Гагарин космостун «кыздыгын» алгандыгы жөнүндө Мидиндин ыры

Гагарин космоско учту деп эл «дүң» болуп жатат. Мидин жумушка барбай калыптыр. Аалы Токомбаев (ошол кезде КыргССРнин жазуучулар союзунун төрагасы) Мидинди издеп үйүнө барат. Башы ооруп турган экен Мидикең. Аалы: — Ой кандай немесиң деги?! Тиякта Юрий Гагарин «Восток» деген корабль менен  космоско учту деп эл дүңгүрөп жатса, үйдө жатасың. Жок дегенде ошону мактап бир куплет ыр жаза койсоң боло! Гезитке материал жетпей жатат. Мидин: — Өөх койчу эй, баш ооруп жатат, кечээгиден кийин. Баш жазчы андан көрө. Анан жазайын, […]

Владимир НАБОКОВ: Периштенин сөзү

АҢГЕМЕ Коюу түндүн койнунан таттуу түштүн канаттуу шамалы сууруп чыгып, алтын түстүү таптаза асман астында ажайып бир тоолуу өлкөдө жол четинде турдум.   Кылчайып артымды карабасам да тээ ылдыйда аркайган урчуктуу аскалардын жаркыраган кырларын, түбүнө көз жеткис тик жарларды, күн нуруна күзгүдөй чагылышкан көлдөрдү жон терим менен сезип жатам. Жан дүйнөм түркүн түстө кулпуруп, рахаттын бийик чегине жетип, жараткандын жан жыргаткан бейишине киргенимди билдим. Бирок менин жерди байырлап, жерде өскөн жан дүйнөмдү жалындап күйүп тынчтык бербеген жерликтерге тиешелүү бир ой кемирет […]

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: Дааватчылар, молдолор көбөйдү, бирок…

Биздин имараттарыбыз бийиктеген сайын — сабырыбыз төмөндөп барат. ♦ ♦ ♦ Жолдорубуз кеңейген сайын — көз караштарыбыз тарып баратат. ♦ ♦ ♦ Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз. ♦ ♦ ♦ Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз. ♦ ♦ ♦ Чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөлөр азайып баратат. ♦ ♦ ♦ Жашоону ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын убакыт да эч нерсеге жетпес болду. ♦ ♦ ♦ Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт. […]

Ги де МОПАССАН: Өчмөндүү кек (шедевр)

АҢГЕМЕ Паоло Саверини деген жесир аял жалгыз уулу экөө Бонифачонун сепил катары курулган коргонунун четинде алачыктай кичинекей үйдө жашашчу. Тоо бооруна жайгашып, кай бир жерлеринде деңиздин үстүнө салаңдап турган шаар, суу астындагы арсайган аска таштуу кысыктын жогору жагынан Сардиниянын анча тик эмес жээк тарабын карап турат. Шаардын карама-каршы бетинде, так эле шаар этегинде асканын жаракасынан пайда болгон тоо кыркасы шаарды курчап, эбегейсиз зор коридорго окшоп созулуп жатат; ал порт катары кызмат кылгандыктан, италиялык жана сардиниялык балыкчылардын кайыктары, ал турсун Аяччого […]

Дилазык: Күттүргөн суу

Бир жолу анча-мынча акылы айныган кемпай ысыктан чаңкап, суу издеп жөнөйт. Алыстан туман сыяктуу закым көрүп, суу экен деп ал жакка чуркап барат. Суунун жээгине келип, жалдырап туруп калат. Ичпейт. — Эй, эмне ичпей турасың, суу деп жанталашып келбедиң беле? — дейт аны көргөндөр. Анда кемпай: — Акылман киши сууну түбүнө чейин ичиши керек, демек мен бүтүндөй дарыяны ичишим керекпи? Суу көп экен, атүгүл бардыгыбыз ичип түгөтө албайбыз муну. Ошондуктан ичпей карап турам, — дейт. Аны уккандар санын чапкылап, күлүп […]

Салижан ЖИГИТОВ: Китепкөйгө каратма сөз

Азыр биздин өлкөдө[1] китеп соодасынын арааны катуу жүрүп турган чак. Орусча китептерди асыресе көркөм адабият туундуларын калайык дүкөндөргө түшүрүп-түшүрбөй талап кетет. Алар жүз миңдеген, кээде миллиондогон нуска менен чыгып атса деле, баа жагынан эки эсе кымбаттаса деле көпчүлүккө түтпөйт. Айтор, бу чакта китептен өткөн таңсык буюм табылбай калды. Албетте, «китеп каатчылыгы» жок жерден чыга келген жок. Совет бийлиги жарым кылым ашуун мезгилде жумурай журтту бүт бойдон кат-сабаттуу кылды, калктын көбүн илим-билим дүйнөсүнө кооштурду, кат тааныгандын далайын дайыма китеп окуганга кыныктырды. […]

Александр БЛОК: Лирика тууралуу

Мастер-классик …Дал ушинтип айткым келет. Эгер лирик ушул чакырыгын чанса же башка бирдемеге алмаштырып алса-лирик басуудан калганы ошо. Бул чакырык-анын каргышы таза, тунук, жаркын каргышы. Баардык эркиндик, бүт кулчулук ушул ураандын уңгусуна байланган: анын капталына канат бүтүргөн эмин-эркиндиги да ушунда, дүйнө дубалдарына — “көгүлтүр түрмөгө” камаган эрксиздиги да ушунда. Лирика — “мен”, “менин ай-ааламым” дегендик, дүйнө, лирикалык акын кандай кабыл алганына жараша болот. Бул — арганын түгөнүшү, аруу аян. Лирик — бул дүр-дүйнөлүү көрүстөнгө тирүүлөй көмүлгөн өлүк, анда баары даяр: […]