Колуна мандат тийип, парламенттин бир креслосун ээлеп калса эле Кемчонтойго акыл кирип, аты эмес заты эл өкүлү болуп калса эмне. Андай болбогон сыяктуу эле, кылмыш кылбаган киши миң жолу кылмыш кылды дедирсе да, кылмышкер болбостугун Замирбек Рысалиевге окшогондор түшүнө алар бекен. Парламенттин кутун учурбай, мамлекеттик жогорку орган арыдан берек болот эле. Кеменгерлер кемпайлардан кыйла кем болгондуктан, Кыргызстаныбыз кылтылдап араң тургансыйт.

Текебаев менен Чотоновго коюлган айыптардын бардыгы Кемчонтойдун кебиндей жалган жалаа экени жумурай-журтка ташка тамга баскандай айкын болгон. Көрсөтмө бергендердин сөздөрүнүн чакчелекейи чыгып, бири жаз менен кышты алмаштырып алыптырмын деп, сөзүн оңдоп-түзөп да көрдү. Ошентсе да биринин айтканына бириники дал келбей, жыйынтыгында кылган аракеттеринин баары Текебаевдин акталышынын пайдасына жумшалып, күч органдарынын саясый буйрукту аткарып аткандыктары аңырая ачылып калбады беле.

Абийир такыр жарактан чыгып калган экен, жөн эле уяттан киши бетин карагыстай кылыктар ачылса да буйруктар аткарылып, сот болумуштар чечимин чыгарган. Андан бери анча көп убакыт өтө элек. Рысалиевдин эс тутуму эле өтө начар болуп, элди да өзүндөй көрүп алдыбы, парламенттин жакынкы күндөгү жыйынында күлкү болорлук сөз сүйлөдү. Сот чечими чыкса эле кылмышы далилденбеген, кылмыш кылбаган киши да кылмышкер болуп калат имиш.

Караниет бирөө кылмыш кылды деген эмес, кылмыш кылган киши кылмышкер болот. Кылмыш кылбаган киши миң жолу жалаа жабылса да, кайратынан тайбай, акылына акыл кошулуп көсөм болорунун айкын далили – Текебаев. Камакта отурса да кадыры өсүп, бүгүнкү күнү көптөрдүн көңүлүнөн түнөк таап отурат. Камадым деп моокуму канган Атамбаев ээрден түшөр менен эртеңи бүдөмүк болуп турат ко. Ал эми карандай жалаа жаап, бийлигине манчыркап, чатырап көөп турган адамдардын бүгүн жели кандай чыгып атканын Рысалиев көрбөй жатабы?..

Кызыгы, сот чечими чыкса эле кылмышкер болуп кала турган болсо, андай айныгыс чечимдин башында турган адамды бийлигинен түшүрүүгө өзү да макул деген добушун бергени бир жагынан кызык.

Видеокамера Текебаевди келип уруп атыптырбы деген суроону парламенттен берип, ошого катуу түйшөлүп жатса, өзүнүн уктоочу, тамактанчу бөлмөлөрүнө, ж. б. ар кадамы көрүнөө турган жерлерге видеокамера койдуруп, Ала-Тоо аянтындагы экрандан көрсөткүдөй кылып коюуну сунуш кылат элем. Жообун абдан так, түшүнүктүү кылып алат эле. Видеокамера келип муштайт бекен, тебет бекен өз көзү менен көрөт эле ошондо, парламентте да балп эттирип, элге күлкү болбой…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *