Эфиоп эл жомогу: Аңкоо катын жөнүндө

Тоону кыялаган жолдо бир аял келатыптыр. Орто жолго жеткенде ал койчуга жолугуп калат. Койчу аны аяп мындай дейт: – Отуруп эс ал, алыстан келатасың. Муну укканда аял таңгала түшүп сурады: – А сен менин каяктан келатканымды билесиңби? Аялдын аңкоо экенин аңдай калган койчу: – Билем, ылдый жактан келатасың,- деди ишенимдүү түрдө. Бул жоопко ого бетер таңгалган аял кайра сурады: – Туура, ылдый жактан келатам. Аны сен кайдан билдиң? Аялдын мындай аңкоолугуна койчу аябай таңгалып, бир эсе күлкүсү келип, дагы да […]

Жетиген АСАНБЕК: Жолуңа түш эми, Жолдубаева

Улам кийинки кадамы менен маңдай жарылта кубантып турган Жээнбеков досунун да, досунун кол балдарынын да чамалары чак экенин жакшы билген окшоп калды. Жолдубаеванын жоболоңдуу жоруктарынын ичинен экс-президенттин ар-намысын коргомокчу болуп, Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарына, Zanoza.kg жана «Азаттык» маалымат булактарына, анан да “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага, журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага олчойгон айыппул салганы ары күлкүлүү болсо, ары айланы кетирген абалга салды эле. Кетпес кеги, өчпөс өчү бар кас душманга катылгансып, өлкөдөн сыртка чыгууга чек койгон. Ашынган кошоматтыктын […]

Александр ГРИН: Жашыл чырак

АҢГЕМЕ I Лондондо 1920-жылы кышында, Пикадилли көчөсү менен кайсы бир кыска көчөнүн кесилишинде кымбат баалуу кийимчен орто жаштагы эки адам токтоп калышты. Ал экөө жаңы гана бир кымбат ресторандан чыгышкан эле. Алар анда тамактанып, шарап ичип, Дрюрилен театрынын артист кыздары менен шапар тээп чыгышкан эле. Азыр алардын көңүлү тегерегине эл топурап чогула баштаган, былк этпей жерде жаткан жүдөө кийимчен, жашы жыйырма бештердеги адамга бурулду. — Стильтон! – деди эткээл джентльмен жанындагы узун бойлуу ашынасына анын эңкейип, жерде жаткан немени карап […]

Реалдуу жашоодо адамдын аң-сезимине таасир тийгизген илимий фактылар

2000-жылдын башталышында окумуштуулар акыркы үч жүз жыл бою бизди ишендирип келген нерселерге таптакыр каршы келген күтүлбөгөн ачылыштарды жасашты. Бул ачылыштар өтө радикалдуу болгондуктан,  бизди  бул убакытка чейинки Ааламдын түзүлүшү жөнүндөгү теорияларды кайра карап чыгууга жана өзүбүздү таанып билүүнүн жаңы жолдорун издөөгө мажбурлайт. Анда эмесе кененирээк баяндайлы.   Буга чейин биз аалам бири-бирине анчалык таасир бербеген, өзгөчөлөнгөн объектерден (атомдордон) куралат деген түшүнүктө жүрчүбүз. Ал эми квант теориясы таптакыр башкача түшүндүрөт: физикалык нерсе бири-бирине байланышып,  үзгүлтүксүз алмашып турган энергетикалык талаалардан турат. Эгерде […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (6-макала)

Адабият тарыхы үчүн айта кетчү нерсе, Токтогулдун томдуктарын түзүүчүлөр жана редакторлор китепти түзүп жатканда, акындын ырларына жана ырларга берилген түшүндүрмөлөрдү кунт коюп окуп коюшса болмок экен.  Акындын 1956-жылы китебинде кеткен техникалык каталар кийинки китептеринде дал ошондой жүрөт. Бул кайдыгерлик гана эмес, акынды сыйлабастык, акындын артында калган мураска карата кыянат мамиле. Башка эч нерсе. Акындын устаттары кимдер болгон? Токтогулдун ырларын чогултуу жана жыйноо, изилдөө иштеринде чаташтыктар, калпыстыктар, кемчиликтер, мүчүлүштүктөр, каталыктар, карама-каршылыктар четтен табылат. Бүтүндөй илимпоздук тагдырын Токтогулга арнаган Жаки Таштемиров акындын […]

Баш тоголоткон саясый «бөлтүрүктөр»

– Кыргыз эли илгертен табият менен жуурулушуп жашап келген үчүн эл башыларыбыз да табият закону менен жашайт. – Капкайдагыны айтпачы эй! – Эмнеге капкайдагыны айтпачы… «Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат» деген кыргыздын макалы чынбы? – Чын. – Мына андай болсо: бизде президент болгондун баары биринин башын бири жутуп келатат… ♦ ♦ ♦ Эки кыргыз саясаттан саймедиреп атканы: – Бизде бийлик башындагылар карышкырдын эле өзү. – Кантип? – Карышкырлар жегенден калган малдын башын тоголотуп – бөлтүрүктөрүн жырткычтыкка тарбиялайт, […]

Конкурска: Баланын кыркын чыгаруу тойчугу (сценарий)

№3 Наристени жаңы төрөлгөн соң кырк күн элден далдоо кармашат, бала көргөнү келгендер дале анын жанына жакын барып үзүлүп түшүп карашпайт. Көбүнчө келин төркүнү жакын болсо, ошол тарапка барып, өз энесинин жанында, ошолордун көзөмөлүндө чүрпөсүн кыркына чейин карап келген. Баланын кыркын чыгаруу – кыргыз элинин үрп-адат, салттарындагы кызыктуу жөрөлгөлөрдүн бири. Баланын кыркын чыгаруу жөрөлгөсү чоң тойго айланбайт. Аз гана адам чакырылат жана ошолордун күбөлүгүндө тойчук өтөт, же ал жөн гана чай берүү деп аталат. Колдон келсе, бир кой союп койсо […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Драма өнөрү – Шекспир доору

Англис адабиятынын тарыхынан Шаардык маданият театрлаштырылган оюн-зооктордун арбышына өбөлгө түзгөнү менен, көпчүлүк эл катышкан салтанат-шаңдар оболу айыл жеринен тамырлап, көгөрүп-көктөп чыккан. Элет жеринде өзгөчө Робин Гуд жөнүндө элдик оюндар, театрлаштырылган оюн-зооктор көп уюштурулган. Кийинчерээк шаарлардын маанилүү мааракелерине арналган көп эл катышкан театрлаштырылган салтанат-шаңдар күчөгөн. Диний багыттагы мистериялардын ордун кийинчерээк, атап айтканда, XIV – XV кылымдарда моралителер, кылдат сезим-туюм, ышкы, түпөйүл ойлорду туюнткан оюн-зоок формалары жайыла баштаган. XVI кылымдын орто ченинен тарта театр менен драмачылыктын өнүгүү доору башталат. Көчө кыдырып оюн […]

19 жаштагы жаш келин Кытайдан Кыргызстанга чейин күйөөсүн көтөрүп келгенде

Маңдайымдагы токсон эки жаштагы Канымжан Асанбекова апа сөздү таптап, орду-орду менен сүйлөп отурду. Канымжан апанын апасы “Анарбү эне 19 жашында Кытайдан Кыргызстанга чейин оорулуу күйөөсүн жонуна көтөрүп келген”- дегенди угуп баарлашканы келгем. Улуу Үркүндө качкан эл (Анарбү апалар) кадимки Куйручук атанын башчылыгы астында Турпанга аман-эсен барып, кайра кайтышкан экен. Анда эмесе, сөз Канымжан апада. Бир орустун кызын сактап калганыбыздын пайдасы тийип… Үркүн 1916-жылы башталат. Ошондо менин апам Анарбү 18ге толуп, жаңы турмушка чыккан кези экен. Аскерлер биздин элдин атканын атып, […]

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: Көгүчкөн

АҢГЕМЕ Ал ичикти желбегей жамынып, эшиктин алдында турду. “Чыр-чыр”, “чы-ыйт” деген үн чыкты көктөн. Антип-минтип акыл жыйгыча көгүчкөн ичиктин ичине башы менен сайылгандай кирип, колтукта  пысып калды. Ага удаалаш эле баш жагынан аткан октой зуу этип ителги кайып учту. Жума иштин чоо жайын эми гана түшүндү. Тегеректе тал-терек жок эле. Жан талашкан көгүчкөн түз эле кишинин ичине кире качканга мажбур болуптур. Көгүчкөндүн кичинекей жүрөгү тып-тып этип катуу согуп, кишинин эки колун кадимкидей кыймылдатып атты. Жаш толгонсуган жылтырак көздөрү алда нерсени […]