АҢГЕМЕ

Эки карагайдын бир-биринен өзгөчө деле айырмасы жок эле, болгон бөтөнчөлүгү — бирөө саал өйдөрөөк дөңсөөдө өсүп, көзгө шаңкайып, бийигирээк көрүнөт экен, аны кудайаткыр, кийин байкап жүрөбүз. Мына ушу жанаша өскөн шыңга бой эки карагай — бала кезинен моюндаш өскөн эки адамдын мамилесинин эки ажырым болуп бузулуп кетишине эбепке-себеп болду да, саат басып, андан соң алар көпкө жүз карашпай, баарыдан да бүт айылга келеке сөзгө калышты, окшошкон «кежирлер» деп, келжеңдеп атайы тийиштик менен такмаза кылышкандарга күн оңунан тууп берди жана алардын жылдырма какшыгы жанга барган сайын катуу тийчү болду.

Жок, эки карагайга чейин эле аларды кырсык тооруп калса керек, кежирлик деген деле кетпес кырсык эмеспи, алар кыйладан бери биринен бири өйдө, биринен бири тың өңдөнүп, жолуккан эле жерден дайыма өз ара тиреше калмай адат күтүп алышкан. Бирок эки күн мурун дүкөнгө таруу түшүп, очойгон калың кар жаап салбаганда бул балакет окуя болмок эмес. Чогулуп карагайга бармак болдук. Чогулдурдун аялы бышык катын эмеспи, кара жанын карч уруп, сатынган неме пулу көп да, угуттан арбын кошуп, тиги дүкөндөгү таруудан апкелип, күргүчтөтүп бозо сала коюптур. Карагайга жетээрибиз менен Чогулдур ышталган кызыл эркеч чаначын деле кой, бажактат каадалуу чечип, адатынча кырданып кирди, мактанышынча бар экен, — жарыктык таруу бозо көбүрүп-жабырып ийине келген экен, жутаарыбыз менен эңгирей түшүп, дароо ичегибиз кызып чыкты. Биз тамшанып бозосун жуткан сайын Чогулдур огобетер даарып, оңбогур, өз катынын өзү жерге-сууга тийгизбей күчтөнө мактай баштады. Митайым Чогулдур, минтип кыябы келип турганда, удулду өткөрбөй өз сүбөсүн көтөрүп, ал эми атаандашы Айдыкени эл алдында басынтып коюу керек эле да оюнда, ал мүдөөсүн жым дегизбей түшүндүк; биз да Чогулдурга кошулуп, бозосун бекер ичип жатсак, анын катынын жерине жеткире көкөлөттүк, бу дагы, күзүтүп кетти; Айдыке адетинче жүзүнөн түгү чыгып тырышып эле калды… Бозоңо баракелде деп, жарбактап койдук.

Көңүлү көтөрүлүп турган Чогулдур, тетиги жогорку карагайды мен кыям деп калды, анда Айдыке: «Жок, мен небак ээлегем, күрмөм түбүндө жатат», — деп кескин тырчып, мурдунан деми кысыңкы чыкты. Бизге эмне, Чогулдурдун аялынын көбүргөн бозосун баса-баса согуп алып, карагай кыйганы туш-тушка тарап кеттик.

Көрсө, тиги окшошкон эки кежир алиги карагайга барышыптыр да, башын ачып албай түз эле жарышып, бир карагайды эки жагынан шапылдата кыйып киришиптир. Анан бирөөнүн чамындысы экинчисине ыргыйт да, сөгүшүп эле жатып калышты. Сооп, сөгүшө беришсин, бизге эмне, эрмек керек да, жок чындап баратышат, бири биринин ата-жотолорун калтырышкан жок, биз да делдейип, эми чындап кулак түрүп калдык.

Кырсыкты карабайсыңбы, сөз заматта ырбап, ачуулары тез эле бышып, бирөөсү «сен кый» деп, тирешпей басып кетсе эле болмок да, тегеректе кудайдын карагайы жайнап турбайбы, жок эрегишти да калышты; колдорунда жалаңдаган курч ак балта, ичегилеринде бой кызыткан бозо, кудайакы, мен чындап бир аз жүрөксүй түштүм, Чогулдурдун аялын талашкансып, эки берен, тоонун бир карагайын талашты да калышты.

— Бар, тиги карагайга итирейбей! — деди Чогулдур өкүм.

— Сен бар энеңди — … Айдыке ашатып түз эле сөгүп жиберди.

Бул карагай ичине өрт жаккан сөз болду, биз жеткиче кырсык болордо баары шай келет эмеспи, түгөт Чогулдур, балтасын ыргытып жиберип, анын көрөгөч көзү адетинче тамыры бош турган дүмүрдү көрө койбойбу да, шүмшүк, шак жулуп алып, ачуусу тез кайнаган эшек, түз эле каракушка бир салыптыр ой! Айдыкең, шоруңду урайын, «күп-п» деп кулап түшөт да. Бул көз ачып жумгуча эле болгон окшойт, аңгыча карагай ичи жым-жырт боло түштү. Биз арачалайлы деп жетип барсак, Айдыке небак жерде сулк жатат, тил-ооздон жок, килейген дүмүр сынып кетиптир, мүрт кетсе керек. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, «өлүптүр шорлуу» деп койдум, муунум титиреп чыкты, килейген дүмүр бөлүнүп кетсе, адамда жан калабы, кишинин кылдан ичке жаны кантип туруштук берсин тиги килейген дүмүргө. Демден дайын жок, дүмүр тийээри менен эле байкуштун жаны алты кес учуп кетсе керек, дароо дендароо болдук, мээм чымырап кетти, заматтын ортосунда ээн карагайдын ичинде бейишиң болгур, ак карда Айдыке сөлөкөт болуп жатты да калды. Тирүүлүктүн жышааны жок, жалпы эстен тандык. Айдыкени өлтүрө чапкан Чогулдур баштап, өлүмдүн сүрү курусун, текши баарыбыз абдаарып, бул ойдо жок окуяга кирептер болуп, заматта үрөйүбүз учту.

Чогулдур эми-эми балакетти сезди окшойт, Айдыкенин аягына жылып барып, алда шоруңду урайын ай, өзүн төбөгө муштап-муштап жиберип, ачкүзөндөй ачуу өкүрүп-өкүрүп алды. Эми мээсине жетти белем. Киши өлтүрүш оңой бекен, ал турсун мен кошо күнөө кылгансып, жаным өзүмдүкү болбой аргам кетип турган эле. Бирөөнүн ажалы, экинчисинин шору. Эмнегедир, көзүмө алар талашкан карагай урунду. Ушу жерде өсүп калганына жиним келип кетти. Эки жагынан эки балта эрегишип кыйып кирген алиги карагай кадим өзүнө кол салган эки эргежээлди ачуусу менен ыргытып жибергенсип, аларды өлтүрө чапкан дөөдөн бетер кенебей, унчукпай жарааты сыздап турса дагы, бирок тиги балта тийген кесиндиден ызасы ачылып, небак бизден мурун «ыйлап» кириптир.

Чогулдур да чөк түшкөнүнөн жазбай өңгүрөп жатты, бирок кудайакы же өлүккө, же өзүнө, же заматта болуп кеткен кырсыкка, айтор, кайсынысына болсо да үнүнөн чындап жаны кейип жатканы билинип эле турду. Өкүнүчү өтө терең эле, азыр эле жерге батпай балбактаган Чогулдурдун эми мусаапыр түрүн көрүп аяп кеттим. Болоор иш болду, боёосу канды, айтор, башын ташка койгуласа да, шорлууга «кый-ч» этип, түрмөдөгү темир эшик ачылгансып кетти. Астапыр-алла!

Мындай балакет окуяга күбө болгон да оор экен, башым каңгырап айлам кетип турган, демейдеги акыл-эс жок, бозо менен кошо жутуп койгонсуп түзүк ой да калбайт экен, ойлонгуча да болгон жокпуз, Бокилдин көнүмүш адаты эмеспи, эскирген майлуу калың кара шымына макисин жанып калыптыр. Ал такай ошентет, ойлонгондо макисин шымына жанып-жанып, майланышып бүткөн шымына макисин улам-улам кайрап ойлонот, анын эски адети. Арга жокто дагы мээси иштеп, бирдеме ойлонумуш болуп турганына каниет. Беш киши бирге карагайга келсек, ылым санашкан жолдоштор болсок, бир айыл эл болсок, мына бизди карабасып, бирөөсү өлүп, бирөө соттолгону турат. Калганыбыз абакка кошо кетебизби, же күбө өтөбүзбү, ким билет, кара баскан Чогулдурдун катынынын бозосун чогуу жуттук ко, шакабаны күчөтүп, эки кежирди кайраштырып, жараттарына туз сепкен дал биз элек ко? Мына балээни өзүбүз эле тилеп алдык. Кырсыкка айла жок, анан Бокил байкуш макисин жанып ойлонбогонго аргасы канча? Дагы кайраттуу экен, тиги Чымырбектей чыйт түкүрүп, четтеп турса кантмекпиз, ал балакеттей амалдуу неме «бозону ичкен да, сүйлөгөн да эмесмин» деп, чын эле унчукпай бозону шыңгытып жатпады беле, ичип алып, кажылдакка аралашпай эрте да туруп кеткен, небак сезген каапыр, өлөөрүн эле билбейт, балээ, дайыма суудан кургак чыгат. Чогулдур байкуш куурабадыбы!

Баарыдан Бокилдики өтпөдүбү, кичине кеңешип койсо кудай алабы, башка эл алдын ала жетесине жеткире терең ойлонуп алып иш кылат экен, биз балээ баскыр, баш эмнеге керек экенин билбейбиз го, биз болоор ишти болтуруп коюп, кылаар ишти кызуулук менен кылып коюп, анан-анан барып ойлонобуз. Чымырбектин шаардык окумал жээни айтмакчы бул, биздин улуттук «ментибиз» дейт ко?

Бокил жанагынтип макисин санына жанып жатып эле бир маалда шарт атып тура калып, ай-буйга келбей, тиги чөгөлөп олтуруп алып, шолоктоп жаткан Чогулдур байкуштун бир кулагын дароо шарт кесип салса болобу. Дагы: «Мөн арга таптым», — деп кудуңдап коет, кулак өзүнүкү эмес да, Чогулдур байкуш да сөлбүрөп тосуп бергенин айтпайсыңбы? Кулактын түбүнөн шарт кесилип калганын да кеч байкап жүрөбүз, небак эле ыргытып жибериптир ой!

Шумдугуң кургур, Чогулдурдун эми эле баарын жаземдебей угуп турган кулагы азыр эмне болуп кеткенин аңдабай калса керек, арга таппай турганга Бокилдин макиси шарт кесип салып, карга ыргып кеткен экен, же кызарып канаарын, же чыңырып ыйлаарын билбей, кулак ысык сууга түшкөн чычкандан бетер адеп секирип-секирип барып, жаны өлгөндө эстен танды. Чогулдурдун кесилген бир кулагы төмөнкү карагайга жетпей, ара жолдо, ыйлагың келет экен, Айдыкедей сулк жатып калды, ушинтип, карагайчыларды коштоп кырсык чалды.

Тирүү адамдын башынан кулагынын кесилгенин, ыргытылган кулак өзүнчө секирип-секирип барып эстен танганын, я-алла, биринчи көрүшүм, кулактын да өзүнчө «жаны» болот экен, ал байкуш дагы кырсыктаганда жан талашат экен. Мындай жорукту ким көрүптүр. Ошондо барып, Чогулдурдун башы молоюп, оң кулагы жок калганын байкадым, баштын кысыры кете түшөт экен. Кулагынын ордун заматта «дүр-р» деп, кызыл кан жая бериптир, эзели токтоор эмес. Ак кар кызыл ала кан болуп эле жатып калды. Кайдан токтото алалы, бирок ушу жерден Чымырбектин шамдагайлыгынын пайдасын көрдүк, чепилдеген байкушум, биздей оозун ачып, бозого кекирип олтура бербей, небак ширеңке таап, тердигинен үзүп ала коюп, курумшуну түтөтүп келе калыптыр ой, молодец! Курумшуну жаап жатып калдык, тигинтип, томсоруп олтурганга караганда бул жакшы экен, кан болот «ич» деп бозо да куюп келе калышты, Чогулдурга жуткуруп, өзүбүз да жаңыртып согуп алдык, курумшуну болсо улам түтөтүп келе бердик.

Бокил курумшуну кайра-кайра басып, тез эле чоң врач болуп алды: «Чыда, Чоке! Чыда, Кайбарым! Чыда Көкжалым, түрмөдөн кутуласың — баштан кулак садага! Үйгө барганда түлөө бер! Элге ооз басырык кыл. Болоору болду. Айдаке чыр баштап кулагыңды тиштеп үзүп салды дейбиз, биз бир-бирден күбө өтөбүз, чыр Айдакеден чыкты дейбиз Чоке, чыда…» — деп Бокил болбойт. Көрсө кулактын эмнеге шылынганын ошондо барып боолголоп жүрөм, бирок Бокил бир ооз кеңешип койсо болмок, жагдайды көрүп туруп, Чогулдурдун кулагын эмнеге аяйт элек, кеп кеңешпей койгонунда болуп жатпайбы!

Бокил баржаңдап болбойт: «Кырсык ушу менен чыгып кетсин!» — деп анын эмчи-домчу экенин эч билбептирмин, эптеп канын токтотконуна сүйүндүк! Кансырап, Чогулдур да өлүп калса кантет элек? Анан барып, өз ара кеңешип жүрөбүз: «өлөөр киши өлдү, экөөнөн бирдей ажырасак бизди кудай урбайбы, муну «кырсык» деп коет, баягы көнүмүш эки кежир эле го, дүмүрдүн дароо табыла калганын карабайсыңбы? Же карагай башка жерде өскөндө эмне? Бул суу кошпогон кырсык. Биринчиден, ушинтип окуяга баа бердик. Экинчиден элге шерменде болбойлу, болоор иш болду, менде бөтөлкө бар, — деп Бокил күчөдү. Ант ичебиз — сөзгө туралы баатырлар, — деп маселени түз эле кабыргасынан койбодубу! «Ант» ичтик, ынтымакташтык. Биринчи — Айдаке Чогулдурдун кулагын тиштеп үзүп алды дейли, мобу көзүбүз менен ар бирибиз көрүп турдук деп айтабыз, анан жооп кылып, ачуу менен шорлуу Чогулдур ызасына чыдабай дүмүр менен бир салды, ыраматылык дароо кете берди» дейли. Бу жерде атайын карасанатайлык жок да; кежирлик, дүмүр, карагай — булар үчүн жазаланбайт, күнөөнү ошолорго ыйгаралы, анан экөө балакеттей ынак болчу, балдарына «өкүл ата» болчу деп айталы. «Сөзүбүз ушу, антыбыз ушу, касам ичкиле мырзалар, ант бергиле мырзалар!» — деп аракты жөн ичирбей, арак менен антты кошо ичирип, Бокил кулак кескен макисин жалаңдатып туруп, баарыбыздан бекем сөз алды.

Чымырбек чыйылдады эле, аны ата-жотосун калтырбай сөгүп, Бокил өлтүрүп коё таштады: «Токтот Чымырбек, курбу болсок, тууган болсок, кудай-арбак бар, башка салганды көрдүк, ээн жерде ант бердик, Чогулдурду балээден сактайлы…» — деп сүйлөтпөй койду. Чын эле кесилип кетсе кимибизге оопа, байкуш бала-чакасына тээк болуп, аялынын бозосун ичип жүрө берсин, жаман жолдошун ким берип жатыптыр. Кыскасы, арак менен бозонун аралашма сөздөрү дагы адамкерчиликти сүйлөтүп жатканына ичим эзилип турду. Айдакенин болсо ичээр суусу түгөнгөн экен, бейишин берсин, – биздин бүтүм ушундай эле.

Баарыдан Бокилге ошондо кол койдум, чечкиндүүлүгүн айт, ким эле даап барып бирөөнүн башындагы кулагын шылып салат, айда баракелде! Баарыдан да «момент» ойлогонун карабайсыңбы, адамдын башына келе турган чечим эмес! Чымырбектин жээни айтмакчы «гениально!» Чын эле мындай учурда алтын башка кулак садага кетпей, делдейип эмнеге аман турат эле, Бокилдин амал тапкычтыгына чындап эле баш ийдим, кудай бар, сүйүнүп да, дем байлап да калдык. Ал турсун Чогулдурду көндүрүп, бүрүшүп жерде жаткан кулагын өз колу менен бетаарчысына оротуп, балким доктурдан тиктирип аласың деп, чөнтөгүнө салдырып койдук. Карагай кыябыз деген оюбуз кайда кетип калганын билбейм, бала-чака үйдө мейли үшүп турар, «то-бо» деп, Чогулдурдун катынынын бозосунан эми көңүлүбүз биротоло жайланганда катырып ичип бердик, каныбыз тамылжып, жаныбыз бир аз сеп алгансып калды.

Бир кезде баягы өлүп жаткан Айдакени карабаспадыбы, кудай шерменде кылып, ал тирүү экен, байкуштун жаны тиги жети катар асманга чыгып, кайра келгенче ушунча мезгил өтсө керек, анын ортосунда тигинтип, далай окуя болуп кетпедиби, эми Айдакеге кадимкидей жан кирбедиби, анан жан кирмек түгүл, эсине да келди. Тиги тириле баштаса, Бокил Чогулдурду бир акшырая карады. Айдакенин көкжалдыгын ошондо бир байкадым, эсине келе албай жатып түз эле Чогулдурду адатинче ашатып сөгүп кирсе болобу. Каапыр эй, Айдакенин оозундай балит оозду биринчи көрүшүм, тим эле ак ит кирип, кара ит чыгат, ашатты белем. Чогулдур байкушка убал болду, Айдаке тигинтип тирилип келсе, ашатып ата-жотосун калтырбай сөгүп турса, баарыдан да кулагынан ажыраса, эй ал да адам баласы го, жаным ачып кетти, өлүп калса сооп болмок экен гүспуруш Айдыке, калыстык жокпу деп койдум, ушундай балит сөздөрдү толтура алып жүргөн акмакты, мындай сөзү уу акмакты кудай эмнеге кайра тирилтти дейм да. Мууна түшөт экенсиң.

«Өлүп калсам эмне болот элең?» — дейт, биз ага небак «жаназа» окуп койгонубуз менен иши жок, догурунат да, анан кайрадан итатайы тутулуп, суу кошпой суюгунан сөгүп кирет байкуш Чогулдурду. Молодец, Бокил дагы бир эрдик кылды: «өлгүң келип турабы, өлгөнүңдү көрбөдүкпү», — деп ызырынып, Чогулдурдун чөнтөгүндөгү оролгон кулагын дароо сууруп чыгып: «Көрдүңбү момуну» — деп бир колу менен шымына макисин жанып: «Токтот, акмак!» — деп бакырды белем, кулагым тунуп калыптыр, тоо жаңырып, жогортон көчкү көчкөнсүп калды. Бокил: «Чогулдурдун кулагын тиштеп үзүп алат да, кулагы кана акмак, кулагы кана деп жатам, өлмөктөн доңуз копсоң болмок» — деп кайра өзүн демиктирип, ашатып кирди. Табам кана түштү, «бали!» — деп жибериптирмин, Айдаке кийин таарынып жүрбөдүбү!

Өлүп тирилген Айдаке Чогулдурдун бир кулагы жок калганын эми көрдү. Кулактын ордуна курумшу таңылып турган болчу. Бокил барып, Чогулдурдун кулагын «ме» деп колуна карматып койду. Бир кулакты, бир курумшуну карап эси ооп калды. Ачуусу тарамак түгүл, кежирлиги жоюла баштады окшойт: «Чоке, мен ит болуптурмун, алдыңарга түшөйүн, карабасып, кежирлигим кармап кеткен тура, милицияга бара көрбө, Чоке!» — деп зар какшап ийди.

Бокил: «Ач тишиңди, тишиңди бирден чагам, Чогулдурдун убалы кимге» — деп баягыдан бетер жаалданып кежирдин сесин огобетер күбүп салды. Сооп эле болду дедим ичимден. Айдакенин амалы эми түгөндү, суукка карабай, өлүп тирилгенине карабай чекесинен муздак тер чыпылдап чыкты. Бул кордуктан көрө өлүп калса сыйлуу болмок. Тирилип эмне кылат дейм да? Эстей албады, Чогулдурдун кулагын качан чайнап салды экен? Моюнуна ысык сорпо төгүлдү, сөкмөк түгүл, күнөкөр болуп, бетине тике карай албай калды. Бокилдин каарына ким чыдайт, анын өкүмүнө баш ийип: «Кый», — деди төмөнкү карагайды көрсөтүп, анан өйдөкү карагайды жык деди, бутатты. Айдаке кежирлигин коюп, лам дебестен балтасын ала чуркап, тим эле жибек болуп калыптыр…

Качан камылгалары жалпы шайма-шай болушканда, Чогулдурду алдыга салып, күүгүм талаш карагайчылар айылга кирип келишти. Кежирлердин окуясы эртеси таң атпай эле кыштакка дүңк дей түштү. Ким айтканын билбейм, мен болсо өз аялыма каргантып жатып араң-араң айткансыгам, кыясы катындар жайып жиберишти окшойт, анан жалпыбыз кулактын түлөөсүн өткөрүп, жыргап эле жатып калдык.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.