Биздин имараттарыбыз бийиктеген сайын — сабырыбыз төмөндөп барат.

♦ ♦ ♦

Жолдорубуз кеңейген сайын — көз караштарыбыз тарып баратат.

♦ ♦ ♦

Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз.

♦ ♦ ♦

Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз.

♦ ♦ ♦

Чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөлөр азайып баратат.

♦ ♦ ♦

Жашоону ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын убакыт да эч нерсеге жетпес болду.

♦ ♦ ♦

Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт.

♦ ♦ ♦

Билермандарыбыз көп, андан проблемаларыбыз азайып калган жок.

♦ ♦ ♦

Медицина өнүккөн сайын ден-соолугубуз начарлап барат.

♦ ♦ ♦

Юмор көп, бирок жылмайган адам аз.

♦ ♦ ♦

Дааватчылар, молдолор көбөйдү, бирок адепсиздик андан көбөйүп, ыйман, пейил жок.

♦ ♦ ♦

Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз.

♦ ♦ ♦

Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз.

♦ ♦ ♦

Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук.

♦ ♦ ♦

Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз.

♦ ♦ ♦

Сүйүүнү көп сүйлөйбүз, бирок көп жек көрөбүз.

♦ ♦ ♦

Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз.

♦ ♦ ♦

Өмүргө жылдар кошула берет, бирок ал жылдардын жаны жок, өлүк денедей, агып кете берет.

♦ ♦ ♦

Космос жөнүндө адашпай сүйлөп бере алабыз. Бирок бир адам менен он жолу телефондошуп, араң табышабыз.

♦ ♦ ♦

Чоң иштерди сүйлөйбүз, кичине иштерди кыла албайбыз.

♦ ♦ ♦

Жаратылыштын экологиясы деп кыйкырабыз, жаныбыздын экологиясына кам көрбөйбүз.

♦ ♦ ♦

Көптү пландайбыз, азга жетебиз.

♦ ♦ ♦

Шашканды үйрөндүк, бирок күткөндү унуттук.

♦ ♦ ♦

Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок.

One Reply to “Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: Дааватчылар, молдолор көбөйдү, бирок…”

  1. Бирөө айткан экен, кээ бир китептер маалымат берет, кээ бири реформа кылат, бир гана Библия адамды трансформация кылат деп…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.