына эт, сүзмө жана актаган таруу алган. Эгерде согуш заманы болбосо, үйлөрүнө тынч жата бербестен жылкы тийип, булап – талап, эл чети, жоо бети, тогуз жолдун тоому, кырк жолдун кыйырына аламан каракчылык кылып жүргөн. Акыркы уурулук кылганды биринчи жакшы өнөр деп билген. Ошондой заманда эрдик кылганды элин сактап, жоодон аман алып калганды «баатыр» деген.

Баатырды тоодон кулаган таштай, аткан октой болот деген. Атка нок, таштан кайтпайт, кулаган таш же талкаланат, же талкалайт, баатыр жоодон жеӊилгенде жолдошторун жоого түшүрбөстөн анын артынан коргоп, жоонун алдында болуп, жоону жолдошторуна жибербей, согуш – согуша аман алып чыгып, балким жоодон көп заманда олжосун алып чыккан, ошол себептен баатырлар «качсам да бир ат олжом бар» деп айткан. Жоонун көптүгүнө карабастан согушкан. Жоо кайда дегенден башканы билбеген. Аркасынан жараланса качып баратып жараланыптыр деп баласы да аны киши катарында көрбөгөн; эгерде жара бет алдынан болсо, беттешип жүрүп жаралуу болуптур деп ыраазы болгон.

Жоонун аз – көбүн билмек үчүн «касырткы» салып, азын – көбүн билип согушкан; эгерде жоо көп болсо «буктурма» коюп согушкан; маселен, бир топ аскерин жашырып, жоонун келер жолуна коюп, калганы бир аз согуша түшүп кайта качкан; жоо бириндеп артына түшүп, аттары, өзүлөрү талыган кезде тиги жашырынып турган аскери аткан октой болуп каптаганда, жоо кайта качкан. Жоого беттешерде же сапарга аттанып чыгарда төлгө, көбүнчө далы күйгүзүп, ошого жараша болгон. Айсыз туман баскан караӊгыда, кыштын күнү же жайдын күнү болсун түн ичинде бир көргөн жолунан адашпаган. Көрбөгөн жолу болсо «темир казык» жылдызын белгилеп жүргөн. Бул жылдызды «кошоктолуу кош музоо» деп дагы айткан. Эгерде булуттун жылдыз көрүнбөсө, жакшы атты эркине коюп, жол баштаткан. Уруш чагында буту сынып калса, канжыгага бутун кайта байлап коюп согушкан. Жоо өтө коркунучтуу болсо күндү жайлап жаадырып туруп, изин билгизбей качып кеткен.

Жоо менен дайым атчан согушкан. Айбалта, союл чапканга, найза сайганга, мылтык атканга, жаа тартканга өтө уста болгон. Кылычты көп керек кылбаган. Аны анчейин бычак катарында көрүп, жабдык деп ойлобогон. Ичин ок, найза аралап кетсе, кишинин сийдигин ичирген. Башы, тулку бою көбүрөөк жаралуу болсо, семиз тай союп, ич этине жакшылап тоюп, терсине жакшылап оронуп жаткан. Жоодон же алыс сапардан келген түнү катындын койнуна жатпаган. Ичинде мылтыктын, жаанын огу калса, аны түшүрмөк үчүн таза катынга аттаткан. «Ок аттаган таза катын» деген макал ошондон калган. Ачка болуп бара жатса, атынын кара санынан кан алып бышырып жеген. Кас жоосун өлтүрсө, ичин жара тартып канынан бир ууртап алган. Жатканда жабдыгын, көбүнчө мылтыгын, жаасын төшөгүнө ала жаткан.

Урушта мергендери оозуна толтура «Кылдыратма» ок салып атчан чаап жүрүп, башынан түтүн арылтпай аткан. Кырк – элүү чакырымдан кишинин аз – көбүн, эл жөө экенин ажыратып билгендери болгон. Түн ичинде аттын элестегенинен кишинин келе жатканын бир чакырымдай жерден билген. Мал уурдатса, кара жердеги изин түштүк жерге кубалаган. Баланча жерден таӊ үпөл – бараӊда жылкы алып, күндүн мурду тоо башына чачырай, баланча жерге келген экен дегенин текшергенде, эӊ азында 40 – 50 чакырымдай ошондо баланчанын атынын оозунан кан аралаш ак көбүк чыгып, оозуна алы жетпей, тизгини колуна карышып, башын жерге салып чулгуп, араандай оозун ачып, жаӊыдан кызыган чагы экен деген байыркы сөздөрү көп. Көктөмдө аты жоон сан болсо, 10-15 күнгө жарайт деп жортуулга минип кеткен. Байыркы заманда атына жем бергени чанда болгон. Түндүк кыргызда болбогон десе да болот.

Илгерки кыргыз азында 50 – 60 үй бир жерге тегерете конуп, ээр токуп, аттарын кермеге керип, же үйүнүн жанына байлап (абыдан айалуу жакшы аты болсо, жаткан үйүнө кийирип) найзасын үйдүн жанына кыстарып, айбалтасын ээрдин кашына илип, койуп, күн – түн дебей жоо кайдан келет деп кулагын түрүп, чакан болуп турган. Жоо абыдан күчөгөн чагы болсо, айылды чыӊ, бек жерге кондуруп, абыдан алыс жерден жол тоскон «кайгуул» деген болгон. Айыл арасынан жол чалып турган «жесекчиси» болгон. Эр – азаматтарын бөлүп, айылдан тышкары ыӊгайлуу жерге койуп, жоону күтүп турган, бул кишилерди «Жасоол» деген. Согушка катын – кыздары көп аралашкан.

Жоодон качарда ар кайсы жерге көп от жагып койуп туруп качкан, ал отту «эр оту» деген.

Кыргыздын адет – расым, дин, ойун, турмуш, согуш жөнүн эски жаӊысынан бир аз маалымат бердим. Эми кыргыздын кайдан чыкканынан бир аз маалымат берейин.

Ɵз тарыхын билип, тарыхты туйуу элдин катарына кириш, маданийаттын бир көркөм бутактарынан саналат. Кадимки окумуштуу, маданийаттуу, билимдүү эл болсо да, өз тарыхын аныктап жазыш оӊой эмес, ошол себептен кыргыз сыйактуу миӊдеген жылдан бери илим, билим, маданийаттан куру калып, тоо арасында жапайы катарында көчмөндүк менен мал багып жүрүп, жаӊыдан гана өктөбүр өзгөрүшүнүн касиети менен көзүн ачып, илгерилеп тамтуӊ баскан баладай болуп келе жаткан улутка, өз элден өз тарыхын жазып келе жатпаган үчүн өз өлкөсүн таанып, түп журтунун тарыхын жазыш өтө кыйын иш.

1.Тарых жер жүзүндөгү элдин тарыхчыларынын  жазууларынан  ташка,

мүрзөгө жазган чийинден, жерден чыккан канындыдан (археологиялык раскопка) алынат.

2.Тарыхы жок биздин кыргыздай эл кыйакчы, чоорчу, комузчу жана ырчылардын күүсүнөн, сөзүнөн жыйноо мүмкүндүк берет. Булардын күүлөрүндө байыркы сөз сактала келген.

3.Эски карыйалардын сөзүнөн жыйуу мүмкүндүк болсо да, анын мезгили кайсы заман, кайсы жылда, кайсы жерде болгондугун 50 – 100 жылдан бериге болбосо, андан наркысын билүү өтө кыйын. Ошол себептен «жетим өз киндигин өзү кесет» дегендей, жана «чындап ыйласа, кара көздөн (сокур көздөн болуш керек – О. С.) жаш чыгат» деген сыйактуу, тарыхка жан дилин койуп жыйындап тарышуучулар ар бир урук элдин аксакалдарынан ал өзү качан туулган, анын атасы, бабасы качан туулуп, качан өлгөн, ошолордун тушунда башка урук элден ким болгон. 11 – 13 атага жете ар уруктун ата – бабаларын нече электен өткөрүп теӊшере, текшере андан алынган тыйанак жана да башка уруктардын карыйаларынын текшерүүдөн өткөрүп, аныгын жазуу аркасында тарых түзүшкө мүмкүн.

Жогоруда айтылгандай, ар уруу элдин ата ˗ бабасынын тушташын анык билмек үчүн, улуу катын, ортончу катын, токол катындан туулгандыгын таптыштап билбесе, анын мезгилин чечишке чоӊ тоскоол болот. Себеби кандай болсо да токолдон таралган менен байбиченин тукумунун арасында 20 – 30 жыл илгери – кийин болуп кетет.

Кыргыздын оозеки тарыхын жазууга ар урук элдин өз – өзүнүн жети атасына жете билгендиги зор жардам берет. Кыргыз жети атасын билбегенди «Жети атасын билбеген жетесиз» деп, аны кул катарында санайт. Ушул сыйактуу жети атасын билбегендиктен, ал аркалы тарых түзүш өтө себеп болот. Ушундай себептер менен кыргыздын бир далай эски карыйаларынан сөз билген чечендеринен, көптү көргөн көсөмдөрүнөн, үйдө жаткан далай карыйалардан тарых сөзгө 1890 – жылдан баштап кулак салып, 1895˗96 – жылдардан баштап тарых сөзүн таптиштөөгө киришип, сөздүн чынын ылгап жүрүп, дал туура чыккандарын терип жүрүп, азыраак «оӊ, сол» аталган кыргыздын түп тарыхы жазылды. Эӊ эски кыргыз тарыхы болсо, жогоруда айтылгандай, ар мамлекеттин мурунку, азыркы жазган тарыхтарынан кабар алынды.

Ар урук элдин тарыхын өзүнөн чыккан тарыхчысы өз тили менен жазган болсо жана тамга – арип  сөздү коюлтпастан жазууга ыӊгайлуу болсо, ал тарыхтын сөздөрү бузулбайт деп айтууга мүмкүн. Эгерде бир элдин тарыхын башка эл жазса, ал тарых тыткынга түшкөн кишидей болуп, тили келбегендиктен кишинин атын жана сөздү жазыш арибине туура келбегендиктен жана эӊ эски замандан кийинки заманга карата бир китептен экинчиге көчүрө – көчүрө тарыхтын көп сөзү өз түпкү асилинен өзгөрө берет. Маселен, кытайлар кыргызды – кыкыс, киликис, кил – кисе, какас деп жазган. Персиандар (кыргызды) – хирхиз деген. Монголдор (кыргызды) – хиргиз деген. Эски түрк (кыргызды) – кыркыз деген. Орустар (кыргызды) —  киргиз деген. Араптар (кыргызды) – кыргиз деген. Мына, канчалык бузган.

Түрк тилин арап, жааропалык, кытай арибинен көчүргөндө канчалык калет чыгат. Кыргыздын эски ариби, тамгасы жоголуп, өзүнүн жазылган тарыхы калбаган. Жакын – чектеш жана аралаша жүргөн үчүн эӊ эски кыргыздын тарыхы кытай тарыхында калган. Ошол себептен түп тарыхтын көбүнчө кабары кытай тарыхтарынан алынган.

«Кызыл кыргыз тарыхынан»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.