№ 4

  1. Өкмөттүн атайын токтому менен март айынан октябрь айына чейин тойлорду өткөзүүгө тыю салуу керек.
  2. Ар бир айылда учурда кудайга шүгүр, ар бир урууда жок дегенде кытайлар жасаган темир боз үйлөр бар. Эмне үчүн ошол боз үйдү кармаган адамдар менен сүйлөшүп, ичиндеги жасалгасы, кызмат кылган жигит-келиндери, керек болсо өз идиш-аяктары менен келип 1 күн кызмат кылып бергиле, акыңар баланча сом болсун десе эмнеге болбосун. Бир-эки тойдон кийин боз үй ээлери кынуусун алып, бул ишти чакан бизнеске айлантып алары бышык.  Ашпозчу менен идиш жуугандар азыр деле айылда айрым тойлордо кызмат кылып жүрүшөт.
  3. Үйдүн жанына катар-катар боз үйлөр тигилип, дасторкондор жайылып, а дегенде чай ичилип, чай менен бир ысык тамагы берилген соң, туугандардын өз ичинен шайланган эрке бала конокторду сыртка алып чыгып, ар бир тойдун өзүнө тиешелүү ата-бабадан келе жаткан ырым-жырымын (мисалы, бешик тойдо апалар баланы бешикке бөлөшсө, тушоо тойдо жүгүртүп дегендей.  Келин алса, жаңы келин көшөгөдө олтурат) жасатып, бир аз улуттук оюндардан ойнотуп (күрөш, аркан тартыш сыяктуу), байге берчүсүнө байгесин берип, кайра чайга киргизгенде ыр кесе уюштуруп, бир аз убакыттан кийин этин тартып, коноктордун батасын алып таркатат.
  4. Дасторконго эки-үч салат коюлуп, жер-жемиш, таттуулар коюлса жетиштүү.
  5. Той 3-4 сааттан ашпоого тийиш. Тойго кечикпей келүүнү адатка айлантыш керек. Убагында келе албай калдым деп эки-үч айга чейин самсаалап келе бергенди да токтотсок.
  6. Колунда бар байлардын тоюнун масштабы кенен болуп, илгерки бай-манаптардын тоюндай өткөзүшсө, ашыкча болбойт эле. Сый конокторуна сый тамагын тартып, калган жалпы элге эки-үч казан палоо басып таркатса, эл тамагына эмес, тамашасына карк болмок. Ал той алдын ала кабарланып, манасчыларга, төкмө акындарга белгиленген гонорар эмес, байге коюлуп, ат чабыш, көкбөрү сыяктуу ат оюндары өтсө, той ээлери бата алып эле жөн болбой, кыргыздын улуттук маданиятын көтөргөнгө салым кошушмак.

Манасты теле-радиодон уккан менен манасчыны өз көзү менен көрүп, өз оозунан укканда берген таасирди салыштырып болобу… Той ээсинин аты даңазаланып: “Баягы баланчанын тоюнда төкмө ырчылардын айтышы болуп, байгесине жорго коюлуптур, ошол тойдо баланча манасчынын тушоосу кесилиптир” -деген аңыз кепти балким кийики муундагылар айтып жүрүшмөк.  «Кедейдин бир тойгону – байыганы» дегендей, бир топтору тойго келип тоюп кетсе, бир тобу оюндарга катышып олжолуу кайтышмак.

Эми кафе-ресторандарда той кандай өтүш керек.

  1. Той саат 17-00гө белгиленсе, 17-30та келген коноктор столдордо олтуруш керек. Кечигип келгендерди кудабы же башка тууганбы, таарынат деп кылчактабай, залдагы эл тура калып орундарына отурганча кол чаап тосуп турса, уяты барлар экинчи кечикпеске аракет кылат эле.
  2. Тойдун негизги бөлүгү эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө бир ысык тамак, экинчи бөлүгүндө кыргыз баласы алдына тартылбаса кетпей турган беш бармак тартылат.
  3. Беш бармактан кийин кары картаңдар, шашкандар кетип, залда жалаң жаштар калып, кечени улантышат. Аларга калган салат менен даңкылдаган музыка эле жетиштүү деп ойлойм.
  4. Кошумчаларды чогултканга кире бериште стол коюлуп, билегине ак чүпүрөк байланган бир жигитти отургузуп койсо, ал конверттерди жыйнап тизмесине белгилеп өткөзүп алат.
  5. Каалоо тосторго топурап баары чыкпай, ар ким өз каалоолору менен кошумча чогулткан жигитке жазылып, анан сүйлөшсө туура болчудай.
  6. Той ээси тамаданын программасы менен тыкыз таанышып, менталитетибизге туура келбеген обу жок оюндарды өткөзбөөгө тийиш.
  7. Ашыкча артистерди деле чакырып кажети жок, комузда, аккардеондо ойногон музыканттарды чакырып, залда отургандардын ичинен таланттуларды таап, ошолорду коштоп берип турса жетиштүү болмок.

Конкурстун жобосу менен таанышуу>>>>>>>>>>>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.