– Кыргыз эли илгертен табият менен жуурулушуп жашап келген үчүн эл башыларыбыз да табият закону менен жашайт.

– Капкайдагыны айтпачы эй!

– Эмнеге капкайдагыны айтпачы… «Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат» деген кыргыздын макалы чынбы?

– Чын.

– Мына андай болсо: бизде президент болгондун баары биринин башын бири жутуп келатат…

♦ ♦ ♦

Эки кыргыз саясаттан саймедиреп атканы:

– Бизде бийлик башындагылар карышкырдын эле өзү.

– Кантип?

– Карышкырлар жегенден калган малдын башын тоголотуп – бөлтүрүктөрүн жырткычтыкка тарбиялайт, туурабы?

– Туура. А бу жерде бийлик башындагылардын карышкырга кандай тиешеси бар?

– Президенттерибиз да өкмөт башыларын тарбиялап өстүрдү го. Мисалы: Акаев Бакиевди, Бакиев Атамбаевди, Атамбаев Исаковду өкмөт башчылыкка койгону – карышкыр өз бөлтүрүгүн жыртычтыкка тарбиялагандай кеп да.

Каркыбар КАЛМАКБАЙ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.