Акын 1898-жылы камалганы дайын. Ал жерде талаш жок. К.Молдокасымовдун тактоосу боюнча ал 1898 – 1899-жылдары Москва, 1899 – 1900-жылдары Тобольск, 1900 – 1901-жылдары Тюмень, Иркутск, 1904-жылы Көйтүн (Куйтун) түрмөлөрүндө болуп, 1905-жылы Сибирден качып чыгат[1]. Демек, түрмөдө жети жылы болот. Эшмамбеттин «Жети жылы пияда баскан Током келген бейм» дегени туура чыгып атат.1898-жылы 18-августта берилген даргага асуу 7 жылдык мөнөткө сүргүнгө айдалуу менен алмашат. Акыркы жерде Балаганск уездинин Яндинск волостуна караштуу Көйтүн (Куйтун) кыштагында 1904-жылдын 26-августунан 1905-жылдын майына чейин болот. Жалпысы жети жыл болуп атат.

Тобольск түрмөсү тарыхта Тобольск замогу деген ат менен белгилүү, Тюмень облусунда, 1838-жылы негизделген да, 1855-жылдан камактагыларды кабыл ала баштаган. Ошондон кийин Михаил Михайлов, Владимир Короленко, Николай Чернышевский, Федор Достоевский сыяктуу орус ойчулдары, жазуучулары ушул жерден саясый айыптарын «жууп» чыккан.

Куйтун түрмөсү да Иркутск областында жайгашкан. Андай болсо жогоруда биз О.Сооронов тактаган маалыматтардагы Омбу (Омск) абагы кайда калат?

Омбу абагы 1843-жылы Батыш Сибирь князы генерал-губернатор П.Д.Горчаковдун барманы менен ачылган, 1859-жылы Тобольской (азыркы Орджоникидзе) көчөсүндөгү 4 кабат имаратка которулган. Ал имарат азыр да бар. 1904-жылдан областтык түрмө деп аталган. Орусиянын ошол кездеги мыйзамы боюнча 3-категориядагы абак аталган. 1850-жылдарда С.Ф.Дуров жана Ф.М.Достоевский Тобольск түрмөсүнөн ушул жерге которулуп келген жана төрт жыл жаткан, ал абактын аянычтуу абалы тууралуу жазуучу «Записках из мертвого дома» аттуу каттарында келиштире жазган. 1905-жылдан революционерлер В.В.Куйбышев, К.А.Попов, В.Л.Шанцер ж.б. саясый айыпкерлер «кызмат кылган». Түрмө тарыхында эң катаал тартип 1908– 1913-жылдарда болсо, 1905 – 1906-жылдарда тартип бир аз бошоңдогон.

«1905-жылдын жаз айынан Сибирден качып чыгып Омбу, казак жергесинде, 1909-жылдын декабрына чейин өзүн жашырып качып жүрөт. 20-декабрда, Алматыга келет. 1910-жылы Сырдарыя валейтине Хазрат генерал-губернаторуна арыз жазат. Ал Түркстан генерал-губарнаторлугуна Наманган уездик начальникке жиберилет. Экинчи жолу Токтогул арызын Фергана вилайетинин аскер губернаторуна жолдойт. Ал Наманган уездинин начальнигине жана Фергана вилайетинин башкармасына жиберилет. Акыры 1910-жылы Токтогулдун качкын экени аныкталып, экинчи жолу камакка алынат. Беш айдан кийин азаттыкка чыгат» (К.Молдокасымов)[2]. Бул фактыга караганда Токтогул 4 жыл Омбу жеринде, казак талааларында жүрүп калабы? Же ушул мезгил ичинде качып чыгып (1905, жаз), анан кармалып, Омбуга абакка түшөбү?» «Омбудагы түрмөдө камап жатты отуз ай» деп ырдаганы бар («Казак жериндеги ыр»). Отуз ай дегени 2,5 жыл болуп атпайбы.

«Жерди көргөндө» деген ырында:

Көйтүндө жүрүп Токтогул,
Көп тарттым залим азабын.

Астында аккан балы бар,
Үстүндө салган тамы бар,
Күндүзгүдөй түнүндө
Күйүп турган шамы бар.
Алты миң төөгө жүктөсө,
Аяктай жери оюлбас,
Оодарма тунук салы бар,
— деп ырдаган.

Көйтүндө (Куйтун) – Иркутскиден 72 чакырым жердеги айыл болуп, чамасы акын «оодарма тунук салды» Байкал көлүндө же Анкара дайрасында көргөн сыяктанат. «Казак жериндеги ырында» мындай саптар бар: «Байкал көлү жанында, тордо жаттым, Токтогул».

Токтогул түрмөдөн эки жолу качканын, бирок кармалып калып, мөөнөтү 12 жылга чейин узартылганын, акыры 1910-жылы 3-жолу гана качып чыкканын, Кетмен-Төбөгө 2 жылда жөө араң келгендигин, кийин 1913-жылы дагы бир жолу кармалганын К.Бобулов жазат[3]. Адабиятчы К.Бобулов кайсыл фактыга таянып жатат. Анын айтуусуна караганда Т.Сатылганов биринчи жолкусу Сибирь сүргүнүндө он эки жыл жатып атпайбы. Анын жолдо эки жыл. Өзү да бир ырында «Ат жетпеген алысты, эки жыл басып жол кылдым» («Көчөдө өлчү күнүмбү?») дегени бар. Ысмайыл Борончу уулу болсо «Камакта жүрүп жети жыл, кайрылып басып эки жыл, тогуз жылда көрүптүр, туулуп өскөн туурду» («Токтогулга эстелик») деп ырдап атат[4]. Коргол болсо «жыйырмага жык толгондо, жыйган таштай нык болгондо» айдоого кеткен Токтогул келе жатат деп угуп, Топчубайды угузат[5]. Эгер Коргол акындын 1882-жылы туулгандыгын эске алсак, анын 20 жашы 1902-жылы эле болуп атпайбы? Бул фактыны кандай дейбиз? Анда Токтогул Сибирь айдоосунан 4-5 жылда эле келип жатат.

Дагы ошол Коргол айтып жүрчү Тер-Жайлактагы тамашалуу айтышта Токону абдан жакшы билип, ээрчип жүргөн, бука минген, калтыр баш Кулуке ырчы айтып атат: «Алты жыл Шыбыр барганда, алла кудай дегенсиң, апта күн ачка калганда, аюунун этин жегенсиң»[6]. Мында алты жыл болуп калды.

Калык акын «Токтогулга» деген ырында акынга карата Забайкал, Көйтүн, Сибирь арасында жүргөнүн айтып, «Сибирде он жыл жүрүп аман келдиң, сырдашып бир өткөнгө салам бердиң»[7] деп айтса, «Токтогулга эстелик» деген башка бир ырында «Тогуз жылда Сибирден, тобуна Током келди эле»[8] деп ырдайт. Неге бир эле акын, болгондо да Токтогулдун эң жакын шакирти, аны ээрчип жүргөн акын ушинтип бир жыл айырма менен Токтогулдун абак жылдарын чаташтырып жатат?

Дагы эле ошол Калык мындай жазат, бир жолу Чынаалы деген карыяга Токтогул бу Калык менен мен Сибирден келгенден кийинки жылында Үч-Терек элине барып Ничке-Сайда Жанаалы деген теңтушумдукунда биринчи жолу таанышып, мага учурашып ырдаган, ошондон кийин чогуу жүргөнбүз дейт[9]. Ал эми Калык улуу акын менен биринчи жолугушуусу тууралуу «Оокаттын жайын беле элек, он төрт жашар баламын» деп атат[10]. Токтогулдун да ыры бар:

Былтыр келдим жаңыдан,
Түндүк Сибирь жагынан.
Забайкал, Үркүт, Көйтүндөн.

Ошондо акындын былтыры эгер Калык акындын 1883-жылы туулганын эске алсак, анын 14 жашы кайра-кайра эсептесек да 1897-жыл болуп атпайбы. Анда Сибирге кете элек да… Сибирге кете электе жолукту десек, жогорудагы жер аттары кайдан чыгат?

Ошол эле Калык менен Карымшак деген бозо тарткан гаргардын үйүнө барганда шакирти ага Анжиан зилзаласы тууралуу ырдап берет жана отургандан аны сиз Сибирде жүргөндө ырдаган деп айтышат. Тарыхта ал алаамат 1902-жылы 2 (16) декабрда болуп өткөн, биринчи жолу саат 10дордо 8-9, экинчиси 1-1,5 мүнөт өтүп 9-9,5, үчүнчүсү жарым сааттан кийин 8 балл күчү бар жер силкинүү болуп, эскиден 11 миң, жаңы «европалык» типтеги 161 имарат кыйрап, шаардык православ чиркөөсү, абак жана банк гана урабай калган. Ошол кездеги эсеп боюнча 12 миллион рубль зыян келип, 4602 киши набыт болуп, шаар калкы 9 пайызга кыскарган.

Жогорудагы Кармышактын үйүндө эл айтканга караганда бул ыр 1902-жылдан кийин чыккан, анын Калык ырдап жүргөнүнө караганда дагы бир топ убакыт өтүп калган. Зилзала 1902-жылдын эң этегинде болуп жатса, ыр элге тараган болсо Токтогул Сибирден ал жылга (Анжиан зилзаласына) караганда кыйла кийин келген болуп чыгат.

Дагы эле ошол акын Калык келте менен катуу ооруп жатып өткөн өмүрүн эске түшүрүп ырдаган кезде Токтогулга карата «Түрмөдө тогуз жыл жүргөн» деген саптарды кошот[11], ал Токтогулду тосуп алганда «Он жылда келдиң Токтогул, Түндүк Чыгыш Сибирден» деп ырдайт[12]. К.Бобулов: «Ырларына караганда Токтогул алды менен Омбу түрмөсүнө түшкөн экен, андан соң Иркутскинин жака-белиндеги жайгашкан атактуу Александровский централга которулуптур» деп айтып, 1972-жылы Монголиядан келе жатып, ошол «өлүк үйгө» тийип өттүм деп, акын жети жыл кырчын өмүрүн абакта өткөргөнүн белгилейт жана өз үйүнө 1910-жылы гана кайтып келгенин айтат[13].

Барпыны изилдеп жатып, анын Токтогул менен биринчи жолугушуусу мурда айтылгандай 1915-жылы эмес, 1904-жылы болгон, Керимбай болуштун энеси Сайкалдын ашы ошондо өткөн деп, К.Даутов акын сүргүндөн 1903-жылы кышка жуук келгенин кеп кылат. Ал бул айткандарын М.Богданованын Барпынын өз оозунан жазып алган дептерлердеги материалдарга таянат[14].

М.Богданова акын 1910-жылы качып келип, 1916-жылга чейин «жил нелегально» деп айтат[15]. Акын «Казак жериндеги ыр» деген чыгармасында «он жылы жатып түрмөдө, канымдын баарын сордурдум» дейт. «Жерди көргөндө» деген ырында «Так он жылы өткөндө, олтурдум конуш ордума» дегени бар. Буларга караганда акын Ата конушуна 1908-жылы келип атат.

Ж.Таштемиров акын 1903-1904-жылдарда келген, бир жарым жылдан кийин экинчи жубайына үйлөнгөн, бул 1906-жылы эле, экинчи жолу 1910-жылы камалган, анда үч баласы болгон, тилекке каршы, ал балдары кийин чарчап калган дейт[16]. Акын 2-жолу 1909-жылы качып, ага Харитон, Семён жардам берип, жерине 1910-жылы келген деген да пикир бар[17]. Эмне Токтогул Сибирге камакка эки жолу барганбы?

Токтогул «Келгендеги кербезим» деген ырында «Жети жылы мээнетти, тарткандагы кербезим» деген саптарды айтат.

Ж.Жылкыбаевдин эскермесине[18] караганда Токтогул Анжиан түрмөсүнөн жөнөйт, көп жерде жөө жүрөт, арабага түшөт, параходго минет, акырында Москвага поезд менен жетип, Москва түрмөсүндө эки жыл жатат, анан Александр централы, анда 3 жыл жатат, андан Омск түрмөсү 4 жыл. 4 жыл толук тургандан кийин эки кыргыз, тогуз казак болуп качып чыгып, тогуз айдын жүзү болгондо Таласка келет. Жалпы суммалап чыксак, түрмөдө 2+3+4=9 жыл+1жылдай жол болуп, 10 жыл болуп атат, анда 1908-жыл келип калат. Бул маалыматты Токтогул райкомдун катчысы Жумай Жылкыбаевге айтып бериптир. Токо райондун борборуна барганда ал кишиникине жатып да калчу экен, 1931-жылы Тастар-Төбөдө басмачылар чыкканы жатат деп айтып келип, аларга каршы добротрядды даярдоого жардам бериптир.

Көптөгөн булактарда жана өзгөчө эмоция менен айтылган баяндамаларда Токтогулду Сибирге сүргүн кылынган биринчи кыргыз, оюн-тамаша менен Сибирден жөө качып келген «спортсмен» деп айтып калабыз. Бирок тарыхты тике карашыбыз керек. Орусия кыргыз жерин каратып алып жатканда өз бийлигин бекемдөө үчүн Токтогулга чейин дале көп эле кыргыздарды Сибирге айдаган экен. Айрым маалыматтарда эки жүздөн ашык делет. Мисалы, 1878-жылы Токтогулдан 20 жыл мурда Молдо Калбек Сибирге сүргүндөлөт. 1893-жылы Алайда аткезчилик кылган жана орус чегарачыларына кол салган деген айып менен Курманжан датканын уулдары-неберелери Камчыбек, Мамытбек, Арстанбек, Мырзапаяз ж.б. жигиттер күнөөлөнүп, 1895-жылы 3-мартта Ошто Камчыбек менен Акбалбан жана дагы ушул ишке тиешеси бар деген бардыгы болуп 9 киши даргага асылып, бир тобу Сибирге сүргүндөлөт. Алар: Мамытбек Алымбеков, Арстанбек Камчибеков, Мырзапаяз Жаркынбаев (Абдылдабеков), Гаиб Молдошев, Кудайберди Бусурманов, Сактан Калышов, Султанбек Бийкулов. Ошондогу Мамытбек (Махмудбек) Алимбеков жана Арстанбек Камчибеков Токтогул катышкан Анжиан көтөрүлүшү чыгардан бир жыл мурда 1897-жылы Ак падышанын 27-марттагы мунапысы менен бошоп келет. Кийин Мурзапаяз да бошойт. Дал ошол адигине туугандары жаткан Көйтүн (Куйтун) түрмөсүнө Токтогул 7 жылдан соң (1904-жылы) барат.

Мен «Замандаш» журналында баш редактор кезимде Иркутск шаарында иштеп жүргөн эмгек мигранттары менен байланышып турганбыз. Алар тууралуу бизге Үркүттөн Ольга Липчинская деген журналист кыз макала да жазган[19] жана К.Анашев, Б.Ашыралиев деген жигиттер шаар көчөлөрүнүн бирине акындын ысымын ыйгарабыз деп жүргөндүгү айтылган, Т.Сатылгановдун архивден табылган «Распредительный список» деген делосунун сүрөттөрүн бергенбиз. Кийин дагы бир макала жарыяланып, анда кабарчыбыз Талант Жороев Үркүттөгү кыргыз диаспорасынын лидери К.Анашев жана «Токтогул» фондусунун президенти Б.Ашыралиев менен маектешет. Алар «Токтогул баскан из менен» деген кино тартып жаткандыгын кабарлайт. Б.Ашыралиев Иркутскидеги «Александровский централ» түрмөсү азыр жок, ордунда оорукана бар дейт[20].

Бул фактыларды бир топ жактан Амирбек Муратов бекемдейт. Ал өзү Ош шаарында ички иштер органдарында иштеп жүрүп, ал жумушун Иркутск шаарында улантып (азыр Красноярск шаарында турат), ошол жерде архивдик материалдардан Т.Сатылганов тууралуу маалыматтарды табат, аны тарыхчылар өз китебине[21] пайдаланат. Баа жеткис материалдарды окуп көрөлү:

«Бөлүштүрүү тизмеси

Тюмень шаарындагы сүргүндө жүргөндөрдү Иркутск түрмө бөлүмүнүн карамагына каторгалык жумушка жөнөтүү жөнүндөгү 1901-жылдын 11-июнундагы буйругу.

Наманган уездик башкармасынын 1898-жылдын 10-августундагы статьялык тизмеси боюнча түзүлгөн

№268 – 7953

Аты-жөнү: Токтакуль Сатылганов – 34 жашта.

Мурунку абалы, кылмышы жана алган жазасы: кыргыз, Фергана областындагы Анжиан уездинин Наманган шаарындагы убактылуу аскердик сотунун өкүмү боюнча Суусамыр волостунан орус өкмөтүнө каршы көтөрүлүшкө катышкандыгы үчүн (асуу менен өлүм жазасына) бардык укугунан ажыратылып, өкүм чыгарылган. Бирок Улуу урматтуунун боорукердиги менен өлүм жазасы 25-статьянын негизинде 7 жылдык сүргүнгө каторгалык жумушка алмаштырылган. Арестант 1899-жылдын 13-июлунан 1900-жылдын 17-мартына чейин Тобольск борбордук каторгалык түрмөсүнө жайгаштырылып кара жумушта өзүн жакшы көргөздү.

Белгилери:

Боюнун узундугу – 2 аршин, 3 верш,

Чачы – кара,

Көзү – кой көз,

Мурду, оозу, ээги – кадимкидей,

Жүзү – тунук, нурдуу, өзгөчө белгилерге ээ эмес,

Ишеними – Магометан

Үй-бүлөсү – жалгыз бой

Бөлүштүрүү качан жүргүзүлгөн – 1901-жылдын 11-июну

Кандай устачылыкты билет – билбейт.

Буйрук чыгаруучунун колу

Бухгалтердин колу».

Ошол жылдын 30-июнундагы Иркутск губерниялык абакканасынын башкармалыгынын чечиминин негизинде ал 19-июлда Александровский централына которулат. Ал жерден 1904-жылдын 26-августунда Иркутск губерниялык абакканасынын башкармалыгынын 1904-жылдын 7-августундагы буйругуна ылайык Үркүттөн 293 чакырым алыстагы Яндинск волостунун Балаганск айылындагы абакка жиберилет.

Улан-Удэлик крайтаануучу, окумуштуу Е.А.Голубев Сибирди узун-туурасынан кыдырган киши, ал 80-жылдардын башында Токтогул тууралуу макала жазат[22]. Абдан так иштеген аалым экен. Ошол макаласы кыргызча да которулуптур[23]. Анда мындай деп айтылат: «Иркутскинин мамлекеттик архивинен түндүк-байкалдык алгачкы коммунист-мугалим А.П.Александрова тууралуу материал издеп жатып капысынан «Мамлекеттик кылмышкерлердин иши» деген папкаларга көзүм урунду. Анда 1898-жылдагы Анжиан көтөрүлүшүнө катышкандардын түрмөдөгү досьелери сакталган экен. Александров централь түрмөсүнүн туткундарынын тизмесинен кыргыздын атактуу акын-революционери Токтогул Сатылгановдун ысмын кезиктирдим…» Ошол кезектирген маалыматка караганда акын 1898-жылдын 1-июлунда каторгалык түрмөгө камалгандардын арасында 219 дыйкан, 87 мешан, 45 аскер чининдеги адамдар, 23 жат адам болгон. Ошолордун бири болгон Т.Сатылгановду 1900-жылы күзүндө Круго-Байкал темир жолунун курулушуна жөнөтүшөт. Ал ошол жерди пайдаланууга берген убакытка чейин иштеген.

Келиңиз, эми бул темир жолдун тарыхына келели. Бул жол – Падышалык Орусиянын жол куруу тарыхындагы эң чоң окуялардын жана оор жумуштардын бири. Байкалдын Түштүк жээги менен өткөн бул жерлер түнт токой, ээн жана изилденбеген участоктор болгон. Биринчи участок Иркутск – Байкал бөлүгү 72 чакырым, ал 1896-1898-жылдарда курулуп бүткөн, мында биздин каармандын тиешеси жок, экинчи участок – батыш участок Байкал станциясынан Күлтүк разъездине чейин 85 чакырым, ал 1899-1905-жылдарда курулат[24]. Үчүнчү участок Күлтүктөн Мыска чейин – 174 чакырым. 1901-1902-жылдарда магистралдын курулушунда 9 миң, 1903-1904-жылдарда 13,5 миң адам иштеген. 1-поезд 1904-жылы 18-сентябрь (1октябрь) күнү келген. Расмий пайдаланууга берилиши 1905-жылдын 16 (29) октябры. Байкалдан Мыска чейинки темир жолдун узундугу 244 верст (260 чакырым). Орусиянын ошол кездеги эң мыкты делген И.В.Мушкетов, Б.У.Савримович, Л.Б.Красин, А.В.Ливеровский сыяктуу геологдору, инженерлери бул жолдун долбоорун иштешкен.

Жогорудагы Е.А.Голубев тапкан материалга караганда Токтогул жол пайдаланууга берилгенге чейин иштесе 1905-жылга чейин ошол жерде иштеп жүргөн болот. Бууракандын белинде Эшмамбетке минтип айтып атканы ошондон:

Кийдим кенеп чепкенин,
Чаалыгып жаным кыйналып,
Чаптым чоюн кетменин,
Көтөрдүм темир самбалын.
………………………………………….

Элсизде жүрдүм кайгырып.
Же Калыкка биринчи жолу Жанаалынын тегирменинде жолукканда мындай айтканы бар:

Алтымыш эки кишиден
Араң калдык он тогуз.
Тынчыбыз кетип кыйналып,
Тырмагы уу колдобуз.
Түндүк-Сибирь, күн тийбейт,
Жайы, кышы көпкөк муз.
Кол, бут катып темирге,
Өлдүк го деп коркобуз.

Дал мына ушул Айланма-Бай-Көл (Круго-Байкал) жолун өлүм жазасына өкүм кылынган арестанттар курушу керек болгон жана алардын өлүмү үчүн эч ким жаза тарткан эмес сыяктанат. Карабайсызбы, Кетмен-Төбөдөн кеткен 62 кишинин 43 кишиси Токтогул качканга чейин эле набыт болгон, дал ошол өлүм тоо булбулун да тооруп турган.

Экинчи божомол: Анжиан көтөрүлүшүнө катышкандарды Анжиан, Наманган шаарында эле атып салбай, же дарга аспай эмне үчүн сүргүнгө айдаганын эми аңдап билиңиз. Алар керек болгон, жанагы он үч жарым миң кишини ак падыша кайдан тапмак? Аларга шылтоо эле керек болгон. Шылтоого шыноо жанагы Анжиан окуясы. Жумушка жараган эркектердин баарын падыша ырайым кылып аттырбай, дарга астырбай койгону, бул жакта оор жумуш күтүп турат дегени болчу ак паашынын «атамандарынын».

Темир жол тарыхында 1902-жылы жазда башталган Слюданки менен Байкал станциясынын ортосу баарынын эсин оодарат: жалпысы 7 чакырым келген 39 тоннел тешилет, 16 галерея коюлат, ар бир чакырымга орточо бир вагондон жардыргыч жумшалат, кар күрткүсү, таш тынбай түшүп турган. Анан калса орус-жапон согушуна керектүү нерселер дал ушул жол менен ташылат деп, абдан шаштырышып, 1905-жылы биринчи аскерий эшалондор өтө баштайт.

Сүрөттөрдө: Круго-Байкал темир жолу

Р.Кыдырбаеванын жазганы боюнча Токтогул 1910-жылы күзүндө 12 жылдан кийин кайрылып айылына келет[25].

Токтогул менен бирге болгондордун ичинде Болот Жыртаковдун эскерүүсүндө Анжиан – Красноводск – Арстрахан – Москва – Омск болуп отуруп, бир жарым жыл болду дегенде Иркутскиге Александр централына жетет. Ошол Александр централына бара жаткан жолдо Токтогул качат. Эки айдан кийин гана кармап келип, үстүнө он жыл кошот, колуна зоолу салат, бутундагы кишенин үч жылдан кийин гана чечет да, Байкал темир жолун курууга жиберилет[26]. Ошол эле киши алар «жарым жылдык өмүрү Анжиан түрмөсүндө өткөнүн» белгилейт[27].

Сибирь акынга кандай таасир эткен? Бул аймактын накта кулуну, жазуучу жана сибиряк-атуул В.Распутин төңкөрүш алдынан Октябрь революциясынын жетекчилеринин жарымына жакыны Иркутскиде сүргүндө болгондугун, француз революциясы да, а түгүл дүйнөлүк революцияларда ушул жерде жарыкка келгендигин жазат[28]. Айтмакчы, Токтогул жүргөн жерлерди түшүнүүдө бул китеп абдан баалуу материалдарды берет. Мына ошол В.Распутин айткан чөйрө Токтогулга көп нерсени үйрөттү. Ал эң негизгиси теңсиздик, карапайым калкты эзүү Кетмен-Төбөдө, Фергана өрөөнүндө гана эмес, жалпы падышалык Орусияда экендигин, системалуу көрүнүш болуп жаткандыгын, аны үчүн бүтүндөй түзүлүштү өзгөртүү зарылдыгын түшүнөт жана аларды ырларында чагылдырат.

Бирок аттиң ошол ырлары жазылбай калды, айтылбай калды…

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Молдокасымов К. Тойдон кийинки ойлор же Токтогул тууралуу жаңы маалыматтар [Текст] / К.Молдокасымов // Советтик Кыргызстан. – 1990. – 29-май; Молдокасымов К. Акындын абак жылдары [Текст] / К.Молдокасымов // Кыргызстан маданияты. – 1989. – 20-июль; 27-июль.

[2]Молдокасымов К. Тойдон кийинки ойлор, же Токтогул тууралуу жаңы маалымат [Текст] / К.Молдокасымов // Советтик Кыргызстан. – 1990. – 29-май.

[3]Бобулов К. Критика и литературный процесс. Литературно-критические статьи [Текст] / К.Бобулов. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 97 с.

[4]Борончу уулу Ы. Токтогулга эстелик / Залкар акындар. 7-т. Алымкул, Токтоналы, Исмаил [Текст] / А.Акматалиевдин редакциялоосунда. – Б.: Шам, 2006. – 252-б.

[5]Досуев К. Коргоол. Ырлар жана айтыштар [Текст] / К.Досуев. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 22-б.

[6]Абдиев Т. Айтыштар, замандаштар, чоңколор, залкарлар [Текст] / Т.Абдиев. – Б.: 2004. – 70-б.

[7]Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 62-б.

[8]Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972.  – 146-б.

[9]Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 381-б.

[10]Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 330-б.

[11]Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 428-б.

[12]Акиев К. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 433-б.

[13]Бобулов К. Тандалган чыгармаларынын үч томдук жыйнагы. Түз.: С.Алахан. III т. [Текст] / К.Бобулов.  – Б.: 2011, Полиграф-ресурс, 2011. – 281-б.

[14]Даутов К. Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү [Текст] / К.Даутов. – Б.: Басма-тамга, 2003. – 87-б.

[15]Богданова М. Киргизская литература. Очерк. [Текст] / М.Богданова.  – М.: Советский писатель, 1947. – 105 с.   290 с.

[16]Таштемиров Ж. Токтогулдун акындык чеберчилиги [Текст] / Ж.Таштемиров. – Ф.: Илим, 1975. 176 – 177-бб. 186 б.

[17]Ватагин М.Г. Токтогул: его жизнь и песни [Текст] / М.Г.Ватагин. – http://www.islam.ru/ content/kultura/ toktoul_ego_jizn_i_pesni

[18]Сооронов О. Тоо булбулу Токтогулду табериктеген Жумай Жылкыбаевдин эскерүүлөрү жана кошумча сөздөр [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011. – 24-май

[19]Липчинская О. В Иркутске будет улица акыны Токтогула [Текст] / О.Липчинская // Замандаш. – 2005. –  №1. – 26 – 27-бб.

[20]Жороев Т. Токтогул баскан из менен… [Текст] / Т.Жороев // Замандаш. – 2005. – №6. – 29-б.

[21]Кененсариев Т. Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар [Текст] / Т.Кененсариев, Э.Авазов. – Ош. – 2002. – 129 – 131-бб.

[22]Голубев Е.А. Песня акына над Байкалом: [О Токтогуле Сатылганова] [Текст] / Е.А.Голубев // Байкал. – 1982. – №4. – 125 – 126-бб.

[23]Голубев Е. Акындын ыры Байкал мейкининде / Котор. А.Шерматов [Текст] / Е.Голубев // Кыргызстан маданияты. – 1978. – №6. – 3-февр. – 14-б.

[24] Хобта А.В. История строительства Кругобайкальской железной дороги 1887-1915 гг. [Текст]: Дис. … канд. ист. наук. 07.00.02 / А.В.Хобта. – Иркутск, 2005. – 267 c.

[25]Кыдырбаева Р. Токтогул / Кыргыздар. Он томдук. 6-т. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев [Текст] / Р.З.Кыдырбаева. – Ф.: Учкун, 2004. – 458-б.

[26]Жыртаков Б. Улуу акын жөнүндө менин эскерүүлөрүм / Токтогулга гүлдесте [Текст] / Б.Жыртаков. – Ф.: 1964. – 12 – 18-бб.; Үмөталиев Ш. Токтогул. Адабий портрет [Текст] / Ш.Үмөталиев. – Ф.: Мектеп, 1975. – 33 – 34-бб.

[27]Жыртаков Б. Кыргыз элинин улуу акыны жөнүндө эскермелер / Токтогулдун замандаштарынын эскермелери. Басууга даярдаган М.Сырдыбаев [Текст] / Б.Жыртаков. – Ф.: 1959. – 89 – 94-бб.

[28]Распутин В. Сибирь, Сибирь… [Текст] / В.Распутин. – М.: Молодая гвардия, 1991. – 154 с.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *