Конкурска: Сүннөт той үчүн сценарий

№6 Сүннөт же баланы отургузуу, баланы адалдоо, баланы мусулман катарына кошуу – эркек балдарга багышталган жөрөлгө. Бала так жашка – же үчкө, же бешке, ашып кетсе жетиге  чыкканда анын чочосун кесип ырымдатуу салты. Сүннөттө баланын эти бошоп турган кезде, көбүнчө жазда, жыныс мүчөсүнүн учун тегерете чырпып кесип коёт. Эл ичинде чочок кескен атайын усталар болгон. Алар жыныс мүчөнүн үстүн чий менен кыпчып туруп, курч бычак менен учунан бир аз кесип салган. Же жоонураак чийди теринин ичине киргизип, теринин учун тегерете […]

Грек эл жомогу: Жылан дарагы

Илгери, илгери бир кедей адам жашаптыр. Анын аты Костакис экен. Жуманын алты күнүндө ал бел чечпей, баш көтөрбөй эртеден кечке иштечү. Ал эми жекшемби күнү бакчасына чыгып, жакшылап тамактанган соң кечке чейин чоор аспабында ойночу дешет. Ушинтип ал өмүрдүн ырахатын көрүп, жашоонун жакшы даамын татчу. Костакис өзү жердигинен боорукер мүнөз, ак көңүл, жайдары адам болгондуктан анын бирөөлөргө ачууланганын, адамдар менен талашып-тартышканын эч ким көрбөптүр. Дагы бир жашоосун кооздогон жекшемби күндөрдүн биринде ал адатынча бакчасында чоорун ойноп, ичинен кайсы бир ырды […]

Конкурска: Үйлөнүү үлпөтүнүн сценарийи

№5 Тойду өткөрүүнүн эң эле биринчи максаты – эки жаштын үйлөнүүсүн жарыялоо болуп эсептелет. Бул нерсе азыр деле ушундай максатта өтөт, бирок чыгымдар өтө эле көп. Булардын баары ысырапкерчиликке алып барууда. Турмуш курган адамдар сценарийди башкача жазышса керек. Мен турмушка чыга элек, бойдок  катарында менин тоюмум төмөнкү таризде өтүүсүн каалайт элем. Азыркы маселени реалдуу караш керек. Эгерде биз өтө эле улуттук жакка басым жасай берсек, анда бул долбоорду көпчүлүк колдобой коюусу толук мүмкүн. Той  жаштарга ылайыктуу заманбап түрдө болуусу шарт […]

Жыргалбек Турдукожоев: Өлкөбүздөгү туруктуулукту эки революция аркылуу кыргыз эли камсыз кылды

— Экс-президенттин 31-марттагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүнө кандай баа бересиз? — Ал маалымат жыйынында мага Атамбаев бийликтен кеткен көп саясатчынын бирине айлана баштагандай сезилди. Кезегинде А. Акаев, К. Бакиев, а түгүл, Атамбаев президент болуп турганда көп саясатчылар аларды “айлана-чөйрөсүндөгү адамдар бузуп жатышат” деп айтышканы баарыбыздын эсибизде. Бул жолу Атамбаев дагы кээ бир иштер үчүн жаңы президенттин “айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга” асылды. Бул – мен байкаган биринчи факт. Экинчи учур – бул Атамбаев келечектеги чоң саясатта өзүнө, айланасындагыларга  анча ишенич артпай жаткандай туюлду. […]

Дилазык: Бардык эрежелерди билген киши

Кадыр-барктуу бүлөдөн чыккан киши болот. Алтын, баалуу буюм-тайым издеп, соодагерлердин тобу менен кемеге түшүп, деңизде сүзүп, жер кезип жөнөп калат. Ал деңизге чыккан кемелерди башкаруунун бардык эрежелерин жадыбалдай жаттайт: деңизде жүрүп, айлампага, суу алдындагы агымга же чоң таштарга туш келсең, кемени кандай кармаш керек, кайсыл жакка бурса болот, канткенде болбойт, бүт бардыгын үйрөнөт. Анан бардыгына жар салат: — Мен деңизде кеме менен кантип сүзүү керектигин мыкты билем. Муну уккан соодагерлер ага абдан ишенип калышат, “сенсиз өлбөйт экенбиз анда” дешет. Деңизге […]

Эмилбек КАПТАГАЕВ: Мамлекетти башкарар пультту көрүнгөндүн колуна карматпаш керек

(1-маек) Кезектеги «Сармерден» ресторанынын бильярд мелдешине белгилүү публицист Нарын Айып, мамлекеттик жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин «Атамекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жана парламенттеги эркин депутат (өзгөчө пикири үчүн КСДП фракциясынын курамынан чыгарылган) Жанар Акаев мейман катары чакырылып, учурдагы саясый кырдаал боюнча олуттуу ойлорун ортого салышты.   Олжобай Шакир: Учурда Жээнбековдун саясый курсу жалпы элдин маанайын түзөп, жакшы позитивди ойготуп койгонунда. Бул нерсе күтүүсүздүктөн болдубу же күтүлүп жаткан эле нерсе беле? Алмамбет Шыкмаматов: Азыркы болуп жаткан президенттин саясатын жапырт […]

Асан ЖАКШЫЛЫК: Карагайчылар (шедевр)

АҢГЕМЕ Эки карагайдын бир-биринен өзгөчө деле айырмасы жок эле, болгон бөтөнчөлүгү — бирөө саал өйдөрөөк дөңсөөдө өсүп, көзгө шаңкайып, бийигирээк көрүнөт экен, аны кудайаткыр, кийин байкап жүрөбүз. Мына ушу жанаша өскөн шыңга бой эки карагай — бала кезинен моюндаш өскөн эки адамдын мамилесинин эки ажырым болуп бузулуп кетишине эбепке-себеп болду да, саат басып, андан соң алар көпкө жүз карашпай, баарыдан да бүт айылга келеке сөзгө калышты, окшошкон «кежирлер» деп, келжеңдеп атайы тийиштик менен такмаза кылышкандарга күн оңунан тууп берди жана […]

Бурул КАЛЧАБАЕВА: Жети-Өгүздөн чыккан сегизинчи өгүз…

Маектешибиз Бурул Калчабаева 1979-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, 1989–1991-жылдары М.Горький атындагы адабият институтунун драматургия бөлүмүн аяктаган. Театр күйөрмандары анын «Толкундар тереңге кетет», «Мен сүйгөн обон», «Кыз күйөө», «Аянанат», «Арман, Таштабай тентек» ж.б. пьесалары менен тааныш… – Арыбаңыз, жеңе. Тоо жүрөк Анатай авабыз экөөңүздөр менен көптөн бери маңдай-тескей маек куруунун ыңгайын издеп жүрдүм эле. Бирок убактым тар болгондуктан сиздер менен кенен отура албай келем. Бул мерте өзүңүз менен аңгеме дүкөн куруунун удулу келип туру. Себеби коомчулукта азыр саясый кырдаалдагы кара булут […]

Капар ТОКТОШОВ: Чыр-Дөбө

(сатиралык аңгеме) Протон колхозунун бүт эли убай- чубай Тынч- Дөбөгө бет алды. Алдыда чыбык минген мадыра баштар баратты чаң сапырып. Алардан соң калбаат баскан жигиттердин сөзүн тыңшап боз балдар барат. Алардын артында катын- калачын алдыга салып айдаган чоң кишилер. Эшекчендер улам- улам теминип артта. Аларга удаа айылдын эринчээк иттери топ ичине даап кире албай ыркырашып келет. Ошентип биринин сөзүн бири укпай бака- шака болгон эл Тынч- Дөбөгө жете келип уй мүйүз тарта токтошту. Тынч- Дөбө бу секинин кийинки, жаңы аты. […]