Кылдан кыйкым издеп турат кыргыз. Билип билбей, көрүп көрбөй – ооздун желин бүркүп коё берет. Белгилүү журналист жана юрист Жыргалбек Турдукожоевдин жакында «Жаңы Ордо” гезитине (2018-ж. 6-апрель), «Өлкөбүздөгү туруктуулукту эки революция аркылуу кыргыз эли камсыз кылды» аттуу маеги жарыяланса, аны кээси «эмнеге алты жыл бою унчукпай келип, эми тил чыгып калдыбы» деген апазда үн каткандарга жооп болсун үчүн Турдукожоевдин 2012-жылы 6-майда «24.кg» сайтына жарыяланган маегин кайталоону эп көрдүк. Ага улай «Алсыздыктын жана жалгыздыктын 100 күнү» аттуу 16-март, 2012-ж. “Алиби” гезитине жарыяланган макаласын сунуштамакчыбыз.

— Азыр кайсы кызматтасыз? Муну сураган себебим: зулум бийликке каршы бир команда болуп келген адамдардын жолу бийлик алмашкандан кийин ажырап калганына коомчулук күбө. Роза Отунбаева президенттик милдетти аркалап турганда сиз анын жардамчысы болуп турдуңуз эле, ал киши кызматын өткөрүп берери менен командасы да таркатылды көрүнөт… Эмнеге?

— “Чиновник” деп кɵпчүлүк анча жактырбаган мамлекеттик майда-барат кызматтардын биринде иштеп жүрөм. Ооба, азыркы бийликтин башында тургандар менен оппозициялык же революциялык кыймылда жүргɵндɵ бир командада элек. Аны эл жакшы билет. Роза Исаковна негизинен ошол команда менен иштешти. Ал эми Алмазбек Шаршенович бийликке жетери менен ɵз тегерегине кимдерди топтоп алганы жумурай-журтка белгилүү. Кыргызда “ар кимдин ɵзүнɵ жараша акыл чɵйчɵгү болот” деген накыл сɵз бар эмеспи. Ал акыл чɵйчɵк айлана-чɵйрɵгɵ, кырдаалга, мезгилге, мансапка, байлыкка ж.б. жараша бирде толуп, бирде бɵксɵрүп турат экен. Элибиз жеке, тар кызыкчылыкка байланыштуу аракеттин баарын “пендечилик” катары баалайт. Башкалар пендечилик кылса, балким, кечиримдүүдүр, себеби анча көп зыян келтиришпейт, бирок журтбашындагылардын пендечилиги коомго, мамлекетке эч жакшылык алып келбейт. Акаев дагы, Бакиев дагы ɵздөрүнүн эл алдындагы милдет, озуйпаларын, жоопкерчилигин эстеринен чыгарып, жеке, тар кызыкчылыктарынын туткунунда калышпадыбы. Алар “мамлекет — бул мен”, деп түшүнүп, бийликти ɵздөрүнүн жеке менчигиндей кɵрүшкөн.

Ошондон улам алар кечээ берген убадаларын унутуп, тигил же бул адамга баа бергенде анын элге, улутка жасаган эмгегине эмес, жеке ɵзүнө кылган кызматына, келтирген пайдасына карап баа беришет. Ошентип, шефке ак кызмат кылгандар анын командасына кирип, ал эми эл-журт, ɵлкɵ үчүн ак эмгек аткарган, ɵз позициясы, намысы бар кɵз карандысыз инсандар четке сүрүлүп калат. “Дос күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат” дегендей, бетке айтып кɵнгɵн, антүүгɵ моралдык толук укугу бар андай инсандын “күйгүзгɵн” акыйкат сөздөрү кечээки кесиптеши – бүгүнкү шефине жакпайт. Акыры шеф аны кызматтан бошотот же “тойдум, байдын кызына” деп, инсан ɵзү кетет. Алмазбек Шаршенович андай инсандардан толук кол жууду дегенден алысмын. Анын командасында азырынча мурдагылардан “акыркы могикан” генерал Б.Табалдиевге окшогон таза, кесипкɵй, кара кылды как жарган калыс инсандардан бир-экɵɵ бар. Бирок кийинки күндɵрү маалымдоо каражаттарына качкын президенттердин куйруктарынын “почерки” даана кɵрүнгɵн, ал адамдарды каралаган материалдардын – ушактардын удаа чыга баштаганы мамлекет башчысы командасын биротоло жаңыртууну кɵздөгөнүнɵн же анын жаӊы командасы шефинин контролунан биротоло чыгып, ɵз алдынча саясат жүргүзɵ баштаганынан кабар берет….

— Буга чейин эл ырыскысын тоноп, мамлекет тагдырын ушуга алып келген саясый элита менен алакасын чыңаган Атамбаевдин журтбашы катары ушундай кадамдарын анын айкөлдүгү, кечиримдүүлүгү деп эсептейсизби же айныкейиби?

— Акылмандан шакирти минтип сураптыр: “Кɵзү ɵткɵн адамдар тууралуу жакшы сɵз гана айтыш керек же эч кандай сɵз кылбаш керек дешет, Сиздин оюңуз кандай?” Акылман: “Кɵзү ɵткɵндөр жөнүндɵ дагы акыйкат сɵз айтыш керек” деп кыска жооп берген экен. Анын сыӊарындай, менимче, Сиз айткан “саясый элитага” айкөл да, кечиримдүү да айныкей да эмес, акыйкат, калыс гана мамиле жасоо зарыл. Ал “элита” орустар айткандай, ɵтɵ “живучий” (кыргызча бир аз одонороок болсо да “ит жандуу” десек туура) келет. Алардын мурундары дагы жытты чɵɵнүн мурдунан кем сезбейт, эӊ башкысы — шефке кандай кызмат кылуу жагынан алар эч кимди алдыга чыгарбайт.

Ошол эле учурда алар шефине жакшылык кылып дагы жыргатпайт. Элибиздин “ойдо оосурган тойдо дагы оосурат” деген учкул сɵзү дал ошолорго карата айтылгандай. Акаев-Бакиевдин тушунда кɵрпендечилик кылып, ар кандай интригалар менен алектенген, ɵлкɵбүздү сасытып келген шылуундар бүгүн дагы абаны бузуп, былжытып жатышат. Журтбашындагылар, балким, жытыгышып калаар, бирок коом таза абадан дем алгысы келет, демек, андай сасыкка узакка чыдабайт…

— Дегеле 2010-жылы, 7-апрель окуясы болуп өткөндөн кийин Алмазбек Атамбаев Ата-Бейиттеги сүйлөгөн сөзүндө мекен үчүн шейит кеткендердин арбагынын алдында да, коомчулук алдында да мурунку бийлик системасында иштегендерден арылып, өлкөнү жаңы жолго салабыз деп жалындуу сүйлөгөн. Турмуш көргөзгөндөй, кийин коалиция куруу милдети Атамбаевге тапшырылганда эмне болду? Жалаң мурунку бийликтин иркектештери менен фракция куралып, өзү Өкмөт башкарып калды да, курчоосуна өңчөй мурунку бийликтин аксымдарын жыйнады. Ал эми 20 жылдан берки мамлекеттик системага каршы туруп келген “атамекенчилер” оппозиция бойдон кала берди… Азыркы бийлик ошондон тартып ээрге кыйшык отуруп калган жокпу?

— Акыркы эки жылдагы саясый окуялар саясатчыларыбыздын апрель элдик революциясынан кийин ɵлкɵбүздɵ түзүлгɵн жаӊы коомдук-саясый кырдаалга адекваттуу жооп берүүгɵ такыр даяр эмес экенин айгинеледи. Ошондуктан жаӊы бийлик бирде мүдүрүлдү, бирде ээрден кыйшайды, кээде качкын президенттердин сааттуу салтын улап, опурталдуу тажрыйбасын колдонду. Бир жагынан бул табигый процесстей, өнүгүүнүн “балалык ооруларындай” туюлат. Бирок ар бир өнүгүүнүн коомчулукту ынандыра турган себеп, жагдайлары, аяктоочу, оӊ багытка түшчү мезгили болот. Тилекке каршы, бул процесс эч жүйөөсүз узакка созулууда. Башкасын айтпаганда дагы азыркы бийлик саясый оппоненттери, коомдук күчтɵр менен алака түзүүнүн эң жɵнɵкɵй ыкма, технологияларын өздөштүрүшү – кечиктирилгис иш, деп ойлоймун.

— Албетте, азыр мындай темада сөз кылуунун актуалдуулугу солгундап калды деңизчи, бирок сиз бийлик алмашканга чейинки оппозициялык команданын бирден-бир саясый технары элеңиз, ошондуктан мындай кыйгыл маанайдагы суроолорума көп нерсенин ичинде жүргөн киши катары баа бергениңиз маанилүү деп ойлойм. Себеби аналитикалык макалаларыңызда дайыма саясый маданият туурасындагы кепти көп козгоор элеңиз…

— Биздеги саясый маданият тууралуу сɵз кылганда, мен Суталиновдун соройгон колун элестетем. Тилекке каршы, биздин саясый аң-сезимибиздин деңгээли абдан тɵмɵн. Ошондуктан ɵлкɵбүздɵгү коомдук-саясый процесске, анын катышуучуларынын аракеттерине ɵз убагында калыс баа берип туруу — пайдалуу иш. Ал коомдо саясый маданияттын калыптанышына сɵзсүз түрдɵ оң таасирин тийгизет. Жаӊы ачылган силердин кыргызча веб-сайтыӊар дагы буга кɵп салым кошоруна ишенем. Саамалыгыӊарга чоӊ ийгилик каалайм.

Маектешкен Олжобай Шакир

Алсыздыктын жана жалгыздыктын 100 күнү

(А.Атамбаевдин президенттик такка отурганына 100 күн болду, 16-март, 2012-ж. “Алиби” гезити)

Шайланган мамлекет башчысы үчүн алгачкы 100 күн анын шайлоо алдындагы платформасы канчалык реалдуу болгонун, аны жүзөгө ашырууга канчалык чарк-чамасы, дарамети бар экенин, эң негизгиси калайык-калк абдан жооптуу чоң кызматка татыктуу адамды тандаганын же тандабаганын аныктай турган мөөнөт болуп саналат. Ошондуктан баардык өлкөлөрдө бул мөөнөткө айрыкча маани берип, жаңы президенттин ишмердигин кеңири талдоого алып, баа коюшат, ошого жараша келечегине божомолдорду айтышат. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул жагынан жетиштүү тажрыйбага ээ боло албадык. А. Атамбаевге чейинки президенттер бийликке нукура саясый атаандашуу негизинде келишкен жок, ошол себептен алардын жарытылуу программалары деле болгон эмес. Бирок Роза Отунбаева бул жагынан башкалардан кыйла айырмаланганын калыстык үчүн баса белгилей кетүү керек. Өлкөбүздө өкүм сүрүп турган оор кырдаалга карабастан, ал келип чыккан көйгөйлөргө мүмкүн болушунча өз убагында туура, адекваттуу жооп кайтарып, аларды чечүүгө бүт күч-кубатын, билим, тажрыйбасын жумшады. Опол тоодой жүктү көтөрүп, көп каршылыктарга, кыйынчылыктарга моюн сунбай, бир-эки жылда араң аткарылчудай көрүнгөн иштерди бир нече ай ичинде же 100 күндө чечкенге үлгүрүп жатты. Ошондо да кабагым-кашым дебеди, журналисттерди кайра-кайра чогултуп, “кыйратып жатам” деп жар салып, мактанган жок. Ал эми А. Атамбаевчи? Анын бүгүнкүгө чейинки аракеттерине, арымына, дарамет, кудуретине кандай баа берүүгө болот?

Ачыгын айтканда А. Атамбаев 100 күн ичинде өз активине жазарлык, шайлоочулары ооздоруна аларлык бир гана ишти – коррупцияга каршы күрөштү баштады. Бул анын программасында дагы, такка отуруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө дагы президент катары аткарчу негизги милдеттеринин бири катары аталган. Кыргызстанда көп жылдардан бери тамырлары Ак Үйдөн баштап, айыл өкмөтүнө, төрөт үйүнөн академияга чейин кенен да, терең да жайылган, эки революциянын чыгышына башкы өбөлгөлөрдөн болгон коррупцияны ооздуктоого жаңы президенттин бел байлаганы ар тараптан колдоого татыктуу кадам катары бааланууга тийиш. Бирок мамлекеттик бийликтин ушул күнгө чейин бул оор илдетке каршы чечкиндүү чабуулга өтмөк тургай, тескерисинче, анын алдында карышкырды көргөн козудай калтырап турганы көп суроону пайда кылууда. Мында жасалма жана тандалма мамиле басымдуулук кылып, күрөш системалуу жана кеңири масштабда жүргүзүлбөй жатат. Азырынча А. Атамбаевдин жарыялаган согушу Дон Кихоттун жел тегирмен менен кармашын, ал эми коррупция ал кармашта бирин-серин жалбырагына гана доо кеткен чынар теректи элестетет…

Окурманым төмөнкүдөй суроо узатышы мүмкүн: “Атамбаев 100 күн ичинде Түркия, Орусияга ишсапар менен барып, бир топ маселелерди чечип келди. Андан сырткары, бир нече чечимдерди кабыл алды. Ал – иш эмес бекен?” Албетте, ал фактыларды эч ким танбайт. Ошол эле учурда кеп иш-чаралардын санында эмес, сапатында, талапка, мыйзамга ылайыктуулугунда, алып келген натыйжаларында экенин эстен чыгарбоо зарыл. Ошондуктан маселенин бул өңүтүнө да кыскача токтолоюн. А. Атамбаевдин Түркияга ишсапары жалпы журтчулукка түшүнүктүү болгон менен Орусияга барганы көп ызы-чууну эле эмес, табигый суроолорду жаратты. Манас атабыздын эстелигинин ачылышына катышканы – жакшы, бирок аны “этнический россиянин” (этностук орусиялык адам) дегени, жумшак айтканда, осолдук болду. Ишсапар учурунда 15 миллион долларга жакын карызды өндүргөнү – жаман эмес. Бирок ал акча каражаты компетенциялуу же цивилизациялуу жол менен өндүрүлдүбү? Тагыраак айтканда, ал карызды доолап барып, мамлекет башчыбыз өзүнүн Баш мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын аша чаап, пайдаланган жокпу? Андай иш чындыгында аткаруу бийлигинин иши экенин 1-курстун укукчу студенти деле жакшы билет. Андай иш колунан келбеген өкмөттүн кереги барбы?! Президент өз укуктарын билбейби же өкмөткө ишенбейби? “Билбейт” деп айтуудан алысмын. Ал эми өкмөткө анча ишенбей турганын, менимче, А. Атамбаев өзү дагы танбастыр. Эки-үч эле мисал келтирейин. Коррупцияга каршы күрөш – бул ар кандай кылмыштуулукка каршы иш жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин иш-милдети. Ага карабастан, бул ишти жүзөгө ашырчу органды президент иш-милдети такыр башка мекемеге — өзүнө баш ийген улуттук коопсуздук комитетине жүктөп койду. Андан сырткары, акыркы мезгилге чейин өкмөттүн түзүмүндө болуп келген дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти дагы эч жүйөөсүз эле өзүнө баш ийдирип, жетекчисин өзү дайындап алды. Бул өкмөткө ишенбегендик эле эмес, мамлекет башчысына тиешесиз укук, функцияларды өзүнө ыйгарып алгандык, деп эсептеймин. Дагы бир мисал. Жакында эле президент телеканалдардын журналисттери менен баарлашуусунда минтип айтты: “Жаман иштесе же коррупияга аралашканы билинсе, Өмүрбек иним, өкмөт башчылыгынан кет дегенге эрким, кудуретим жетет”. Баш мыйзамга ылайык келбеген, өзүнүн ыйгарым укугуна кирбеген мындай маселе боюнча сөз айтаардан мурда мамлекет башчысы ириде “антүүгө мага Конституция укук береби?” деген суроо бериш керек эле. Президенттин сөзү – жородогу сөз эмес. Айтардан мурда ар бир сөзүн ал жети өлчөөгө тийиш. Бул айткандарым А. Атамбаевдин мисалга келтирилген сөздөрүнө эле эмес, жалпы эле сүйлөө маданиятына тийиштүү…

Ушундай фактылардан улам А. Атамбаев президенттин ыйгарым укуктары абдан чектелгени өтө туура болгонун тажабай дайыма кайталаганы менен өзүн де-факто 1-жана 2-президенттердикиндей укуктарга эгедер мамлекет башчысы катары сезип жатабы деген ойго келесиң.

Президенттин 100 күн ичинде кабыл алган башка чечимдери маани-мазмуну жагынан жогоркулардан анча айырмаланбайт. Бул мөөнөттө, коомубузда туруктуулук өкүм сүрүп турган шартта өлкөбүз үчүн пайдалуу иш-аракеттерди жасоого, тийиштүү чечимдерди кабыл алып, жүзөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар эле. Маселен, сот реформасын жүргүзүү, судьялар корпусун түзүү боюнча кыйла чараларды көрүп, ишти алда канча илгерилеткенге мамлекет башчысына эч ким тоскоолдук кылмак эмес. Тилекке каршы, түздөн-түз милдети болуп саналган бул багыттагы проблемаларга президент үстүртөн гана мамиле жасалган айрым чечимдер менен чектелип, жетиштүү көңүл бура албады. Ал эми ыйгарым укуктары аяктаган кээ бир судьялардын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө анын жарлыгынын Баш мыйзамга ылайыктуулугу чоң күмөн туудурууда. Конституциялык палата түзүлсө, бул маселе ал карай турган негизги маселелерден болорунда шек жок. Мамлекет башчысынын менин басма сөзгө жарыяланган интервью, макалаларымда, ачык каттарымда токтолуп, Баш мыйзамга каршы келет деп эсептеген ондогон чечимдери дагы Конституциялык палата тарабынан жокко чыгарылаарына ишенем.

“Вазир жакшы – хан жакшы” дегендей, А. Атамбаев аз убакыттын тогошунда өз аппаратындагы кадрлардын көбүн алмаштырууга үлгүрдү. Президенттик аппаратта мурда иштеген жооптуу кызматкерлердин дээрлик чейреги бошотулду. Алардын кызматтан мыйзамсыз бошотулганы тууралуу доо арызын жергиликтүү соттор түшүнүктүү себептер менен негизсиз создуктуруп, карабай жатканы, ошол эле учурда тажрыйбалуу эксперттер президенттин аппаратында эмгек мыйзамдары одоно түрдө бузулуп жатканы тууралуу дагы мурда окурмандарга маалымат берген элек.

Ошентип, А. Атамбаев басымдуу көпчүлүгү качкын президенттердин жан-жөкөрлөрүнөн турган өз командасын түзгөнгө үлгүрдү. Бирок командасы ага жарытылуу жардам көрсөткөнгө анча жарабай, натыйжалуу иштей албай жатканын ушул мезгилге чейин өткөрүлгөн иш-чаралардан эле байкаса болот. Коргоо кеңешинин январь айында өткөн жыйынынан башка бир дагы иш-чара оң баа берүүгө арзыбайт. Сыртынан командасы бардай көрүнгөн менен А. Атамбаев өзү жакшы көргөн жомокторундагы каармандар менен жалгыз калгандай таасир калтырат. Бул анын кээ бир болор-болбос маселелер боюнча өзү түшүндүрмө берүүгө аргасыз болуп жатканынан эле ачык-айкын көрүнүүдө. Журналисттер, коомчулук алдында чыгып сүйлөп, андай маселелерди чечмелегенге кеңешчилеринин дарамети жетпей жатабы. А. Атамбаев руксат бербей жатабы же аларга дагы ишенбейби? Командасы күчтүү жана жөндөмдүү болгондо мамлекет башчысы андай майда-барат иштер менен алек болбойт эле. Ал эми жан-жөкөрлөрүнүн мажүрөөлүгү күчтүү журт башчысын дагы алсыратып, а түгүл, бечара кылып коёору тарыхтан белгилүү эмеспи.

Жогоруда келтирилген талдоо, жүйөөлөр А. Атамбаевдин мындан аркы ишинин келечеги, президенттик перспективасы тууралуу кээ бир так божомолдорду (прогноздорду) алдын-ала айтууга мүмкүндүк берет. Бул ирет ал божомолдор азыркы мамлекет башчысынын элибиздин көптөн бери күткөн үмүт, ишеничин актаарына чоң күмөн бар экенинен кабар бергенин белгилөө менен чектелели.

Жыйынтыктап айтканда, А. Атамбаевдин президент катары 100 күндүгү айтылуу Дон Кихоттун кейиштүү кейпин, аянычтуу абалын эске салат. Бирок уламышка айланган залкар адабий каармандын биздин макаланын уламыштарды сүйгөн каарманынан асман менен жердей бир чоң айырмасы бар. Дон Кихот А. Атамбаевдей алсыз дагы, жалгыз дагы болгон эмес, аны баарыбыз үчүн сүйкүмдүү, жагымдуу каармандар дайыма коштоп жүргөн…

Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.