Тарых: Турдукожоевдин күнү бүгүн эскирбеген 6 жыл мурдагы АША жөнүндө маеги

Кылдан кыйкым издеп турат кыргыз. Билип билбей, көрүп көрбөй – ооздун желин бүркүп коё берет. Белгилүү журналист жана юрист Жыргалбек Турдукожоевдин жакында «Жаңы Ордо” гезитине (2018-ж. 6-апрель), «Өлкөбүздөгү туруктуулукту эки революция аркылуу кыргыз эли камсыз кылды» аттуу маеги жарыяланса, аны кээси «эмнеге алты жыл бою унчукпай келип, эми тил чыгып калдыбы» деген апазда үн каткандарга жооп болсун үчүн Турдукожоевдин 2012-жылы 6-майда «24.кg» сайтына жарыяланган маегин кайталоону эп көрдүк. Ага улай «Алсыздыктын жана жалгыздыктын 100 күнү» аттуу 16-март, 2012-ж. “Алиби” гезитине […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Сатылганов абакта кайсыл жерде, канча жыл отурган?

Акын 1898-жылы камалганы дайын. Ал жерде талаш жок. К.Молдокасымовдун тактоосу боюнча ал 1898 – 1899-жылдары Москва, 1899 – 1900-жылдары Тобольск, 1900 – 1901-жылдары Тюмень, Иркутск, 1904-жылы Көйтүн (Куйтун) түрмөлөрүндө болуп, 1905-жылы Сибирден качып чыгат[1]. Демек, түрмөдө жети жылы болот. Эшмамбеттин «Жети жылы пияда баскан Током келген бейм» дегени туура чыгып атат.1898-жылы 18-августта берилген даргага асуу 7 жылдык мөнөткө сүргүнгө айдалуу менен алмашат. Акыркы жерде Балаганск уездинин Яндинск волостуна караштуу Көйтүн (Куйтун) кыштагында 1904-жылдын 26-августунан 1905-жылдын майына чейин болот. Жалпысы жети […]