«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду  Улуттук филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын,  жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси  жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызы, Мирлан Аскаров, Юруслан Азимжанов, Жакшылык Иманов жана Бүкалча Маматали кызынын  чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.  Иш-чара саат 17.00дө  башталат. Кирүү  акысыз. Мирлан Аскаров – Жалал-Абад облусунун Аксы районунда төрөлгөн.  Кыргыз-Түрк Манас университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин […]

Грек эл жомогу: Гүл челекте өскөн кыз

Бар экен, жок экен бир аялы менен күйөсү жашаган экен. Аларда баары жакшы болгону менен  балалуу боло алышпаптыр. Кайсы бир кечте аялы терең үшкүрүнүп: – Кудайым бизге бала бербесе да, жок дегенде эрмектеп бакканга гүл челеги менен гүл берип койсо боло,- деп оозун жыйганча терезеге бир кичинекей гүлү менен гүл челек туруп калат. Алгач чочуп кеткени менен аял таңгала түшүп, анан кубанычы коюнуна батпай сүйүнөт. Ошентип күндөр өтөт, жылдар жылат. Баягы табышмактуу жол менен пайда болгон гүл бапестелип багылгандыктан, тезден […]

Александр КУПРИН: Чаташуу

АҢГЕМЕ — Менин билишимче, Рождествону 1896-жылы менин бир пациентим элде жок оригиналдуу тоскондой али эч ким тосо элек болуш керек, — деди шаардагы жакшы эле белгилүү болуп калган врач-психиатр Бутынский. – Бул трагикомедиялуу окуя жөнүндө мен эч нерсе айтпай эле коёюн. Андан көрө, бул жөнүндө негизги каарман эмне дегенин өзүңүз окуп чыксаңыз жакшы болот. Муну айтып доктор өзүнүн жазуу столунундагы белгилүү тартип менен, ар кандай форматтагы жазылган кагаздар боо-боо болуп байланып жайгаштырылган ортоңку суурмасын тартты. Ар бир бооланган кагазга номер […]

Накыл менен бийлик тиреши

Акылман Мум жөнүндө Александр Бэллдин притчасы Падышаларга өмүрүндө кеңешчи болгусу келбеген акылы даркан Мумдан сурашкан экен: – Зулумдукка, катачылыкка белчесинен малынган өкүмдарлар эмнеге акылмандардын кеңешин угушпайт? – Кээси өзүн баарынан акылдуу эсептеп, кеп-келеңге муктаж эмесмин деген үчүн эч кимдин кеңешине кулак какпайт. Кээси акылман кеңешчинин кеп-келеңин эшкенге кудуретсиз. Кээси кеңештүү кепке келишкени менен, кеңешти кантип керектешти билбейт. Андайлар кеңешти угат да, өзүн өзү ашкан акылмандай көрсөтөт. Ошон үчүн акылмандар бийликтен оолак жашайт, – деген экен Мум. Айырмасы эмнеде Сопулардын притчасы […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогул жана анын абак жылдары

Токтогул Сатылгановдун Сибирь сүргүнү окуу китептеринде, хрестоматияларда, а түгүл адабий, тарыхый изилдөөлөрдө негизинен жалпы сөздөр менен коштолуп келет. Ырас, соңку учурдагы адабиятчы О.Соороновдун бир катар макалалары[1] бул багытта жаңы маалыматтарды берет. Анын тапканы боюнча Кетмен-Төбөнүн Мазар-Сай жагына барган өкмөттүк комиссиянын башчысы Николай Ладушев акынды 1927-жылдан 1931-жылга чейин котормочу катары алып жүрүп «веселчак и комик, музыкант, певец, прекрасный и толковый переводчик» деп баалаган. Композитор А.И.Власов да Токтогул орус тилинде дурус сүйлөп, комузда орус обондорун ойнойт дейт. Бир катар маалыматтарга ишенгенде ал […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Кызыл өрүк

АҢГЕМЕ Чилденин жаланып турган учуру. Күн бүркөк. Ичтен кармаган суук. Бүт Күнгөй тоолорун жер бешенесин ичиркенткен жөө туман басып, тоо кабагы бир жумадан бери ачылбай, түнөрүп, анын каабы этектеги адырларды кошо сермеп, кечээ жааган кардын аягы боройлоп басылгандыктан адырдын айдарым жерлериндеги карлар жылга-жыбыттарга көчүп, ушундан улам адыр агала тартып, бир караган адамга тоодо да, адырда да тирилик токтоп, баары зыңкыя тоңуп калгандай. Көл үстүндө сур булуттар самсаалап, демейде аттын кашкасындай көрүнүп турчу Тескей тарап тумандуу көшөгөнүн далдаасына жашынган. Кара бууранын […]

Мукай ЭЛЕБАЕВ: Жолдо

АҢГЕМЕ Жатжан үйүм менен коштошуп, мени көчөгө чейин сербеңдеп ээрчий келген үч жашар Майичканын уйпаланган чачынан кармалап, эркелетип, арыктан көтөрүп өткөрүп коюп, кайра баскан кезимде күн түш болчу. «Киртранс» бу жерден беш километр. «Биртике турсаң, ат менен жеткирип коёлу» деген бирөөнө күтпөй жөө чыккамын. Асман ала булут. Күзгү жел анда-санда бир үйдүн төбөсүнө жапкан жаңы камыштын башы менен ойноп турду. Жарты сааттай жол жүрүп «Киртранска» келдим. Машина качан жүрөрү белгисиз. Кассаны көздөй барып, кичине терезени чертип, ар жагында бирөөдөн сурадым […]