Улам кийинки кадамы менен маңдай жарылта кубантып турган Жээнбеков досунун да, досунун кол балдарынын да чамалары чак экенин жакшы билген окшоп калды.

Жолдубаеванын жоболоңдуу жоруктарынын ичинен экс-президенттин ар-намысын коргомокчу болуп, Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарына, Zanoza.kg жана «Азаттык» маалымат булактарына, анан да “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага, журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага олчойгон айыппул салганы ары күлкүлүү болсо, ары айланы кетирген абалга салды эле. Кетпес кеги, өчпөс өчү бар кас душманга катылгансып, өлкөдөн сыртка чыгууга чек койгон. Ашынган кошоматтыктын копшоосунда өлкөдөгү тартипти бузуп аткандар жалгыз ошол экс-президентти тайманбай курч сынга алгандар болуп көрүнүп атты окшойт, ашыкча катуу чара көрүп, суралуучулардын үй-мүлкүн сатыкка коюп далбастады эле.

Бул акылга сыйбас жоругу эсте калбай турган жорукпу, коомчулуктун эсинде жакшы сакталып калган экен. Атамбаевдин кечээ жакындагы КСДП съездинен кийинки сөзүндө өнөкөт болуп өтүшүп бараткан адыраңдамасы кармады. “Соке досум” эле “Соке досум” деп баталаган өз мураскерин “жазып бергенди окуп берме” кылып сыпаттаса болобу. Кечээ эле мамлекет тизгинин ишенип тапшырып, аруу тилектерин аябай айтып отуруп, бүгүн кайра өз мураскерин мындай сыпаттоо өзүн өзү тамтыгын чыгаруу менен барабар экенин аңдоого чамасы жетпей калды. Аянычтуу абал, ушуга жан үрөп умтулуп келбедиби, не кылалы эми.

Мына ушундан кийин белгилүү коомдук ишмер Рита Карасартова фейсбук баракчасына: “КР башкы прокурору Жолдубаевага кайрылуу 31-мартта экс-президент маалымат жыйынында КР Президентинин аброюна шек келтиргенин жалпы эл укту. Ал Президентибиздин колуна тийген кагазды баамдап окуй алганына шектенип, туура эмес кагазды берип коюшса, билбей окуп койду деп мазактады. Индира Ырысбаевна, Президентибиздин аброюн коргоп берүүңүздү талап кылабыз” деген билдирүүсүн жазып чыкты.

Албетте, президенттин аброюн коргоодо “чычканга кебек алдырбаган” жайын жакшы билип калганбыз да. Арийне, акыл-парасаттуу өлкө башчысы көчө деңгээлиндеги майда-чүйдө сөзгө маани берип отурбайт. Жээнбеков так ошондой кылды. Кенеп да койбой, өз ишин улантууда. “Премьер-министр болуш деле оюмда жок” деди эле, март айынын башында өткөн маалымат жыйынында. Бирок ооп келаткан ооматты оодарып иймек беле. Атамбаев сыр билдирбей сыпайы жүргөн жанды ойдогудай калчанат деп ойлосо керек да. Премьерликке коюп, андан ары президенттикке көрсөтүп жатканында, өз жылдыздуу саатын күтүп, “ишин улантам” деп жайгарып турган өңдөнөт.

“Бийликти элдин пайдасына багыттайм” деген сөзүнө туруп, акыйкат салтанатын сала баштады, буюрса. Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушу парламентте бир добуштан (элестеткиле, бир добуштан, бул маселе өзүнчө сөз кылууга арзыйт) колдоо таап, Жолдубаева мурдагы эби-сыны жок бийликтин кетип аткан 5-адамы болду.

Турмуш – чоң мугалим. Кечээ гана бийлик ачсам алаканымда, жумсам уучумда деп манчыркап, тактыга таянып адамдардын тагдыры менен ойноп, өз каалаганын кылып турган адамдар алеки заматта жылмыша жөнөштү. Таянганы өз алапайын таппай тургансыйт. Бекем түркүк бийлик эмес, чындык болорун, чындыкка таянган адам бийликтен кеткен учурда да “ооруп калып”, элди бетин карай албай качып шерменде болбой, качан, кайда болсо да жүзү жарык, кайраттуу болорун Жолдубаева эле эмес, ар бирибиз аңдап түшүнүп, акыйкаттыкты туу тутуу жолунда арышыбыз кеңейе берсин дегим келет.

One Reply to “Жетиген АСАНБЕК: Жолуңа түш эми, Жолдубаева”

  1. Кунотой кызда не айып?! — дегендей, Индира кызда не айып?..
    Куноонун баары, авторитардык башкарууда болууда… Озгочо президенттик башкаруу кыргызга жарашпаган корунуш болуп калды. Илгери байларды мал ээси, — дешчу эле. Байлар ошол себептен эл башкаруудан алыс болушкан, бирок азыркы заманда байлар элди дагы башкарууда, мыйзамды дагы ошолор жазууда, анан чиновниктерди дагы ошолор дайындоодо… Ошентип, Индираны дагы ошолор дайындашкан. анан Индира ошолордун айтканын кылбаска кандай аргасы бар эле?..
    Кеп бийлик бутактарынын туура эмес тузулгондугундо турат… Конституция бойунча сот бийлиги, окмот бийлиги, президент бийлиги жана басма соз бийлиги болууга тийиш, бирок ага болбой эле баардык бийлик бир шордуу кишинин колуна тийип, анан ал шордуу оз билгенин билип, отугун торго илип, жакпаган кишилерди кама, — десе, гкнб деле, генпрокурор деле кайаша айтпастан, борк ал, — десе баш алуучу манкурттарга айланып кетпеске айласы калбай жатат да…
    Демократиялык олкодо парламенттик гана башкаруу болууга тийиш жана генпрокурор менен гкнб, сот менен окмот мыйзамга гана баш ийууго тийиш, болбосо, алар бир президент соройго баш ийип калышса, президент сорой драконго айланбаганда ким болмок эле?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *