№3

Наристени жаңы төрөлгөн соң кырк күн элден далдоо кармашат, бала көргөнү келгендер дале анын жанына жакын барып үзүлүп түшүп карашпайт. Көбүнчө келин төркүнү жакын болсо, ошол тарапка барып, өз энесинин жанында, ошолордун көзөмөлүндө чүрпөсүн кыркына чейин карап келген.

Баланын кыркын чыгаруу – кыргыз элинин үрп-адат, салттарындагы кызыктуу жөрөлгөлөрдүн бири.

Баланын кыркын чыгаруу жөрөлгөсү чоң тойго айланбайт. Аз гана адам чакырылат жана ошолордун күбөлүгүндө тойчук өтөт, же ал жөн гана чай берүү деп аталат. Колдон келсе, бир кой союп койсо жетет.

Тойчумун (тамада) атайын чакырылбайт, жигиттердин же келиндердин бири эле алып баруучунун ролун аткарат да, той салттарын жүргүзөт. Той кыркы чыгып жаткан наристенин ата-энесинин, же таята-таенесинин үйүндө өтөт. Балага ылайык үй жылуу жана таза, жарык, ыңгайлуу болушу шарт.

Тойчуман: Ардактуу коноктор, наристебиз ….. төрөт үйдөн чыгып тай журтуна кеткен эле, ал жакта кырк күнүн өткөрүп бүгүн минтип ата журтуна келди. Биз болсо, анын кыркын чыгарганы чогулдук (Тойчуман жагдайга жараша өз сөздөрүн кошуп кете берет). Эң биринчи ата-бабалардын байыртадан калган жөрөлгөсү кылып, «карын чачын» алалы. Бул чач баланын энесинин ичинде пайда болуп, ошол жактан башына бүткөн чачы. Биздин элдик ишеним, салт боюнча чачты таятасы же таякеси алат, чачты кемеге түшкөн киши алат, чачты айылдын кадырлуу аксакалы алат. Кана эмесе, бүгүн баланын чачын ким алат? (Тайлары жактан бир кишини чыгарат, мисалы, улуу таякеси). Мына, келиңиз таяке? Таяке деген пир болот.

Таяке: Жээнибиздин чачын алуу ырыскысы мага буйруганга ыраазымын, баланы алып келиңиздер (Баланы апасы алып келет, кайчы, дагы башка жарактар кошо алып келинет). Биссимилда!

Жээнибиз эл алган, элге жаккан эр болсун,

Жээнибиз жергелүү болсун, жек-жааттуу болсун, жентектүү болсун!

Жээнибиздин чачы жүз жылдап алынсын,

Чач чыккан башына акылы толсун

Адамдарга жакын болуп, элге сүйкүмдүү болсун! ж.б.

(Таякеси баланын чачын алат да, аны ак чүпүрөккө ороп катып алат). Бул чачты мен адам баспай турган жерге жашырамын да, жээнибиз өзүнчө үй-жай күткөндө келин экөөнүн колуна берем!

Тойчуман: Ырахмат, таяке, ырахмат! Жээниңиз таякем жолдугун кандай кылар экен деп сурап аткандай?

Таяке: Жолдугун кантип кылбай коём. Чач алдырганыңыздар үчүн жээниме бир тай (же кой, же дагы башка мал) энчилеймин. Ошол берген малым жээндин биринчи оокаты болуп, малына мал кошулуп, үйлөнгөнгө чейин бир үйүргө жетсин, калыңдын бир жагын созсун! Тажеңесинин да атаганы бардыр? (Тажеңеси келип, балага, анын апасына бирден кийим-кече ыроолойт, баланын чоң атасына жана атасына калпак, чоң энесине жоолук ырымдайт).

Тойчумун: Чач алган таякенин жолун жолдосун, балаңар, чоң эне менен чоң атанын таякеге атагыны бардыр? (Чоң ата-чоң эне чачын алган үчүн таякеге атаганын берет да, ырахматын айтат).

Тойчуман: Наристебиз кырк күн таянесинин колунда багылды. Баланын апасын жана балабызды таянеси кантип бакты экен, айтып берсин.

Отургандар: Айтсын! Айтсын!

Таяне:

Баланын кыркын чыгарганга чейин апасынын колун муздак сууга салдырбадым.

Баланын кыркын чыгарганга чейин апасынын колун темирге тийгизбедим, бала темирдей муздак болбосун дедим.

Баланын кыркын чыгарганга чейин апасынын колун ташка тийгизбедим, таштай таш боор болуп калбасын дедим.

Баланын кыркын чыгарганга чейин бала турган үйдөн сыртка буюм чыгарбадым, ырыс-бакыт кошо кетпесин дедим.

Баланын кыркын чыгарганга чейин анын атын толук айтып чакырбадым, жин-шайтан угуп калбасын дедим.

Кызымды «чилделүү» кезде үйдө жалгыз калтырбадым.

Бала менен кызымдын үстүнө бейчеки адамды киргизбедим.

Неберебизди суук көзгө көрсөтпөдүм.

Балабызды куйрук май менен майлап турдум.

Балабызды адырашманга киринтип турдум.

Бала жаткан үйдөн жин-шайтанды кууп, үйдү ысырыктап турдум.

Энеси сүттүү болсун деп жаш сорпо ичирип, жылуулап жаап турдум.

Белине белдемчи тагып, бутуна маасы кийгиздим.

Ийилтип иш кылдырбай, иймейтип бала бактырбадым.

Мына бүгүн кызымды наристеси менен кошо минтип өзүңөргө тапшырып турам.

Отургандар:

Ырахмат!

Ырахмат!

Ырахмат!

Тойчуман! Ырахмат, таяне, ырахмат. Ушинтип чач алынды. Эми баланы киринтели. Киринтүүгө чоң эне жана байбичелерден, келиндерден келиңиздер (Алар келишет. Апасы баланы кармап турат).

Чоң эне: Мына, бул сууну кырк үйдү кыдырып, бир кашыктан суу алып кырк кашык суу кылып келдик (Дагырадагы сууну көрсөтөт).

Байбиче: Мына, баланын денеси чың болсун деп, ошол сууга туз кошуп атабыз (сууга туз себет). Мына, баланы киринтерде сууга койдун кырк корголун салып койдук. Тукум-уруктуу болсун, бай болсун, байлыгы өзүнө жана жалпы эле буйрусун! (сууга коргол салат).

Тойчумун: Сууну «коркоктоп» койдуңузарбы? Кана, «коркотоңуздар»?

Байбиче: Таштарды алып келгиле. Мына бул жети таш отто кызарганча ысыды, аларды бир-бирден алып, баланы киринтүү үчүн даярдалган сууга салайын (ошондой кылат). Мына буусу жакшы чыкты, ага баланы тосоюн (баланы бууга тосот). Мына, балабыз «коркоктолду». Эми киринте беребиз.

Чоң эне: (Баланы колго алат)

Биссимилда,

Менин колум Умай-Энемдин колу болсун!

Балам суудай тунук болсун,

Өмүрүн суудай узун болсун,

Эл-журтуңа суудай өтүмдүү болсун!

Оомийин! (Баланы байбичеге берет).

Байбиче:

Биссимилда,

Кырк атаңдын жөрөлгөсү,

Ата-энеңдин өбөлгөсү.

Кырк уруу кыргыз ичкен суу,

Кырк атабыз кечкен суу.

Кырк ашууну ашкан суу.

Кырк томолонуп келген суу.

Кыр таштарды кырккан суу,

Кызыр атам таткан суу,

Суудай таза бол!

Нурдай сулуу бол!

Оомийин!

(Отургандардын баары бата кылат).

Байбиче: Мына, баланы жуундурган сууну аягына чейин куюп салбай, бир аз ашырып койдум, бул анын өмүрүндө мындай жуунуулар көп болсун дегеним. Бул жарыкчылыкта көп-көп жуун, сууң түгөнбөсүн, балам! Ичээр сууң, кечээр сууң, жуунуп-чайынар сууң көп болсун, балам!

Тойчуман: Мына, мына, кырк уруу кыргызга жаңы адам кошулду. Бала суу менен тазаланды. Бала жин-шайтады тоотпос болду. Кырк үйдүн батасын, ырыскысын алды. Ырахмат! Өмүрлүү, таалайлуу болсун! Баланын «карын чачын» алганда кээ бир ата-эне балага айдар чач, же көкүл, же нияз, же жээк чач деп ар кандай айтылган бир аз чач калтырат. Мындай айдар чач калтырган ата-эне ошол чач үчүн карыз болуп калат экен да, жети күн колу-кошунага бирден нан берип турат. Баланын карын чачын алганда коюлган көкүлдү өз жол-жобосу менен ыйык жерлерге барып, шайыктарга алдырган. Биз бүгүн андай жөрөлгөнү кылбадык. Андай жөрөлгө кылуунун өзүнчө себептери болот.

Эми наристенин апасынан абысындары эмне менен сүйүнтөр экен. Абысындар, жеңелер келиңиздер! Ушул наристе сиздердин бала, сиздер эртең эле ушул баланы жумшап каласыздар.

Абысындар: Айланайын, кыргызымын салты деп, таңдан туруп камыр жууруп, кырк май токоч жасадык. Балабыз нандай барктуу болсун, жашоосу нанга толсун! Мына кырк токочубуз! Кырк токочтон ооз тийиңиздер (Келиндер дасторконго май токочторду таратып берет, отургандардан алкоо угат). Балабыздын насиби кыргыздын кырк уруусунан тең бирдей болсун! Кырк уруу кыргыз балабызга ала карабасын!

Тойчуман: Биссимилда, токочтой ырыскы алып келген бала болсун! Токочуңарга ырахмат! Дагы кандай ырымыңыздар бар?

Абысындар: Балабыздын «ит көйнөгүн» чечели да, «кырк көйнөгүн» кийгизели.

1-абысын: Бул көйнөктү кырк үйдөн кырк кездеменин кыйындысын алып келип, тиккенбиз.

2-абысын: Балабыздын «ит көйнөгүн» биротоло чечели, суук сөз, жаман көз, адамдын сугу, жин-шайтандын кара ою ошол көйнөк менен кетсин! (баланы чечиндирет).

3-абысын: Мына «кырк көйнөктүн» эки жеңин бууганбыз, ичине майга башкан кырк боорсок салганбыз. (Абысындар көйнөктү эки жагынан кармап боорсокторду чайпашат, андан соң ал боорсокторду отургандарга таратып берет). Боорсоктордон ооз тийиңиздер. Балабызга боорсоктун да батасы тийсин. Эми …. байбиче келсеңиз, «кырк көйнөктүн» ырасымын кылып берсеңиз.

Тойчумун: Кыргыз салты боюнча баланын кыркын чыгарганда кийгизген көйнөктү инабаттуу байбичелердин бири тепсеп турат да, балага алкоо айтып, анан көйнөктүн башынан бала баткыдай кылып кесип, ошондон анын башын салат (Ошондой аракеттер аткарылат).

Тойчуман: Эми баланын тырмактарын алып берсеңиздер? Бала уста болсун десеңиздер – уста келсин, дыйкан болсун десеңиздер – дыйкан келсин, илимпоз болсун десеңиздер илимпоз келсин, сиздердин өнөрүңүздөр балага жуксун! (Баланын кыркын чыгарганда анын тармактарын алат: эркек баланын тырмагын уста алат, анын усталыгы жугат, саяпкер, мүнүшкөр, улакчы ж.б. даңктуу кесип ээлери алат, алардын өнөрү балага өтөт. Ал эми кыздын тырмагын чебер аял алат, анын чеберлиги жугат. Баланын кыркын чыгарганда тырмагын чебер, уста алса, кийин анын тырмагы түз, сулуу болуп өсөт). Келгиле, эми баланы кирнелеп туруп, бөлөп койгула! Ага чейин аталар бата берсин!

Бата берген ата (же чоң ата):

Наристенин өмүрү бүгүнкү жуунган суудай узун болсун.

Акылы зирек, өзү элге тирек болсун.

Кырк уруу кыргыздын ырыскысына энчилиш болсун!

Кырк уруу кыргызына кызмат кылсын!

Кырк уруу кыргыздан колдоо тапсын!

Кызыр жылоолоп, кудай колдосун!

Эл уулу болуп, эр жетсин!

Зоболосу зоого тең болсун!

Оомийин!

(Эл бата кылат, дасторкон жыйналат, колго суу куюлат, меймандар тарашат.)

(Сценарийде элдик баталар пайдаланылды)

Конкурстун жобосу менен таанышуу>>>>>>>>>>>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *