2000-жылдын башталышында окумуштуулар акыркы үч жүз жыл бою бизди ишендирип келген нерселерге таптакыр каршы келген күтүлбөгөн ачылыштарды жасашты. Бул ачылыштар өтө радикалдуу болгондуктан,  бизди  бул убакытка чейинки Ааламдын түзүлүшү жөнүндөгү теорияларды кайра карап чыгууга жана өзүбүздү таанып билүүнүн жаңы жолдорун издөөгө мажбурлайт. Анда эмесе кененирээк баяндайлы.  

Буга чейин биз аалам бири-бирине анчалык таасир бербеген, өзгөчөлөнгөн объектерден (атомдордон) куралат деген түшүнүктө жүрчүбүз. Ал эми квант теориясы таптакыр башкача түшүндүрөт: физикалык нерсе бири-бирине байланышып,  үзгүлтүксүз алмашып турган энергетикалык талаалардан турат. Эгерде биз Ааламдын энергетикалык талаасынын толук кандуу катышуучусу экенибизди моюнга алсак, Жаратылыштын кубаттуу күчү алдында өзүбүздү жөн гана  аны сырттан көз салып турган пассивдүү байкоочу катары көргөнүбүз туура эмес. Биз өзүбүздү айланабызда болуп жаткан процесстердин толук кандуу агенти, катышуучусу катары сезишибиз абзел.

Факт 1: Аалам, биздин дүйнөбүз жана биздин денебиз ХХ кылымда илимий жактан далилденип таанылган, Талаа, Квант голограммасы же Жаратылыштын акыл-эси аталган теорияга ылайык, бирдиктүү энергетикалык талаадан турат.

Факт 2:Талаадагы бүтүн объекттер бөлүнүп кетсе да, өздөрүн мурдагы бүтүн кездеги абалындагыдай эле алып жүрөт.

Факт 3:Адамдын ДНКсы Талаадагы болуп жаткан нерселерге түздөн түз таасир тийгизет.

Факт 4:Адамдын көз карашы, эмоциялары Талаадагы болуп жаткан нерселерге түздөн түз таасир тийгизип жаткан ДНКны өзгөртөт.

Факт 5: Качан биз өз денебиз жөнүндө, айлана-чөйрө жөнүндө көз карашыбызды өзгөрткөндө, ал реалдуу жашообузда материалдашат. Көрсө, реалдуу жашоонун кандай куралганы жөнүндөгү теориянын биз алигиче таба албай жүргөн жетишпеген звеносу адамдын аң-сезими окшобойбу. Чындыгында эле ал айлана-чөйрөдөн бөлүнүп,  өзгөчө абалда эмес. Аны миллиондогон жиптерден токулган кездемедеги бүтүндүктү түзүп турган жиптердин ичиндеги бир жипке салыштырсак туура болот.

Акыркы жылдары окумуштуулар квант энергиясынын ар кандай шарттардагы ал-ахыбалын чагылдырууга жөндөмдүү приборлорду жаратууга жетишишти. Мисалы:

  • квант энергиясы эки башка абалда кезигери анык болду, ал – бөлүкчө жана толкундар түрүндө;
  • квант бөлүкчөсү бир эле учурда бир нече жерде боло алат; бирок квант бөлүкчөлөрү бири-биринен канчалык аралыкта алыс болсо дагы, мурдагыдай эле байланышы үзүлбөгөндөй аракет кылат;
  • квант бөлүкчөлөрү үчүн өткөн чак жана келечек деген түшүнүк жок, алар ушул жерде жана ушул учурда гана  жашайт;

Эми элестетиңиз:эгерде бизди түзүп турган бөлүкчөлөр бири-бири менен көз ирмемде байланыш түзө алса, бир эле убакытта ар башка жерлерде боло алса жана өткөн чагын азыркы тапта тандап өзгөртө алса, демек, биз деле аны жасай алабыз. Качан жаңы ишти тандаганда, бири-бирибиз менен мамиле түзгөндө, жашоого коркунучтуу оорудан арылгыбыз келгенде же тескерисинче, кыйынчылыктарга багынып бергенде биз реалдуу жашоонун кодун кайрадан жаңыртып жазып жаткан болобуз. Биздин ар бир тандообуз биздин жашообузда гана  эмес, айлана-чөйрөбүзгө да өзгөрүш толкундарын пайда кылат.

Көз карашыбыз биздин жашообуздун маңызын аныктайт жана ага бардыгы:

  • турмушубузду жакшыртуу максатында жасаган эртең мененки ритулдарыбыз менен жаңычыл ыкмалардан тартып, согуштарда пайдаланылган талкалоочу технологияларга чейин көз каранды.

Башкача айтканда, бүткүл дүйнө – бул биздин көз караштарыбыздын чагылышы. Биздин жашообуз, бул – биздин ишеничибиз. Пейилибизге жараша тагдырыбызды табабыз.  Мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана чектөөлөрүбүздү биз өзүбүздүн аң-сезимибиз менен жаратабыз.

Эгерде көз карашыбыз биздин жашообузду аныктаса, анда негизги суроо – ал көз караш кайдан пайда болот деген суроо.

Биз күн сайын маданият, илим жана дин берген нерселерди сиңирип турабыз, андан пайда болгон аалам тууралуу билимибиз ишеничке айланат.

Алган билимибиз туура эмес болуп калды деп элестетсекчи? Анда туура эмес түзүлгөн көз караш жашообузга бекем пайдубал болуп бере албасы анык.  Мисалы,  бизди жашоонун бир агымында, кыска убакытка пайда болгон,  мейкиндиктин мыйзамы менен чектелген атомдор менен ДНКдан турган жашоонун кичинекей бөлүкчөсү болосуңар деп окутушкан.

Мындай көз караш, бул жашоодо биздин таасирибиз өтө эле аз болуп, биздин бул жашоодон кеткенибиз Ааламда байкалбай да калмак. Бардык кылымдарда Ааламдын адамзатка койгон чектөөлөрүнө каршы аракеттенген адамдар болуп келген. Алар коюлган чектен тышкары изденүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бул дүйнөнүн жыргалынан баш тартып, анын окууларын жокко чыгарышкан. Ал сыноолордун сыйлыгы катары жаңы эркиндикке жана болуп көрбөгөндөй жөндөмдүүлүктөргө ээ болушкан.

Бул айтылгандар жөнүндө кененирээк билгиңиз келсе Грек Брейден деген адамдын “Акыл-эстин коду” («Коды сознания”) аттуу китебин таап окусаңыз болот.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.