Жетиген АСАНБЕК: Кеменгерлер кемпайлардан кыйла кем

Колуна мандат тийип, парламенттин бир креслосун ээлеп калса эле Кемчонтойго акыл кирип, аты эмес заты эл өкүлү болуп калса эмне. Андай болбогон сыяктуу эле, кылмыш кылбаган киши миң жолу кылмыш кылды дедирсе да, кылмышкер болбостугун Замирбек Рысалиевге окшогондор түшүнө алар бекен. Парламенттин кутун учурбай, мамлекеттик жогорку орган арыдан берек болот эле. Кеменгерлер кемпайлардан кыйла кем болгондуктан, Кыргызстаныбыз кылтылдап араң тургансыйт. Текебаев менен Чотоновго коюлган айыптардын бардыгы Кемчонтойдун кебиндей жалган жалаа экени жумурай-журтка ташка тамга баскандай айкын болгон. Көрсөтмө бергендердин сөздөрүнүн […]

Аман САСПАЕВ: Кайтып келүү

АҢГЕМЕ Сереңбай деген жигит Кашымды көп урат. Кашым болсо, айылдагы кадыресе келиндердин бири. Бирок ал өзүнүн күлгүн жаштыгын, туңгуч сүйүүсүн арнап деп коёлук… Сереңбай менен жашаганына беш жылга аяк басты. Бул беш жыл – чындыгын айтканда, өзүн чырмаган, бактысыздык жылдары болду. Ал эми Сереңбайдын өзү барып турган эси жок жигиттерден эмес. Жүрүм-туруму, айткан сөздөрү башка жигиттерден көп айырмаланбайт. Анын бир эле «арзыбаган» жаман адаты бар – ичет! Ал ичип үйгө келип, босогодон теңселе аттаганда, Кашым кекиликтей жорголой баштайт. Бир кездери […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Атың өчкүр арак!

Баштан өттү да, эй Мени үйлөндү деп байкем (атам) энелеш агасын, аталаш инисин ээрчитип шаарга келишти. Максаты — кудага бармай. Нарындан чыккан Бишкекке чейин жолдо катар келин майлап ичип келишиптир. Үчөө тең теңселип мас. Бир кой жетелеп алышкан. Өзбек ажы экөөбүз аларды ак топучан тосуп алдык. Мына кызык, баягылардын кебетесин көргөн ажы акем: “Же буларды соолуктур же менсиз эле барышсын”, — деген ультиматум койду. Мен үчөөнү машинага салып алып ЧЧК боюндагы мончонун бирине алып бардым. Үчөө да өздөрүнүн уят болгонун […]

Ибрагим Жунусовдун дипломатиялык салтка сыйбас билдирүүсү уу-дуу жаратты

«Атак-даңктуулардан дипломат чыкпайт, себеби алар оозуна келгенди оттоп салышат» Люк де Клапье ВОВЕНАРГ  Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун президент Режеп Тайып Эрдоганды колдогон пикири коомчулукта талкуу жаратты. Түрк президенти Анкарадагы жолугушууда «диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы Кыргызстан үчүн да кооптуу» деп, кыргыз президентин аларга каршы чара көрүүгө үндөгөн. Анкарадагы кыргыз элчиси бул маселе боюнча өз ара маалымат алмашуу жүрүп жатканын билдирген. Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азыр «Сапат» болуп өзгөргөн мурдагы «Себат» билим берүү мекемелери тууралуу расмий Анкаранын дооматын четке […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (7-макала)

Өткөн макалаларыбызда, Токтогулдун “Арзымат менен айтышына” кеңири токтогондой болсок, эми бир кайрылуу оролу келип туру. Эки акындын Сопу бийдин үйүндө айтышканы тарыхый чындык десек болот. Ал айтышта Токтогул жеңдиби, ал эми Арзымат бул өтө маанилүү деле эмес. Кеп, ал айтыштын кантип чечмеленишинде, кандай түшүндүрүлүшүндө. “Арзыматка” адабиятчылардын Арзыматта ала элек өчү бар беле? “Арзыматка” деген ыр алгачкы ирет кагазга түшүрүлгөн күндөн баштап, ал ырды Токтогулду элдик акын катары даңазалоо, ал эми Арзыматты бай-манаптын ырчысы катары элге жек көрүндү көрсөтүү максатында пайдаланышкан. […]

Азыркылардын аялын эмес, эшегин сурап ала албайсың

Пейил оңолмоюн ишибиз оңолбойт. Сөзүм пейил жөнүндө кеткенден кийин илгерки мен угуп көргөн эле аксакалдардын жасаган иштерин, алардын пейилин көргөзгөн эки-үч окуяны кыстара  кетейин. Биринчи окуя: Султан деген жигит Кеминдин Боролдоюнда мугалим болуп иштеп калат.  Ал кезде автобус жүрө элек кези экен, Чоң-Кеминден Кашка-Жолду ашып барып-келип жүрүп, Жолбулак деген айылда булактан суу алып жүрчү жаш келин менен таанышып калат.  Турмушка чыкканына бир жыл айлана элек келин менен мамилеси келишип, бир күнү атына учкаштырып айылына ала качып алыптыр.  Келиндин кайын журту […]

Ачуу чындык: Тойдон чыккан ойлор

Жакшы көргөн тамашакөй кудам айтат: “Куда өзүң билесиң,  илгери кыргыздар той-ашты тээ күзүндө, жыйым-терим бүткөндөн кийин баштачу эле.  Ошол эң  туура экен.  Азыркылар акчасы болсо болду, бизге окшогон жер менен иштеген айылдыктарды ойлоп да коюшпайт. А биз жазында той эмес жер иштеткенге акча издеп кыйналып калабыз.   Тукумга, майга деп сары майдай сактаган акчабыз эки-үч тойго удаа-удаа барганда бүтүп калып жатпайбы.  Анан беш маал намаз окуган, мал байлап соода кылган кошуна иним бар эмеспи.  Тойго чакыруу келгенде ошого барам: — Муке, […]