Гагарин космоско учту деп эл «дүң» болуп жатат. Байдылда Сарнагоев жумушка барбай калыптыр. Аалы Токомбаев (ошол кезде КыргССРнин жазуучулар союзунун төрагасы) Байдылданы издеп үйүнө барса, Байдыкенин башы ооруп турган экен .

Аалы:

— Ой кандай немесиң деги?! Тиякта Юрий Гагарин «Восток» деген корабль менен  космоско учту деп эл дүңгүрөп жатса, үйдө жатасың. Жок дегенде ошону мактап бир куплет ыр жаза койсоң боло! Гезитке материал жетпей жатат.

Байдылда:

— Өөх коюңузчу эй, баш ооруп жатат, кечээгиден кийин. Баш жазыңызчы андан көрө. Анан жазайын, — дейт.

Аргасыздан Аалы аны буфетке ээрчитип барат. 100 гр. арак, бир кружка пивону Байдыкенин алдына коюп:

— Сен ичип тур. Мен ажаатканага барып келейин, — деп кетет.

Кайра келсе стакан да, кружка да бош. Байдыке ордунда жок, бирок салфеткага минтип жазып кетиптир кайран:

Кырына минип «Востоктун»
Кылымдар менен достоштуң.
Эр экенсиң Гагарин,
Кыздыгын тештиң космостун.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.