Бар экен, жок экен бир аялы менен күйөсү жашаган экен. Аларда баары жакшы болгону менен  балалуу боло алышпаптыр. Кайсы бир кечте аялы терең үшкүрүнүп:

– Кудайым бизге бала бербесе да, жок дегенде эрмектеп бакканга гүл челеги менен гүл берип койсо боло,- деп оозун жыйганча терезеге бир кичинекей гүлү менен гүл челек туруп калат. Алгач чочуп кеткени менен аял таңгала түшүп, анан кубанычы коюнуна батпай сүйүнөт.

Ошентип күндөр өтөт, жылдар жылат. Баягы табышмактуу жол менен пайда болгон гүл бапестелип багылгандыктан, тезден өсө баштайт. Аны менен кошо гүл челек да чоңойо берет. Акыры гүл адам бою өсүп, гүл челек казандай чоңоюп, терезе текчесине батпай жерге коюлат. Ошентсе да гүл терезе менен бир болуп, көз жоосун алып, ого бетер ажайып кооз кереметке айланып чыга келет.  Бир жолу көчөдөн өтүп бараткан канзаданын бул керемет гүлгө көзү түшүп жактырып калат. Өлкөсүндөгү көзү түшкөндүн баарын алып көнүп калган ал дароо терезеге бастырып келип тыкылдатып, баш баккан аялга кайрылат:

– Эжеке, гүлүңүз мага жагып калды. Мага сатыңыз сураганыңызды берем.

Тырмактайынан бери бапестеп баккан гүлүн кыя албай, ошондой эле пайдага да туйтунгусу келип, анан канзаданын шагын сындыргысы келбей жүз миңдеген акчага гүлдү сатып жиберет аял. Канзада гүлдү өз бөлмөсүнүн терезесине коюп, эртели-кеч өз колу менен суу куюп, гүл болсо да адамга мамиле кылгандай мамиле кылып, бапестеп бага баштайт.

Канзада кечки тамакты өзү жалгыз жегенди жакшы көрчү экен. Бөлмөсүнө бул гүл пайда болгондон баштап ал тамакты эки адамга даярдатып, бирин жеп, экинчиси ошол бойдон калтырып жүрдү. Бир кечте тамактанган соң кыйшайган боюнча канзада катуу уктап калды. Анын башында чырак, аягында шам күйүп турчу. Ошентип уктап кетип эртең менен ойгонгон канзада бөлмөсүнө көз жүгүртүп, аябай таңгалды. Анткени башындагы чырак менен аягындагы шам алмашып калганы аз келгенсип, дасторкондогу экинчи кишиге арналган тамак желип калыптыр. Бирөө кирип ушинтип кетти десе эшик бек.

Ошондон соң ушундай көрүнүш үч жолу кайталанып, канзада бөлмөсүндө болуп жаткан табышмактуу кубулушту изилдемекчи болот: жатканы менен уктабастан көзүн жумуп уктамыш болуп жата берди. Бир кезде терезеде турган гүл жанданып, ал дароо эле ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу кызга айланып, үстөлгө отуруп тамактанып, эми гана чыракты алып, аны шам менен алмаштырмак болгондо канзада аны шак эле билектен кармап, ким экенин сураганда кыз башка сөз айтпастан мындай дейт:

– Адамдардан кызга айланганымды сен биринчи көрдүң, демек, мен сеникимин, бирок мени эч кимге көргөзө көрбө…

– Болуптур сен айткандай болсун,- деп макул болуп канзада экөө ошентип бирге жашай башташты.

Бир нече ай өткөндөн кийин согуш чыгып, ага канзада атасы менен бирге аттанып кетет. Аттанып баратып кызга согуштан өзү үчүн аман келүүнү убадалап, анан аны апасына:

– Эртең менен кечинде гүлгө суу куюңуз, түнкүсүн бөлмөгө бир кишилик тамак коюңуз, анын эшигин дайыма бекитилүү болсун,- деп тапшырып кетет.

Канзада ажайып гүлгө жолуга электен мурда анын ата-энеси вазирдин кызына сөйкө салып, кудалашып коюшкан эле. Бул эки жаш ысык мамиледе болуп, ортолорунда ынактык бар болучу, келечекти да бирге болжоп жүрүшчү. Бирок канзада ажайып гүл менен тымызын жашай баштагандан кийин болочок колуктусуна муздак мамиле кылып, аябай өзгөрүп кеткен эле.

Ошентип канзада согушка кеткенден кийин алиги вазирдин кызы апасын ээрчип алып канышага келет. Ар кайсыны айтып тамактанышкан соң, алар кансарайдын ичинде ары-бери басып, эми гана сыртка чыгарда вазирдин кызы канышадан суранат:

– Канышам, уулуңузду көптөн бери көрө элекмин, жок дегенде анын бөлмөсүнө бир көз сала кетейин дедим эле.

– Анын бөлмөсүн караганда эмне чыгат?- деп алгач көрсөткүсү келбегени менен кайра: — Мейли, көрсөң көрчү,- деп бөлмөнү ачтырат.

Каалга ачылары менен баш баккан вазирдин кызы терезеде турган абдан кооз гүлдүн кыздай назик, сулуулугу көз талдырып караткыдай ажайып экенин байкап, мурда канзада мындай гүлсүз эле жашап жүргөнүн эстеп, кандайдыр шектенип, кызганычы күчөп чыгат. Анан ал заматта жетип барып гүлдү жерден так көтөрүп, ачык турган терезеден ыргытып жиберет. Ошентип экинчи кабаттан кулаган гүл жерге жеткиче жарк эте нурга айланып, көздөн кайым жок болуп кетет. Анткени аны күнүгө карап суктанган Күн өлүмгө ыраа көрбөй нуру менен жерге түшүрбөстөн ушинтип өзүнө тартып кеткен эле.

Көп өтпөй кан менен канзада жеңишке жетип, согуштан кайтып келишет. Канзада энеси менен учурашкан соң өз бөлмөсүнө чуркап чыгып караса, гүлдөн дайын жок. Чокмор менен башка жегендей сендиректеп, кайра артына чуркап апасынан сурайт. Ал болсо гүлдүн өзүнөн өзү жоголуп кеткенин айтып, бөлмөсү дайыма бек турганын, өзүнүн көзү жокто эч ким кирбегенин, бир жолу гана колуктусу баш багып караганын билдирет.

Ошондо гана эмне болгонун, бул иш вазирдин кызынын колунан келгенин, орду толгус өксүккө учураганын түшүнөт да, согушта албаган жараатты өз бөлмөсүнөн алгансып, дароо төшөгүнө бой таштап, кайгырган бойдон жатып калат. Апасынан башка эч кимди көргүсү келбеген канзада кызын ээрчитип келген болочок кайната, кайненесин да кабыл албайт.

Ал эми гүл челектен өсүп чыгып, эми Күн уясында жашап калган кыз андан дайыма эле минтип сурай берет:

– Жерде канзада кандай жашап жүрөт? Ал согуштан үйүнө кайтып келдиби?

– Жок, ал аман болгону менен үйүнө кайтып келе элек. Меникинде беймарал жашай бер,- деп Күн дайыма жооп берчү. Бирок бир жолу анын оозунан башкача сөз чыгат:

– Сенин канзаадаң согуштан кайтып келди. Бирок ошол бойдон сыртка чыкпагандыктан аны көрө элекмин. Ооруп калса керек, кансарайга дарыгерлер, табыптар толуп кетти. Алар канзаданы сакайта алышпай, айлаларын таппай карбаластап жүрүшкөнсүйт,- деди Күн.

– Жаркын Күнүм,- деп жалынып жиберди ага кыз.- Эртең менен эрте ааламды жарык кылганы асманга чыкканыңда мени да алып алчы. Мен канзаданы сактап калышым керек. Күмүш нуруңду анын терезесине жиберип койсоң эле болду. Мен аны менен чуркап түшүп, канзаданын бөлмөсүнө кирип барам.

Кызды жакшы көргөн Күн анын айтканын айткандай аткарып, эртеси таң заарда анын алгачкы нурлары менен бирге заматта канзаданын бөлмөсүндө болуп калды. Ошентип уктап жатып да бөлмөсү жарк этип нурлана түшкөнүн байкаган канзада көзүн ача берип, терезеде турган гүлдү көрөрү менен ал, сулуу кызга айланып өзүнө бой таштады.

Ошол эле күнү экөө үйлөнүү үлпөт тойлорун майрамдашып, түбөлүккө кол кармашып, ынтымактуу жашап калышты. Ал эми карасанатайлык кылган вазирдин кызын эне-атасына кошуп шаардан айдап чыгышты.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.