Өткөн макалаларыбызда, Токтогулдун “Арзымат менен айтышына” кеңири токтогондой болсок, эми бир кайрылуу оролу келип туру. Эки акындын Сопу бийдин үйүндө айтышканы тарыхый чындык десек болот. Ал айтышта Токтогул жеңдиби, ал эми Арзымат бул өтө маанилүү деле эмес. Кеп, ал айтыштын кантип чечмеленишинде, кандай түшүндүрүлүшүндө.

“Арзыматка” адабиятчылардын Арзыматта ала элек өчү бар беле?

“Арзыматка” деген ыр алгачкы ирет кагазга түшүрүлгөн күндөн баштап, ал ырды Токтогулду элдик акын катары даңазалоо, ал эми Арзыматты бай-манаптын ырчысы катары элге жек көрүндү көрсөтүү максатында пайдаланышкан. Жоомарт Бөкөнбаев Арзыматтын небереси Тургуналы Жолоевге көчөдөн жолугуп калып, аны сыйлап, астына ат мингизип, кечирим сураганы, Жоомарттын өз күнөөсүн мойнуна алгандыгын тастыктап турат. Тилекке каршы, Жоомарт Бөкөнбаевден кийинки Токтогул изилдөөчүлөрдүн бири да тарых жана Арзыматтын укум-тукумдары алдындагы андай жоопкерчиликти сезген эмес. Айталы, 1956-жылы жарык көргөн Токтогулдун чыгармалар жыйнагына жазылган баш сөздө: “1882-жыл Токтогулдун өмүрүндөгү жана чыгармачыл ишиндеги бурулуш жылдардан болду, жаш акын Дыйканбай манаптын ырчысы Арзымат менен беттешти. Токтогулдун таланттуу ырчы экендигин билген Арзымат акынды бул беттешүүдө биротоло өзүнө көз каранды кылууну ойлогон. Ал ушундай максат менен акындын жардылыгын айтып кордоп ырдады, өз манабын мактап, ага кошомат кылды. Бирок, Токтогул эски уруу ырчыларынын традициясына түшүп, өз уруусун, манабын мактаган жок, реалдуу, өзү көргөн чындыкты айтты.

…Акын образдуу, күчтүү интонациялар менен жогоруда айтылган сөздөр аркылуу Арзыматтын бүтүндөй кошоматчы, мансапка сатылган ырчы экендигин белгиледи. Ал акындык жардылыкка карай бааланбастан, сөз тапкычтыгына, мукам үнүнө, чындыкты туура айтууна карай баалана тургандыгын айтып, Арзыматты манаптын кызыкчылыгы менен өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн “мадырайган соргок, кара каргага” салыштырды. Өз орду менен таамай айтылган сөздөр Арзыматты жеңилүүгө мажбур кылды.

Арзымат менен айтышуу, Токтогулдун ырларындагы элдик идеяны андан ары улантууга түрткү берди. Чындыгында, Токтогул ушул айтыштан кийин, таланттуу элдик акын катарында эл тарабынан жогору бааланды.

Акын бай-манаптарга кошомат кылбастан, элдин кызыкчылыгын көздөгөн акын болуп чыга келди” (Токтогул. Чыгармалар жыйнагы. Түзүүчү: Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту. Кыргызмамбас. Ф., 1956.)  деп, Токтогулду көкөлөтүп, ал эми Арзыматты адам катары да, акын катары да төмөн басып түшүндүрүүгө мүмкүн болгон бардык аракеттер жасалган. Мүмкүн, Арзымат менен айтыш Токтогулдун чыгармачылыгы үчүн бүтүндөй бир бурулуш жасашы мүмкүн. Анткени, жаш акын үчүн чоң, залкар таланттар менен жолугушуу канатына канат бүтүрөт, шыгына шык кошот. Муну талашпаса да болот. Арийне, Арзыматтын Токтогулга карата ырдаган ырынын текстти болбогон соң, “Сен мени жакырсың деп ырдадың” деген бир сап таарыныч сөзү үчүн, “…Арзымат акынды бул беттешүүдө биротоло өзүнө көз каранды кылууну ойлогон. Ал ушундай максат менен акындын жардылыгын айтып кордоп ырдады, өз манабын мактап, ага кошомат кылды” деп чечмелөө Токтогулду элдик ырчы, Арзыматты бай-манаптын ырчысы катары көрсөтүү максатында болгону ачыктан ачык көрүнүп турбайбы.

Кыскасы, “Арзыматка” деген ыр Токтогулдун элдик акын экенин далилдеш үчүн башкы аргумент болгон жана ырды кандай кааласа, дал ошондой бурмалап түшүндүргөн. Буга 1968-жылы жарык көргөн Токтогулдун эки томдугуна жазылган баш сөз эң сонун мисал боло алат. “…Токтогул али анча такшала элек кезинде атактуу ырчы Арзымат менен беттешет. Ал экөө көпкө айтышкан, бирок ал айтыштын текстти толук бойдон бизге келип жеткен жок. Ал гана түгүл, Арзыматтын айткандарынан бир ооз сөз да сакталып калбаган. Анын кандай жагдайда ырдаганы жөнүндө Токтогулдун айтканынан улам гана билүүгө мүмкүндүк алабыз. Ошол эле үзүндүдөн улуу акын Токтогулдун позициясы, кайсы таптын тарабында экендигин даана байкайбыз.

Бекти көрсөң, мактайсың,
Бекер ичкен аш
үчүн
Кошомат кылып беги
ңе
Бечараны каптайсы
ң.
Ханды к
өрсөң мактайсың,
Карды
ң тойгон жериңде
Кошомат кылып ханы
ңа
Карыпты к
өрсөң, каптайсың.

Ушул саптарды окуганда, Арзыматтын терс образы көз алдыга элестеп, улуу жол башчы В.И.Лениндин “…тамак-аш берип багып туруу үчүн акчалуу мешокко жашырылып-жабылган” деп өтө көрөгөчтүк менен айтылган сөзү эске түшөт. Токтогул бул ырды жаш кезинде, жыйырмалардын ичиндеги курагында ырдаган. Бирок, акын эзүүчү таптын өкүлдөрүнө жана алардын жан-жөкөрлөрүнө курч тил менен өтө так мүнөздөмө берген.

Ушундан эле Токтогулдун анык элдик акын экендиги, эмгекчилердин мүдөөсүн көздөгөнү көрүнүп турат” (Токтогул Сатылганов, Чыгармаларынын 2 томдук жыйнагы. 290-291-бб. Фрунзе. 1968-ж.).  Китептин баш сөзүнүн автору адабиятчы Жаки Таштемиров: “Ал экөө көпкө айтышкан, бирок ал айтыштын текстти толук бойдон бизге келип жеткен жок. Ал гана түгүл, Арзыматтын айткандарынан бир ооз сөз да сакталып калбаган” деп, Арзыматтын Токтогулга карата ырдаган текстти сакталбай калганын мойнуна алат деле, Токтогулдун ыры аркылуу “Арзыматтын терс образын” көз алдына элестетип ийип жатпайбы. Жөн эле көз алдыга элестетпестен, В.И.Лениндин “Партиялык уюм жана партиялык адабият” аттуу макаласынан: “Жить в обществе и быть свободным от общества нельзя. Свобода буржуазного писателя, художника, актрисы есть лишь замаскированная (или лицемерно маскируемая) зависимость от денежного мешка, от подкупа, от содержания” (биз түшүнүктүү болсун үчүн атайылап орусча текстти которбостон бердик -авт) деп мисал келтирип, пролетариат табынын улуу жол башчысын Арзыматты төбөлөө үчүн жардамга чакырып жатат. Аргумент болбосоң кое кал. Бул макаланын башында В.И.Лениндин ушул “Партиялык уюм жана партиялык адабият” аттуу макаласына кайрылганыбыз бекеринен эмес болчу.

Совет мезгилинде минтип В.И.Ленинден цитата алынган соң, Арзыматтын тап душманы катары жок кылуудан жеңил эч нерсе жок эле. Ленинге ким каяша айта алат эле?

Арзымат менен ким айтышкан? Токтогулбу же адабиятчыларбы?

Адабиятчы Ж.Таштемиров Арзыматты тап душманы, “бай-манаптын ырчысы” катары биротоло жер менен жексен кылууну алдын ала пландап койгон. Адабиятчы эмнеге эле Арзыматка анчалык касын тиккени белгисиз. Болбосо:

“Бекти көрсөң, мактайсың,
Бекер ичкен аш
үчүн
Кошомат кылып беги
ңе
Бечараны каптайсы
ң.
Ханды к
өрсөң мактайсың,
Карды
ң тойгон жериңде
Кошомат кылып ханы
ңа
Карыпты к
өрсөң, каптайсың – деген саптар 1956-жылы жарык көргөн Токтогул чыгармалар жыйнагынын академиялык басылышында жок. Ал бул саптарды кайдан, качан жана кимден тапкан? 1968-жылы чыккан Токтогулдун эки томдугунда “Арзыматка” деген ырдын берген түшүндүрмөсүндө: “1957-жылы Токтогулдун жердеши К.Маркс атындагы колхоздун мүчөсү Сапаров Сагындыктан Ж.Таштемиров тарабынан дагы үзүндүлөр жазылып алынган. Ошонун негизинде бул ырга 28 жол ыр (8 сап ырды айтып жатат – авт. Б.Т.) дагы кошулду» (Токтогул Сатылганов, Чыгармаларынын 2 томдук жыйнагы. 290-291-бб. Фрунзе. 1968-ж. 304-бет.)  дейт да, ошол эле учурда Сагындык Сапаровдон өз колу менен жазып алган, Токтогулдун Арзыматка карата ырдаган ырынын:

«Адыр эмей, талаамын,

Жигит эмес баламын.

Жардуу жер болсо өтөмүн,

Сен өңдөнгөн ырчыга

Саламат аман чоңойсом

Жандап кууп жетемин.

Кыя жер болсо өтөмүн,

Сен өңдөнгөн ырчыга

Саламат аман чоңойсом

Кысып кууп жетемин.

Манаптан ичкен ашыңа

Мактанып жүргөн экенсиң,

Мадырайган соргогум.

Жарды да болсом мен өзүм

Жаандан чыккан жоргомун.

Мен жая салган торкомун.

Жаныңа барып айтыштан

Хан Дыйкан,

Сенин жаалыңдан коркомун» (КР УИАнын Кол жазмалар фондусу. Инв.№1914в, 15-18-бетте.) – деген вариантын китепке киргизбей “унутуп” койгон. Жок дегенде ырга берилген түшүндүрмөдө эскерилбеген. Калыстык, тарыхка тарыхтай мамиле жасоо принциби кайда? Албетте, ал мезгилдин бардык күңгөй-тескейин түшүнүү менен кабыл алабыз. Эгер, “Арзыматка” деген ырдын бул вариантын китепке берилип кетсе, анда Токтогулдун элдик ырчы экени ишенимсиз болуп калмак, “улуу акын Токтогулдун позициясы, кайсы таптын тарабында экендигин даана байкай” албай да калмакпыз. Себеби, жаш Токтогул: “Жаныңа барып айтыштан // Хан Дыйкан, // Сенин жаалыңдан коркомун” деп, Дыйканбайга каяша айтмак турсун, аны тике карагандан корккону дароо көзгө урунуп жатат. Андай болгондо, Токтогул бай-манаптарды сындап, кедей-кембагалдарды жактап ырдаган деген түшүндүрмө тарыхый чындыктан алда канча алыс экенин көрсөтүп калмак.

“Беш каманбы” же “Беш жаманбы”? Деги ким каман да, ким жаман?

Токтогулдун “Беш каман” ыры акынды “кедей-кембагалдын ырчысы” жана бай-манаптардын келишкис душманы катары даңазалоого карата алгачкы кадам болгон. 1956-жылы жарык көргөн Токтогулдун чыгармалар жыйнагында “Беш каманга”: “Токтогулдун алгачкы ырларынан болуп эсептелет. Ырдын чыгышына төмөнкү кырдаалдар себеп болгон.

19-кылымдын аягы 20 кылымдын башында Рыскулбек Нарботоев деген чоң манап Кетмен-Төбөнү бийлеп турган. Анын Акмат, Дыйканбай, Атакан, Миңбай, Мырзакан деген балдары элди аябай эзишип, көп кордуктарды көрсөтүшкөн. Булардын зордук-зомбулугуна, кылык-жоруктарына каршы Токтогул “Беш каман” деп ырдап чыккан. Бул ыр 1938-жылы “Токтогулдун ырлары” деген жыйнакка “Токтогулдун манаптарга каршы ырдаган ыры” деп басылган. Кийинки жыйнактарда “Беш каман” деп басылып жүрөт. Биз кийинки аталышын сактадык” – деп түшүндүрмө берилсе,  1968-жылы чыккан Токтогулдун эки томдугунда: “…1938-жылы 17-февралда “Кызыл Кыргызстан” газетасында Ж.Бөкөнбаев тарабынан 35 жол ыр жарыяланган. Анда “Эч бир теңдик бербедиң” деген ыр жолу түшүп калган. Ырдын маанисине карай аны кошууга туура келди. 1940-жылы чыккан китепте:

“Чаап-талап, жеп жүрүп,

Букарадан айрылган

Ырыскулбектин беш жаман”, — деген ыр жолдорунан ортодогу сабы түшүп калып, 1950-жылы чыккан китепте “чаап-талап жеп көнгөн” деп кеткен. Мурункусу калыбына келтирилди. 1950-жылы чыккан китепте “Балапандай уйпалап” деген ыр жолу кошулган. Бул ыр жолу элге маалим болуп, кеңири болуп калгандыктан, өз калыбынча сакталып киргизилди” деген кошумча толуктоолор, тактоолор берилген.

Оболу, ырдын аталышы тууралуу. Жазуучу Самсак Станалиев белгилүү адабиятчы Мундук Мамыров ыр алгач ирет «Ленинчил жаш» гезитине «»Беш жаман» деген ат менен жарык көргөнүн эскерет (Улуу устат, соолубас казына. «Эл сөзү” гезити. 22-сентябрь, 2009-жыл).

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.