2016-жылдын 31-августунан баштап экс-ажонун акылынын табы жок экени ачык көрүнө баштаган эле. Эсиңиздердеби, жер жаңырып, табият жабуусун жаңыртып турган жайдары майрамда куттуктоо сөз ордуна ачуусу буркан-шаркан түшкөн ажонун оргу-баргы сөзүн угуп, аң-таң калганбыз. Ошондо катаал кырдаалда мамлекеттин оор жүгүн мойнуна алып, аны татыктуу көтөрүп өткөн Отунбаева жаман, ошол кыйын кезеңде анын жанында болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары жаман, жалгыз Атамбаев жакшы таризинде опулдаган.

Андан кийин кимдер гана жаман болгон жок, атургай коңшу өлкөлөрдүн президенттерине безге сайгансып атырылып, Назарбаев ачып көздү жумгуча жаман болуп чыга келген. Кечээ гана “Бизде эмне үчүн Нурсултан Абишевичтей президент болгон жок” деп шыпшына казак элине: “Президентиңерди баалагыла” деп насааттап жүрдү эле. Андан кийин анын карыганына чейин жетип, каарып эле отуруп калды.

Антип алдасташынын, БУУ жыйынында бүткүл дүйнө элдеринин өкүлдөрүнүн алдында, кайда турганын аңдай албай калган шекилдүү калчылдай кыргыздарга баягы баары жаман мен жакшы аскиясы менен безеленгенинин жөнү башкада эле. Чүчкүрсө кошо чүчкүрүп, жөтөлсө кошо жөтөлүп тура турган, бийликтин кареги менен тең айланган кол балдарын күч түзүмдөрүнүн башына коюп, каршылаштарын каалашынча калчап турганда, бул иштеринин мыйзамсыздыгы оңой эле такталып калары көңүл тереңинде белгилүү эле да. Бийликтен кеткенде көздөй өзүнүн кишисин коюп кетпесе, иш чатак болмок. Акылына ээ кылбай адыраңдатып жаткан мына ушул коркунуч эле.

Кечээ гана чай ичишип, ага-ини болуп турган Бабанов ажолукка шымалана аттанып, шайлоо алдындагы бедели катуу коркунуч туудуруп турду эле, ал дагы атасынын кеги бардай кас душманына айланды. Анын дарегине не деген гана каралоолорду жаадырбады, атургай кылмыш ишин да козготтуруп жетишти окшойт.

Акырында, жакында болуп өткөн КСДП съездинен кийинки берген маалыматында, так ошол тырмышып атып алып келген өз мураскери – Жээнбеков да жаман болуп чыкпадыбы! Табият жардамга келип, ЖЭБдеги авария аркылуу кыңыр иштин баары катылгыс болуп ачылып калды эле, ага Жээнбековду күнөөлөгүсү бар. Анын айтканы: “Мен ойлоп турам, менин досумду колдойсуздар деп… ал ТЭЦти заманбапташтырууда (модернизация) коррупцияга кириптер” деп айткан менен эле барабар болду. Акылга сыйбас кеп, бирок бул өжөр факт. Өз мураскерин күнөөлөө – өзүн күнөөлөөгө тете иш. Ошол кезде өлкөнүн башында отуруп, кечке эле хансарайын ойлой бербей, мындай ири долбоорго көз кырын сала жүрсө, коррупция боюнча Гиннес китебине кирчүдөй абал болбойт эле.

Сыягы шайлоо алдында чебеленип эмнеден корксо, бүгүн ошол болуп жатат.

Ою оңунан чыкпады, Жээнбеков оңой-олтоң жетелете койчу адам эмес экен ага. Ал тизгинге өзү ээлик кылып,УКМК төрагасы, каалаганындай сценарийде кылмыш ишин токуп берип турган Сегизбаев кызматтан алынды, анын артынан так ошол эле жолдо жүргөн Жолдубаева кетти.

А дейбиз, бу дейбиз, акыркы жылдардагы иш-аракети акылдын кыйла жабыр тартканынан кабар берип турат. Тили булдурап, көздөрү тунарып, эки далдайган жигиттин далысына сүйөнүп сүйлөгөн сөзү интернетке тараганда, ууландырып коюшуптур деген сөз кеткен. Аны угуп, дагы жакшы аман калган экен байкуш деп жүрбөйбүзбү. 2017-жылдын сентябрь айында Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, “аракка тоюп ууланып алганда, муну окутуп уулап койду” деп калп айткам деп агынан жарылган.

Акылды бир жагынан арак жесе, бир жагынан өзү айтып жүргөн ажыдаар жеп, кечээ эле өзүнүн ишенимдүү адамы менен касташууга алып келип отурат окшойт. Жалкотой болуп калган жан, айланайын Сооронбай Шарипович, арактан ырас алыс окшойсуз, деги ажыдаардан абайлай көрүңүз дегиң келет…

А кеткен ажобузга эмне дейбиз, кыргызда жалпыга аманчылык тилейт эмеспизби, аман эле болсун… эч болбогончо, кеч болсун деген кеп бар, акылга келип калса ажеп эмес. Алмаздын эмес Ажонун айланасында айлан көчөк болуп жүргөндөрдү жылан сыйпагандай таппай калганда да бир аялдаар…

 

 

One Reply to “Жетиген АСАНБЕК: Акылды арак алдыбы же ажыдаарбы?”

  1. Атамбаевди президент болуп турганда, анын бийлигинен коркпой-уркпой сындоо керек эле, анан ал бийликтен кеткенде сындоо — бул эки жуздуулук болуп саналат… Экинчиден, — президентти алты жылга шайло — бул туура эмес экендигин, бул аша чапкандык экендигин атамбаевдин практикасы даана корсотту… 2016 жылга чейин ал эптеп-септеп, элдир-селдир озун кармап келди, анан бийлигине мас болду, озун-озу билди, отугун торго илди болду… Ошондуктан, Америка президентин тортэле жылга шайлайт, ал эми кыргыздыкы эки эле жылга шайланыш керектигин тушунууго убакыт жетти, анткени, татыктуу саясий жетекчи жок, ал эми, бизнесмен-президент элди ойлобой эле озунун чонтогун ойлойт экен, муну дагы атамбаевдин практикасы айкындады… Мисалы премьерлер бир жылдын тегерегинде эле озунун ким экендиктерин айкындап жатат, анан, аны алмаштырып жатышат… президентти дагы ушул сыйактуу эле эки жылда бир алмаштырып туруу зарыл экен, андан кийин булар ажыдаарга айланып кетишээри кыргыздарга белгилуу болду… Ошондуктан, президент сооронбай Жээнбеков конституцияга тийешелуу озгортуулорду кийирип, президенттин моонотун эки жылдан ашык эмес, — деп конституцияга озгортуу кийирсе, анда бул чечим анын баатырдыгы болоор эле… Бирок,анын мындай эрдикке бараары кумон…
    Ал эми, ГКНБ менен ГПнын жетекчилери чонток чиновниктер экендиктерин толук аныкташты жана алардын ордуна келуучулор деле алардын шапкелерин кийбейт, — деп ким кепилдик бере алат?.. Алар деле, соссуз турдо ошолордун чонток кейпин кийишет, анткени чиновниктер алмашканы менен система алмашпай жатпайбы, кептин баары ушул шайтандашкан системада болууда…
    Держава Света — деген жаны системаны азыр россияга сунуштап жатышат, бирок алар деле эч нерсе тушунбой, шайтандашкан системадан баш тарталбай жатышат… Ал эми, кыргыз бийлиги ушул Держава Света системасына кирсе ото тездик менен онолоор эле, бирок Жээнбеков жана анын командасы ал системадан кабары жок, ошондуктан, анын бийлиги эски системада эле кала берээри белгилуу…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *