Маңдайымдагы токсон эки жаштагы Канымжан Асанбекова апа сөздү таптап, орду-орду менен сүйлөп отурду. Канымжан апанын апасы “Анарбү эне 19 жашында Кытайдан Кыргызстанга чейин оорулуу күйөөсүн жонуна көтөрүп келген”- дегенди угуп баарлашканы келгем.

Улуу Үркүндө качкан эл (Анарбү апалар) кадимки Куйручук атанын башчылыгы астында Турпанга аман-эсен барып, кайра кайтышкан экен.

Анда эмесе, сөз Канымжан апада.

Бир орустун кызын сактап калганыбыздын пайдасы тийип…

Үркүн 1916-жылы башталат. Ошондо менин апам Анарбү 18ге толуп, жаңы турмушка чыккан кези экен. Аскерлер биздин элдин атканын атып, кыйнаганын кыйнап, күчкө салган кыйын күндөр болгон экен да. Апам айтып калчу эле “Кыргыздар көтөрүлгөндө биз бир орустун кызы менен бир кичинекей баласын сактап калганбыз”, — деп. Эми ойлосом, ошол сактап калгандары үчүнбү, айтор, орустар буларга даярданга мүмкүнчүлүк бериптир. Калгандары шашып эле жөө жалаңдап качышкан да, ошондон улам ач-жылаңач жолдо кырылып атышпайбы. Булар анан арпаны оруп, талкан тартып, аябай көп жылкы, уй, кою болобу, эчкиси болобу баарын союп, алыска алып кете тургандай бышырып, камданышат. Тамак-аш жүктөгөн аттарын бир бөлөк, өздөрү минген аттары бир бөлөк болуп жол жүрүп калышат.

Кадимки Куйручук, анан апамдын күйөөсүнүн айлынан дагы бир киши буларга башчылык кылышат. Кыштын күнү Бедел ашуу деген ашууга келишет. “Түү” деген түкүрүк жерге түшпөгөн суук. Кар калың. Жердин баары шалдыраган малдын, кишинин денелери, шумдук. Аларды көрүп жүрөгү түшөт тигилердин. Бир күнү Куйручук апама айтыптыр: “Кызым, куурай-пуурай терип кел, от тамызгы кылалы”, – деп. Тегеректин баары кар. Апам карды жиреп кетип баратса бир жер дөмпөйүп турат. Бул эмне болду экен деп акырын колу менен ачса, үч киши кар алдында өлүп жатыптыр. Үстүлөрүндө ат жабуудан башка эч нерсеси жок. Ошол жерден эле бакырат. Бер жактагылар эмне болду, эмне болду деп чуркап келишсе, апам тигил өлүктөрдү көрсөтөт.

Ошондо Куйручук: “Коркпой эле кой балам, көрүп атпайсыңбы, жолдун баары эле кишилердин өлүктөрү. Эмне кыла алат элек, айлабыз жок”, — дейт. Жол жүрүп баратып эле арпадан бышкан этке аралаштырып, мыкчып-мыкчып аттарына берип, аттары да өздөрү да кыйналышпайт. Башкалардын аттары ачкасынан биринин этин бири жейт. Тигил эки башчынын кыйындыгынан тамак-аш бирдей бөлүнүп, бирдей жол жүрүп, Турпанга аман-эсен жетишет. Баргандан кийин бу жактагы даярдаган оокаттарынын арты менен жарым айча жакшы жашашат. Анан кийин тамак-аш түгөнүп, ачарчылык башталат.

Куйручук кыйын киши экен, бир күнү эле бир бээни бир топозго алмаштырып келет. Көрсө, топоздун сүтү коюу болот экен. Аны чоң казанга суу кошуп кайнатып, кымыран кылат дагы ар бирибизге эки кеседен берет. Кадимкидей күч болот экен кара суудан көрө дейт. Апама, күйөөсүнө төрт кесе кымыран берилет. Күйөөсү Кытайга жеткенде эле катуу ооруп, төшөккө жатып калат. Баягы өзүнө деген эки кесенин бирин эле ичип, бирин күйөөсүнө ичирет. Эртерээк айыгып кетсин дегени го, күнүнө үч чыныны ошентип күйөөсүнө ичирет. Карыган кайнене, кайнатасы ошол Кытайга жеткенде эле кайтыш болуп, күйөөсү эле калган экен. Күндөр өтүп, илкип-калкып жашап жүрүшкөндө, Совет өкмөтү качкандарды кайра чакырып жатат деген жакшы кабар келет. Ошондо элибиздин сүйүнгөнүн айтпа, учуп кетчүдөй болушуп, ыйлап-сыкташып, камданып калышат. Апама келишип:

– Ташта, алдагы күйөөңдү, өзүбүз ач жылаңач араң кетип баратабыз, аны дагы атка козуча өңөрүп алабызбы же өзү баса албаса. Баары бир киши болбойт, таштап сал, – дешет. Апам күйөөсүн караса эки көзү жылтырап, тимеле менден өтүп кетип атат дейт.

– Жок, эки көзүн жылтыратып кантип таштап кетем, таштабайм. Эч таштабайм, өзүм көтөрүп кетем, — деп болбойт. Көпкө чейин асылышат. Бирок аларды укпай, жак дегенин бербей: «Көтөрүп кетем дедим, көтөрүп кетем», – дейт.

– Башың баш, багалчагың кара таш, – деп жол жүрүп кетишет беркилер. 19 жаштагы жаш келин килейген оорулуу күйөөсүн жонуна көтөрүп алып, элдин артынан түшөт. Үч күн элдин карааны көрүнүп турат. Төртүнчү күн дегенде караандары көрүнбөй калат. Күйөөсүн көтөрүп алып, дем алчу жерде дем алып, келе берет. Ташка акырын сүйөп жаткызып коюп, куурай-пуурай терип, кымыран жасап ичирип алып, кайра жонуна көтөрүп, күндөп-түндөп жол жүрүп отурат. Акыры бир чөбү буралган жерге жетип, күйөөсүн кичине бир арыкчага сүйөй жаткызып, өзү куурай термекчи болот. Күүгүм кирип, козу байлаар убак болуп калган кез экен. Аңгыча эле ар жактан дабыш чыгат.

Элге жетээрде…

Караса, бир атчан киши келатат. Ал киши жерде жаткан жигитти, алдынан чыга калган жаш келинди көрүп чочуп кетет.

– Каяктан, эмне бу, кайдан жүрөсүңөр, кимсиңер? – дейт шашкалактап. Апам жайын айтат.

– Атамдын аты Дуулат. Тээ Жумгалдын аягынан, Көк-Ой деген жерден болот.

– Ой-ой, чоң таякелерим болот турбайбы. Сен эми мындай кыл, тээтиги айылды көрдүңбү? Ошол биздин айыл, сен түз эле ошол жакка бара бергин. Менин бир иштерим бар, ошону бүтүрө коюп эле күйөөңдү ат менен өңөрүп барам, – дейт.

– Жок, өзүм эле алып кетем, – дейт ал жерден да. Күйөөсүн карап, эч кыйбайт.

– Кандай немесиң, мен алып барам дебемби, бар, бара бер. Артыңан эле жете барам, – дейт тиги киши өктөм үн менен.

Күйөөсүн кыялбай кылчак-кылчак карап коюп жолго түшөт. Баягы айылга жетет, мына келет, ана келет, эшикке кирип-чыгып күтөт, жок. Бир убакта күйөөсүнүн өлүгүн атка өңөрүп келет тигил.

– Келинчегинин ары кетип калганын көрүп, үмүтсүздүктөн өлүп кетти го дейм?

– Мүмкүн. Кете бербесе деле болмок экен, — деп калам да кээде өзүмчө. Ошентип, тиги айылда кайнатасынын уругунан да кишилер бар экен. Чогулушуп, жерге жашырышат. Үч күн туруп калат. Үчүнчү күнү бир кичинекей бала жаныма келип:

– Ай жеңе, тээтиги сакалчан кишини көрдүңбү? Ошого сени нике кыябыз деп жатышат, – дейт. Ичимде «эч кыялышпайт» — деп тим болдум дейт. Боз үйдө жатабыз, эшиктер ачык. Түн ортосунда эл катуу уктап жатканда качып чыгат. Жумгалдын көкүрөгүнүн баары чий болот экен да, аралап качып баратам, качып баратам. Таң атканда өзүмдүн айылыма жеттим. Келсем, апам менен улуу жеңем гана бар экен. Калган туугандарымды аскерге алып кетиптир. Баягы жерден кучакташып, ыйлап көрүштүк дейт. Ошентип, апам үйгө келээр менен эле катуу ооруп, төшөккө жатып калат экен. Оор жүк көтөрүп, жолдо-белде жүрүп кыйналгандын саркындысы го.

Кызыл өңгөчүнөн киркиреп калат. Табып чакырышат. Суу ичсин, болбосо мурдунан ажырап калат дейт табып. Апам келишкен сулуу жан эле. Мен атама окшошуп калгам, апама окшошсом сулуу болмокмун. Ошентип, апам сулуу болбой калат экем деп суу эле ичип калат. Турса башы айланат. Бирөө беш-алтоо болуп көрүнүп, күч-кубаттан тайса да, суу ичип жата берет.

Күйөө жигит

Ошентип турган кезде, менин атамдын Суусамырда кудалаган жери бар экен. Ал кызды барып көрүп эле, жактырбайт. Буйрукка айла жок да, аны чанып Жумгалды көздөй жол тартып калат. Жанындагы Кызыл-Ойлук, Меккеге барып келген молдо жигит экен. Аты Солтогул. Биздин уруубузду Жолуке деп койот, ошо Жолукеге жээн болуп кетет экен. Ошону менен бир атты жетелеп алып тигил экөө кыз издеп жолго чыгышат. Тайнем сыртта отун терип жүргөн экен ошондо. Караса, бир ат жетелеген эки атчан жигит келатат дейт. Тайжеңемдин аты Шамөрүк эле.

– Ээ, Шамөрүк, эки атчан жигит келатат. Оң жагында келаткан суусар тебетейченге кандайдыр бир ичим жылып, көзүмө жакшы көрүнүп атат, үйдөгү кыздын кебете-башын оңдоп койчу, – дейт келинине. Жеңем кыздын жакшы кийимдерин кийгизип, бети башын карап, тарап жаткызып коёт. Аңгыча, тиги жигиттер жете келишет.

– Арыбаңыз апа, кудайы конокбуз, – деп үйгө түшүшөт. Алар түшөөр замат эле таякемдер да келип калышат. Антип-минтип тамак ичилгенден кийин Солтогул дегени сөз баштайт.

– Биз кыз издеп келатты элек. Сиздердин кызыңыздарга менин жолдошумдун көзү түшүп калды, – дейт.

– Ээ, айланайын, ушу кыз кантип турмушка чыксын, жатканын карабайсыңарбы. Өзү ооруп атса, – дейт тайкем.

– Жок, мен айыктырып алам. Көрүп турам, суу ичип атып эле караптап калган. Адегенде биздикине барабыз. Ал жерден бутуна тургузуп алып анан айылга барабыз, — деп таптакыр болбой туруп алат. Анын үстүнө атам да өңдүү-түстүү жигит эле, апам ооруп атса да, жактырып калат окшойт ко. Ошо менен кызды кошуп беришет.

Суусамырдабыз да. Тигилер Кызыл-Ойго келишет. Солтогул тайлак соёт экен үйүнө барар замат. Болбой жатып баягынын этинен жегизет.

– Эртең менен эле көзүм тунарбай, шылкылдабай калыптырмын, — дейт апам. Аны көрүп Солтогул сүйүнүп козу соёт, шорпо ичирет. Жети күн тамактан күчтөп берип, жети күн дем салат. Кадимкидей күч-кубатка киргенден кийин атамдын үйүнө таштап кетет. Бирок тамагы саал кирилдеп калат экен. Ошол киркирегине карабай атам жактырып аялдыкка алыптыр.

Тамак оорусу кезегинде кармап калчу. Кызыл өңгөч биригип, аба жетпей, тамагы кургап кетчү. Бир чоң апаларыбыз: “Тамагың кармаганда май жутуп кой, дайым үйүңдө май болсун”, – деп койдун майын ысытып, кичине туз себелеп туруп ичирип койчу экен. Кезегинде эле кармабаса ошондон айыгып кетет.

Тузакка түшкөн улардын, жылкынын, эчкинин эти

Чоң атам тоону жакшы көрчү. Күнүнө тоого чыгып кетээр эле да. “Момолой чычкандын богу» деп кара бирдемени алып келчү. Бир күнү инимдин денесине бирдеме чыкты, баягынан эзип туруп сыйпап койду эле айыгып кетти. Көрсө, мумия дары деген ошол экен. Чоң атам боз үй жасачу. Чыны, кашык, сузгу, чоң-чоң чарага окшогон табактарды жасачу эле жыгачтан. Анан аны сууга кайнатса башкача өң болуп калар эле. Элдин баары ошол идиштерди пайдаланчу. Сүттү куюп коюп, каймак кылып алчубуз. Ал кезде сүт тарткан машине жок эле. Арчадан чоң-чоң челектерди жасачу.

Атабыз тирүү кезде ошентип кенен жашадык. Эчкибиздин эсеби жок эле. Көптүгүнөн саналчу эмес. Үйүр жылкылырабыз, уйларыбыз болчу.

Апам этти бышырып-бышырып туруп, чыгданга төгүп койчу. Кирип-чыгып эт жечүбүз. Чоң атам тоого көп чыкчу дебедимби, тузак тартып коюп, күнүнө жүздөп кекилик, чил, улар кармап келээр эле. Улардын этин аябай жедик ко. Укмуш көп болор эле, жер жайнап эле жорголоп жүрүшчү. Сайраган үнүчү, укмуш уккулуктуу эле. Балабыз да, баягы эттен жеп-жеп, атала, айран, кымыз ичип алабыз. Эжигей, курут укмуш. Оору деген эмне экенин анда эч ким билчү эмес. Эчкинин сүтүн иччү элек, көрсө, ал дагы дары болот экен да. Эчкини мен өзүм саап, эки чакадан сүт алчумун.

– Апа, улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы деп коёт ко, сиз үнүн укмак түгүл, күнүнө жер жайнаган улардын этин жеген турбайсызбы. 90 жашка барып калсаңыз да ден соолугуңуз жакшы экен, ошол улардын этинин таасири тийип атса керек? Арабдарда улар этин жеген кишинин өзү дарыга айланып калат деп коюшат экен?

– Ой, эти укмуш күчтүү болот экен. Семиз да болот. Апам улардын майына талкан көөлөп берчү, колубузга көтөрүп алып жеп жүрө берчүбүз. Узак жашыма улардын этинин таасирин биле албадым го, бирок согуш мезгилинде ачарчылыктан өлбөй калганыбызга аябай таасири тийген болуш керек, жилигибиз майланып. Элдин баары ачкадан, келтеден кырылды. Биз туздуу суу ичип отуруп да аман калганбыз.

Москванын ак үйүндө иштеген Элчибек Жумгалга учма менен келчү

Совет өкмөтү кедейлерди көтөрөт. Атамды да, апамды да көтөрөт. Экөөнү тең чоң кылып шайлайт, өкмөт үчүн иштейсиңер деп. Ошо кезде эле шумдук-шумдук кездемелерди сатып кербен келчү экен. Апамдардын тыйыны жок бөз кийишет. Берки байлар кийбегенди кийишет, ошолордун баарын апамдар кулакка тартат. Апамды элдин баары жанагы Уркуядай кылып “Бакан ооз катын” деп жаман көрүшчү экен. Чынчыл экен да, өкмөткө иштейсиңер десе эле ошентип, берилип иштейт. Ошо кезде атамдын ишинен болбогон бир катачылык таап, кесип жиберет. Кароколдо түрмө бар экен, ошол жерде жатып калат. Жанагы ичине кек сактагандар апамды өлтүрүп коё турган болушуп, көз караштары бузула баштайт. Чоң атам да, чоң апам да тирүү. Ошол кезде төрт бала бар экенбиз. Түн ичинде качып, тайкемдикине келгенбиз. Элчибек деген тайкем бар эле. Москванын ак үйүндө иштечү экен. Кийин репрессияга кабылып, ошол жакта кайтыш болот.

Атамдын бир тууган жээни бар, башкарма эле муну кармап кетти. Кадимки Кожомкул балбан да таякем эле, аны кармап кетти. Апам ыйлап-сыктап калды. Зууракан деген тайжем бар эле. Атам түрмөдө жатканда анын күйөөсү түрмөнүн башчысы экен, казак экен Аскар деген. “Тээтиги жигитти бери чыгарып берчи, отун жардырып алайын”, — демиш болуп атама тамак берип, жакшы карайт. Кийин ошол тайжездебиз кутултуп, чыгартып жибертет.

Атабыз келгенден кийин баягы Элчибек таякем Москвадан учуп келди. Бүтүн Жумгалдын элин доктурга көрсөткөн. Кийинки жылы дагы келип, дагы элдин баарын доктурга көрсөттү. Элчибек тайкем келгенде айыл аксакалдары көрүп атат да, элге керектүү уул экенин айтышат. ”Айылга эле калсаңчы, балам”, — дешет. “Жок, мен Крымга барышым керек”, – деп кетет. Ошо боюнча кайтпай калат экен.

Өз жерине көмүлгөн тырмактар

(Биздин тарыхчыларыбызга кулак кагыш айтып кетет элек. Убагында Москванын ак үйүндө иштеп жүрүп, учмасын айылга кондуртуп, элдин баарын доктурга көрсөткөн, кийин ошонусу башына муш болуп, репрессияга кабылып кеткен Элчибек Дуулатов аттуу эл уулунун дайын-дареги архивден каралып, такталса, ата-бабалардын астында милдетибизди өтөгөн болор элек. Д.Б. )

Крымга кетет. Айжан деген аялы бар эле, кыргызча бир ооз сөз билчү эмес. Ошентип, камалып калат экен. Камакта астынан атайын суу жүгүртүп койгондуктан эки өпкөсүнө суук тиет.Менин сөөгүмдү силерге бербейт, мен ушу жерде өлөм. Тырмактарымды алып берем, сен түйүп ал. Кыргыздар мага бир кезде эстелик курат. Бир туугандарыма ушул тырмактарымды алып барып бер, өз жериме көмүшсүн”, – дейт экен.

Айылга алып келсе бир туугандары куран окутуп, жерге көмөт экен.

Туз татытып, суу ичкен күндөр

Биздин бир байкебиз эл душманы болуп, ак жеринен 10 жылга соттолуп кетти. Мал-мүлкүн, бүтүн дүнүйөсүнүн баарын алышат. “Байлыгын, мал-салын туугандарына таратып берген” — деп биздин да малыбызды алышты. Бир улак да калган жок. Баягы чыгдан толтура эттин, дүйүм тамактын доору өттү. Дан жок, арпа да жок. Анда атабыз да өлүп калган. 40-жылдар болчу. Бардыгыбыз жаш балдарбыз. Согуш башталды. Жегенге эч нерсебиз жок, сууга тузду татытып алып ичип отура беребиз. Туздуу суу бизди өлтүргөн жок. Эл кырылды, бир жагынан келте каптады. Адамдар боо-боо түшүп калды го. Ал заманды башка салгылык кылбасын…

Апам тамак издеп кетет. Бир топ күн жоголуп кетип, бирдеме таап келет. Арыкпыз, башыбыз айланат, жер көчөт.

Согуш менен кошулуп, ачарчылык келди. Биз ээн тамда эле ачка отуруп калдык жанагыдай болуп. Анткени, суусамырдан ары бир күнчүлүк жер бар. Атабыздын барында ошол жерде жашачу элек да, элдин баары Суусамырга көчүп кетип атат. Мине турган аты барлар кетишти. Ошондо малчылар анан биз калыптырбыз кеталбай. Султанкул деген ферма киши бар болчу, аялы төрөгөн эмес. Ошол бизге жакын жашайт. Апам бирдеме таап келсе майга кууруп, көжө кылат. Кууругандын да таасири болот окшойт. Дагы кетет. Ал кеткенде кайра суу ичип калабыз.

Ошентип отурган кезде бир күнү эле “Үйдө ким бар?” — деген үн чыгат. Чуркап чыктык. Ал киши бизди көрүп кейиди. Ферманы аябай тилдеди.

“Жетим-жесирге карабаган кандай немесиң сен”, — деп. Инимди учкаштырды. Бир чака талкан, бир чака ун салып бериптир. Бир козу союп бериптир. Апам келгенче баякыларды жеп жыргап калдык. Апам төркүндөрүнө Жумгалга кеткен экен, көптө келди. Жээнибиз экен ал киши, раисполком. Эртең Суусамырга көчүрөсүң деп кетти. Балээниби, кыш-күрөөдө апам бизди алып, жөө-жалаңдап Суусамырга көчтүк. Капчыгайда келатабыз. Жүктөрдү көтөрүп алганбыз. Азыр ошол жерден өткөн сайын ыйлайм. Капчыгайда келатсак жол жээгинде куду боз үйдөй таш бар экен. Азыр деле турат. Ичине корголосо боло тургандай.

Апам айтты: “Ырас болбодубу, корголойлук”, – деп куурай терип келип, атала жасап ичип, жатып калдык. Кожомкулдун улуу келини апамдын эң улуу бир тууганын кызы экен. Кожомкулдукуна келдик. Ал киши: “Кел-келгиле”, — деп бажактап тосуп алды.

Жыгылган өгүздү жүгү менен көтөргөн Кожомкул

Кожомкул өзү чоң болгон менен кемпири кичинекей киши экен. Жарма жасап берди. Аларда жок дегенде ошо жарма бар экен. Кечинде Кожомкул кемпирине айтып атат:

– Ай, алдагы баланы менин ичигимдин бир жеңине жаткызып кой, үшүбөй жакшы жатат, – деп. Чын эле жыпжылуу экен, баш-аягыңан шамал кирбей, жылуу жаттык. Биздин айылды Тунук деп койот. Кожомкул өгүз алып келип жүктү жүктөп: “Баргыла эми”, – деди. Өзү бригадир. Төш жакты көздөй атын бастырып кетти. Аты араң көтөрүп, буту жерге тийип баратты. Аңгыча эле баягы өгүз жатып калса болобу. Көтөрөм да, жыргаган эч ким жок эле. Апам:

– Ай, Кожоке, өгүз жыгылып калды, – деп кыйкырды эле, Кожомкул баягы жерде жаткан өгүздү жүк-мүгү менен көтөрүп туруп, ордунан тургузуп койду.

– Болду, кете бергиле, эми кулабайт, – деди. Ошо боюнча жетчү жерге жеттик. Барсак, биздин туугандардын баары ошо жерде, чоң апамдын үйүндө экен.

Чүйлүк малчылар менен жайлоодо болдук. Эл жайлоодон түшкөндө бизди өздөрү менен кошуп, Чүйгө алып келишти. Чыңгыз Айтматовдун аялынын чоң атасы Молдо Осмон деген киши дагы ошол жакка келиптир, жакшы киши болчу. Молдо Осмондон улуу Анарбү деген эжеси бар эле, ал да аябай жакшы аял эле. Мурунку чоң апамдыкына чогулган толтура туугандарыбыздын баары ошол Анарбү эженикине барбадыкбы. Ачарчылыктан, келтеден эл кырылып атса, ал ошончо кишини үйүнө кабыл алып, батырып алды. Жаркылдап-жайнап кабыл алды. 10 чакты үй-бүлө элек, акырындап баары тууган таап кетишти. Жезде бизди гана кетирбей койду. “Колхоздун уюн баккыла. Бир чакадан жүгөрү берет, сүт ичесиңер”, – деп алып калды.

Бир туугандарым эркек балдар болсо бышык, жеңил жүргөн, шамдагай балдар эле да. Жер төлө казышты. Бурчка меш чыгарып коюшту. Кыштадык ошол жер төлөдө.

Жер төлөдөгү суук күн

Түнкү саат төрттөр чамасы экен. Менден улуу агам айтат. Апам бир убакта туруп эле “суу, суу” — дептир. Апамдын ач экени, ток экени билинбеген батырайган, сөөлөттүү киши эле. Агам бир чыны сууну колуна карматканда эле жыгылыптыр. Үйдө май болсо өлбөй калат беле билбейм, тамагы муунтуп, кургап жабышып кетти да. Баягы Кытайдан келатканда күч келип, пайда болгон кекиртек оорусу ошентип алып тынды. Эң кичүү бир тууганым эмчекте эле. Ошол согуштан кийинки жылдар өтө оор болду. Апамдын өлгөнүн эч кимибиз билбейбиз, баарыбыз жыгылдык. Апамды эл эптеп жерге жашырышты. Орой турган эчтеке жок, кепин эмес киерге кийим жок эле. Байкуш эл өздөрү келте менен ооруп атышат, ачка. Ошентсе да келишип көөмп кетишти. “Байкуш жетимдер, тиги кызга кыйын болду го”, – деп коюшат мени карашып. Бир чал: “Жашаса болбойт беле, балдарын сактап, өзү өлүп кетти”, – деди. Апам баягы бөтөн элде жүргөндө өзү иче турган тамакты күйөөсүнө ичиргендей, өзү ичип жебей, бар тапканын бизге берип, өлүп кете берди.

Орустун койлорунун баш-шыйрак, ичеги-карындары

Эптеп оокатыбыз өтүп атты. Бир күндөрү менден улуу агам жок болуп кетип эле пайда болду. Көрсө, ылдыйда орус айыл бар эле, ошолор менен сүйлөшүптүр. Жайын түшүндүрүптүр. Алты бир тууганмын, экөө кичинекей. Калгандары кол арага жарайт деп. Араба менен келип калды. Жүктү арабага салып эле жөнөп калдык. Эки бөлмөлүү вагон үй беришти. Каалаган жерге сүйрөп барып, коюп алсаң болот экен, жыргап эле калдык. Байкем, дагы бир бала экөө ошол орус колхоздун жумушчуларына союп берчү 500 коюн багышат. Бир күндө беш кой союп таштап кетет. Анын шыйрак, башын куйкалайм, ич этинин баарын куурдак кылып берем бөбөктөрүмө. Кыргыз колхоздон араба тарткан эки- үч бала келет байкемди ээрчип. Баягы баштарды берип коём, куурдак берем, жыргап жешет. Бир күнү жакшы иштеп атасыңар, сыйлыкка деп 12 козу берди. Бир чаар уй берди. 100 килодой буудай берди. Бер жактагы кыргыз колхоздогулар ачка отурушса, биз жанагинтип күнүнө куурдак, эт-май жейбиз. Өңүбүзгө кирип калдык. Орустар айтыптыр: “Бөбөктөрүңдү интернатка бер, окуталы” — деп. Байкем: ”Жок, эч кимисин эч жакка бербейм, кичинекей болсо да карындашым бар, багып атат”, – деп болбой коюптур. Ошондо окуп калганда бизден чоң адам чыкмак. Ошентип, 1947-жылдары жашообуз оңоло баштады.

Агам үйлөндү. Жеңем жакшы чыкты. Кичинекей бөбөктөрүмөн бери жип ийрип, байпак токуп кийгизди. Мен да бой тартып калдым. Жуучулар көп келишти, бирөөн да жактырбайм. Бөбөктөрүм кичине болуп калды, аларга эне болуп калбадымбы.

Бир күнү кайненем көрүп, жактырып калып уулу Шейшенбекти Бөрүбай деген агаларыбызга кошуп “Ошо кызды көрүп келгиле”, – деп жөнөтөт. Жип ийрип отурсам келишти, мен сыртка чыгып кеттим. Бир убакта бир эжелерибиз чакырып калды. Барчы ары, күйөөгө тийбейм десем, «Ошондой болчу беле, кары кыз болуп каласың!” – деп урушуп, ээрчитип кирди. Баягы жигит: «Тиги жакка бардым, бу жакка бардым, кыз издеп, бирөөн да жактырбадым. Сиз жагып калдыңыз”, – деди. Ошентип, мени көндүрүшүп, кошуп беришти. Жеңемдер кошок кошуп ыйлашты. Эң кичине иним жер тепкилеп ыйлап, ботодой боздоп калды. Ага эне болуп калды элем да. Мен да көзүм шишигиче ыйлап кеттим…

Ушунча жашка келсем да эч жерим оорубайт. 100 жашка чыгат болушум керек деп ойлойм. Бирок 4 бир тууганым өлүп кетти. Кандай акылдуу балдар эле, аман эле жүрө беришсе, кандай жакшы болмок (апа жашыды). Сиңдим экөөбүз эле калдык…

– Апа, улар үнүн сагынгандырсыз?

– Айтпа, аябай уккум келет. Балалыгымдын эң бактылуу күндөрү улар менен өткөн да. Муратбек Бегалиевдин үйүндө улар бар деп угуп калам.

– Апа, мындай кылалы, сиз экөөбүз сүйлөшкөн маекти тизмектеп жазайын. Мен ал агайга телефон чалып, уларынын бар-жогун билейин. Эгер, бар эле болсо сиз экөөбүз барып, көрүп келели.

– Ошондой кыл кызым, анда ошондой кылалы.

Апа менен сүйлөшүп болуп, үйдөн чыкканымда, Күн эбак уясына отурган экен. Бишкектин түнкү чырактары жап-жарык. Жөө келаттым аллея менен. Үркүн деген тема негизи жүрөгүмдүн жараты. Элдин ач-жылаңач, жөө-жалаңдап качып баратканын, тарткан азаптарын көз алдыма келтирсем — жаным ачышат. Арт жактан аткылаган ок, астынан күүлдөгөн дайра. Бир жактан суук, бир жактан ачкачылык, бир жактан бала-чакасын колдон тарткылаган карышкырлар…

Мындан бир топ жыл мурун бир австралиялык ата менен сүйлөшүп калган жайым бар эле. “Арт жактан падышанын аскерлери аткылап атат, алды жак күүлдөгөн Музарттын суусу. Эл күү менен дайрага кирди. Кирген суу мал-жандын бүт эле агызып кетип атты. Ошондо атам алты жашар мени мойнуна отургузуп атып ”Балам, эми сен мойнумду бекем карма, аксаң кармабайм. Колумда бөбөгүң, жетелеген апаң бар” деди. Ок кулактын учунан зуулдайт. Аркы жээкке эптеп чыктык. Колум карышып калыптыр. Тырышып калган колумду беш-алты киши араң чыгарышкан”, – деди эле. Түбү көлдүк болот экен. Бир жылы көлдү көрөм деп келсе биздин чиновниктер “атайын уруксат керек”,– деп койо беришпейт. Кийинки жолу түн ортосунда Көлгө кайрылып өткөнгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондо көлдө эс алып аткан кыргыз аттуунун баары жылуу орундарынан туруп келишип, машинелеринин фараларын күйгүзүп, көлдүн үстүн жап-жарык кылып турушат. Көлдү ыйык туткан ата кечип кетпестен жээкке отура калып, алаканына суу толтуруп алып:”Сени да көрөр күн бар экен, ээ”, — деп жаш баладай буркурап ыйлап, сууну өпкөн экен.

Ушуларды эстегенде ким бир элдин тирүү баласына эмес, чөбүнө зыян келтирсе да, Кудайдан жазасын алсын дегенден башка ой келбеди башыма…

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА

One Reply to “19 жаштагы жаш келин Кытайдан Кыргызстанга чейин күйөөсүн көтөрүп келгенде”

  1. Уркун — бул кыргыз элинин трагедиясы… Уркундон бери жуздон ашык жыл отту… Уркун жонундо жуздогон том китептерди жазып чыгаруу керек, бул кийинки урпактарга тарыхый эстелик катарында калганы жакшы… уркун жонундо жыл сайын эскеруу откоруп туруу керек… Уркундун жуз жылдыгында Путин келип эстеликке таазим кылып, кыргыздардан кечирим сурасын, жана кыргыздарга миллиарддаган моральный ущерб толоп турсун, анткени ал империялык Россиянын желегин, гербин жана думасын калыбына келтирип жатат, ошондуктан ал Империялык Россиянын мураскери катары моралдык жана сайасий жоопкерчилик тартууга тийиш, — деп жазган элем, коптогон комментарийлеримде… Анан, Путин келди, Уркундун жуз жылдык эстелигине таазим этти… Ушул жагынан ошол кездеги президент Атамбаев жакшы иш кылып кетти…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *