АҢГЕМЕ

Уруш бүттү. Басылган коога элди кыйрысын ургандай бүгүп кетти. Аябай каржалган эл уруштан кийинки жылдары да мантыга албай турду… Сары башайы жамынган тоо арасы, анын өндүрлүү чалкагынан орун алган алыскы кыргыз айылы ээнсиреп, күн каңдак тартып айланасы кеберсип, кубарып жатты.

Асек мектептен түш оой чыкты да үйүнө бет алды. Күн чубагы таптуу болбогон менен сары өзөнгө, кубаңдаган чаптарга, аңыздарга мемиреп тийип турду. Демейде чоң көчөгө түшүп, кийин үстү жакка кетчү тик көчө менен үйүнө барчу Асек бу жолу мектептен чыгар замат эле аны жандай өткөн тик көчө менен өөдө салып, Какиштин тамына жете бербей оңго бурулду да, жолду кыскартмакчы болуп, тамаркасы корулбаган аңызчаны аралап жөнөдү. Какиштин тамынан өтө бергенде бет маңдайдан кимдир бирөөнүн салып жаткан жаңы тамын көрдү. Дубалын кыйла көтөрүп, бирок үстүн жаап, кирип алганга үлгүрбөй калыптыр…

Дал ошо тушта, үйүндө жаңы катырып жаткан карышкырдын кебине алагды болуп келатты эле, анын оюн тамдын түбүндөгү чуңкурдан чыга албай эрбеңдеп жүргөн караан бузуп жиберди.

«Бу ким өзү?» Асек кайрылып, түз эле чуңкурду көздөй басты. Там салганда түбүнөн топурак алына берип, чуңкур киндик бою тереңдей түшүптүр.

— Оп, мурдуңду урайын, ушу жерге да ойнойсуңбу? — деп эркелете үн катты жете берип.

Бала бейтааныш кишини көргөндө коркконунан алаңдап, ыйламакчы болуп, бирок ыйлай албай муунагып, кичинекей кочушундагы майда ак чополорду чачып жиберип, чуңкурдун аркы четине бөжөкчө бүжүрөп калды.

— Коркпо, мен Асек деген байкең болом. Тээтиги мектепте мугалиммин. Сен чоңойгондо биологиядан сабак берем,— деди ал адатынча жайдарылана.

Бала Асектин сөзүнө түшүндүбү, жокпу, айтор бозала чаң бойдон катты да калды. Асек чуңкурду айланып, баланын тушуна келди. Эңкейип тартып алды.

— Кана, кимдин баласысың? Айтчы, мен бир угайын,— деди Асек күлмүңдөп.

Бала бейтааныштын ок чарпып кеткен тырык жаагын мелтейип тиктей берди…

Асек баланын кийимдерин күбүп жатып, аябай эскиргендигин байкады. Бутунда кичинекей разинке өтүк. Аны да коңултак кийип алган. Жылаңбаш.

— Карачы, үшүп кетипсиң,— деди Асек баланын көк муштум болуп турган бети-башын жылуу алакандары менен жылытып. — Ээгиңдин баары топурак…

Бала унчукпады, кимдин баласы экендигин да айтпады.

— Мейлиң,— деди Асек эч нерсени капарына албай,— мектепке келгениңде билип алам. Эми, бар үйүңө.

«Ушундай да ата-эне болобу? Тоо арасы болсо, күн суугуна тартып калган кез болсо, баласын жылуу-жумшак кийинтпей, жылаңач бойдон көчөгө ойнотуп…» Асек жолдо карата ушуга кейий берди. Үйүнүн босогосуна кантип келип калганын туйган да жок. Каалганы ачты. Балдары атасын көрө чурулдап, тосо чуркашты. Дасторкон үстүндө балдарына астыртан көз кыйыгын салды. «Булар бири-бирине атаандашып кийинишет».

Ошо күнү ал катырып жаткан карышкырын бүтүүгө ниеттенген эле.

Түн бироокумга чейин эски ээн тамында түйшүктөнө берди. Адегенде карышкырдын малга кол салганы бөгүп келаткан сымбатын жасап көрдү. Бирок ал дайым эле кол салып жүрбөйт да, куугундан качып да жүрөт. Эми бөрүнүн куугундан безип, кыраңга чыга берген жерин жасады. Кеп ойдогудай чыкты. Кашабаң куйругун кыпчып, төмөнкү коктунун таманында артынан сая түшүп келаткан куугунчуларга кектүү тиш кагып, тумшугунан куйругунун учуна чейин жаадай ийилип, жону дүкүйүп, салып-уруп барат…

Асек эртеси да негедир кечөөкү жолуна салды. Ал мергенчи досу убада кылган кулжанын кечигип жатканына алагды болуп келатып, бая жаңы салынып жаткан тамдын жанына келип калганын да туйган жок. Чуңкурга жакындап калыптыр. Эки, үч кадам калганда чуңкурдун күнөс жеринде кандай олтурса ошондой уктап калган кечөөкү баланы көрдү. Бала чуңкурдун муздак капталына жөлөнгөн тейде эки буту сунулуп, башы көкүрөгүнө шылкыйып, дем алган сайын кичинекей көөдөнү билинер-билинбес кыймылдап жатты.

«Бу кимдин баласы? Чуңкурда эмнеси бар? Капырай, ушундай да ата-эне болот экен-ээ?!» Асек тегеректегилерди кыдыра баштады эле, баарынын балдары үйүндө болуп чыкты. Эми ал баягы там аркасы корулбаган аңызча менен Какиштин үйүнө басты. Кирсе эки баласы окуштан жаңы келип, кызыл дасторкон жайылып, Какиш өзү нан кесип, балдары барды-жокту билбей бапырап аны тегеректеп, аялы улам бир табакка буусу буралган, асел жыттуу картошка сорпо куюп дасторконго узатып, үйдү күлкүлүү кобур басып, шагдан отурушкан экен.

Асек ичкери кирип салам айткыча болбой Какиш:

— Кел, Асек — деп ордунан тура калды. Анан көздөрү ойноктогон кара баласын жекирип калды. — У кудай урган, мырык, кийинчерээк тентегиң ашынып кетти эле, бул агайың кантсе да саа келген болуу керек…

Балдар алдыларына келген ырыскыларын ичип-жеп, орундарынан туруп кетти.

«Булардын да төрт көзү түгөл өңдөнөт, — деп жоруду Асек. — Же болбосо эбак издеп калышат эле…»

— Кемпир,— деди купшуңдаган Какиш балдары сыртка чыгып, ойноп кеткенден кийин аялына,— молдокем келип калган экен. Бирдемең болсо…

— Ыракмат, Какиш, — деди Асек, — мен ичпейт эмесминби. Аны өзүң да жакшы билесиң…

— Ой, молдоке ай-е! Баш ийкеп коюп, сыр бербей олтура бербейсиң да. Сенин аркаң менен… — деп баж-баж күлгөн болду.

Аңгыча аялы дасторконду жыя баштады.

— Какиш,— деди Асек өтүнгөн үн менен, — мобу жаңы салынып жаткан үй кимдики?

— Агамкы.

— Ошо үйдүн чуңкурунда бир кичик бала уктап калыптыр. Кечөө да ошо жерде ойноп жүрөт эле, бүгүн да…

— Ыя, кемпир, бая чекир болуп жүрбөсүн? — Какиш шектене шыпшынып алды. — Ал эмне көрүнбөйт? Карайынчы. — Анан обдулуп, сыртка тура жөнөдү. Асек удаа чыкты.

Алар чуңкурга келгенде бала чыйрыкканбы, эки тизесине башын катып, кайыккан колдоруна майда кесек туткан бойдон уктаганы же үшүгөндөн жыйрылганы белгисиз, бүрүшүп олтуруптур. Төбөдөн кыңая түшкөн күндүн көлөкөсү анын олтурган жерине жетип калыптыр.

— Ок-кудай урган, чекир тура… — деди Какиш чочуган кишидей оң колунун сыртын сол алаканына тарс чаап. Анан барк этти. — Эрке-ба-ай!

Үн чыкканда бала селт чочуп кетти. Адегенде ордунан шар тура албай жер таянып, жыгылып кете жаздап, темтеңдеп, муундары титиреп, араң дегенде өйдө болду. Кыйнала дем алып, көкүрөгү кыркырап…

Какиш чуңкурду айланып барып, төмөн эңкейип, «кел» деп колун суна бергенде, бала негедир жалтанып, башын ката бүжүрөй калып, аны жазгана тиктеп, анан өзүнө сунулуп турган кош колду көргөндөн кийин, кара көк тарта үшүгөн, эти качкан, илмийген колдорун ишенимсиз өөдө сунду. Какиш баланы тартып алды.

— Ие, Какиш, көп эле бала-бакыралуу болдуң, бала бапестеш жагынан жетик парасатың бар. Буга суук тийгизип алсаң өзүңдүн шоруң эмеспи. Жок дегенде, кийинтип койсоңор боло. Жер тоң тиштеп калган учурда…

Какиш ак да, көк да деген жок. «Бизде кандай тиешёң бар» деген кыязда баланы көтөрүп үйүнө камырабай басып кетти.

«Кудай урган, ата да ушундай кайдыгер болобу?» Асек үйүнө бүгүн күндөгүдөн да кечирээк келди. Алиман бала-бакырасын түштөндүрүп, көчөгө ойнотуп жиберип, Асекти күтүп олтуруптур.

— Асеш, эмне мынча кечигип? — деди жароокерлене.

— Иш болуп. Мобу Какиш деген неменин бала-чакасы менен таптакыр эле жумушу жок окшойт. Бир баласы кечөөтөн бери ле чуңкурда жүрөт. Бүгүн көкүрөгү кырылдап калыптыр. Суукка урунуп калганбы?

— Кайсыл? — деди Алиман сөзгө аралжы боло.

— Аркы көчөдөгүчү.

— Коё турчу,— деди ал бүшүркөй. — Кандай бала экен?

— Кичине. Төрт-беш жаштарда.

— Кийимичи?

— Жупуну — жамаачы боз кемсел, жалаңкат трайке шым, разинке өтүк.

— Өтүгү күрөң бекен?

— Ооба.

— А-а, ал Какиштин өз баласы эмес, агасынын баласы.

— Койчу?! — Асек чочуп кетти.

— Койбой эле… Токуш майдандан келген жылы төмөнкү айылдан жаш келинге үйлөнбөдү беле. Ошо зайыбы Токуштун картаңдыгын эми көрө койгонсуп чанып, эрте жазда башка бирөөнү ээрчип, түштүк тарапка ооп кеткен…

— Ой-боой,— деди Асек кечээки эле өткөндү эстөөгө тырышып. — Уккам… Көргөм…

— Ошондон кийин Токуш өзүнөн-өзү чүнчүп, элден корунуп, жаңы салып аткан үйүнөн кечип, баласын инисине калтырып, баса берген. «Аял алыптыр» деген имиш бар.

Асекке эми баары түшүнүктүү болду.

— Үйлөнгөнү анык болсо баласын колуна алып албайбы?

— Алыптыр. Бирок кийинки аялын дагы эки бала ээрчий келиптир. Балдар батыша албай, нааразылык тууй баштаганда уулун инисине кайра жеткирип бериптир деп айтышат…

Асектин көз алдына чуңкурдан чыга албай эрбеңдеген кичинекей караан, ошол эле аңдын күнөс жерине бүжүрөп уктап калган ирбийген арык бала элестей берди.

*  *  *

Асек кийинки күндөрү дайыма салынып бүтпөй калган тамдын жанынан өтчү болду. Баланы да эки курдай көрдү. Бая сөздөн кийин Какиш уялганбы, айтор, балага маңдайкы калканчы сууга тийип шалпайган кара шапке, балдарынын түлөгөн тонун, жүнү бошоң тарткан сокмо чокой кийгизип коюптур.

Асек баланы соңку жолу майрам күнү көрдү. Мектеп окуучулары ата-энелерге оюн көрсөтүп, ошондон келаткан… Какиштин бийик короосунун жанындагы мамыда жоон топ ат байланып турат. Үй жактан деңге мас, алагүү кишилердин кажы-кужусу, каткырыгы чыгат, Кейпи Какиш мал союп, конок күтүп аткан болуу керек…

Асек там аркасы корулбаган аңызчага жете бергенде «тоюнбаган куу тумшук» деген аялдын чаңкылдаган үнүн угуп калды. Үнгө удаа эле короодон кибиреңдеп бая бала чуркап чыкты. Анын артынан дагы бирөө көрүндү. Кейпи, качып бараткан немени куугандан эринди окшойт, жер сыйпалап, колуна урунган эле кесек менен зыргыта баштады. Ага дагы бирөө кошулду. Эми кесек качып бараткан эрбеңдеген балага жамгырдай жаады.

Бала аңызчадагы дөңгүлгө чалынып, жүз төмөнүнөн кетти. Асек кыйкырып жиберди. Какиштин балдары заматта көздөн кайым болду.

— Өжү… өжү… — деди бала жете келген Асектен жалтайлап. Чекеси каксоо жерге сүрдүрө түшкөн экен, жаагынан ылдый шүүшүн кан акты. Коркконунан калчылдап, бозоргон жүзү ого бетер кубарып «өжү… өжү…» деп апакаарый берди. Кийин, ырайымдуу көздү чалдыктырган соң коркунучу тарай баштады.

Асектин ачуусу келди. Бейкүнөө баланы жетелей кирип Какишти кокологусу, чаңкылдаган таш боор катынын бир муштап күм-жам кылгысы, ошентип, баланын өчүн алгысы келип жатты. Кызууланып, баланы жетеледи. Бирок бала уясынан жылаан көргөн чымчыктай дирилдеп, кетенчиктеп туруп алды. Короодон да эч ким чыкпады. Акырындап Асектин кайнаган ачуусу дымып, баланын сүрүлгөн чекесин басууга өттү.

Бала мүдүрүлгөн жерде четине тиш тийген кызыл боорсок жатты. Бирок бала аны карап да койгон жок. Үйгө баруунун ордуна салынып бүтпөй калган тамга илээлей басты. Жылдызы түшүп, баарынан айрылган үмүтсүз адамдай аянычтуу эле.

…Асектин оюна бир нерсе түштүбү, деги, үйүнө чукулдаганда кайра артына бурулду. Жүрүп олтуруп, салынып бүтпөй калган тамдын жанына кайра келди. «Баланын ээн тамда, чуңкурда эмнеси бар?» Асекти ушу кызыктырды. Аяр басып, эшиктен моюн созуп караса, кире бериште эч ким жок. Ичкери кирип, кулак какты. Эч дабыш билинбейт. Плита түшчү аңырайган жылчыкка келип, аркы бөлмөгө баш бакты. Тыноо чыкты. Бурчта, бала томуктай болуп бүгүлүп, башын төмөн салып, чиренип, ыйынып атыптыр.

«Корголу катып калганбы?» деп ойлоду Асек. Жакшылап карады. Жок, корголу катпаптыр. Жерге кан аралаш боз көбүк түшүп жатканын көрдү…

Бала кеминде бир сааттай ыйынып, анан алсыз-алсыз үшкүрүнүп өөдө болду. Кыйналгандан алы кетип, тердеп чыгыптыр. Асек ошондо гана баланын кареги ылдый шорголоп салаалаган буурчак-буурчак жашты көрдү. Ошого удаа «и-ий!» деген ичке, создуккан онтоо чыгып, бала ичин басып, кыйлага өкчө түшүп калды.

Асектин жүрөгү мыкчыла түштү. Дубалдын далдоосуна эки далысы жабышып, катып калгансыды. «Бала да үнсүз ыйлайбы?» Асектин көңүлү тумандап, ушу суроого, баланын азыркы абалына жүрөгү шала-шала тилинип турду.

Бир маалда кыска, күңүрт дабыш чыкты, Асек акырын баш бакса, бала ички бөлмөдөн сырткы бөлмөгө чыкмакчы болуп, фундаментке жармашып, бир бутун анын кырына ашырып, экинчи буту менен таканчыктап барып, тартынып, кырына көтөрүлдү. Түшкөндө боортоктой калып, эки бутун төмөн салаңдатып жиберди.

Бала үйдөн чыкты.

«Эми эмне кылар экен? Кайда барар экен?» Асек акмалай басты.

Бала эч жакты карап да койгон жок. Ага үй тарабында эт талашып чыркырашып жүргөн Какиштин балдары да, өзү жылбышып түшкөн чуңкур да баары бир болуп калган шекилди.

Асек тамдын бурчунан кылтыйып, байкай баштады.

Бала чуңкурга түшөр менен улам бир чопону кармалап, кээсин жалап көрүп, жаратпай таштап атты. Кийин чуңкурдун оюк түпкүрүн тинте кетти. Бироокумда колуна чоңдугу сакадай ак чополуу күкүм урунду. Бала аны жалап көрдү да тамшанып, тегерегин каранды. Эч ким көрүнбөгөн соң чуңкурдун көздөн далдоо оюк жерине малдаш уруп, топуракты ырахаттана жалап, анда-санда тиши менен кетип жей баштады.

Асек көргөн көзүнө ишене албады. Дааналап карады. «Ооба, жеп атат. Ачка экен… Олда, ананайын-ай…» Асек эми шырп алдырбай тамдын бурчунан чыгып, чуңкурдан оолак айланып өтүп, төмөн жактан келаткан, билмексен киши болуп, жөтөлүп үн салып, аңга жакындады. Бала дүбүрттөн улам эрбең этип, чуңкурдан көрүнө түштү. Асек унчукпай, чуңкурдун бала турган четине өтүп, тартып алды. Жүзарчысы менен топурак болгон эриндерин сүрттү.

— Мени тааныбай турасыңбы? -— деди ал элеңдеген балага. — Мен жанагы Асек байкең эмесминби… — Үнү күймөлүп, камыгып чыкты. — Мына, мобу момпозийлерди, беченийлерди сага алып келдим. Ала гой, жей гой.

Асек балдарына арнап алган биртике белектердин оозун ачып, баланын түлөгөн тонунун чөнтөктөрүнө толтура салып берди да үйүнө жөнөдү. Жолдо карата кимгедир нааразы боло берди…

Ошо кечте ал суусамырлык мергенчи досу алып келип берген кулжаны катырды. Короолдо турганын, оттоп жүргөнүн, зоокадан зоокага секиргенин жасап көрдү. Баары жакпай калды, кайра бузду. Эми, үркүп бараткан кулжаны жасады. Эки алдыңкы шыйрактары бийиктикке — алдыга сунулуп, эки арткы буту асканы үзө тээп… Ушунусу купулуна толду. Эми кулжанын терисин иод менен чайкап болуп, ичин кургак саманга ныктай толтуруп, биротоло катырды.

Асек кийинки күндөрү катырган кептерине көз жүгүрттү. Мобуреки кумдун үстүндө сойлоп келаткан жылаандын коркунучтуу сөөлөтү, азыр эле туш-туштан чыгып жара тартып кетчүдөй карышкырлар, бир серпилүү менен үйдүн дубалын буза сүзүп уратып, тоо беттеп каччу көздөнгөн кулжа, адамдарды эр жүрөктүүлүккө үндөп, шаңшууга даяр турган бүркүт, каманга кол салууга даярданган жаш ителги… Ошентсе да, Асек түн бою чырм этпей эмгектенген түндөрү, өзгөчө, илбирстин тобуна кол салууга ниеттенген шумкардын кебин катырып жатканда абдан бактылуу эле. Карегинде бир чеким булут үстүндө калкыган шумкар бугуп калган душманын издеп, миздүү чокулардын үстүндө чарк айланып, мына эми көрүп, кайра чамынып, каарданып, шукшурула тик сайылып келатканы элестеген… Асекте мындайда чарчоо да, чаалыгуу да жок. Башы менен ажайыпка кирип берет. Ошо ажайыптан жаңы чыгарма жаратат. Ал чыгарма анын бактысы, өмүрү, досу, мейманы.

«Мына, жакында булардын баары тең мектептин зоологиялык музейине коюлат» деп ойлоду ал. Анан, негедир бушайман боло берди. Анын катырган каармандарына бир нерсе жетпей жаткандай сезилип туруп алды. Ошо өксүк нерсе Асектен качып, жеткирбей узап бараткансыды…

*  *  *

— Какиш,— деди Асек. — Эстүү-баштуу адамсың. Болуптур, бала көнө албай койду дейли. Аны бир жылуу-жумшак кийинтип, тоё ичинтип туруш колдон келет эле го…

— Омэ-эй, сен тим эле элдин баарын алдыңа салып айдап алгандай сүйлөйт экенсиң да?!

— Какиш, бул курбулук гана пикирим, жолдоштук дооматым.

— О, сенин жодошчулугуңду… Сен мени жамансынтып, элге кеп-сөз кылгың бар го?! Бала деген бала! Биз эмне ширин ичип чоңоюптурбузду?! А сен тээ ачарчылыкты курсагың тойгондон кийин унутуп калган экенсиң да! Тим эле асмандан түшө калгансып…

— Какиш, биздин балалыкты балдарыбыз башынан өткөрбөсүнчү, ылайым. Бейпил турмуш деген бардар турмуш. Андай экен, өз балдарыңды эмне үчүн аңызга жайып ийген жоксуң? Эмне үчүн бармактай бала топурак жеп, күн көрүш керек?

— Ой, Асек, анын атасынан жакшылык көрө албадым. Бир катындын айынан баласын, салып жаткан үйүн кечип баса берди, анан анын баласынан жакшылык артмак беле?!

— Балада эмне күнөө?

— О сенин ошо балаң экөөңдү…— Какиш музоо тиш жоон өрүм камчысын сүйрөп, мугалимдер бөлмөсүнөн чыгып кетти.

«Сенин итчилигиңди башынан эле билчүмүн. Бирок ушу мерездигиңди балапан бала кийин кечирээр бекен?» Асек башка камчы жеген аттай, темселеп кала берди.

Ошо күнү ал бая күнү катырган карышкырына дагы жакшылап көз жүгүрттү. Байкаса, бөрү элестүү катырылган менен анын нукура касиети — эч кимге жакшылыгы артпаган мерестиги даана байкалбай калган экен.

Асек кепти кайра бузду. Эми карышкырдын качып бараткан элесин эмес, өз пайдасын көздөп, өзүмчүлдүгү баарын жеңип, бир нерсени аңдый басып келатканын катырууга белсенди. Жонун гана эмес шили жүнүн да тикчийтип, дүкүйтүп, музоогобу, козугабы, улаккабы, айтор, коргоосуз калган бир бечарага кол салганы жыла басып келатканын жасоого киришти. Башын жерге салган карышкыр бирөөлөргө көрүнүп калуудан сактанып, өтө аяр. Дабыш алдырбайт. Эки арткы жана алдыңкы оң шыйрагы жерди ныгыра басып, а сол шыйрагын шилтөөгө ниет коюп саал көтөрүп, алдыга таштаган. Моюну төмөн ыгып, а тумшугу илгери созулуп, көздөрү тикчийип алдыда — өтө муздак да, ырайымсыз да…

Карышкыр ошо бойдон катып калды…

Асек мерездиги, таш боордугу башынан ашып турган бөрүнү узака-а, узака-а карап отурду…

*  *  *

…Кечөөтөн бери ал Какиштин тамынын тушунан, салынып бүтпөй калган тамдын түбүндөгү чуңкурдун жанынан өтө элек. Кеп катырчу эски тамында жалгыз. Күн бүркөк, чыкыроон. Эски ээн там көк жыттанат. Үшүгөндөн буттары сайгылашып, колдору томугат. Бирок Асек муну эч сезбейт. Ал көңүлүндөгү ажайып дүйнөгө кирип алган… Алаканында жүндөрү үлбүрөк, төшү сарала, кооз чымчык. Мына, канаттарын бир аз көтөрө түшсө баары бүтөт.

Каракол өзөнү тараптан караандай суук шамал сого баштады. «Бала эмне болду? — деп кейиди Асек. — Үшүйт ко эми…»

Кечке маал чымчык «экинчи өмүрүн» сүрө баштады. Ал чырылдап, жогдор жүнү үрпөйүп, канаттарын жая, балапандарын душмандан коргоп жаткансыйт. Чийдей ичке текөрлөрү алдыга серпилип, канаттары дирилдеп, тумшугу саал жекирейип, душманын чокуп, көзүн көр кылчудай түрү бар. Энелик каары төгүлүп, душманы улам кетенчиктеп, чегинип бараткансыйт. Дал ушу энелик ыйык касиет кичинекей чымчыкты баарынан улуу, сүрдүү кылып тургансыйт…

Асектин музейиндеги өксүк нерсенин орду эми толгонсуду.

Сыртта ак бороон улуйт.

…Асек үйдөн чыкканда анын колтугунда кагазга оролгон бир нерсе бар эле. Ал салынып бүтпөй калган тамды көздөй келатты.

— Эркебай!— деп кыйкырды Асек там менен чуңкурдун арасына жете бергенде. Сөзүн борошолуу будуң жула качып жатты.

Там ичинен да, чуңкурдан да жооп болбоду.

— Эркебай!—Асек калдастап, үстү аңылдаган тамдын ичин түгөл карап, кайра чуңкурдун кырына келди. Эч кимди көрө албады. «Ушул эле жерде болуш керек эле» деген ишеним аны ошо тегерекке катуу айланчыктатты.

Аңызчадан учкан чөп-чар чуңкурга учуп түшүп, сууктан ыктоо оюгуна уюлгуп, жыйнала калыптыр. Асек бир нерседен кур калып жаткан адамдай тынчсызданып жана кыйкырды:

— Эр-ке-ба-ай!— Үнү кооптуу чыкты.

Жооп да, кыймыл да болбоду. Эми Асек чуңкурга секирип түшүп, самандын кыпындары уюлгуй баскан оюкту челе баштады. Үстүнкү маяны шилеп салгандан кийнн баланын түлөгөн тонунун өңүрү булак деп чыга түштү.

— Эркебай!—Асек эски тонуна жыртык тизесин катып, бүрүшүп жаткан баланы оюктан сууруп ала койду.

Баланын денеси оорлоп, муздап калган эле… Асек баланы алдына алып катуу-катуу силкилдетип жиберди. Тигинин колдору солдоюп, башы шалактады…

— Эркебай!—Асектин үнү каргылданып чыкты. Баланын ээгин жөлөп атынан чакырды. Бала ошондо гана көзүн зорго ачты.

— Аш… байке… — Эриндери билинер билинбес бүлк этти.

— Эркебай!

— Ашек байке…

— Эркебай! Садагасы кетейин! Мына мен келдим!..

— Аш-шек бай-ке-е!!!— Ушу кезге чейин үнсүз ыйлап келген мөмөдөй бала эми гана балалык добушун салып, чыр-р эте түштү. Бул анын көптөн кийинки эрээркеши, көптөн кийинки жан мусасы болучу…

Топурак жей берип, жарылып кеткен эриндеринен сызылып кан чыкты. Тирүүлөй жетимдин илмийген алсыз колдору калчылдап, мээрман адамдын мойнуна асылды. Анын жан кейиткен ачуу ыйы өтө зарлуу эле…

Асек арнап ала келген кийимдерин чуңкурга унутуп, жылаңбаш балага кара көрпө тумагын кийгизе салып, ичигине катып, үйүн көздөй бет алды. Карлуу борошо эми бет маңдай тараптан сого баштады. Бирок ал ызгаарга тике бетпагып, чачтары шамалга бириндеп, баланы жылуу жүрөгүнө кыскан бойдон алга адымдай берди.

Көп өтпөй, бала жылдызы жарык бейтааныш эненин жылуу кучагында калды. Анын суукка карышып калган кичинекей кочушунда ак чопонун бир топ үбөлөндүлөрү бар эле.

— Бул эмне? — Алиман майда үбөлөндүлөрдү алып жатып таңдана унчукту.

— Майтопуяк…

Асек жашып кетти:

— Айланайын… айланайын… Тууган жердин топурагындай татты топурак болорбу?!

1975

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.